Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жарандарга да керек, бийликке да пайдалуу

2024-07-05 / ЖӨБ кызматтары
Административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жарандарга да керек, бийликке да пайдалуу

Бакытбек АЙТКУЛОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун компонентинин координатору. Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Александр ТРЕТЬЯКОВдун презентациясындагы материалдар колдонулду

2024-жылдын 4-5-апрель күндөрү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча программанын долбоорун талкуулоо боюнча “тегерек стол” уюштурду.
Иш-чарага Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору техникалык колдоо көрсөттү.

КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро СЕЙИТОВ ачкан иш-чарага КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын, КР СӨМгө караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, КР Улуттук статистика комитетинин, КР СӨМгө караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын, КР СӨМгө караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин, КР ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер жана өнүктүрүү боюнча долбоорлордун өкүлдөрү катышты.

Эки күндүн ичинде КР Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр секторунун башчысы Николай НОВИЦКИЙдин жана эксперт Александр ТРЕТЬЯКОВДУН жетекчилиги астында катышуучулар Программанын долбоору жана коштоочу документтер менен толук таанышып чыгып, документти иштеп чыгуучуларга суроолорду берип, министрликке буга чейин ар кандай мамлекеттик органдардан, министрликтерден жана ведомстволордон түшкөн сунуштарын жана пикирлерин талкуулай алышты. 

Ар кандай түзүмдөрдүн өкүлдөрү, эксперттер жана программанын долбоорунун авторлору кирген топтордогу иш көйгөйлүү маселелерди мүмкүн болушунча ар кандай көз караштан жакшылап кароого, ИИМдин жана Монополияга каршы органдын өкүлдөрүнөн бир эле маселе боюнча пикирлерин, аларды чечүүгө карата сунуштарын угууга мүмкүндүк берди. Тактап айтканда, ар кандай мамлекеттик органдар жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү санариптик форматта кызмат көрсөтүүчү системаларды пайдаланууну үндөштүрүп, баа түзүүнүн маанилүү жана өзгөчө аяр маселелери талкууланды. 

Программанын максаты – жарандардын талап кылынган жана сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүнө жолтоо болгон административдик тоскоолдуктардын санын азайтуу. Колдонуудагы эрежелер жана жол-жоболор, ошондой эле мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана алардын кызматкерлеринин аракеттери же аракетсиздиги административдик тоскоолдуктардын булагы болуп саналат. Ошондуктан долбоорду иштеп чыгуучулар “Административдик тоскоолдуктар – бул мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын чечимдери менен белгиленген эрежелер, аларды сактоо белгилүү бир ресурстарга, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат жана жарандар үчүн төлөмдөр жана башка бюрократиялык жол-жоболор түрүндө ар кандай оорчулуктарды жаратат” деген жумушчу түшүнүктү сунуш кылышты. 

Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү үчүн өтө аяр оорчулуктар жана кыйынчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат: жеке убакыттын сарпталышы, финансылык чыгымдарды көтөрүү зарылдыгы, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон маалыматты издөөнүн татаалдыгы, ыйгарым укуктуу бийлик органдарында жарандар менен иштөө маданиятынын төмөн деңгээли, кызмат көрсөтүүнүн ыңгайсыз орду жана ага оорчулук менен жетүү.

Жалалбек БАЛТАГУЛОВ, эксперт, Программанын кошо-иштеп чыгуучусу: “Биздин өлкөдө буга чейин мындай программалар кабыл алынбагандыгы кырдаалды уникалдуу кылып жатат. Ведомстволук программалар да, мамлекеттик мекемелердин программалары да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программалары да бар. Бирок административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча программалар эч качан болгон эмес. Программа биринчи кезекте адамдарга керек жана алардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Административдик тоскоолдуктар – бул ченемдик укуктук актыларды жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери өз милдеттерин аткарууда жарандар туш болгон тоскоолдуктар, бул текке кеткен убакыт. Адамдар көпкө чейин жана эч негизсиз күтүүгө мажбур болгонуна нааразы. Адамдар баалар эмне себептен жогору болгону жана бул эмнелер менен негизделгени тууралуу суроолорду беришүүдө. Жарандар мамлекеттик мекемелерге кайрылганда, аларды дайыма эле жакшы тосуп алышпайт жана жакшы мамиле кылышпайт деп нааразы болушат. Биз мына ушундай учурларды болтурбоо үчүн чогулдук. Бирок программа мамлекеттик органдардын өзүнө да керек, себеби кызмат көрсөтүүлөр – бул калктын ишеним индексинин маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Тоскоолдуктарды азайтуу көрсөткүчү Калктын ишеним индексине киргизилээр замат ушунун үстүнөн иштөөгө мотивация пайда болот. Биз эки жылда бир жолу бул маселелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин деңгээлинде талкууланып, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатка баа гана берилбестен, ошону менен түзөтүүлөр да киргизилет деп үмүттөнөбүз”.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жетекчиси Сабина ГРАДВАЛЬ: “Биз ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору ЖӨБ органдары түздөн-түз көрсөткөн же кызмат көрсөтүүчүлөрдү тартуу аркылуу уюштурган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу аркылуу калктын жашоосун жакшыртууга багыт алган. Ошондуктан долбоор жаранды көңүл чордонуна чыгарып, кызмат көрсөтүүгө мамлекеттин жаңыча мамилеси жөнүндө айтып турган Программаны иштеп чыгууну колдойт”.

Программанын долбоору өзүнө бир катар артыкчылыктуу багыттарды камтыйт, ал эми алардан болсо милдеттер келип чыгат.

Биринчи артыкчылыктуу багыт – бул жарандардын суроо-талапка ээ жана сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүнө тоскоол болгон административдик тоскоолдуктардын санын азайтуу максатында калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө мыйзамдарды жана мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткаруунун административдик жол-жоболорун өркүндөтүү. Бул багыттын алкагында төмөнкүдөй чаралар каралган:

  • “административдик тоскоолдуктар” түшүнүгүнүн мыйзамдык аныктамасы берилип, бекемделди;
  • мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ишиндеги тоскоолдуктарды азайтууга көмөктөшкөн жол-жоболорду жана эрежелерди кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине, стандарттарына жана административдик регламенттерине коюлган типтүү талаптарга киргизүү;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн чыгымдарын олуттуу кыскартууну караштырган кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгып, кабыл алуу;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүнүн жана жеткирүүнүн жумушчу процесстерине реинжинирингдин жыйынтыктарынын негизинде административдик тоскоолдуктарды азайтууну караган кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
  • кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатуунун үстүнөн иштөө.

Экинчи артыкчылыктуу багыт – бул мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу системасын санариптик чөйрөнүн шарттарында адам менен мамлекеттин өз ара байланыш түзүүсүнүн жаңы философиясынын принциптерине ылайык өнүктүрүү. Алар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жана 2021-жылдын 8-февралындагы №27 “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыктары менен көрсөтүлгөн. Төмөнкүдөй чаралар каралган:

  • кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүүгө, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө жарандык жана бизнес-секторлордон провайдерлерди тартууга, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу жана проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды алып салуу;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу органдарына административдик тоскоолдуктарды талдоо жана кыскартуу боюнча ыйгарым укуктарды жана функцияларды берүү;
  • административдик тоскоолдуктарды кыскартуу үчүн калкка кызмат көрсөтүүнүн белгиленген ченемдердин, эрежелердин жана жол-жоболордун аткарылышына талдоо жүргүзүү.

Үчүнчү артыкчылыктуу багыт – белгиленген талаптарга шайкеш келген кызмат көрсөтүүнүн көп функционалдуу борборлорунун тармагын (“жеткиликтүүлүк пункттарын/терезелерин”) түзүү.  Төмөнкүдөй чаралар каралган:

  • кызмат көрсөтүүнүн бардык “жеткиликтүүлүк терезелеринин” ишин унификациялоо;
  • КТБнын ишин жумушту уюштуруунун көп профилдүү режимине өткөрүү, ар кандай министрликтерге, ведомстволорго жана ЖӨБ органдарына кызмат көрсөтүү;
  • кардарлар менен иштөө тажрыйбасы бар жеке структураларга (банк мекемелери, супермаркеттер ж.б.) кызмат көрсөтүү фронт-офистеринин аутсорсинг механизмин түзүү. 

Төртүнчү артыкчылыктуу багыт – кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү менен туруктуу кайтарым байланышты уюштуруу. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү системасын түзүү жана туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү. Төмөнкүдөй чаралар каралган:

  • ыйгарым укуктуу орган иштеп чыккан Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү жана коомдук баалоо методикасын (мындан ары – Коомдук мониторинг методикасы) колдонуу боюнча кеңири маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек;
  • КРнын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБдүн аткаруу органдарынын ишине Калктын ишеним индексин эсептөөдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча көрсөткүчтөрдү кошуу.

Бешинчи артыкчылыктуу багыт – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде санарип формада уюштуруунун жана жеткирүүнүн заманбап технологияларын жана инновацияларын киргизүү. Төмөнкүдөй чаралар каралган:

  • “Түндүк” ведомстволор аралык маалыматтык системасынын платформасы аркылуу интеграциялоо максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин маалыматтар базасын санариптештирүүнү жыйынтыктоо;
  • “Санарип аймак” АМСга “кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри” модулун кошуу;
  • өтүнмө ээсин физикалык идентификациялоодон (өтүнмө ээсинин жеке катышуусунда) банктык карта, санариптик ID (айдоочунун күбөлүгү, пенсиялык күбөлүк), тек жайын мыйзамдуу тартипте тастыктаган башка документтер аркылуу идентификациялоо сыяктуу альтернативалык формаларга өткөрүү (кардардын тандоосуна жараша);
  • чет өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр-гө жеткиликтүүлүктү түзүү;
  • банктар, финансы, соода борборлору сыяктуу жеке түзүмдөрдүн мамлекеттик органдардын маалымат базаларына жетүү маселесин илгерилетүү, андан ары санариптик сервистерди кеңейтүү маселелеринде колдонуу, кызмат көрсөтүүлөр рыногунда кыйла мотивациясы күчтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү катары фронт-кеңселердин башкаруусуна өткөрүп берүү;
  • жарандарга консультация берүү жана маалымдоо маселелеринде жасалма интеллекттин кызмат көрсөтүүлөрү чөйрөсүнө киргизүү, 24 сааттын ичинде калкка маалымдоо жана консультация берүү режими бар колл-борборлордун ишин уюштуруу;
  • калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, салттуу сервистерди кошо алганда, заманбап сервистерди пайдалануу көндүмдөрүн калыптандырууга милдеттендирген ченемдерди киргизүү;
  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык өңүттөрү боюнча керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. 

Окшош материалы: