Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы: жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамаат + натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу = аймактарда жашоо үчүн мыкты шарттар

2024-04-30 / Көңүл чордонунда
Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы: жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамаат + натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу = аймактарда жашоо үчүн мыкты шарттар

2024-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети №80 “Кыргыз Республикасында Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2024-2027-жылдарга карата программасы жөнүндө” токтомду кабыл алды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул аны менен кесипкөй алектенгендер үчүн бүтүндөй бир дүйнө. Бирок бул ошол эле кезде ар бир жаран үчүн күнүмдүк жашоо, себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу адамдардын турмуш шартын түзөт, алар биринчилерден болуп адамдын, үй-бүлөнүн, үйдүн, көчөнүн, айылдын же шаардын көйгөйлөрүнө жана керектөөлөрүнө жооп кайтарууга тийиш. Ушундай көз караштан алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу – мамлекеттик түзүлүштүн көп кырдуу чөйрөсү, убакыттын жана мейкиндиктин чекити, бул жерде баары бар: жарандардын муктаждыктары, башкаруу органынын ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги, ресурстардын болушу же жоктугу, ар кандай кызыкчылыктар. Бул чөйрөнү, факторлордун көп түрдүүлүгүн башкаруу кыйын. Дал ушул себептен жергиликтүү өз алдынча башкаруу бир эле учурда мамлекеттүүлүктүн тиреги болуп саналат, экинчи жагынан – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгиликтүү иштеши үчүн мамлекет түзүп берген шарттардан көз каранды болушат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттин ыкчам саясатынын башкы аспабы – өнүктүрүү программасы. Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн  2024-2027-жылдарга карата программасын (мындан ары – Программа)1 бекиткени ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттар үчүн 2024-жылдагы негизги жаңылыктардын бири болуп саналат. Программанын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн буга чейинки программаларынан айырмалап турган бир катар мүнөздөмөлөрү жана касиеттери бар. «Муниципалитет» журналынын редакциясы  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген БАЗАРБАЕВ менен маекти сунуштайт. 

– Кудайберген Базарбаевич, ар бир муниципалитет үчүн маанилүү болгон программаны аткарууну жетектеген орган катары, эмне үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө арналган программанын багыттары жергиликтүү жамааттын жоопкерчилигинен баштала тургандыгы тууралуу айтып бере аласызбы? Жергиликтүү өнүктүрүүнүн башкы субъектиси, кыймылдаткыч күчү жана программанын «башкы каарманы» ким – жамаатпы же ЖӨБ органдарыбы? 

– Программаны даярдай баштаганда биздин Агенттиктин адистери да ушундай эле суроолорду узаткан: жергиликтүү өз алдынча башкарууда биринчи кезекте кимдер турат – жамаатпы же алар түзгөн ЖӨБ органдарыбы? Ошондо баары бир мунаса пикирге келишкен: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жергиликтүү өз алдынча башкарууну жарандын жана жамааттын укугу катары карайт, ошондуктан жамаат биринчи орунда турат. Эксперттер бул укукту ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү керектиги жөнүндө көптөн бери айтып келатышат – жана биздин өлкөдө бул багытта көп нерселер жасалып калды – бирок укуктун артында сөзсүз жоопкерчилик да бар экенин эстен чыгарбоо керек. Мындан улам жарандын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу укугу бул чечимдердин кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартууга алып келет. Жарандар ЖӨБ органдары менен биргеликте өз жамаатынын өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшүшү керек. Укуктун жана жоопкерчиликтин өз ара байланыш принцибине таянып, Программанын чордонуна натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун булагы болуп саналган жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамаат жайгашкан. Бирок Программанын милдеттерин жана иш-чараларын даярдап жатканда укук менен жоопкерчиликтин ортосунда тең салмактуулукту табуу зарыл эле. Ошондуктан Программада айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүгө жергиликтүү жамаатты тартуунун типтүү планын (коомдук-коммуникациялык стратегияны) киргизүү; жергиликтүү жамааттардын демилгелерин мамлекеттик бюджеттен каржылоонун механизмин түзүү сыяктуу иш-чаралар пайда болду. Демек, суроого жооп мындай: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги кыймылдаткыч күчү – жарандар, жергиликтүү жамааттар жана алардын кызыкчылыктары.

– Ал эми ЖӨБ органдары жарандар үчүн Программада көрсөтүлгөн бардык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана аспаптарды түзүүнү канчалык каалашат же буга даярбы? 

– ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин жана жетекчилеринин басымдуу бөлүгү жергиликтүү жамаат менен натыйжалуу байланыш түзүп, баарлашуу канчалык маанилүү экендигин так баамдап турушат. Бир дагы сабаттуу жергиликтүү саясатчы элден, жамааттан обочолонуп, өзүнчө иштей албайт. Бардык мэрлер, айыл өкмөт башчылары, муниципалдык кызматчылар тигил же бул формасында адамдар жана алардын топтору менен иштешет, мындан башкача болбойт. ЖӨБ органдарынын даярдыгы жөнүндө суроого жооп – ооба, даяр, бирок методологиялык, ченемдик жардам, тартипке салуучу жүйө, стимул керек. Программа ЖӨБ органдарына жамааттын алдында кыйла жоопкерчиликтүү жана ачык болуу милдетин коюп жатат, бул үчүн контролдоо механизмдерин жана стимулдарды түзүп берүүдө. Айылдык чогулуштарды чогултуп, маалымат таратуу аздык кылат, элдин сунуштарын чогултуп, аларды чечимдерге киргизүү үчүн болгон күчтү жумшаш керек, ушундан кийин адамдардын сунуштары жөн гана угулуп эле кала бербестен, реалдуу иш-аракеттерде эске алынгандыгы жөнүндө отчет берүү керек. Башкача айтканда, жарандардын пикирлерин эске алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн милдеттүү мүнөздө болууга тийиш. 

– Жарандарда жана жергиликтүү жамааттарда күн сайын көптөгөн көйгөйлөр, суроолор, керектөөлөр пайда болот. ЖӨБ органдарында жарандардын өтүнүчтөрү жана кайрылуулары толуп жатат. Өз ара аракеттенүү системасын, кайрылуулардын мындай агымына жоопторду, коммуникацияны жакшырткан күндө да, ресурстардын жетишсиздиги өңдүү маселени кантип чечүү керек? ЖӨБ органдары жамааттардын муктаждыктарына жооп бере алып, өздөрүнүн карамагында көбүрөөк ресурстарга ээ болушу үчүн Программа кандайдыр бир чараларды караштырабы?

– Акча жана убакыт дайыма эле баарына тегиз жете бербейт. Албетте, мамлекет ар бир башкаруу органынын карамагына керектүү көлөмдөгү ар кандай ресурстарды өткөрүп бергиси келет, бирок бул мүмкүн эмес, ошондуктан дайыма эң маанилүү көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды аныктоо, ошондой эле мамлекеттин негизги, башкы функциясын – адамдарга коопсуз жашоо шарттарын түзүү жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдо болгон ресурстарды сабаттуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү зарыл. ЖӨБ органдарына келгенде мамлекет жер-жеринде ЖӨБ органдарынын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн ресурстар жетиштүү болушу үчүн шарттарды багыттуу түрдө түзүп турат. Мына ушул жерде да Программа ЖӨБ органдары кайсы маселелер менен, ал эми башка башкаруу органдары же жарандар өздөрү кайсы маселелер менен алектениши керектигин так аныктоо чөйрөсүндөгү иштерди карайт. Тактап айтканда, башкаруу маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерге кошуу критерийлерине өзгөрүүлөр киргизилет. Ушул кезге чейин жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси кеңейтилип, толукталып келатат жана мыйзам чыгаруучу мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкарууга башкаруу маселесин кайсы критерийлер боюнча өткөрүп берип жатканы дайыма эле түшунүктүү боло бербейт. Программа так критерийлерди иштеп чыгууну болжолдойт, аларга шайкеш келмейинче башкаруу маселесин ЖӨБ органдарынын компетенциясына киргизүүгө болбойт. 

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү жана ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнү уюштуруу боюнча иштер улана бермекчи. Тактап айтканда, Программа жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөө методикасын иштеп чыгууну караштырган. Ошондой эле сапаттуу чечүү үчүн мамлекеттин, бизнестин катышуусун талап кылган милдеттер же көйгөйлөр бар, алар ЖӨБ органдарынан мамлекетке же жеке секторго өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Мисалы, учурда жергиликтүү маанидеги маселелерге киргизилген калдыктарды жок кылуу жана кайра иштетүү функциясын регионалдык деңгээлге өткөрүп берүү маселеси курч турат – Программа бул маселени кылдат иштеп чыгууну камтыйт.

Программада жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстук базасын түз чыңдоо милдети да бар. Бирок, бул жөн гана акчаны жергиликтүү бюджеттерге өткөрүп коюу менен чектелбейт, мында колдо болгон ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар каралууга тийиш. Акча тартыш болгондуктан көйгөйлөр да чечилбей жатат деген пикир адатта жаңылыш. Эгерде даярдыгы жок адамга миллион сом берсе да, ал аны тез эле жана жоопкерчиликсиз коротуп салат, бирок өзүнүн көйгөйлөрүн чечпейт, демек, кирешени гана эмес, чыгашаны да башкара билүү керек. Бул багытта Программада ЖӨБ органдарына чыгымдарды, ресурстарды башкарууну жакшыртууга жардам берген чаралар каралган. Мисалы, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун реестри жана кадастры менен айкалышта муниципалдык менчикте турган объекттерди эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасын түзүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен муниципалдык менчикти башкаруу процессин жана жыйынтыктарды эсепке алууну санариптештирүү пландаштырылган. Муниципалдык мүлккө (менчик, ижара, пайдалануу) карата укуктарды өткөрүп берүүнүн электрондук форматын (электрондук соода аянтчасын) киргизүү; муниципалдык менчикте турган объекттерди берүү боюнча комиссиялардын иш процессин санариптештирүү улантылат. Бирок Программанын авторлору ЖӨБ органдарынын кирешелерин да унутушкан жок – салыктардын айрым түрлөрүнүн түшүүлөрү боюнча пландарды ашыра аткаруунун жыйынтыктары боюнча же негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү үчүн берилүүчү трансферттердин же гранттардын жардамы менен ЖӨБ органдарына тикелей дем берүү каралган; салыктарды башкаруу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 62-беренесинде каралган ыйгарым укуктарды башка салыктарга жайылтуу; теңдештирүүчү трансферттердин эсептелген көлөмдөрүн толук же жарым-жартылай алмаштыруу үчүн салыктардан чегерүүлөрдүн дифференцияланган нормативдерин пайдалануу жолу менен бюджеттер аралык жөнгө салуунун түрткү берүүчү таасирин түзүү жолдору бар.

– Акча жана мүлк, албетте, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык өзөгүн түзөт. Бирок чечимдерди эл кабыл алат, ишти муниципалдык жетекчилер жана кызматчылар жасайт эмеспи. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу жаатында эмнелерди жасоо пландаштырылууда?

– Программа жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилерине – чечимдерди кабыл алгандарга, жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын коргогондорго – саясий кызмат орундарын ээлегендерге өзгөчө көңүл бурат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын билим деңгээли өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн көп учурда жетиштүү болбой жатат. Саясий муниципалдык кызмат орундары алардан мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кеңири атайын билимди талап кылат. Анын үстүнө, мыйзамдарда бул адамдарды окутуунун мөөнөттөрүнө карата талаптар белгиленген эмес, ошондой эле аларды окутууну каржылоого мүмкүндүк берген ченемдер да камтылбайт. Ошондуктан, бул маселе боюнча саясий муниципалдык кызматтагы адамдарды окутууну милдеттүү кылуу, ошондой эле алардын окуусун каржылоо механизмдерин мыйзамдарга киргизүү Программанын негизги багыты болуп саналат. Программада коюлган милдеттерди аткаруу кызмат көрсөтүүчүлөрдөн  муниципалдык кызматчыларды окутууну талап кылат : квалификацияны жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана ЖӨБ органдары үчүн консультация берүү чөйрөсүндө чоң күч-аракеттерди талап кылат, себеби программалык документтин көптөгөн милдеттеринде өзгөрүүлөр, ЖӨБ органдарына тааныш эмес башкаруу ыкмалары, жаңы документтер, иштин форматтары киргизилип жатат. Мисалы, Программада ЖӨБ органдары үчүн иштин таптакыр жаңы багыты бар – бул климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу. ЖӨБ органдары климат улам өзгөрүп жаткан шарттарда жергиликтүү жамааттардын жашоого туруктуулугун жогорулатуу жана калктын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тобокелдиктерди баалаганды жана системалуу чараларды ишке ашырганды үйрөнүшү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу; калкты жана бизнести климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери жана аларды жумшартуу жөнүндө маалымдоо боюнча чаралар киргизилет. Муниципалдык кызматчылар, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери өздөрүнүн аймактарында климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу ыкмаларына окуудан өтүшөт. 

Ушул өзгөрүүлөрдүн, жакшыртуулардын жана реформалардын бардыгы ведомстволук багыт боюнча сапаттуу жана өз убагында окутууну талап кылат. Программанын дээрлик ар бир милдетин чечүүдө жаңы көндүмдөрдү үйрөтүүнү, мыкты тажрыйбаларды жайылтууну, консультацияларды берүүнү үйрөтүү зарыл. Бул фактыларга негизделген социалдык-экономикалык пландаштыруу, башкаруунун санариптик аспаптарын колдонууну кеңейтүү, жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы ыкмалары жана башка көптөгөн маселелер болот. Программа билим берүү уюмдары, анын ичинде БАЖБА үчүн ЖӨБ органдарынын билимге жана практикалык көндүмдөргө болгон муктаждыктарына өз убагында жана натыйжалуу жооп берүү жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын текшерген кандайдыр бир сынак болуп калат. 

– Жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуунун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрүнөн тышкары, жашоочу Программаны ишке ашыруудан эмне алат? Эгерде адам чечим кабыл алууга катышкысы келбесе, бирок коопсуз жана ыңгайлуу жашоону кааласа, анда Программада өз ордун таба алабы?

– Албетте! Кыргыз Республикасынын ар бир тургуну жашаган жерине, ишинин мүнөзүнө жана башкарууга катышуу каалоосуна карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун «кардары» болуп саналат. ЖӨБ органы менен жарандын өз ара аракеттенүүсүнүн негизги ыкмасы – органдан жаранга кызмат көрсөтүү. Программа кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнчө тапшырмага бөлүп алат жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жана алардын сапатын жакшыртуучу аспаптардын жана чечимдердин толук топтомун камтыйт. Мисалы, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында калк талап кылган кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча өзүнчө бөлүм каралат, ал кызмат көрсөтүүлөрдүн болжолдуу көлөмүн, алардын негизги параметрлерин, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чараларды камтыйт.

ЖӨБ органдары үчүн абдан маанилүү учур: Программа жергиликтүү маанидеги маселелерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик классификацияда бекитүүнү пландаштырууда, башкача айтканда, 30 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан жана эскирген экономикалык жана функционалдык классификация ЖӨБ органдарынын ишинин өзгөргөн функцияларына жана мазмунуна шайкеш келиши үчүн өзгөртүлөт.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынан келип чыгуучу милдеттүү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин түзүү пландаштырылууда, анын негизинде конкреттүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн (милдеттүү жана кошумча) түзөт жана аларды жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизет. Бул реестр жергиликтүү жамаат демилгелеп, жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилчү кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин камтыйт. Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын, айрымдарын кошпогондо, жергиликтүү кеңеш бекитет.

Программада кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү өзгөчө орунду ээлейт – жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн санариптик формаларын киргизүү, анын ичинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталында «Жеке кабинетке» кошуу; муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин бир платформага жайгаштыруу, турмуш тиричиликти камсыз кылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу үчүн мобилдик тиркемелерди түзүү, «Санарип аймак», «Е-kyzmat» (кадрларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасы), «Infodocs» ЭДС (электрондук документ жүгүртүү системасы) маалыматтык системаларын колдонуу менен административдик муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү. Акырында, Программа кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына ылайык, кызмат көрсөтүүнү санариптик системалар автоматтык түрдө көрсөтүп калган проактивдүү формасына өтүү үчүн негиз болуп берет. Мисалы, жаран 16 жашка толгондо система автоматтык түрдө ага паспорт даярдай баштайт.

– Программа ЖӨБ органдары үчүн жаңы башкаруу маселелерин камтыйт экен да, мисалы, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, маалыматтардын негизинде болжолдоо, санариптештирүүнүн ар кандай өңүттөрү каралган экен. Ал эми Программа сунуш кылып жаткан ушул эбегейсиз көлөмдөгү милдеттерди башкаруунун кандай жаңы аспаптары киргизилди?

– Жергиликтүү өнүгүүнү башкаруунун башкы аспабы – бул социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (мындан ары – СЭӨП). Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте «Агенттик 2023-жылы ЖӨБ органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн СЭӨПны даярдоонун жаңы методикаларын иштеп чыгышкан. Ошондуктан Программа пландаштыруунун комплекстүү системасын курууга багытталган өзүнчө милдетти жана бир катар чараларды камтыйт, жаңы методикалар боюнча иштелип чыккан жергиликтүү өнүктүрүү программалары алардын курамдык бөлүгү болуп калууга тийиш. Алар бир катар жаңылыктарды камтыйт, атап айтканда, кызмат көрсөтүүлөр боюнча бөлүмдү, бюджеттик процесс менен байланышты, дайындарды пайдалануунун алгоритмин, мейкиндикти башкаруунун элементтерин, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана айлана-чөйрөнү коргоо чараларын камтыйт – мунун бардыгы ЖӨБ органдарынын азыр СЭӨПсында дээрлик жок. Бирок пландаштыруунун жаңы ыкмаларын киргизүү үчүн көптөгөн кызыкдар тараптардын биргелешкен иши талап кылынат, бул татаал жана кандайдыр бир деңгээлде оор процесс болот, себеби ЖӨБ органдарынан өз программаларында абдан салмактуу чечимдерди кабыл алууну талап кылат, анткени СЭӨП биринчи кезекте жергиликтүү бюджет менен бекем байланышта болот. Методикалардын авторлорунун идеясы мындай – СЭӨПны калктын катышуусуз кабыл алуу мүмкүн болбойт, ал эми жергиликтүү бюджеттерди калк менен талкуулап, кылдат эсептеп, ойлонуштуруп, талкуулабастан бекитүү мүмкүн эмес.

Программанын башка чаралары жергиликтүү өнүгүүнү пландаштырууну жана башкарууну жаңы сапаттык деңгээлге алып чыгууга тийиш. ЖӨБ органдары өз тажрыйбасында пландоочулар жана башкаруучулар тарабынан адамдын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү; жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү башкаруу, калктуу конуштарды жайгаштыруу, уюштуруу жана өнүктүрүү, инфраструктура маселелеринде жерди сарамжалдуу пайдалануу сыяктуу маселелерди чече башташы керек; регионалдык адистештирүү жана кошумча нарк тизмегин өнүктүрүү үчүн экономикалык стимулдарды түзүү; аярлуу топторду өндүрүштүк ресурска трансформациялаган өнүгүүнүн инклюзивдүү ыкмаларын киргизүү; климат өзгөргөн шарттарда айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жайыт жерлерди сактоо.

Мындай татаал, көп факторлуу пландаштыруу процессин уюштурууга санариптештирүү жардам берет, ал үчүн «Санарип аймак» системасы маалыматтар порталынан пландаштыруу, болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн көп функциялуу ресурска, анын ичинде башкаруу органдары үчүн жаңы модулдарды иштеп чыгуу жолу менен трансформациялоону улантат. Андан ары келечекте бул модулдар социалдык-экономикалык жана мейкиндикти өнүктүрүү программаларынан келип чыгуучу чыгымдык милдеттенмелерди кыйла так жана толук аткарууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттерди башкаруунун автоматташтырылган системасы менен интеграцияланат. 

– Программа комплекстүү болгондой көрүнөт, ЖӨБ органдары күнүмдүк ишинде, ал эми жарандар жашоосунда туш болгон маселелердин, көйгөйлөрдүн чоң чөйрөсүн камтыйт экен. Программанын мындай комплекстүү мүнөзү эки суроону пайда кылууда: чакан документке ушунча маанини кантип батырдыңар жана мунун баарын ким жасайт?

– Бул оңой эмес жумуш болду. «КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн» Өнөктөштүгү биздин Агенттикке колдоо көрсөттү. Бул жолу мамлекеттик органдардын адистери жана ар кандай профилдеги же сектордогу эксперттер кирген чоң эксперттик топ түзүлдү. Алар кызмат көрсөтүүлөр, укуктук чөйрө, ыйгарым укуктар, жарандардын катышуусу, климат, бюджеттер аралык мамилелер жана башка багыттар боюнча адистер болду – ар бир суроо, тема үчүн адис жооп берди. Программаны даярдоого жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча гана эмес, секторлор жана айрым маселелер боюнча «терең» кесипкөйлөрдү тартуу милдети турган. Бул бир топ финансылык чыгымдарды жана убакытты талап кылды. Чыгым көп кеткенине карабастан, мындай ыкма өзүн актап берди – жыйынтыгында ЖӨБдүн проблематикасын жана өзгөчөлүгүн эске алгандан тышкары, аны өнүктүрүүнүн жаңы векторлорун, багыттарын белгилеген документ келип чыкты, ал доор үчүн эң актуалдуу тенденцияларды жана факторлорду камтыды.

Программаны аткарууга токтололу. Бул жерде мамлекеттик органдар, жергиликтүү жамааттар жана ЖӨБ органдары башкы катышуучулар болушат, алар Программанын жардамы менен өркүндөтүү үчүн багыттарды гана эмес, кошумча ресурстарды, аспаптарды, өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү да алышат. Агенттик бул процессти башкарып, Программанын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөйт. Айтмакчы, Программада мониторингге арналган өзүнчө бөлүм бар, анда процесс жарандык коомдун катышуусу менен уюштурулушу керектиги айтылган. Ошондуктан, биз Программаны ишке ашырууда бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүгүнүн, башка уюмдардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишенимдүү жана натыйжалуу жардамчылары болгон эксперттик коомчулуктун жардамына ишенебиз.

Маектешкен Надежда ДОБРЕЦОВА,
Өнүктүрүү саясат институтунун  Башкаруу төрайымы,
«Муниципалитет» журналынын  башкы редактору

 

 

 
 
 
______________ 

1 Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2024-2027-жылдарга карата программасы 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2021-жылдын 12-октябрындагы №435  “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген. Программа жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн буга чейинки программасын ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт.

Окшош материалы: