Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы райондук СЭӨПлар: маалыматтарга негизделген инклюзивдүү пландоо экономикалык өсүшкө алып келет

2024-07-05 / Аймактарды өнүктүрүү
Жаңы райондук СЭӨПлар: маалыматтарга негизделген инклюзивдүү пландоо экономикалык өсүшкө алып келет

СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методикасынын Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун жана Ош облусунун Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирине сереп-божомол

Автор: Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун буйрутмасы менен EGED программасынын алкагында даярдалды1

Кыргыз Республикасынын райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары райондук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын жаңы методологиянын негизинде иштеп чыгуу зарылдыгына туш болушту. Бул методология Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 19-февралындагы №01 буйругу менен бекитилген. Методология көпчүлүктү кооптондурду, себеби, ал көп сандагы дайындарды колдонууну талап кылат, көптөгөн таблицаларды камтыйт жана сереп жүргүзүп, божомол жасаганга мажбурлайт. Эксперттер күмөн санап турушту – адистер жер-жерлерден дайындарды чогултуп чыга алышабы? Аларды туура чечмелей алышабы? Божомолду туура түзө алышаар бекен? Эң негизгиси – бул күч-аракеттерден жыйынтык чыгабы, экономикалык өсүш жана социалдык өнүгүү болобу жана муну кантип өлчөсө болот? 

Бул суроолорго жооп берүүгө аракет кылып, методиканын автору – Дүйнөлүк банктын жана Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти Максим СЕМЕНЯК – аналитикалык сереп-божомолду даярдады. Мында методика райондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кандай таасир этип, кантип көрүнүшү керектигин көрсөтүп берген. Ал эми бул методиканы иш жүзүндө колдоно келгенде ал канчалык “коркунучтуу” же толугу менен колдонууга боло тургандай экендиги жөнүндө окуяны “Муниципалитет” журналынын кийинки санында айтып беребиз.

Аймактарды өнүктүрүү Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө маанилүү маселе, себеби жаратылыш ландшафты өтө татаал (аймагынын 95% – бийик тоолуу), калкынын басымдуу бөлүгү элетте жашаган, транспорттук байланышы начар, экономиканын агрардык түзүмү сакталып калган, урбанизациянын деңгээли жетишсиз жана технологиялык жактан артта калган өлкө үчүн чакырык болуп саналат. Жаңы чакырыктар – климаттын өзгөрүшү, геосаясаттагы жана экономикадагы глобалдык өзгөрүүлөр, суу кризиси аймактарды өнүктүрүүдө теңсиздикти курчутуп жатат жана өкмөттөн өнүгүүнү пландаштыруу боюнча стратегиялык иш-аракеттерди талап кылууда. Мында аймактарды өнүктүрүү саясаты дайындарга негизделген пландоого жана болжолдоого таянууга тийиш. Бирок башкаруу системасындагы бул мүмкүнчүлүктөр жана механизмдер дээрлик толугу менен жок, себеби СССРдин курамынан чыккандан кийин Кыргыз Республикасында пландоонун жана божомолдоонун альтернативалык системасы түптөлбөй калган. 

Дайындарга негизделген, “төмөндөн жогору карай” принциби боюнча иштеген башкаруунун, аймактарды өнүктүрүүнү пландоонун жана божомолдоонун комплекстүү системасын түзүү зарыл. Мындай системанын пайдубалына биринчи “таш” 2024-жылдын башында коюлган – бул жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги башкаруу системасынын эң төмөнкү деңгээли – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары2 жана субулуттук деңгээл – жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (райондор) үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу методикасын бекиткен. Методикалар дайындарды кеңири пайдаланууга негизделген, алар жарандардын артыкчылыктарды аныктоого жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүүгө катышуу механизмдерин камтыйт, болжолдоо алгоритмдерин колдонот. Мындан тышкары өз ара айкалышкан методикалар аймактарды өнүктүрүүнү кыйла туруктуу башкаруу үчүн негиз түздү.

Социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоонун комплекстүү системасы – бул башкаруунун бардык деңгээлдеринде өнүктүрүү пландарын даярдоонун жана ишке ашыруунун биримдигине жана бүтүндүгүнө, ошондой эле социалдык, экономикалык мейкиндиктик жана экологиялык талаптарды бириктире алган ар тараптуу комплекстүү мамилеге негизделген көп деңгээлдүү пландоо механизми.

Пландоонун жаңы методикалары аймактарды өнүктүрүүнү башкаруунун негизги механизми болуп калышы үчүн аларда жаңы принциптердин жана чечимдердин комплекстүү топтому камтылган:

  • жакшыраак пландоо жана болжолдоо үчүн кеңири дайындар топтомдорун талдоо жана колдонуу;
  • аймактык/регионалдык адистешүүгө жана регионалдык/өлкөлүк экономикалык интеграцияга багыт алуу;
  • экономиканы жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнү пландоодо айлана-чөйрөгө жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу факторлорду эске алуу;
  • калктын негизги жана аярлуу топторун экономикалык ишке тартуу менен инклюзивдүү өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу;
  • кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусу менен өнүгүүнү болжолдоо боюнча диалогду түзүү;
  • социалдык-экономикалык жана мейкиндикти пландоону айкалыштыруу;
  • СЭӨПны ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүн болгон ресурстарды баалоо;
  • экономикалык өнүгүүнү пландоонун катышуучуларынын дараметин жогорулатуу.

АЙМАКТАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮН КЫЙЛА ЖАКШЫРААК БАШКАРУУ: СИСТЕМАЛУУЛУК, МААЛЫМАТТАР, МЕЙКИНДИК 

Системалуулук. ЖӨБдүн аймактары жана райондору үчүн СЭӨПны даярдоонун жаңы методикалары системанын өзөгү (пайдубалы) болуп берет. Методикалар биринчи жолу жергиликтүү өнүктүрүү пландарынын бирдиктүү стандарттарын киргизүүдө.

Методикалар комплекстүү пландоо системасында ролдорду бөлүштүрүшөт (өнүгүүнүн сектордук багыттары жана ар кандай деңгээлдерде пландарды түзүү процесстеринде “туташтыруучу түйүндөр” аркылуу “жогорудан төмөн” жана “төмөндөн жогору” карай аймактардын керектөөлөрү жөнүндө маалымат алмашат). Райондун деңгээлинде тармактык өнүктүрүү программалары менен аймактык программалар кесилишет, бул болсо башкаруунун жана өнүктүрүүнүн өзөктүк аспабы болуп калууга тийиш. 

Дайындар. Жаңы методологиялар өнүгүүнүн стандарттык көрсөткүчтөрүн аныктоо максатында алгоритмдик ой жүгүртүүгө, моделдөөгө жана маалыматтарды кеңири колдонууга негизделген, алардын топтору СЭӨПнын бөлүмдөрү боюнча уюштурулуп, төмөнкүлөрдү камтыйт.

  • жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү көрсөткүчтөр (жергиликтүү инфраструктура, спорт, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо);
  • экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү (иш менен камсыз болгон калк, калктын кирешелери, өндүрүш фонддору, өндүрүш, түз инвестициялар);
  • өнүгүүнүн комплекстүү өңүттөрүнө тиешелүү көрсөткүчтөр (экология (энергиялык натыйжалуулукту кошо алганда), мейкиндик;
  • инклюзивдүү өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү (жумуштуулук, аярлуу топтордун өз алдынча иш менен камсыз болушу);
  • жергиликтүү бюджеттин көрсөткүчтөрү (кирешелер, чыгашалар, максаттуу трансферттер);
  • өнүгүү бюджетинин көрсөткүчтөрү (бюджеттик инвестициялар, өнүктүрүү фонддорунан түшкөн каражаттар, бюджеттен тышкаркы булактар).

1-сүрөт. Процесс катары жергиликтүү жана регионалдык өнүгүүнү пландоого комплекстүү мамиле

Бул көрсөткүчтөр маалыматтык системаларда дайындардын топтому катары колдонулат, аларсыз маалыматка негизделген натыйжалуу башкаруу мүмкүн болбойт. Кыргыз Республикасында “Санарип аймак” аттуу автоматташтырылган маалыматтык система өнүгүп келатат, ал орто мөөнөттүү келечекте калкты эсепке алуу боюнча дайындар базасынан өнүгүүнү башкаруунун толук кандуу көп деңгээлдүү автоматташтырылган системасына айланууга тийиш. “Санарип аймак” АМСнын дайындары социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоонун комплекстүү системасынын ар кандай деңгээлдериндеги процесстерди талдоо, болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн пайдаланылат. Бул үчүн 2024-жылы системага жаңы модуль киргизилет, ал “Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн комплекстүү системасы: пландоонун жергиликтүү деңгээли” деп аталат. Пландардын натыйжалуулугу жер-жерлердеги дайындардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен өсүшү керек, себеби система аларды ар кандай интеграцияланган булактардан: жер-жерлерден алынган маалыматтардан, улуттук статистикадан, тармактык статистикадан толуктап турат. Ошентип, моделдештирүүнү колдонуу менен болжолдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, системага салынган статистикалык маалыматтардын жана мамлекеттик органдар менен аймактык башкаруу органдарынын ортосунда “жогорудан төмөн” жана “төмөндөн жогору” карай тездетилген маалыматтык алмашуунун жеткиликтүүлүгүн камтуу менен башкаруунун санариптик чөйрөсүн түзүүгө пайдубал түптөлүп келатат. 

ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ РАЙОНУ (солдо) НАРЫН ОБЛУСУНУН АТ-БАШЫ РАЙОНУ (оңдо)

Мейкиндик. Ландшафттын татаалдыгын, аймактардын транспорттук байланышынын чабалдыгын жана урбанизациялоого керектөөнү эске алганда, мейкиндикти жана социалдык-экономикалык пландоону айкалыштыруу мүмкүндүгү методикаларга кошумча маани берип жатат. СЭӨПны даярдоонун жаңы методикалары өзүнчө бөлүмдү камтыйт, бул бөлүм аймактардын жана райондордун социалдык инфраструктурасындагы жана экономикалык абалындагы өзгөрүүлөрдүн артыкчылыктарын эске алуу менен мейкиндикти пландоого арналган. Мейкиндикти пландоо ажырагыс элемент катары социалдык-экономикалык өнүгүүнүн тенденцияларына, саясатына жана пландарына таянган экономикалык компонентти камтышы керек. 

Өз кезегинде социалдык-экономикалык талдоо мейкиндиктик жана техникалык чектөөлөрдү жана функционалдык укуктук мейкиндик зоналардагы өзгөрүүлөрдү башкаруу аспаптарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алат. Бул экономикалык жана социалдык саясатты божомолдоого шарт түзүп, ошол божомолдордун тактыгын кыйла жогорулатат. Кыска мөөнөттүү келечекте төмөнкү маселени чечүү зарыл – комплекстүү пландоо системасы мейкиндик тууралуу маалыматтардын улуттук инфраструктурасы менен методологиялык жана санариптик жактан биригүүсүн камсыз кылып, ошондой эле мейкиндикти пландоого “көлөмдүү маалыматтарды” (Big Data) колдонуу ыкмаларын киргизүү зарыл.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ: АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНДА ӨНДҮРҮШТҮН ЖАНА ЖУМУШТУУЛУКТУН ӨСҮШҮ

Аймактардын өнүгүү келечегин ар кандай тармактарга салынган инвестициялардын натыйжалуулугун так болжолдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү бекемдеп турат. Мисалы, эгерде буга чейин рыноктун керектөөлөрү жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматтын жетишсиздигинен улам айыл чарбасына салынган инвестициялар дайыма эле рационалдуу бөлүштүрүлбөй келсе, маалыматташтыруунун жана дайындарга негизделген пландоонун жаңы методикасынын жардамы менен чыгымдарды кыскартууга болот, бул болсо өз кезегинде өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына жана райондун ички регионалдык продукциясынын өсүшүнө алып келет. Ат-Башы районунун мисалы көрсөткөндөй, өркүндөтүлгөн СЭӨП үч жылдын ичинде жумуш менен камсыз болгондордун өсүш ыргагын эки эсе көбөйтүп, мал чарбасындагы товардык өндүрүштүн өсүшүн олуттуу тездетип, 1 млрд сомго жакын кошумча кирешеге жеткириши керек.

Айыл чарбасынын дүң продукциясы Ат-Башы районунун ички райондук продукциясынын түзүмүнүн 85,9% түзөт. Географиялык жана климаттык өзгөчөлүктөрдү эске алганда (жайы кыска, жердин басымдуу бөлүгү тоолуу) райондун айыл чарба өндүрүшүнүн түзүмүндө эң көп салыштырма салмакты мал чарбасы (71%) ээлейт, анын алдыңкы чакан тармактары болуп ири жана бодо мал, жылкы түзөт – эт жана сүт айыл чарба продукциясынын үлүшү 76% жана 22% (бардыгы 98%) ээлейт.

2-сүрөт.  Айыл чарбасында иштеген райондун элинин санынын өсүш динамикасынын болжолу (программалык чаралар), адамдардын саны менен

Дайындарды талдоонун негизинде жасалган божомол жаңы методика боюнча иштелип чыккан 2024-2026-жылдарга райондун СЭӨПсында каралган кошумча чаралардын таасирин баалоого мүмкүндүк берет:

  • мал чарбачылыгында иштегендердин өсүш ыргагы эки эсе көбөйөт: жаңы СЭӨПга киргизилген чаралардын таасири менен мал чарбачылыгында иштегендердин саны 6 пайызга өсөт, ал эми бул чараларды эске албаганда өсүш 3% гана түзмөк;
  • расмий катталган жумушсуздардын саны 2025-жылдан баштап жылына 3-5 пайызга кыскара баштайт, ал эми базалык божомол орточо эсеп менен 1,5 пайызды гана көрсөткөн;
  • мал чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүш ыргагы 1,7 эсе тездейт: жаңы СЭӨПга киргизилген чаралардын таасири менен товардык өндүрүш 29,3 пайызга көбөйөт, ал эми бул чараларды эске албаганда өсүш болгону 17,1 пайызды түзмөк;
  • товар өндүрүүчүлөрдүн кирешеси дээрлик 1 млрд сомго көбөйөт, алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк бизнесте, чакан жана орто ишканаларда иштешет; 
  • атайын салык режимдери боюнча жергиликтүү бюджетке түшкөн каражат дээрлик 30 пайызга көбөйөт;
  • айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн бирдиктүү салыктын эсебинен гана жергиликтүү бюджеттердин кирешелери бери дегенде 4,4 млн сомго көбөйөт (сумманы атайын салык режимдери боюнча бардык салыктардан жылдык жалпы түшүүлөр менен салыштырса болот). 

3-сүрөт. Мал чарбасында товарларды өндүрүүнүн өсүш динамикасынын болжолу, миң сом менен

Болжолдоодо бир катар артыкчылыктуу чаралар эске алынды, алар божомолдун салыштырма базалык сызыгына карата өсүштү жогорулатат (болжолдоонун базалык сызыгы жылына болжол менен 1% өсүш ыргагы түрүндө белгиленип, акырындык менен көбөйүп турат): 

  • эт жана сүт мал чарбачылыгы райондун экономикалык адистешүүсүнүн артыкчылыктуу багыты катары аныкталган;
  • иш менен камсыз кылуу көрсөткүчүнүн өсүшү үчүн дыйкандарды окутуу, жаштарды айыл чарбасындагы ишкердикке тартуу жана жаңы кубаттуулуктарды киргизүү каралган;
  • кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө дем берүү зарыл: мисалы, 53% кубаттуулукта иштеп жаткан “Ат-Башы сүт” комбинаты үчүн чийки заттын тартыштыгы чарбага 260 уйду кошуунун эсебинен толукталат. Ал эми эт даярдоо жана кайра иштетүү жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн эт союлуучу комбинат (107 млн сом суммасында жеке инвестициялар), быктырма этти жана пельмендерди жасаган завод (28 млн сом суммасында жеке инвестициялар) курулуп жатат. Кошумча нарк чынжырларын түзүү жумуштуулуктун көрсөткүчүн жогорулатат жана кошумча нарк салыгынын (КНС) өсүш ыргагын 2005-жылга салыштырмалуу 2024-жылы дээрлик 47 пайызга камсыз кылат же 2023-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 млн сомдон ашык кошумча КНС болот (импортко КНСти эсепке албаганда);
  • органикалык продукцияга багыт алган кластерлерди сүрөө: экономикалык адистешүү жана регионалдык интеграция шартында Ат-Башы району органикалык продукцияларды өндүрүү боюнча бүтүн бир кластер катары каралса болот. Бул жерде мал минералдык кошулмалары жок таза табигый тоют менен, ал эми жай мезгилинде бийик тоолуу жайыттарда багылат, ошондуктан аймакта өндүрүлгөн эт экологиялык тазалыгы жана даамы жагынан алып караганда өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу эт базарында чоң суроо-талапка ээ.

4-сүрөт. Мал чарбачылыгы тармагынын өсүшүнүн эсебинен атайын салык режимдери боюнча жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттын өсүш динамикасынын болжолу, миң сом менен

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ: РАЙОНДУК АДИСТЕШТИРҮҮ ЖАНА ТАРМАКТЫК ПРОФИЛДЕР

Райондун деңгээлинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоонун жаңы методикаларында туруктуу өсүш үчүн негиз катары экономикалык адистешүүгө басым жасоого мүмкүндүк берген механизмдер камтылган. Көңүлдү алдыңкы тармактарга буруу үчүн аймактар үчүн СЭӨПны даярдоонун жаңы методикасына тармактык профилдердин формалары киргизилген. Алар тармактын өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн топтомун, анын керектөөлөрүн, көйгөйлөргө жана келечектеги пландарга жасалган талдоону камтыйт. 

“Муниципалитет” журналынын кийинки санында эки райондун мисалында туризм тармагынын жана андагы калкты иш менен камсыз кылуунун өсүш ыргагын, ошондой эле таза суунун айланасындагы кырдаалдын оңолушунун божомолу каралат. 

___________ 

1 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” (EGED) программасы – бул Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган, Борбордук Азияда техникалык көмөк көрсөткөн беш жылдык программа. Программа Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган. Бул максатка программа фактыларга негизделген процесстерди мамлекеттик реформаларды пландоого жана ишке ашырууга киргизүү жолу менен жетип келет. Программа ошондой эле Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрүнө иш жүзүндөгү маалыматтарды пайдаланууну жакшыртууга көмөктөшүү үчүн бул үч өлкөдөгү жарандык коомду колдойт, бул – башкаруунун натыйжалуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат. EGED Программасынын максаты – Казакстандагы, Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы реформалардын артыкчылыктары боюнча экономикалык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу.

2 ЖӨБ органдары үчүн Методика КР Экономика жана коммер-ция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши боюнча мамлекеттик агенттиктин биргелешкен буйругу менен бекитилген.