Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө карата жаңыча мамиле. “Теңден теңге” аянтчасынын жаңы форматы

2024-07-05 / ЖӨБ кызматтары
Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө карата жаңыча мамиле. “Теңден теңге” аянтчасынын жаңы форматы

Алима ОМОРОВА, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун коммуникация боюнча адиси

2022-жылдан бери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясына (БАЖБА) караштуу “Теңден теңге” аттуу мыкты тажрыйбаларды жайылтуу боюнча улуттук платформаны колдоп келатат. Платформада райондук деңгээлде, бир нече райондук деңгээлдерде, ал тургай облустук деңгээлде да тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Эреже катары, иш-чараларга ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары катышат. Катышуучулар кошуналарынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча тажрыйбасын изилдөө үчүн чогулуп, жетишкендиктери менен бөлүшүп, туш болуп жаткан кыйынчылыктарды жана татаал кырдаалдардан чыгуунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулашат. Мындай иш-чараларга жетекчилердин катышуусу абдан маанилүү, себеби алардан көп нерсе көз каранды болот, дал ушул жетекчилер саясий эркин көрсөтө алгандыктан, ошонун негизинде тигил же бул кызмат көрсөтүүнү уюштуруу же жакшыртуу боюнча жумуштар жасалат. Тажрыйба алмашуу иш-чараларына кээде кызмат көрсөтүүчүлөр өздөрү да катышып калышат. А бирок кызмат көрсөтүүнү алуучулардын тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларга катышуусу – бул жаңы көрүнүш. Чакырылган коноктордун – белгилүү адамдардын мындай иш-чараларга катышуусу –  супер жаңы көрүнүш.

Иш-чараларды “Теңден теңге” форматында уюштурууга карата дал ушундай жаңы ыкманы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору 2024-жылдын май айында Нарын облусунун Кара-Суу айылдык аймагында сынап көрдү. Долбоордун жардамы менен бул аймакта жаштар1 арасында чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүү сыналды.

Кыргызстандын жаштары, анын ичинде чыгармачыл чөйрөдөн – артисттер, ырчылар, музыканттар, бийчилер адатта кайрымдуулук акцияларынын, жаштардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө багытталган ар кандай иш-чаралардын катышуучусу болуу менен өздөрүн көрсөтүп келишет. Бирок бул мүмкүнчүлүктөр адатта Бишкек шаарынын жаштарында гана бар болгондой, ал эми элеттик балдар борбордогу иш-чаралардын тышында кала беришет. Чыгармачылыкты өнүктүрүүгө байланышкан кызыктуу окуялардан обочодо калып, элет жергесинде жана чакан шаарларда чыгармачылык ийримдерге барбаган улан-кыздарда сабактарга болгон кызыгуу эрте эле жок болот. Натыйжада, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (айыл өкмөтү же мэрия) уюштурган ийримдер жана секциялар жабылып калышы мүмкүн, жаштар кайрадан көңүл сыртында калып, өнүктүрүүчү иш менен алектенбей калуу тобокелдиги жаралат.

“Бир жагынан, ЖӨБ органдары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өздөрү – ийримдердин жана секциялардын уюштуруучулары татаал абалда калганын түшүнүп, экинчи жагынан, өлкөдө патриоттук маанайдагы чыгармачыл жаштар көп экенин билүү менен, биздин долбоор стандарттык форматтардын чегинен чыгып, тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараны жаңы түрдө уюштурууну чечти. Жаштар арасында чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча Кара-Суу айыл өкмөтү уюштурган кызмат көрсөтүү менен таанышуу үчүн айылга ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана ушул сыяктуу кызматтарды көрсөтүүчүлөр гана эмес, ошону менен бирге чыгармачыл жаштардын өкүлдөрү да келишти. Алар өзүнүн таланты менен бөлүшүп, элеттик чыгармачылык ийриминин окутуучуларын колдоп, албетте, балдардын өздөрүн да шыктандыруу максатында келишкен”, – деди Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жетекчиси Сабина ГРАДВАЛЬ.

Жаштар үчүн илхам жана мүмкүнчүлүктөр

2024-жылдын 21-майында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айылындагы маданият үйүндө USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2”  долбоорунун алкагында маанилүү иш-чара өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары жаштарды тартып, аларды шыктандыруу максатын көздөшкөн эле. Бул үчүн таасирдүү коноктор баяндамачы болуп, алар өз тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүштү. Чакырылган баяндамачылардын арасында белгилүү блогер жана поэзияны көркөм окуган Роза РЫСБЕК, композитор жана пианист-импровизатор Шабдан ДЕМИСИНОВ болду.

Бул иш-чара көптөгөн конокторду, анын ичинде бир топ баяндамачыларды жана таланттуу аткаруучуларды чогулта алды. Катышуучулар ийгиликке кантип жетишкенин айтып беришти, жеке окуялары жана кесиптик кеңештери менен бөлүшүштү, катышуучуларды кыялдарына жана тилектерине умтулууга шыктандырышты. Мисалы, Роза РЫСБЕК поэзияга болгон сүйүүсү жана өз оюн дүйнөгө жеткирүү каалоосу кантип ийгиликтүү блогго айланып кеткенин айтып берди. Шабдан ДЕМИСИНОВ импровизация жана композитордук чеберчилик музыкада жаңы горизонтторду кантип ача аларын тастыктап, өзүнүн уникалдуу музыкалык талантын көрсөтүп берди.

Иш-чаранын ар бир сессиясы баяндамачылардын катышуусу менен уюштурулуп, алар актуалдуу тема боюнча өз тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүп турушту. Кара-Суудагы жаштар конокторду угуп гана тим болбостон, өздөрүн кызыктырган суроолорду да узатып, ийгиликтүү адамдардан баалуу кеңештерди ала алышты, бул болсо алардын мотивациясына жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө түздү. Бул жаштарга алардын пикири маанилүү болгонун, башкаларга да жеткирсе болоорун сезүүгө, ошондой эле андан ары өнүгүү үчүн колдоо жана илхам алууга мүмкүндүк берди.

“USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору уюштурган иш-чара мага абдан жакты, себеби мен поэзияга кызыгып келем. Баяндамачыларга сүйлөгөн сөздөрү жана дем бергени үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирем”, – деди 11-класстын окуучусу Бекмырза ИШЕНАЛИЕВ. 

Иш-чарада ошондой эле вокалдык жана фортепиано ийримдеринин катышуучулары өз өнөрлөрүн жана таланттарын көрсөтүштү. Жаш музыканттар жана вокалисттер көрүүчүлөрдүн алдында концерт коюуга мүмкүнчүлүк алышты, бул алардын өзүнө болгон ишенимин бекемдеп, чыгармачылыгын арттырды. Иш-чаранын мындай форматы ар бир катышуучуну өзүн чоң чыгармачыл үй-бүлөнүн мүчөсү катары сезүүгө шарт түзүп, алар көрүүчүлөрдөн жана баяндамачылардан колдоо таба алышты. Сахнага чыккан сайын жаш таланттар талыкпай эмгектенип, өз жөндөмүңө ишенсең, ийгиликке  каалаган куракта жетсе болоруна ынанышты.

Муниципалитеттер ортосунда тажрыйба алмашуу

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын өнөктөш муниципалитеттеринин кызмат көрсөтүүчүлөрү жана кызмат көрсөтүүнү уюштурууга жооптуу адамдар үчүн Маданият үйүнө экскурсия уюштурулду. Коноктор ийгиликтүү кызматташуунун жыйынтыктарын көрүп гана тим болбостон, мындан аркы өнүгүү үчүн тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүштү. Бул өз ара байланыш аймактар аралык байланыштарды чыңдоого жана Кыргызстандын айылдарындагы жашоо шарттарын жакшыртуунун, билим берүү жана маданий программаларды өнүктүрүүнүн үстүнөн биргелешип иштөөгө шарт түздү.

Кара-Суу айылындагы Маданият үйүндөгү окуя USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагындагы маанилүү кадам болуп калды. Ал жаштарга белгилүү баяндамачылардан билим жана илхам алуу үчүн кайталангыс мүмкүнчүлүк гана бербестен, ошону менен бирге ар кайсы муниципалитеттердин ортосундагы байланышты бекемдөөгө, андан ары өнүгүү үчүн тажрыйба жана идеялар менен алмашууга шарт түздү. Иш-чаранын жыйынтыгын чыгарып жатып, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун координатору, иш-чаранын алып баруучусу Бакыт АЙТКУЛОВ буларды белгиледи: “Иш-чара ЖӨБ органдарынын, жеке сектордун – ийримдин окутуучуларынын (кызмат көрсөтүүчүлөрдүн) жана жарандык коомдун натыйжалуу өз ара байланышынын мыкты мисалы болуп калды. Аракеттери жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган ар кандай кызыкдар тараптардын өз ара пайдалуу кызматташууга эрки, каалоосу болсо, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу ишинде олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө болот, мындай кызмат көрсөтүүлөр жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт!”. 

Мына ушундай ураан менен USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн иш-чараларды өткөрүүдө. 

______________ 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурууга милдеттүү болгон жергиликтүү маанидеги маселелерге төмөнкүлөр кирет: 18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; 19) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу; (27-берене)

Окшош материалы: