Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мыкты коомдук бюджеттик угууларга жарыяланган конкурста жеңүүчү деп табылган ЖӨБ органдары байгелерин ала башташты

2024-06-06 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Мыкты коомдук бюджеттик угууларга жарыяланган конкурста жеңүүчү деп табылган ЖӨБ органдары байгелерин ала башташты

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын январында “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жыйынтыктары чыгарылган болчу. Бул конкурс 2023-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына  чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын  алкагында өткөрүлгөн. Конкурс жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүн эсепке алууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого жарандарды тартуу аркылуу жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбаларын аныктап, андан ары бул практиканы жайылтуу максатында уюштурулган. Конкурстун байге фонду 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сомду түзгөн.

Жобого ылайык, жеңүүчү муниципалитеттер утуп алган байге каражаттарын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө арналган товарларды сатып алууга жумшай алышат.

Ысык-Көл облусунун Ананьев айыл өкмөтүндө “Келечек”, “Солнышко”, “Баластан” бала бакчалары, ошондой эле Н. Г. ЛЯЩЕНКО, Ш. ЭСЕНАЛИЕВ жана Ж. АБДРАХМАНОВ атындагы орто мектептер бар. Бул билим берүү мекемелери көп функционалдуу түзмөктөр (МФУ, түстүү жана ак-кара принтерлер), ноутбуктар жана экрандар сыяктуу техникага муктаж. Ошондуктан Ананьев айылдык аймагынын ЖӨБ органдары балдарга жана окуучуларга керектүү материалдарды басып чыгаруу үчүн билим берүүчү тасмаларды, мультфильмдерди көрсөтүп, презентацияларды, слайддарды даярдоо үчүн пайдаланыла турган ноутбуктарды жана экрандарды сатып алууну чечишкен. ӨСИ сатып алуулар боюнча конкурс өткөрүп, жеңүүчүнү аныктады; ушул тапта компьютердик жабдуулар жолдо келатат.

Чүй облусунун Александровка айыл өкмөтүндө “Александровка” муниципалдык ишканасы бар. Аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу бул муниципалдык ишкананын негизги милдети болуп саналат. Тилекке каршы, бак-дарактар колго сугарылып, буга өтө көп убакыт кетет, себеби бак-дарактар менен суу тармагынын ортосунда аралык жүз метрдей болот. Александровка айыл өкмөтү байге акчасына сугаруу үчүн үч дөңгөлөктүү электр мотороллер сатып алууну пландаштырган; техникалык базаны жакшыртуу үчүн МФУ жана ноутбук сатып алынууда.

Григорьевка айылындагы Садыр-Аке айылдык аймагынын №4 бала бакчасында 160ка жакын бала тарбияланат. 2007-жылы АРИС берген тамак кууруучу шкаф эскирип калгандыктан, Садыр-Аке айыл өкмөтү байгенин акчасына жаңы үч бөлүктөн турган тамак жасоочу шкаф сатып алууну чечти. Шкаф кекс, булочка, пицца, торт, пирог өңдүү таттууларды жасоо үчүн колдонулат. Бул шкаф бала бакчага жеткирилип, орнотулуп берилди.

Ошондой эле Садыр-Аке айылдык аймагында 10 спортчудан турган күрөш боюнча кыз-келиндер командасы бар. Команда ар кандай деңгээлдеги мелдештерге жигердүү катышып келатат. Бул конкурстун алкагында байге каражаттарына аталган муниципалитеттин ЖӨБ органдары 10 спортчу үчүн спорттук форманын комплектин сатып алышууда.

“Биз жеңүүчү деп табылган муниципалитеттер жана байге ээлери жиберген тизмеге ылайык калган товарларды сатып алып жатабыз. ӨСИ сатып алууларды жүргүзүү боюнча бардык жол-жоболорду сактайт, бул болсо убакытты талап кылат. Жогоруда аталган байгелерден тышкары эмерек буюмдары (стулдар, столдор, шкафтар), музыкалык аспаптар (комуз, аккордеон) жана спорттук шаймандар (топтор) да сатып алынат. Өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын бардык ЖӨБ органдарына 2024-жылы биз бул конкурсту кайрадан өткөрө тургандыгыбызды эскертет. Өтүнмөлөрдү жиберүү мөөнөтү жана байге фонду тууралуу дагы кошумча маалымат беребиз”, – деди Өнөктөштүк программасынын адиси Азамат МАМЫТОВ.

 

Окшош материалы: