Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин өз квалификациясын жогорулатууга болгон укугун кантип коргосо болот? “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун актуал

2024-01-31 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары

Асель АКМАТАЛИЕВА жана Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коммуникация боюнча консультанттары

Биз, “Жергиликтүү кеңештердин депутатта- рынын жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун актуалдуу маселелери” деп аталган тегерек столдун (мындан ары – Тегерек стол) катышуучулары мамлекеттик органдардын, анын ичинде КР Президентинин Администрациясынын, КР Жогорку Кеңешинин, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнүн; ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн; ЖОЖдордун өкүлдөрүнүн; ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнүн атынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдү белгилейбиз.

Муниципалдык кызматчыларды окутуунун ведомстволук багытын өркүндөтүп, саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын (жергиликтүү кеңештердин депутат- тарынын, шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөт башчыларынын) дараметин жогорулатуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен окутууну каржылоо бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү зарыл. Ошондой эле кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынын (КУУ, КРПМБА, БАЖБА ж.б.) жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара байланышты бекемдөө зарыл. Мунун натыйжасында бардык муниципалдык кызматчылар жана республика боюнча саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар окууларга тартылат, бул болсо өз кезегинде алардын өз ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аткаруусунун натыйжалуулугуна таасирин тийгизет.

Тегерек столдун катышуучулары муниципалдык кызматчыларды жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутуунун бирдей шарттарын камсыз кылуу үчүн төмөнкү иштерди жасоо зарыл деп эсептешет:

  • саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын дараметин мезгил- мезгили менен жогорулатуу бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүп, аларды окутууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө уруксат берүүчү ченемдерди киргизүү зарыл;
  • муниципалдык кызматчыларды окутуунун ведомстволук багыты боюнча жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын дараметин жогорулатуу боюнча МКЖӨБМАнын жана БАЖБАнын эриш-аркак иштешүү механизмдерин өнүктүрүш керек;
  • ЖӨБ органдары окутууну пландай алышы үчүн бул системаны өркүндөтүү зарыл;
  • муниципалдык кызматчылардын жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын дараметин жогорулатуу үчүн финансылык негизди бекемдеш керек;
  • жергиликтүү өнүктүрүү чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ортосунда билимдерди башкаруу жана тажрыйба алмашуу системасын күчөтүү зарыл.

Тегерек столдун катышуучулары бул маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдар “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Коалициясынын мүчөлөрү жана ЖӨБ органдары менен биргеликте муниципалдык кызматчыларды окутуунун натыйжалуу системасын өнүктүрүүнү жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын дараметин жогорулатууну уланта берүүгө тийиш экендигин белгилешет жана төмөнкүлөрдү сунушташат:

СУНУШТАМАЛАР

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:

  • саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын дараметин мезгил- мезгили менен жогорулатууга жана аларды окутууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө уруксат берген ченемдерди киргизүү бөлүгүндө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелей алат.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (МКЖӨБМА):

  • жетектөөчү кызмат орундарына (ЖӨБ органдарынын деңгээлинде) кадрлар резервине киргизүү үчүн критерийлердин бири катары тиешелүү программалар боюнча ведомстволук багыт боюнча окуудан өткөндүгүн тастыктаган билими жөнүндө документтин болушун киргизе алат;
  • ЖӨБ органдарына окутуунун ведомстволук багытын өркүндөтүү боюнча методикалык жардам көрсөтсө болот.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

  • окутуунун ведомстволук багытынын планынын болушу бөлүгүндө мыйзамдардын талаптарын сакташы керек;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын ичинен бир пайызынан кем эмесин окутууну каржылоого бөлүп, чыгымдарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине кошушу керек;
  • МКЖӨБМАнын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте окутуунун ведомстволук багыты боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына пландуу мониторинг жүргүзүшү керек;
  • муниципалдык кызматчыларды окутуунун ведомстволук багытын уюштуруу жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын дараметин жогорула- туу боюнча иштерди жүргүзүшү керек;
  • окутуунун ведомстволук багытын уюштуруунун бардык этаптарынан өтүүнү камсыз кылуу зарыл (окутууга болгон керектөөнү баалоо, окутууга ведомстволук заказды түзүү жана бекитүү; окутууга ведомстволук заказды жайгаштыруу; окутуу; окутууну көзөмөлдөө, мониторинг жана баалоо жүргүзүү; окутуунун жыйынтыктары боюнча отчет берүү);
  • окутууга ведомстволук заказга саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутууну кошуш керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, Өнүктүрүү саясат институту, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы, жарандык коомдун башка уюмдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр:

  • жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын дараметин мезгил-мезгили менен жогорулатууга жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө уруксат берген ченемдерди киргизүү бөлүгүндө тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууда КР ЖКга көмөк көрсөтүшү керек;
  • республика боюнча ЖӨБ органдары үчүн окутуунун ведомстволук багытын уюштуруу жаатында БАЖБАнын МКЖӨБМА менен эриш-аркак иштешүү механизмдерин чогуу даярдашы керек;
  • жетектөөчү кызмат орундарына (ЖӨБ органдарынын деңгээлинде) кадрлар резервине кошуу үчүн критерийлердин бири катары тийиштүү программалар боюнча ведомстволук багыт боюнча окутуудан өтүүсүн шарттаган билим берүү жөнүндө документтин болушун киргизүү бөлүгүндө ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгууда МКЖӨБМАга көмөк көрсөтүш керек;

 

Окшош материалы: