Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу: Кыргызстан үчүн тенденциялар жана эл аралык сабактар

2024-06-08 / Аймактарды өнүктүрүү

Маалыматтык семинарынын катышуучуларынын сунуштамалары: урбанизацияланган аймактар жана өсүш драйверлери; өзгөчө көңүл бурдурган аймактар; мейкиндикти пландоо жана башкаруу

Семинардын биринчи күнү аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу чөйрөсүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн теориясына жана практикалары менен таанышууга арналды. Семинардын экинчи күнү курамына министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кирген чакан топтордогу иштерди камтыды. 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын долбооруна карата сунуштамаларды даярдоо практикалык иштин максаты болду.

Урбанизацияланган аймактар жана өсүш драйверлери

Урбанизацияланган аймактарды өнүктүрүү үчүн каржылоону камсыз кылуу чакан топтор чечиши керек болгон тапшырмалардын бири болду. Бул тапшырманы аткарыш үчүн топ бири-бирин толуктап турган эки чечим жолун сунуштады: 

  • 1) инвестицияларды тартуу жолу менен шаарлардын инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү,
  • 2) мамлекет кепилдеген муниципалдык зайымдарды түзүү.

Инфраструктураны өнүктүрүү – бул дайыма узак мөөнөттүү долбоорлор, аларды бюджеттин күнүмдүк чыгымдарынын эсебинен ишке ашырууга болбойт. Бул долбоорлор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылса болот, бирок бул үчүн мындай долбоорлор киреше алып келүүгө тийиш. Мындай долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары – МЖӨ) принциптеринин негизинде ишке ашырылат, мында жеке өнөктөштүн кирешеси акы төлөнүүчү социалдык же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдүн (ТКЧ, энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б. чөйрөлөрдөгү кызмат көрсөтүүлөр) эсебинен түзүлүшү мүмкүн. Бирок Кыргызстандын азыркы шарттарында мындай долбоорлорду ишке ашыруу жапырт мүнөзгө ээ боло албайт, себеби МЖӨ практикасы өнүгө элек жана жеке өнөктөштөр киреше ала турган тармактардын тизмеги чектелүү (кайчылаш субсидиялоонун жогорку деңгээлинен улам калкка кызмат көрсөтүү бөлүгүндө бери дегенде бул тармактарга энергетика жана ТКЧ кирбейт). Ушундан улам башка вариант көбүрөөк алгылыктуу жана реалдуу болуп турат.

Дүйнөлүк практикада шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү да займ берүүнүн эсебинен жүзө-гө ашырылып келет. Бирок инвесторлор жада калса Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарлардан да муниципалдык облигацияларды сатып алууга кызыкдар болоору күмөндүү маселе. Бул зайымдарды мамлекет кепилдеген учурда гана бул көйгөйдү чечүү мүмкүн болуп турат. КР Министрлер Кабинети  акыркы мезгилде мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө өтө этияттык менен мамиле жасап жатса да, мындай кепилдиктерди берүү “өзүн акташы” мүмкүн, себеби, төмөндө айтылгандай, инфраструктурасы өнүккөн шаарлар инвесторлор үчүн жагымдуу, демек, шаардын экономикасы өнүгөт, салыктык түшүүлөр өсөт, бул шаардын кийинки милдеттемелерин төлөө мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле топтун мүчөлөрү Бишкектеги атмосфералык абанын абалынын сапатын жакшыртуу үчүн чараларды программага киргизүүнү сунуштап, аларды иш-аракеттер планындагы хронологиялык этаптарга бөлүп чыгышты. Ошол эле учурда аз чыгымдуу жана түйшүктүү чаралардан баштоо керек, мисалы, абага зыяндуу заттарды азыраак чыгарган көмүр казандарын киргизүү зарыл, бул ондогон эсе булганууну азайтууга мүмкүндүк берет – көөнү күйгүзүүнүн эсебинен да, көмүрдү керектөөнү азайтуунун эсебинен да болот (көмүр абаны булгоочу фактор бойдон калганына карабастан, чындыгында газ да кымбат жана калктын аярлуу катмары үчүн жеткиликсиз ресурс бойдон кала берүүдө). Көмүр казандары да жабдуунун кымбат түрү болуп саналат, бирок бул жерде Бишкектин жергиликтүү бюджетинен субсидия түрүндө бир жолку колдоо чараларын караштырса болот. Ал эми убакытты көп талап кылган чара катары жашоочуларды жеке үйлөрдөн батирлерге көчүрүү сунушталды.

Жол жана башка инфраструктураны, ошондой эле жаңы шаар аймактарында жана шаар четинде коомдук транспортту өнүктүрүү аркылуу Бишкектен транспорттук жүктү азайтуу маселеси талкуунун өзүнчө темасы болду.

Ошону менен бирге, топтун пикири боюнча, урбанизациянын өсүшүнө өлкөнүн транспорттук байланышын күчөтүү, анын ичинде Кыргыз Республикасын Кытай жана Өзбекстан менен байланыштырган темир жолунда логистикалык борборду (товардык жана жүргүнчүлөр хабын) түзүүнүн жардамы менен көмөк көрсөтүш керек. Медициналык туризм Кара-Балта, Баткен, Талас шаарларынын, Суусамыр өрөөнүнүн жана Ысык-Көл облусунун өнүгүшүнө түрткү болот.

Өзгөчө көңүл бурулушу керек болгон аймактар

Өзгөчө көңүлдү талап кылган аймактарга карата учурдагы кырдаалды жакшыртуунун төмөнкүдөй жолдору сунушталды.

Туризмди өнүктүрүү үчүн: 

  • экотуризм үчүн инфраструктураны өнүктүрүү (транспорт, адамды тарткан жерге чей-инки жолдор, конок үйлөрү, коомдук тамактануу жайлары, кире бериштер (аркалар), конок-борборлору), анын ичинде инфраструктураны түзүү үчүн жергиликтүү калкты субсидиялоо (туристтер үчүн бөлмөлөр, жергиликтүү чакан музейлер ж.б.);
  • туристтик дестинацияларды мындан ары да колдой берүү;
  • жараксыз абалга келген эс алуу үйлөрүн калыбына келтирүү үчүн инвесторлорду тартуу, жаңы объекттерди куруу;
  • туристтерге көрсөтүлүүчү кызматтарга баа саясатын жөнгө салуу;
  • экологиялык таза продукциянын өндүрүшүн кеңейтүү;
  • кадрларды даярдоо (менеджерлер, гиддер, тил курстары жана жергиликтүү калк үчүн меймандостуктун негиздерин үйрөтүү);
  • ыктымалдуу туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн квалификациялык талаптары жана стандарттары;
  • туристтик компаниялар үчүн арзан насыяларга жеткиликтүүлүк, насыяларды тындыруунун аннуитеттик ыкмасынан баш тартуу жана аны жагымдуу альтернативалар менен алмаштыруу (мисалы, сезон сайын төлөө графиги);
  • консолидацияланган улуттук туристтик продуктуну таанытуу үчүн маалыматтык жана маркетинг өнөктүктөрү;
  • туристтерге жана кызмат көрсөтүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн да, ошондой эле көмүскө экономиканын өсүшүнөн качуу үчүн да накталай эмес эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында көбүрөөк адамдарды байланыш менен камсыз кылуу;
  • өз жерин билүүгө түрткү берүү, туроператорлор менен тургундардын ортосундагы ишкер мамилелерди жакшыртуу, жергиликтүү бюджеттерге кирешелердин жана салыктык түшүүлөрдүн өсүшү максатында жергиликтүү калктан гиддердин тармагын түзүү.

Айыл чарбасына басым жасаган айылдык аймактарды өнүктүрүү үчүн социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө төмөнкү жолдор менен дем берүү сунушталып жатат. Циркулярдык экономика концепциясы максималдуу баалуулукту жана пайданы алууда, анын ичинде товарларды эмес, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана продукцияны чогуу пайдалануу көбүрөөк убакыт бою ресурстарды мүмкүн болушунча аз колдонууга мүмкүндүк берүүчү бизнес моделдерин даярдап, ишке ашырууну талап кылат. Циркулярдык экономика ремонттун, модификациялоонун эсебинен продукциянын жашоо циклинин өсүшүнө көмөктөшөт, кайра жаралуучу энергияны колдонууну сүрөйт, кайра колдонууга жана биосферага кайтып келүүгө тоскоол болгон уулуу химикаттарды колдонууну жокко чыгарат, калдыктарды жок кылууга көмөктөшөт ж.б.

Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон аймактарды өнүктүрүү үчүн социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө төмөнкү жолдор менен дем берүү сунушталып жатат: 

  • чукул медицинаны өнүктүрүү боюнча акселераторлорду түзүү;
  • мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүү үчүн ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүү (мугалимдерге участокторду, турак жайларды берүү);
  • элеттик дарыгердин акселераторлорун киргизүү;
  • жеринде окутуу үчүн учурда иштеп жаткан клиникалык базаларды күчөтүү жана максаттуу даярдоо үчүн орундардын санын көбөйтүү (аймактын деңгээлинде).
Чек аранын боюнда орун алган аймактарды өнүктүрүү үчүн “достук мектептерин” (чектеш мамлекеттердин чек ара аймактарында жашаган окуучулардын кирип-чыгуусу) өткөрүү жана чек ара аймактарындагы токтоп турган өндүрүштөрдүн профилин өзгөртүү сунушталууда. 

Мейкиндикти пландаштыруу жана башкаруу

“Мейкиндикти өнүктүрүүнүн механизмдери” деген үчүнчү багыт боюнча төмөнкүдөй кадамдар сунушталды: 

  • “Санарип Аймак” системасын мейкиндик маалыматтары менен толуктоо;
  • “чоң маалыматтардын” (big data) жардамы менен мейкиндикти өнүктүрүүнү пландоонун аспаптарын иштеп чыгуу жана киргизүү;
  • академиялык чөйрөлөрдү жана университеттерди мейкиндикти өнүктүрүүнү пландаштыруу процессине, анын ичинде санариптик  дайындар базаларын (Санарип Аймак) актуалдаштыруу процессине тартуу (атап айтканда, райондук жана/же облустук мамлекеттик администрациялар тарабынан мамлекеттик заказды тариздөө жолу менен санариптик дайындар базалары менен иштөө үчүн аймактагы университеттердин жана колледждердин интеллектуалдык дараметин пайдалануу);
  • архитектуралык кызматтардын, геодезиялардын жана тиешелүү илимий-изилдөө институттарынын маалыматтарынын базасында мейкиндикти өнүктүрүү моделдерине укуктук зоналаштырууну (арналышы жана уруксат статусу боюнча) санариптештирүү жана киргизүү;
  • кыймылсыз мүлк объектилеринин менчик формалары жөнүндө маалыматты мейкиндикти пландаштыруу үчүн колдонуу: Кадастрдын актуалдуу маалыматтарын санариптештирип, алардын жыйынтыктарын жеткиликтүү кылуу;
  • калктуу конуштарда (борбордук деңгээлде) экономикалык ишти пландаштыруу үчүн пайдалануучулардын активдүүлүгү жөнүндө метадайындарды пайдалануу механизмдерин иштеп чыгуу; Министрлер Кабинети, облустук, райондук мамлекеттик администрациялар жана ЖӨБ органдары үчүн сунуштарды даярдоо боюнча институтту аныктоо (ийгиликтүү мисал: Лебединовкада логистикалык борборду куруу: бул борбор үчүн сугат жерлерин трансформациялоо канчалык негиздүү); 
  • Бишкек шаарындагы “Менин шаарым” сыяктуу санариптик (мобилдик) тиркемелерди өнүктүрүүнү жана башка маалыматтык системалар жана ГИС менен интеграциялоону камсыз кылуу, калктуу конуштарда ыңгайлуу жашоону камсыз кылуу үчүн колдонуу: транспорттук агымдарды оптималдаштыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды берүү, ооруканаларга, Калкты тейлөө борборлоруна электрондук кезектер ж.б.

Аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу системасы

Аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу системасы эки негизги компонентти камтыйт. Методологиялык бөлүк: дайындарды чогултуу тартиби, маалымат булактары, кайра иштетүү процесси, жалпылоо, андан аркы отчеттуулукту камтыйт. Финансылык бөлүгү: ишке ашыруу үчүн каражаттарды түзүү булактары, салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрдү бөлүштүрүү, финансылык фонддорду жана/же резервдерди түзүүнү камтыйт. 

Методологиялык бөлүккө карата төмөнкү чаралар сунушталды: программанын текстинде жана келечектеги иш-аракеттер планында өнүктүрүүнү башкарууга тиешелүү бөлүмдө башкаруунун бардык деңгээлдеринин (аймактар, райондор, облустар) экономикалык жана социалдык индикаторлорун болжолдоо системасын киргизүү зарылдыгын милдеттүү түрдө жазып чыгыш керек, себеби социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана аймактык программалар азыр үстүртөдөн эле түзүлүп жатат.

СЭӨПны иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын маалыматтык жана илимий-методикалык камсыздоосу жагында төмөнкү пункттарды кароого болот: 

  • КР Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунан, КР Илимдер академиясынан методикалык жардам алуу;
  • СЭӨПны түзүүдө КР Экономика жана коммерция министрлигинин методикалык колдоону камсыз кылуусу;
  • райондук СЭӨПны иштеп чыгуунун сапатын жогорулатуу үчүн тармактык министрликтер жана алардын аймактык бөлүмдөрү ортосунда маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • ЖӨБ органдарынын системалык негизде СЭӨПны иштеп чыгуу менен алектенген кызматкерлеринин квалификациясын жогоулатуу;
  • СЭӨПны иштеп чыгуу процессинде муниципалдык кызматчыларга консультация берүү механизмин түзүү;
  • райондордун деңгээлинде статистикалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
  • маалыматтарды элеттик калктуу конуштардын деңгээлине чейин дезагрегациялоо бөлүгүндө статистикалык системаны өркүндөтүү.

Бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүүгө карата төмөнкүдөй чаралар сунушталды:

  • бюджеттик системаны өркүндөтүү менен катар салыктык жана салыктык эмес кирешелерди бөлүштүрүүнү кылдат эсептеп чыгыш керек. Алсак, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салыкты жергиликтүү бюджеттерге буруу максатка ылайыктуу болот. Аймакты натыйжалуу башкаруу менен бул салыктар жергиликтүү бийликке бизнес-чөйрөнү жакшыртууга дем берип, ишкерлерди кызматташууга чакырат ж.б.;
  • теңдештирүүчү трансферттин формуласында өнүгүүгө бөлүнгөн үлүштү караштыруу зарыл. Мисалы, трансферттин суммасынын 35%.

Сунуштар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин дарегине семинардын катышуучуларынан багытталды.