Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

7-8 (153-154) 15 Август 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы райондук СЭӨП: маалыматтарга негизделген инклюзивдүү пландоо экономикалык өсүшкө алып келет

2024-08-15 / Аймактарды өнүктүрүү
Жаңы райондук СЭӨП: маалыматтарга негизделген инклюзивдүү пландоо экономикалык өсүшкө алып келет

СЭӨП иштеп чыгуунун жаңы методикасынын Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун жана Ош облусунун Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирине сереп-божомол

Автор: Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун буйрутмасы менен EGED программасынын алкагында даярдалды1

Уландысы. Макаланын биринчи бөлүгүн “Муниципалитет” журналынын 2024-жылы чыккан №6 санынан табасыз.

Кыргыз Республикасынын райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары райондук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын жаңы методологиянын негизинде иштеп чыгуу зарылдыгына туш болушту. Бул методология Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 19-февралындагы №01 буйругу менен бекитилген.
“Муниципалитет” журналынын буга чейинки санында аналитикалык сереп-божомол райондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кандай таасир этип, кантип көрүнүшү керектиги жөнүндө божомол жарыяланган. Макаланын экинчи бөлүгүндө автор туризм тармагынын жана андагы калкты иш менен камсыз кылуунун өсүш ыргагын, ошондой эле таза суунун айланасындагы кырдаалдын оңолушунун божомолун сунуштайт.

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ:  РАЙОНДУК АДИСТЕШТИРҮҮ ЖАНА ТАРМАКТЫК ПРОФИЛДЕР

Райондун деңгээлинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы методикаларында туруктуу өсүш үчүн негиз катары экономикалык адистештирүүгө басым жасоого жол берген механизмдер камтылган. Мисал катары каралып жаткан Ат-Башы жана Ноокат райондорунда адистештирүүнүн бир нече багыттары бар (1-таблицаны караңыз).

1-таблица. Ат-Башы жана Ноокат райондорунун экономика тармактарын адистештирүү

Көңүлдү өзөктүк тармактарга буруу максатында райондор үчүн СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методикасында тармактын өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн топтомун, анын муктаждыктарын, көйгөйлөрдү жана келечектерди талдоону камтыган тармактык профилдердин формалары каралган. 

МИСАЛ

ТУРИЗМ: РАЙОНДУК АДИСТЕШТИРҮҮ ЖАНА КЫЛДАТ ПЛАНДАШТЫРУУ ТУРИСТТЕРДИН АГЫМЫН, КАЛКТЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШУН ЖАНА КИРЕШЕСИНИН ӨСҮШҮН ТЕЗДЕТЕТ

Ат-Башы району чоң табигый-рекреациялык дараметке ээ жана тышкы туризм үчүн жагымдуу аймак: 28 республикалык жана 53 жергиликтүү тарыхый-маданий объект, анын ичинде тоо көлдөрү, шаркыратмалар, Борбордук Азиядагы эң ири уникалдуу тарыхый-маданий эстелик болуп саналган Таш-Рабат, Кошой Коргон археологиялык эстелиги, ошондой эле корук зоналары – Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу жана Нарын мамлекеттик коругу бар. Туризм чөйрөсүндө туристтик кызматтарды көрсөткөн жеке ишкерлерди жана каттоодон өтпөгөндөрдү эсепке албаганда 13 субъект катталып, иш алып барууда. Жалпысынан 2023-жылы туризм тармагында 500гө жакын адам иштеген. Туристтердин агымы 2023-жылы 13,5 миң адамга жетти, бул 2021-жылга караганда дээрлик 3 эсе көп дегенди билдирет. Туристтерге көп көрсөтүлүүчү кызматтардын катарында ат минип кыдыруу, жөө турлар, джип-турлар, маданий экскурсиялар, коомдук тамактануу, мейманканалар, боз үй шаарчаларында боз үйлөрдү ижарага берүү бар. Райондун аймагынын бийик тоолуу жана орто тоолуу рельефтери жигердүү туризмди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүдө. Ноокат районунда Ат-Башыга караганда тыштан келген туристтерди тарткан жерлер азыраак, бирок облустук жана республикалык маанидеги транзиттик жолдордун болушу, туристтик сезондун узагыраак созулушу, ошондой эле тоо ландшафтынын өзгөчөлүктөрү Ат-Башыдан да көбүрөөк туристтерди тартууда – 2023-жылы аймакка келген туристтердин саны 24,8 миң адамды түзгөн. Бул жерде ички туризм басымдуулук кылат. Ат-Башы районунда ички туристтердин үлүшү 2023-жылы 80% болсо, ошол эле жылы Ноокат районунда 95 пайызды түзгөн. Ноокат районунда көбүрөөк эс алуу зоналары өнүккөн, ал жактарга жергиликтүү эл дем алыш күндөрү эс алуу үчүн барышат. Аймакта регионалдык туризмди өнүктүрүү үчүн табигый-рекреациялык, тарыхый, ыйык маанидеги көптөгөн объектилер бар. Ноокат районунун өзгөчө жерлерине төмөнкүлөр кирет: Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркы; Туя-Муюн тоо массиви; 3500 метр бийиктиктеги көлү бар Кара-Кой курорту; аскадан агып чыккан 15 метрлик шаркыратмасы бар Абшыр-Ата капчыгайы. 2023-жылы туризм тармагында 300гө жакын адам, анын ичинде 44 жеке ишкер иштеген. Туристтер көбүрөөк издеген кызмат көрсөтүүлөрдүн катарында ат минип кыдыруу, жөө турлар, маданий экскурсиялар, коомдук тамактануу, мейманканалар, боз үй шаарчаларында боз үйлөрдү ижарага берүү бар.

Эки пилоттук райондо тармакты өнүктүрүүдөгү окшош көйгөйлөр: 

  • туристтик каттамдагы жолдордун жана инфраструктуранын начардыгы, эски көпүрөлөр, белгилердин жана дааратканалардын жоктугу;
  • аймактарда туристтер үчүн кызыктуу болчу пункттар жөнүндө маалыматтын тартыштыгы;
  • заманбап мейманканалардын жоктугу жана туристтик тейлөө сапатынын начардыгы;
  • жергиликтүү туристтик кызмат көрсөтүүлөрдө көмүскө ишмердик; 
  • жаратылыш ресурстарын антропогендик жүктү эсепке албастан көзөмөлсүз пайдалануу, ошондой эле туристтер калтырган таштандылардын көбөйүшү;
  • автотранспорттун биосфераны булгашы;
  • климаттык шарттарга байланыштуу туристтик сезондун узакка созулбаганы;
  • райондун рекреациялык ресурстарын пайдаланган, бирок жергиликтүү жамааттарга (Ат-Башы районуна) эч кандай пайда алып келбеген бишкектик турфирмаларга жергиликтүү калктынна аразычылыгы.

Методикалар жаңы СЭӨПтө эки райондун тең туризм тармагын өнүктүрүүнүн жакшы келечегин аныктоого мүмкүндүк берди. 2024-2026-жылдарга Ат-Башы жана Ноокат райондорунун СЭӨПтөрүнүн тармактык профилдеринде бир катар көрсөткүчтөр боюнча өсүшкө жетишүүгө жардам бере турган бир катар чаралар каралган:

  • Ат-Башы районунда туристтердин саны дээрлик төрттөн бирине (24%), Ноокат районунда 11 пайызга өсөт. Инфраструктураны туура уюштуруп, антропогендик таасирди көзөмөлдөп, СЭӨПга киргизилген кошумча чараларды көрсө, Ат-Башы районуна келген туристтердин саны орто мөөнөттүү мезгилде дээрлик эки эсе көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле маалда болжолдоонун базалык линиясы бир жарым эсе өсүштү гана көрсөтмөк (1-сүрөттү караңыз); Ноокат районунда ички туристтердин агымы дээрлик өзүнүн туу чокусуна жетти жана орто мөөнөттүү келечекте анчалык деле көбөйбөйт, бирок 2026-жылга чейин чет элдик туристтердин агымы жылына орточо 3 пайыздан 13 пайызга чейин көбөйүшү мүмкүн деп болжолдонууда;
  • 2023-жылга салыштырмалуу 2026-жылга чейин туризм тармагында иштеген жергиликтүү калктын саны Ат-Башы району боюнча эки эсе (2-сүрөттү караңыз) жана Ноокат району боюнча 87 пайызга көбөйөт;
  • СЭӨПнын чараларынын жана районду башкаруунун таасири астында калктын туризмден түшкөн кирешеси үч эсе көбөйөт (100 пайызга өсүүнүн базалык болжолунда), себеби район тармакка олуттуу колдоо көрсөтө алат, анын ичинде өнүктүрүү фондун чыгымдоо багыттарынын ичинен артыкчылыктуусун тандай алат, мында туристтик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлерге каражаттарды берүү кирет (3-4-сүрөттөрдү караңыз).

1-сүрөт. Ат-Башы районунда туристтердин санынын  өсүш ыргагынын божомолу

2-сүрөт. Ат-Башы районунда туристтик тармакта иш менен камсыз кылуунун өсүш ыргагынын божомолу

3-сүрөт. Ат-Башы районунда калктын туризм тармагынан түшкөн кирешелеринин өсүш ыргагынын болжолу

4-сүрөт. Ноокат районунда туризм тармагында иштеген калктын жан башына кирешенин өсүш ыргагынын божомолу

Орто мөөнөттүү келечекте эки райондо тең окшош болгон комплекстүү чараларды көрүү менен бул көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүн болот:

  • бардык табигый, маданий, тарыхый жана археологиялык туристтик объекттерге инвентаризация жүргүзүү жана эки райондук дестинацияларды түзүү, республикада түзүлүп калган дестинациялар менен тажрыйба алмашуу;
  • жол инфраструктурасын, анын ичинде көпүрөлөрдү, автоунаа токтотуучу жайларды оңдоо жана орнотуу. Районду өнүктүрүү фондунун чыгымдарынын багыттарынын ичинен артыкчылыктуусун тандап алуу, анын ичинде негизги инфраструктурага (жолдорго, алыскы боз үй лагерлерин электр менен камсыздоого) мамлекеттик инвестициялар жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлерге каражат берүү;
  • жергиликтүү туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле салттуу кол өнөрчүлүк жана сувенир продукциясын даярдоо, анын ичинде арзан кредиттерге жеткиликтүүлүк, жер бөлүп берүү, ижара акысынын төмөндүгү ж.б.;
  • туристтерди кыргыздын каада-салттары жана улуттук тамак-аштары менен тааныштыруу үчүн атайын этнокыштактарды уюштуруу;
  • биосферанын бузулушун жана булганышын болтурбоо максатында жол берилген туристтик жүктөм боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • ар бир районго келген туристтердин уникалдуу тажрыйбасын калыптандыруу үчүн регионалдык бренддерди түзүү;
  • туризм чөйрөсүндө иштеген ишкерлердин дараметин жогорулатуу үчүн окууларды уюштуруу, ар кандай локацияларда жаңы креативдүү жана кайталангыс альтернативалык турпродукцияны түзүүдө жергиликтүү ишкерлердин көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү зарыл, бул өзүнө ар кандай иш-чараларды камтыйт: агротуризмди (мисалы, сезон маалында алманы чогултуп, андан ар кандай азыктарды даярдоо), маданий турларды (мисалы, туристтер кыргыздардын маданияты менен тааныша ала турган тематикалык устканаларды ачуу), иш-чаралардын экстремалдык түрлөрүн уюштуруу (мисалы, рафтинг);
  • райондордо жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын жана туруктуу туризмдин принциптерин жайылтуу;
  • катуу тиричилик калдыктарын өз-өзүнчө чогултуп, ташып чыгарууну уюштуруу;
  • заманбап талаптарга ылайык статус берүү үчүн туристти жайгаштыруу системасын (мейманканаларды, мотелдерди, конок үйлөрүн) бара-бара системага салуу;
  • этнофестивалдарды өткөрүү;
  • кемпингдерди, глэмпингдерди, визит-борборлорун куруу багытындагы аракеттер;
  • конок үйлөрүнүн жана боз үй лагерлеринин ээлерин жана кызматкерлерин окутуу жана аларга сертификаттарды берүү, тейлөө сапатын мезгил-мезгили менен көзөмөлдөп туруу;
  • туризм чөйрөсүндө иштеген адамдарды Maps Me, TripAdvisor, Hostelword, View Ringer, Outdooractiv, Booking.com өңдүү интернет-ресурстары менен иштөөгө окутуу;
  • жөө жана ат минип кыдыруу турларын уюштурган гиддерди атайын даярдыктан өткөрүү (этика, коопсуздук, биринчи жардам көрсөтүү);
  • гиддер үчүн жаратылыш, тарых жана тарыхый эстеликтер, каада-салттар жөнүндө маалыматтарды камтыган атайын туристтик окуу китептерин чыгаруу;
  • маалыматты камтыган такталарды жана белгилерди туристтер көп жүргөн каттамдарда орнотуу (анын ичинде QR-коддору аркылуу кире алышы үчүн);
  • ири чет өлкөлүк туристтик компаниялар менен байланыш түзүп, маалыматты алар аркылуу жайылтуу.

Ошентип, EGED Программасынын жаңы методикасы боюнча иштелип чыккан райондук СЭӨПтө тармактык профилдерди колдонуу бүтүндөй экономиканы гана эмес, ошондой эле айрым келечектүү, же тескерисинче, артта калып жаткан жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылган тармактарга назарды буруп, аларга тереңирээк талдоо жүргүзүүгө жана деталдуу чараларды даярдоого мүмкүндүк берет, бул акыр-аягында бул тармактардын өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

5-сүрөт. Калкты ичүүчү суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсү менен камтууда өсүш ыргагынын болжолу

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ:  МЕЙКИНДИК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУНУН БАЙЛАНЫШЫ ЖАНА ДАЙЫНДАРДЫН ТОПТОМУН КЕҢЕЙТҮҮ

Орто мөөнөттүү келечекте республикада эгилүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрү, кыртыштын мүнөздөмөлөрү боюнча ГИС-платформалар менен интеграцияланган санариптик айыл чарба схемаларын, сугаруунун жана ирригациялык системалардын карталарын (суунун жеткиликтүүлүгү, сугаруунун схемалары), рыноктордун жана логистиканын карталарын түзүү пландаштырылууда. Бул жер участокторун оптималдуу пландаштырууга жана пайдаланууга, пайдаланылбай келаткан жерлерди трансформациялоого жана колдоно баштоого мүмкүндүк берет. Мейкиндикти өнүктүрүү схемалары жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында белгиленген пландарга жана артыкчылыктарга жараша өзгөрүшү керек. Мындай мейкиндик схемаларын түзүүдөн тышкары, айыл чарба секторунда дайындарды чогултуу, талдоо жана жайылтуу системаларын киргизүү, анын ичинде дыйкандар үчүн маалымат алмашуу жана отчеттуулук платформаларын түзүү пландаштырылып жатат. Так жана өз убагында дайындарга жеткиликтүүлүк айыл чарбасында иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген ыкманы колдонуп, натыйжалуу айыл чарба саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Социалдык-экономикалык пландоонун комплекстүү системасынын философиясына ылайык райондун өзүнчө ролу бар: район ЖӨБдүн өзүнө кирген аймактарынын юрисдикциясынын борбору катары аларды тармактык саясат менен байланыштырып, алардын керектөөлөрүн эске алат. СЭӨПтү даярдоонун жаңы методикасы районго мындай долбоорлор жөнүндө маалыматты талдоого жана аларды өнүгүү үчүн ресурстар катары оптималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

ЖАШОО ШАРТТАРЫН ЖАКШЫРТУУ

ЖӨБ органдарынын деңгээлинде СЭӨПтү даярдоонун жаңы методикасы биринчи жолу жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү программанын ажырагыс бөлүгү катары чагылдырууда, бул башкаруу органынын ишин функционалдык пландоодон жашоо шартын чындап оңдоого багыт алган максаттуу форматка өтүү дегенди билдирет. Методика чыгашалардын эскирген бюджеттик классификациясынан баш тартып, жыйынтыкка багытталган программалык жергиликтүү бюджетти киргизүү үчүн “кириш чекиттерин” түздү. Ноокат районунун мисалы дайындардын негизинде пландаштыруу методикасы калкты ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсүн жеткирүүнүн өсүш ыргагынын болжолун дээрлик үч эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин көрсөтүп турат.

МИСАЛ

НООКАТ РАЙОНУНУН КАЛКЫН ИЧҮҮЧҮ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮ БАШКАЛАРГА ЖЕТКИРҮҮ  ҮЧ ЭСЕ ТЕЗДЕЙТ

2023-жылы Ноокат районунун калкынын 75% ичүүчү суу менен камсыз болгон, ал эми калган 25% таза сууга байланышкан көйгөйдү чечүүгө муктаж эле. Адатта, маселе каржылоонун тартыштыгынан жана пландоодогу кемчиликтерден улам бөлүк-бөлүк болуп чечилип келген: өнүктүрүү программаларында районго кирген айрым калктуу конуштардын арыздары, ошондой эле кайрымдуулук фонддорунун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн чакан долбоорлору эске алынчу. Ошол эле маалда суу менен жабдуунун кайсы тармактары биринчи кезекте көңүл бурууну талап кылаары, кайсы аймактар жана калктын топтору ичүүчү сууга муктаж болуп жатканы жөнүндө системалуу мейкиндик түшүнүгү болгон эмес. 

Ноокат районунун 2024-2026-жылдарга СЭӨПү EGED Программасы киргизген жаңы методика боюнча түзүлдү. Муниципалитеттердин районуна кирген СЭӨПтөрдөн чогултулган дайындардын негизинде инвестициялык муктаждык эсепке алынып, алардын ичинен экөө да өздөрүнүн СЭӨПүн иштеп чыгышкан. Дайындарды талдоого негизделген божомол EGED Программасынын жаңы методикасы боюнча иштелип чыккан 2024-2026-жылдарга райондун СЭӨПсында каралган кошумча чаралардын таасирин баалоого мүмкүндүк берет:

  • 14 миңден ашык адам, анын ичинде дээрлик 7200 аял ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсүн пайдалана алышат; кызмат көрсөтүүнү алгандардын саны дээрлик 5 пайызга көбөйдү;
  • ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсүн алган калктын үлүшүнүн өсүш ыргагы эки эсе көбөйөт: алсак, программалык чаралардын таасири астында 3 жылда өсүш 11,5 пайызды түзөт, ал эми бул чараларды эске албаганда көрсөткүч 5,8 пайызды гана түзүшү мүмкүн (5-сүрөттү караңыз);
  • Ноокат шаары жана ага жакын жайгашкан элеттик райондор үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын реабилитациялоо боюнча мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун эсебинен таза сууга жетүү көрсөткүчү жылына 3-4 пайызга (базалык болжолдон жогору) көбөйөт.

ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨСҮШ

Артта калып жаткан жана аярлуу топтордун өкүлдөрүн жигердүү экономикага тартууну камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндө башкаруу органдарынын ийгилигинин маанилүү шарты болуп саналат. Ошондуктан, EGED Программасы киргизип жаткан социалдык-экономикалык пландоонун жаңы методикасы артта калып жаткан жана аярлуу топтордун түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды кенен изилдөөдөн башталган өзүнчө бөлүм катары инклюзивдүү өнүгүүнү камтыйт. Өзгөчө муну ЖӨБдүн СЭӨПсынын деңгээлинде жасаш керек, бирок район да экономиканы өнүктүрүүнү пландаштырууда ага инклюзивдүү өсүүгө көмөктөшкөн факторлорду талдоого тийиш. Ат-Башы районуна кирген Ат-Башы айылдык аймагынын мисалы жаңы методика боюнча түзүлгөн СЭӨПтө каралган чаралардын эсебинен калктын жалпы санындагы аярлуу топтордун үлүшүнүн болжолдуу чоңдугу кандайча азайарын көрсөттү.

МИСАЛ

ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨСҮШ ҮЧҮН ЧАРАЛАР (АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ)

Ат-Башы айылдык аймагынын СЭӨПсына киргизилген инклюзивдүү өнүктүрүү чаралары EGED Программасынын методикасына ылайык калктын аярлуу катмарын колдоого гана эмес, ошону менен бирге аларды аярлуу категориядан экономикалык жигердүү субъекттердин категориясына өткөрүүгө да багытталган. Конкреттүү топтордун абалынын өзгөрүшүн болжолдоо жаңы методикада сунушталган стандарттык көрсөткүчтөр жана системага салынган дайындардын жардамы менен тагыраак болуп калды, алар азыр экономикалык өсүштүн жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көрсөткүчтөрүндө “жоголуп” кетпей калды. Бул дайындардын жардамы менен муктаждыкты байкап, КЭУлар жана ишканалар менен аярлуу топтордун жумуш менен камсыз болушун жогорулатуу боюнча иш алып барууга мүмкүн болуп жатат. Дайындарды талдоого негизделген божомол EGED Программасынын жаңы методикасы боюнча иштелип чыккан муниципалитеттин 2024-2026-жылдарга СЭӨПсында каралган кошумча чаралардын таасирин баалоого мүмкүндүк берет:

  • калктын аярлуу катмарын өзүн-өзү ишкалктын аярлуу катмарын өзүн-өзү иш менен камсыз кылууга тартуу боюнча болжолдонгон чаралардын натыйжасында аярлуу топтордун үлүшүнүн азайышынын ыргагы 3,5 эседен ашык тездейт (СЭӨПдагы чараларды эске алуу менен 18,7 пайызга, үч жылда эсепке албаса 5,3 пайызга) (6-сүрөт);
  • айылдык аймактын калкынын жалпы санында жөлөкпулга көз каранды жарандардын үлүшү азаят (2023-жылы 26 миң адамдын ичинен 2,5 миң адамдан ашык (10,4%), 2026-жылы дээрлик 400 адамга төмөндөө менен 8,6 пайызга чейин).

6-сүрөт. Ат-Башы айылдык аймагындагы аярлуу топтордун үлүшүн азайтуу динамикасынын божомолу

Бул өзгөрүүлөргө СЭӨПнын төмөнкү чараларынын жардамы менен жетүүгө болот:

  • оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөрдү, мигранттардын үй-бүлөлөрүн жана улгайган адамдарды өз алдынча иш менен камсыз кылууда (окутуу, жабдууларды сатып берүү ж.б.) даректүү жардамды күчөтүү үчүн райондун аймагында социалдык кызматтарды көрсөткөн көп сандаган КЭУлар менен байланышуу;
  • жакырчылыкты кыскартуу, ички жана тышкы миграциянын деңгээлин төмөндөтүү үчүн чакан бизнести ачуу менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө шыктандыруу;
  • аярлуу топтордун өкүлдөрү (майыптар, жалгыз бой аялдар, мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү жана турмушу оор үй-бүлөлөр) үчүн жумуш орундарын түзүү максатында аймакта иштеп жаткан жеке ишканаларга дем берүү;
  • калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун эсебинен аярлуу жарандардын материалдык абалын жакшыртуу.

БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ МЕНЕН ЖАРАНДЫК КООМДУН ОРТОСУНДАГЫ ОТЧЕТТУУЛУКТУ ЖАНА ДИАЛОГДУ КҮЧӨТҮҮ

Киргизилип жаткан жаңы методикалар алгоритмдештирилген пландаштыруу жана мониторинг процессин гана уюштурбастан, ошону менен бирге ага жарандарды кызыкчылык топтору боюнча, жамааттардын жигердүү өкүлдөрүн, жарандык коомдун уюмдарын, бизнести камтыйт, аларга төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү же “кириш чекиттерин” берет:

  • көйгөйлөрдү аныктоо жана талдоо, алардын сунуштарын чогултуу жана эске алуу менен бардык кызыкдар тараптардын катышуусу;
  • бизнес өкүлдөрүн кыйла жигердүү тартуу, анын ичинде райондук деңгээлде Координациялык кеңештерди түзүү жолу менен пландаштыруу процесстерине катышуучулардын категорияларынын санын кеңейтүү;
  • райондук деңгээлде Координациялык кеңештин милдеттүү катышуусу менен СЭӨПтүн ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алгоритмдештирилген механизмдери аркылуу отчеттуулукту күчөтүү;
  • иштеп чыгуу баскычында (Координациялык кеңеш) жана бекитүү баскычында (коомдук талкуулар) СЭӨПтүн айланасында коомдук мунасага жетишүү;
  • программанын бир бөлүгүн аткарууну бизнеске жана жарандык коомго өткөрүп берүү аркылуу жоопкерчиликти бөлүштүрүү.

Райондун деңгээлинде EGED Программасы жаңы методикалар аркылуу ар бир райондо аймакты (районду) социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештерди түзүү аркылуу жарандардын катышуу принциптерин чыңдоого көмөктөшөт. Методикалар өзүнө Координациялык кеңеш жөнүндө типтүү жобону да камтыйт, ал кеңештин катышуучуларынын курамын жана ролун аныктайт (7-сүрөт).

7-сүрөт. СЭӨПтү иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү  процесстеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана Координациялык кеңештин ролу

Аймакты (районду) социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш – районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү процессинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдардын, ошондой эле жарандардын өз ара байланышын координациялоо максатында түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган.

Түзүлүп жаткан социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасынын алкагында аймактардын муктаждыктары жөнүндө маалыматтар автоматташтырылган системалар аркылуу райондун деңгээлине талдоо жүргүзүү үчүн келип турат. Ошондуктан райондун СЭӨПсын иштеп чыгууга жарандык катышуу Координациялык кеңештин иш-аракети менен гана чектелип калбастан, жергиликтүү шарттарга адаптацияланган, апробацияланган жана киргизилген жарандардын катышуусунун ар кандай түрлөрүн колдонуу менен жер-жерлерде талкууланган артыкчылыктар түрүндө ушул муктаждыктар аркылуу чагылдырылат.

Өнүгүүгө материалдык салым кошуу, ошондой эле программанын бир бөлүгүн бизнеске жана жарандык коомго өткөрүп берүү аркылуу жоопкерчиликти бийлик менен бөлүшүү жарандык катышуунун маанилүү формасы болуп саналат. Бул аспаптарды колдонуу жаңы методикаларда каралган, бирок азырынча фрагменттүү ишке ашырылып жатат жана орто мөөнөттүү мезгилде андан ары методикалык жана практикалык иштерди талап кылат.

СЭӨПны ишке ашырууга биргелешкен мониторингдин өзгөчөлүгү мониторингдин жыйынтыктары боюнча чечимдерди кабыл алуу отчеттуулуктун жаңы формаларын колдонуу менен документтештирилүүчү процесстин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Эгерде мониторинг жөнүндө отчетко кабыл алынган же даярдалган чечимдер жөнүндө маалымат киргизилбесе, анда ал толук эмес деп табылат. Бул отчеттуулукту күчөтөт жана районду өнүктүрүү процесстеринде жарандык катышуунун ролун жогорулатат.

ЧАКЫРЫКТАР, САБАКТАР, СУНУШТАМАЛАР

Аймактык айырмачылыктар

Жаңы методологияларды жана социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасынын байланыштарын сыноо ар кайсы райондор жана аймактар үчүн ар түрдүү жыйынтыктарды көрсөттү. Келечекте системаны натыйжалуу киргизүү үчүн ар кандай факторлорду талдап чыгуу талап кылынат: бул ар кайсы аймактардагы ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо деңгээлиндеги ажырымдар жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү (КР Улуттук статистика комитетинин райондук статистика бөлүмдөрү бир райондо бир маалыматтын бар экендигин жана анын башка райондо жок экендигин көрсөттү). Жалпы маанай жана кабылдоо деңгээли да мааниге ээ: кимдир бирөө СЭӨПны түзүү милдетин толкунданып кабыл алса, башка бири муну кошумча жүк катары кабыл алды; башкаруу салттары бар: бир райондо борбордук бийликтин позициясы күчтүү болсо, экинчисинде көбүрөөк өз алдынчалуулук бар. Аймактык айырмачылыктар келечекте СЭӨПны керектүү ресурстар менен ишке ашырууну камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө да таасирин тийгизет: бакубат жана анча бакубат эмес аймактардын ортосундагы айырма айкын болушу мүмкүн. Аймактык айырмачылыктар факторун тобокелдик катары бааланбайт жана узак мөөнөттүү келечекте автоматташтырылган процесстерди жана ресурстарды бөлүштүрүүнү болжолдоонун так ыкмаларын киргизүү менен теңдештирилет, бул акыр-аягында аймактарды өнүктүрүү деңгээлин жакшыраак теңдештирүүгө жана ажырымдарды кыскартууга алып келет.

Шаарлардын тартылбаганы

Жаңы методикалар айыл чарба адистешүүсү бар райондордордо гана сыналган, райондук маанидеги шаарлардын ичинен СЭӨПны сыноого жалгыз гана Ноокат шаары тартылган. Методика калктын саны көп, кызыкчылыктар тобу ар түрдүү, инфраструктурага кеткен чыгымдары масштабдуу, кыйынчылыктары башкаларга окшобогон (мисалы, абанын табы жогору болгон же кабаттуу үйлөрдү куруу зарылдыгы бар аймактар) облустук маанидеги шаарлардын деңгээлинде башка жыйынтыктарды көрсөтө алат. Методикалар башкаруу системасы татаал болгон муниципалитеттер үчүн талдоонун кыйла татаал формаларын карайт. Ири шаарларды жана өнүгүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү максатында методиканы колдонууну жакшыраак адаптациялоо үчүн аны республиканын ири шаарларынын биринде тезирээк сыноодон өткөрүү керек.

Мамлекеттик органдарды көбүрөөк тартуу зарылдыгы

Комплекстүү пландоо системасына тартуу жакын арада тармактык мамлекеттик органдарды аймактык айырмачылыктарды жана жергиликтүү өнүктүрүү программаларынын муктаждыктарын өздөрүнүн тармактык саясаттарында эске алууга мажбурлайт. Азырынча тармактык министрликтер жана ведомстволор үчүн “жогорудан ылдый карай” байланыш кыйла ыңгайлуу болуп турат жана сис-теманын андан аркы өнүгүшү институционалдык каршылык көрсөтүү факторуна туш болушу мүмкүн. Аймактардын жана райондордун СЭӨПсындагы өнүгүүнүн өтмө көрсөткүчтөрүн пайдалануу өнүгүүнүн тармактык мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу үчүн ченемдик талаптарга айланышы керек. Бул байланышты камсыз кылуу үчүн райондун СЭӨПсынын жаңы методикасында сектордук саясатты талдоо үчүн тармактык профилдер жана СЭӨПнын жумушчу тобуна ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу каралган. Бул факторлорду өлкөнүн комплекстүү пландаштыруу системасын “куруп жатканда” күчөтүү керек. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын көбүрөөк көңүл буруусу талап кылынат. 

Аймактардын СЭӨПү жергиликтүү бюджет үчүн негиз катары КР Финансы министрлигинин ички процесстеринин деңгээлинде пайдаланылууга тийиш, ал эми райондун СЭӨПү райондо өзүнүн бюджетинин жоктугунан улам эле маанисин жоготпоого тийиш. Бул багытта жетишкендиктерди өнүктүрүү үчүн өзүнчө аракеттер талап кылынат.

Административдик-аймактык реформа

Жаңы методикаларды киргизүү жана пилоттук сыноо өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында айылдык аймактарды ирилештирүүнүн жигердүү фазасына туура келди. Бул жерде бир жолку чакырыктарга (СЭӨПны иштеп чыгуу мезгилиндеги кадрдык өзгөрүүлөр, жада калса айрым жерлерде көрсөткүчтөрдү талдоо үчүн зарыл болгон тарыхый маалыматтардын жоголушу ж.б.) муниципалитеттердин, ал тургай райондук мамлекеттик администрациялардын штатын кыскартууга байланыштуу узак мөөнөттүү тобокелдиктер кошулушу мүмкүн, бул жер-жерлерде аналитикалык потенциал азаят дегенди да билдирет. Бул пландаштыруунун сапатына таасирин тийгизет, ал эми пландаштыруунун жетишсиздиги өнүгүүнүн токтоп калышынын эң негизги факторлорунун бири.

Дараметке байланыштуу тобокелдиктер

Жер-жерлерде аналитикалык потенциал фактору жетпей жатканы сезилүүдө, бул болсо өнүгүүнүн сапаттуу пландарын даярдоо үчүн чечүүчү болуп саналат. Методикаларды тестирлөө пландоо жана башкаруу үчүн жооптуу кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын кайрадан тастыктады. Кызматкерлердин бир орунда көпкө кармалбаганына байланыштуу да тобокелдиктер бар, бул көрүнүш институционалдык эстутумду жоготууга себепчи болуп жатат. Бул үчүн координациялык звенонун да, маалымат чогултуп, талдоо жүргүзгөн аткаруучулардын да квалификациясын жогорулатуу боюнча чаралардын жыйнагы керек. Жаңы методикага өтүүнүн адаптациялык мезгили 2-3 бюджеттик циклди талап кылат жана бул мезгилде туруктуу техникалык жана консультациялык колдоону, үзгүлтүксүз окутууну, анын ичинде ишке киргизилип жаткан маалыматтык системалар менен иштөө көндүмдөрүн камсыз кылуу зарыл болот. СЭӨПнын сапатын камсыз кылууга байланыштуу айта турган болсок, адегенде “чемпиондорду” түзүп, анан алардын тажрыйбасын жайылтуу зарыл. Райондордун деңгээлинде орто мөөнөттүү мезгилде аналитикалык потенциалды, аракеттерди институционалдаштыруу же регионалдык өнүгүүнү пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча атайын бөлүмдөрдү түзүү зарыл.

Санариптештирүүнүн артта калуу тобокелдиги

Санариптик модулдарсыз жаңы техникалардын бардык артыкчылыктарын колдонуу мүмкүн болбойт. Эгерде аларды иштеп чыгуу жана киргизүү процесси создугуп кетсе, анда маалыматтарга негизделген башкаруунун көптөгөн ыкмаларын жокко чыгаруу коркунучу пайда болот. Каражаттарды издеп таап, маалыматташтыруунун жаңы аспаптарын мүмкүн болушунча эртерээк ишке киргизүү зарыл. 

_____________ 

1 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” (EGED) программасы – бул Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган, Борбордук Азияда техникалык көмөк көрсөткөн беш жылдык программа. Программа Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган. Бул максатка программа фактыларга негизделген процесстерди мамлекеттик реформаларды пландоого жана ишке ашырууга киргизүү жолу менен жетип келет. Программа ошондой эле Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрүнө иш жүзүндөгү маалыматтарды пайдаланууну жакшыртууга көмөктөшүү үчүн бул үч өлкөдөгү жарандык коомду колдойт, бул – башкаруунун натыйжалуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат. EGED Программасынын максаты – Казакстандагы, Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы реформалардын артыкчылыктары боюнча экономикалык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу.

 

Окшош материалы: