Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда жана дүйнөдө аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу: транспорттук байланыш; мейкиндик пландарынын иерархиясы; дайындарды колдонуу жана өткөндөн алынган сабактар

2024-06-08 / Аймактарды өнүктүрүү
Кыргызстанда жана дүйнөдө аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу: транспорттук  байланыш; мейкиндик пландарынын иерархиясы; дайындарды колдонуу жана өткөндөн алынган сабактар

2024-жылдын 28-29-март күндөрү Бишкекте мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда аймактарды өнүктүрүүнү башкаруунун заманбап тенденциялары жана эл аралык тажрыйбасы талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бул маалыматтык семинарды 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасын иштеп чыгуу процессинин алкагында уюштурду1.

“Бул семинардын актуалдуулугу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы Жарлыгында чагылдырылган Кыргыз Республикасынын керектөөсү менен шартталды. Бул Жарлыкта аймактык өнүгүүнү комплекстүү башкаруу системасын түзүү зарылдыгы көрсөтүлгөн болчу. Бул Жарлыкты аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылдын 17-январындагы №4 “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө” буйругу менен тийиштүү жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топко 10 мамлекеттик органдын 16 өкүлү, академиялык коомчулуктун 2 өкүлү жана 6 эксперт кирди”, – деп айтты КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро СЕЙИТОВ талкуунун катышуучулары менен учурашуу сөзүндө. Семинардын катышуучуларынын катарына аймактарды өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү киргендиктен, аймактарды өнүктүрүүнү башкаруунун заманбап тенденцияларын жана эл аралык тажрыйбасын эске алып, 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын долбоорун талкуулоо семинардын негизги максаты болду.

Семинардын катышуучулары менен саламдашуу сөзүндө Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николас БОУЛЕР экономика, социум жана тобокелчиликтерди жоюу чөйрөсүндө саясатчылардын стратегиялык жактан текшерилген, дайындарга негизделген чечимдерине калктын суроо-талабы өсүп жатканын белгиледи: “Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу чакан болгонуна карабастан, бардык жагынан алганда абдан көп түрдүү өлкө болгондуктан, бул чечимдер географиялык түшүнүктө даректүү болууга тийиш. Ар бир аймак, башкаруунун аймактык органдары жана жергиликтүү жамааттар алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын аймактары үчүн үнөмдөө жана өнүктүрүү стратегиясы кандай болоорун билишет. Ошондуктан Улуу Британиянын элчилиги “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасы аркылуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн фактыларга жана дайындарга негизделген чечимдерди иштеп чыгуу аракеттерине колдоо көрсөтөт. Убакыттын өзү бийлик органдарын тең салмактуу дайындарды көбүрөөк колдонууга түртүп жатат, ал эми санариптештирүү процесстери бул үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Аймактарды өнүктүрүү маселеси Кыргыз Республикасы-нын келечеги үчүн өзөктүү мааниге ээ, себеби дал ушул өлкөнүн булуң-бурчунда калктын бардык топторунун гармониялуу жана туруктуу өнүгүүсү келечекти түзүүгө жана геосаясий факторлорду, экономикадагы түзүмдүк жылыштарды, санариптештирүүнү, суу жана энергетикалык кризи-стерди жана башкаларды кошо алганда, азыркы учурдун чакырыктарына жооп берүүгө мүмкүндүк берет”.

Процесстин бардык татаалдыктарына, комплекстүүлүгүнө жана көп факторлуулугуна карабастан, аймактарды өнүктүрүүнүн өзөгүндө абдан жөнөкөй суроо жатат – жакшы келечекти камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана тобокелдиктерди башкаруу системасын кантип курса болот? Ошондуктан семинардын мазмуну системаларга, моделдерге, катышуучуларга жана аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу системаларынын өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурат, ал эми семинардын милдеттери төмөнкүчө түзүлгөн:

  • Жумушчу топтун мүчөлөрүнө жана кызыкдар тараптарга чакан тоолуу өлкөлөрдө жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө аймактарды өнүктүрүүнү баш-каруунун салыштырмалуу тажрыйбасын, анын ичинде позитивдүү жана негативдүү сабактарды берүү;
  • жумушчу топтун мүчөлөрүнө жана кызыкдар тараптарга аймактарды өнүк-түрүүнү башкаруунун заманбап тенденцияларын, концепцияларын жана усулдарын, анын ичинде позитивдүү жана негативдүү сабактарга салыштырма талдоону берүү;
  • административдик-аймактык реформаны, урбанизациялоонун келечегин, “өсүш чекиттерин”, экономикалык округдарды жана кластерлерди түзүүнү эске алуу менен бул маселени талкуулоо;
  • дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү тенденциялардын контекстинде 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын долбоорун талкуулоо.

Баяндамачылардын басымдуу бөлүгүн чет элдик коноктор түздү, аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуу боюнча семинардын оператору катары Өнүктүрүү саясат институту чакырды. ӨСИ бул баяндамачыларды катышуучуларга ар кайсы өлкөлөрдө жана ар кандай аспаптардын жардамы менен аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу тажрыйбасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн чакырган эле. 

Бардык татаалдыктарга, комплекстүүлүгүнө жана көп факторлуулугуна карабастан, аймактарды өнүктүрүүнүн өзөгүндө абдан жөнөкөй суроо жатат – жакшы келечекти камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана тобокелдиктерди башкаруу системасын  кантип курса болот?

Транспорттук өз ара байланыш

Кыргызстандын контекстинде Грузия мамлекетинин тажрыйбасы өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, себеби бул өлкө экономиканын масштабы, тоо ландшафты, жалпы тарыхы менен Кыргыз Республикасына көп жагынан окшош. 

Эксперт Майя ЦКИТИШВИЛИнин 24 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар, ал Грузиянын вице-премьер-министри жана аймактарды өнүктүрүү жана инфраструктура министри болуп иштеген. Майя ЦКИТИШВИЛИ Грузия жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн аймактардын транспорттук байланышы өзөктүк мааниге ээ деген ишенимде. Күчтүү транспорттук каркас өлкөгө континенттерди байланыштырган соода жолдорунун кесилишиндеги географиялык абалдын артыкчылыктарын толук пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ал эми өлкөнүн ичиндеги транспорттук магистралдар ички транспорттук байланышты жакшыртып, туристтик жана соода кластерлерин түзүү менен аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жол ачат. Грузиянын транспорттук инфраструктурасынын картасында жаңы магистралдар, аэропорттордун курулушу өлкөнүн аймактарын бири-бири менен байланыштырып, алардын экономикалык өнүгүүсүнө дем бергени даана көрүнүп турат. Майя ЦКИТИШВЛИЛИ транспорттук инфраструктураны жана аймактардын ички байланышын өнүктүрүүнү камсыз кылуу – мамлекеттин эң маанилүү ролдорунун бири деп эсептейт. 

Чехияда мейкиндикти пландоо жана башкаруу системасы катуу иерархиянын алкагында иштейт, мында төмөн жактагы аймактык деңгээлдеги пландар жогорку деңгээлдеги пландардын бардык талаптарына жооп берүүгө тийиш. 

Мейкиндикти пландоонун иерархиясы

Грузиянын өз алдынча башкаруу жана децентралдаштыруу (борбордон ажыратуу) саясаты чөйрөсүндөгү эксперти Иракли МЕЛАШВИЛИ Грузиядагы аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу системасына кененирээк токтолуп, өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жана аймактарды өнүктүрүүнүн негизги аспаптарынын сүрөттөлүшү менен толуктады: ага тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана аймактык пландоо саясаты; инфраструктуралык долбоорлор, аймактык-мейкиндик пландоо да кирет. Ошол эле учурда эксперт Кыргызстандын катышуучуларына өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшүнүн универсалдуу модели болбогонун, бийлик деңгээлдеринин ортосунда ыйгарым укуктарды, финансыны жана менчикти бөлүштүрүү жок экенин, ал эми ар бир өлкө көптөгөн факторлорду, анын ичинде тарыхый-этнографиялык, географиялык өзгөчөлүктөрдү, ошондой эле саясий жана социалдык-экономикалык чакырыктарды эске алуу менен мамлекеттик түзүлүштүн өзүнүн моделин тандап алаарын эскертти. Анткен менен айрым бир жалпы тенденциялар да бар: дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө экономикалык өнүгүү, аймактарда биринчи даражадагы инфраструктуралык милдеттерди чечүү жана калкка сапаттуу базалык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселеси курч турат. Көптөгөн мамлекеттер ыйгарым укуктарды жана ресурстарды топтоо, ири регионалдык жана муниципалдык инфраструктуралык долбоорлорду борбордоштуруп каржылоо, инвестицияларга дем берүү жана регионалдык өнүгүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн аймактарда өзгөчө экономикалык зоналарды, “өсүш чекиттерин” түзүү жолун тандап алышты. Баяндамачы Чехиянын аймактарын өнүктүрүүнү башкаруу системасы, анын ичинде мейкиндикти башкаруу жана өнүктүрүүнү башкаруу системасы жөнүндө кеңири айтып берди. Чехиянын системасы мейкиндикти башкаруунун өз системасын түзүүгө муктаж болуп жаткан Кыргызстан үчүн баалуу мисал болуп бере алат. Чехияда мейкиндикти пландоо жана башкаруу системасы катуу иерархиянын алкагында иштейт, мында төмөн жактагы аймактык деңгээлдеги пландар жогорку деңгээлдеги пландардын бардык талаптарына жооп берүүгө тийиш. Башкаруунун ар бир деңгээлинин өз ыйгарым укуктары бар, алардын алкагында:

  • борбордук өкмөт мейкиндикти өнүктүрүү саясатында өнүгүүнүн улуттук артыкчылыктарын жана максаттарын белгилейт. Ал мейкиндикти пландоонун бардык төмөнкү деңгээлдери үчүн милдеттүү болуп саналат;
  • регионалдык кеңештер мейкиндикти өнүктүрүүнүн принциптерин милдеттүү документ катары бекитишет. Бул документ аймактын багыттарын жана өнүгүүсүн аныктайт, улуттук же регионалдык маанидеги инфраструктуралык долбоорлор үчүн “коридорлорду” аныктайт;
  • муниципалитеттер жергиликтүү аймактык (жерди пайдалануу) пландарды иштеп чыгышат, ал эми алардын айрымдары ошондой эле жергиликтүү аймактар үчүн зоналаштыруу пландарын деталдаштырышат (Мейкиндикти өнүктүрүүнүн улуттук принциптерине муниципалитетке тиешелүү жаңы жобо киргизилген учурда, муниципалитет жергиликтүү план пландоонун жогорку деңгээлине шайкеш келиши үчүн ага түзөтүүлөрдү киргизет).

 “Чоң көлөмдөгү маалыматтарды” колдонуу

Habidatum (Big Data, Urban Analytics) компаниясынын президенти жана тең негиздөөчүсү, фискалдык федерализм, регионалдык жана шаардык экономика боюнча ф.и.д. Алексей НОВИКОВдун аймактарды өнүктүрүүнү башкарууда “чоң көлөмдөгү” маалыматтарды колдонууга арналган баяндамасы катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. 

“Чоң көлөмдөгү маалыматтар” барган сайын регионалдык жана шаардык стратегияларды иштеп чыгууда булак болуп калууда. Алардын жардамы менен калктын мобилдүүлүгү, транспорттук жана социалдык инфраструктурага түшүп жаткан жүк, калктын маданий жана керектөөчүлүк артыкчылыктары, калктын жашоо сапатына канааттануусу, коммерциялык кыймылсыз мүлктүн жана жердин наркын баалоо талданып, статистикалык база жана башкалар өнүгүүдө.

Акыркы он жылда “чоң маалыматтардын” жеткиликтүүлүгү кыйла өстү, аларды иштетүү стандарттары жакшырды, “чоң маалыматтарды” чогултуу, иштетүү, интеграциялоо жана чечмелөө менен алектенген компаниялар пайда болду.

“Чоң маалыматтардын” булактарына мобилдик байланыш операторлор; GPS сигналдарынын интеграторлору; фискалдык маалымат операторлору; социалдык тармактар; транспортко билеттерди жана мейманканаларда орун брондоо системалары сыяктуу интернет булактары; коммуналдык төлөмдөрдү чогултуу системалары; үзгүлтүксүз космостон тартылган сүрөттөр кирет. Бул булактардын бардыгы Кыргыз Республикасында пайдалануу үчүн жеткиликтүү жана улуттук, регионалдык жана шаардык стратегияларды иштеп чыгууда азыртадан эле ийгиликтүү колдонула баштаса болот.

Ар кандай тапшырмалар ар түрдүү маалыматтарды талап кылышы мүмкүн. Мисалы, коомдук транспорт тармагын пландоо GPS-сигналдарынын интеграторлорунун дайындарына ийгиликтүү түрдө таяна алат, ал эми шаарлардын мастер-пландарын иштеп чыгуу үчүн мобилдик операторлордун маалыматтары пайдалуу болушу мүмкүн, себеби алар геолокациялык мүнөздөмөлөрдөн тышкары, колдонуучулардын социалдык-демографиялык параметрлерин да камтыйт эмеспи. Социалдык тармактардын семантикалык маалыматтары жарандардын көрктөндүрүү жана социалдык өнүктүрүү программаларына канааттануусун талдоо үчүн колдонулса болот.

“Чоң маалыматтар” менен иштөөнүн заманбап инфраструктурасы “чоң маалыматтардын” адистештирилген интеграторлоруна таянууга мүмкүндүк берет. Бул интеграторлор “Чоң маалыматтардын” булактарына өз алдынча кире алат, аларды иштетип, буйрутмачыга метрикаларды түзүүгө жана аналитикалык чечмелөөгө даяр түрүндө беришет.

Улуттук, регионалдык жана шаардык стратегияларды иштеп чыгууда “чоң маалыматтарды” киргизүү боюнча олуттуу иш-аракеттерди Дүйнөлүк банк тобу, Эл аралык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттик (USAID), Азия өнүктүрүү банкы жана башкалар сыяктуу эл аралык финансы уюмдары жүргүзөт. Акыркы 10 жылдан бери алардын “чоң маалыматтарды” колдонгон долбоорлорунун саны кыйла өстү. Алардын жардамы менен бүткүл дүйнөдө альтернативалуу статистикалык база түзүлүп, мамлекеттик жана муниципалдык статистика өнүгүп, улуттук, регионалдык жана шаардык программалардын натыйжалуулугунун индикаторлор системасы курулуп жатат.

Шаарлардын жана алардын райондорунун мастер-пландарына дата-колдоо, райондордо кызмат көрсөтүүлөрдүн керектүү функционалдык түзүмүн эсептөө, коммерциялык аянттарды жайгаштырууну жана алардын көлөмүн оптималдаштыруу –  “чоң маалыматтарды”  колдонуунун эң белгилүү чөйрөлөрүнүн бири.

“Чоң маалыматтарды” колдонуунун эң белгилүү чөйрөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

  • шаар ичиндеги жана шаарлар ортосундагы коомдук транспорттун, анын ичинде ылдамдыктагы коомдук транспорттун тармактарын долбоорлоо жана оптималдаштыруу; акы төлөнүүчү автомобиль жолдорунун тарифтештирүү системасын эсептөө;
  • жердин жана кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын баалоо методологиясына дата-колдоо, ошондой эле жердин жана кыймылсыз мүлктүн наркын тез рыноктук баалоонун автоматташтырылган системасы;
  • туризм үчүн жагымдуу райондордогу социалдык жана транспорттук инфраструктуранын зарыл болгон кубаттуулуктарын эсептөө, мында жамааттар менен же бирден жайгаштыруу фондун толук эске алуу, ошондой эле жердин жагымдуулугунун параметрлерин эсептөө, жергиликтүү тургундардын да,  туристтердин да бул жерге тартылуусун талдоо;
  • кассалык аппараттарды пайдаланган бардык соода түйүндөрүн тике жана толук камтуу менен өлкөнүн, региондун жана шаардын деңгээлинде керектөө бааларынын индексин эсептөөнүн альтернативалык усулдарына дата-колдоо;
  • шаарлардын жана алардын райондорунун мастер-пландарына дата-колдоо, райондордо кызмат көрсөтүүлөрдүн керектүү функционалдык түзүмүн эсептөө, коммерциялык аянттарды жайгаштырууну жана алардын көлөмүн оптималдаштыруу. “Чоң маалыматтарды” колдонгон имитациялык моделдердин жардамы менен жаңы шаар пландарынын ар кандай сценарийлерин туура эсептөө.

Реалдуу убакыт режими, түзүлүүчү метрикалардын ийкемдүүлүгү менен бирге маалыматтарды тарыхый топтоо мүмкүнчүлүгү “чоң маалыматтардын” маанилүү артыкчылыгы болуп саналат, бул улуттук, регионалдык жана шаардык программалардын, ошондой эле айрым долбоорлордун натыйжалуулугунун индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

“Чоң маалыматтар”  өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жана алардын жарандарына улуттук, аймактык жана шаардык программалардын, айрым долбоорлордун натыйжалуулук индикаторлорунун мониторингинин объективдүү аспабы  катары да кызмат өтөй алат. 

Казакстанда аймактарды өнүктүрүүнүн комплекстүү максаттары

Казакстан Республикасындагы Аймактарды өнүктүрүү борборунун директору Ерлан КАРИМОВ да баяндама жасап, дүйнөлүк азык-түлүк инфляциясы, энергетикалык рыноктун туруксуздугу, геосаясий чыңалуу, жеткирүүлөр чынжырындагы өзгөрүүлөр жана стратегиялык соода өнөктөштүктөрүнүн трансформациясы өңдүү глобалдык чакырыктардын контекстинен алып караганда Казакстандын саясатына комплекстүү сереп салды. Казакстан экономикалык өнүгүү чөйрөсүндө конкреттүү тармактардын эсебинен ИДПны 2030-жылга чейин эки эсе көбөйтүүнү көздөп жатат. Алар: 

  • циркулярдык экономика (жер семирткичтер, биогаз, терини кайра иштетүү, консерваларды өндүрүү, адал продукцияларды өндүрүү);
  • транспорт жана логистика;
  • туризм (экологиялык, пляждык, геологиялык, тарыхый);
  • техногендик минералдык түзүлүштөрдү (ТМТ) кайра иштетүү2;
  • “вертикалдык” чарбалар жана аквапониктер;
  • энергиянын жана “жашыл” суутектин кайра жаралуучу булактары.

Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын тандоо – Казакстан климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнүн кесепеттерин баамдап жатканы менен шартталат: 2040-жылга чейин ири көлмөлөр азайып, мөңгүлөр эригендиктен суунун тартыштыгы жогору болот деп күтүлүүдө (80% жогору деген ыктымалдуулук менен); барган сайын CBAMга  басым көбөйүүдө3; Борбордук Азия чөлкөмүндө климаттык миграция 5 миллион адамга чейин өсөт.

Калктын картаюу тобокелдиктерин жана инфраструктуранын учурдагы начар абалын эске алуу менен Казакстан аймактарды өнүктүрүүнү башкаруунун бир катар аспаптарын колдонууда, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: 

  • Казакстан Республикасынын аймактарындагы адамдардын бакубатчылыгынын ар кандай өңүттөрүн баалаган бакубатчылыктын регионалдык индекси, бул акылга сыярлык жооп чараларын киргизүүгө мүмкүндүк берет;
  • минималдык социалдык стандарттардын системасы;
  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жана байгерликке жетүүдө аймактардын ортосундагы ажырымдарды жоюуга мүмкүндүк берген регионалдык стандарттардын системасы;
  • инженердик-коммуникациялык, транспорттук инфраструктуранын минималдуу стандарттарынын системасы, ал турмуш-тиричиликти камсыз кылуу системасынын үзгүлтүксүз ишине алып келиши керек.

Казакстан Республикасында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган аймактарга карата атайын мыйзамдык чаралар жана башкаруу механизмдери көрүлүүдө. Атап айтканда, “Агломерацияларды өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган, ал аркылуу агломерациялардын жергиликтүү кеңештери түзүлгөн; горизонталдуу трансферттердин механизми иштелип чыккан; Астана жана Алматы агломерацияларын өнүктүрүүнүн комплекстүү пландары даярдалууда. 10 моношаарды (Алтай, Аркалык, Балхаш, Жанатас, Житикара, Каратау, Лисаковск, Риддер, Серебрянск, Степногорск) өнүктүрүүнүн комплекстүү пландары бекитилди, алар 1,7 трлн теңге суммага бааланган 608 иш-чараны камтыйт; моношаарлардын инженердик инфраструктураларын каржылоонун лимитин жыл сайын 50 млрд теңгеге чейин көбөйтүү пландалып жатат. Борборду жана республикалык маанидеги шаарларды өнүктүрүү маселелери боюнча (инфраструктураны өнүктүрүү, анын объектилерине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, Астана, Алматы жана Чымкент шаар чөйрөсүнүн коопсуздугу); Түркстан шаарынын өзгөчө статусу жөнүндө (өлкөнүн руханий жана тарыхый борбору катары Түркстан шаарынын жалпы мамлекеттик маанисин таануу тууралуу) мыйзам долбоорлору иштелип чыкты. G4 City (Алатау) долбоору ишке ашырылууда: Башкы пландын концепциясы бекитилди; Атайын экономикалык зона түзүлдү.

Казакстанда аймактарды өнүктүрүү дүйнөлүк азык-түлүк инфляциясы, энергетикалык рыноктун туруксуздугу, геосаясий чыңалуу, жеткирүүлөр чынжырындагы өзгөрүүлөр жана стратегиялык соода өнөктөштүктөрүнүн трансформациясы өңдүү глобалдык чакырыктардын контекстинде каралат.

Айыл аймактарына карата өзүнчө өнүктүрүү концепциясы ишке ашырылууда, ал ар кайсы айылдардын өнүгүү дараметин баалайт – айылдардын жарымынан азында гана (6,3 миңдин ичинен 3,5 миңинде) дарамети бар деген фактыга таянат. Концепциянын алкагында республикалык бюджеттен жергиликтүү долбоорлорду колдоо боюнча программалар; жаш адистерди тартуу (турак жайга бюджеттик насыя жана колдоочу жөлөкпул); ошондой эле чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча атайын чаралар: социалдык жана инженердик инфраструктураны куруу; санариптик эфирдик теле-, радиоберүүлөрдү ата мекендик телеканалдар менен камсыз кылуу; өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу; мурдагы чек ара райондорунун статусун калыбына келтирүү боюнча программалар ишке ашырылууда.

Бюджет тууралуу мыйзамдарда жүргүзүлүп жаткан реформалар да өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Казакстан Республикасынын жаңы Бюджеттик кодекси ийкемдүү жана алкактуу документ болуп калды, ашыкча чоо-жайы мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын деңгээлине которулду. Кодекс бюджеттик документтерди жарыялоо жана талкуулоо үчүн алардын учурдагы тизмесин кеңейтүү менен системаны отчеттуу жана ачык кылууда; ошондой эле бюджет долбоору менен бирге Парламентке киргизилип жаткан колдонуудагы документтердин тизмесин кеңейтүүдө; бюджеттен түшкөн акча боюнча квазимамсектордун ири субъекттеринин жетекчилерин Парламентте угууну талап кылат.

Кодекс Улуттук фонддон өтө зарыл инфраструктурага жана жалпы өлкөлүк долбоорлорго гана максаттуу трансферттерди каржылоо механизмдерин киргизүүдө. “Блоктук бюджет” делген механизм бюджеттин базалык туруктуу чыгымдары боюнча туруктуу лимиттерди чыгымдардын 50% ашпаган деңгээлде белгилейт; пландоо документтерин, макулдашуу жана бекитүү процесстерин оптималдаштырат; финансылык жылдын аягында калдыктарды которуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт.

Бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө кодекс салыктык түшүүлөрдүн жана чыгымдардын кошумча түрлөрүн жергиликтүү деңгээлге өткөрүп берет, регионалдык стандарттар системасынын негизинде пландоого өтүүнү караштырат.

Семинардын презентациялары шилтеме боюнча жеткиликтүү (орус тилинде): 

____________ 

1 Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Улуу Британиянын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурду. Семинардын оператору – Өнүктүрүү саясат институту.

2  Техногендик минералдык түзүлүштөр (ТМТ) – бул темир, жез, никель, цинк, ошондой эле алтын жана күмүш салыштырмалуу жогору болгон, мурда иштетилип келген байытуучу калдык сактоочу жайлар. ТМТ секторун көптөгөн өлкөлөр экономиканы өнүктүрүүнүн келечектүү багыты катары карашат.

3 CBAM (Carbon Border Adjustment Mechanism)  трансчегаралык көмүртекти жөнгө салуу механизми, анын алкагында үчүнчү өлкөлөрдөн Евробиримдикке продуктуну импорттоодо “көмүртек сертификаттары” сатып алынат же башкача айтканда импорттолуучу көмүртек сыйымдуу продукцияларга “салык” төлөнөт.