Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

7-8 (153-154) 15 Август 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Туризмдин туруктуу өнүгүшү: мыкты чечимдерди райондук деңгээлде издөө керек

2024-08-15 / Аймактарды өнүктүрүү
Туризмдин туруктуу өнүгүшү: мыкты чечимдерди райондук деңгээлде издөө керек

Айнура БАЛАКУНОВА, ӨСИнин жергиликтүү өнүгүүнү башкаруу боюнча эксперти; Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлорунун менеджери; Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору

Бийликтин, бизнестин жана жарандык коомдун кызматташтыгынын туура жана натыйжалуу формаларын табуу менен жергиликтүү туризмди өнүктүрүү үчүн көп нерсе жасаса болот. Мунун эң жакшы формасы – Кыргыз Республикасынын айрым райондорунда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар түзүп жаткан Координациялык кеңештер жана туристтик дестинациялар.
Бир жылга жетпеген убакыт мурда түзүлгөн бул механизмдер жергиликтүү экономиканын өсүшү түрүндө жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө, бул райондун аймагына келген туристтер үчүн туристтик бизнес субъектилеринин жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кирешелеринин көбөйүшүнөн улам көрүнүп жатат.

ТУРИСТТИК СЕЗОНДУН АЧЫЛЫШЫ БИЙЛИК, БИЗНЕС ЖАНА ЖАРАНДАР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ

Өнүктүрүү саясат институту райондук деңгээлде экономикалык өнүгүү боюнча көп тараптуу диалог үчүн платформага колдоону улантууда. Райондук Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоонун жаңы методикасын сыноо максатында ишке киргизүүнүн алкагында Ат-Башы жана Ноокат райондорунда түзүлгөн Координациялык кеңештер бийликтин, бизнестин жана жарандык коомдун ортосунда көп тараптуу диалогду уюштура алышты. Эки район тең өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары туризмди тандап алышкан. Ошол эле маалда Ноокат районунда туризм өнүгүүнүн башка багыттарынын катарында каралса, Ат-Башыда биринчи орунда турат. Туризмди өнүктүрүү боюнча максаттуу иш-аракеттердин планын эки райондогу Координациялык кеңештер райондук Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына толуктоо катары сунушташты, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бул сунушту колдоп беришти. Бийликтин жана жеке сектордун биргелешкен иш-аракеттери үчүн платформа катары дестинациялар тандалып, кызматташтыкты уюштуруунун формасы болгон. Кыргыз Республикасында дестинациялар коммерциялык эмес уюмдар катары түзүлүп, өнүгүп келатканы менен, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ушул түрү үчүн атайын укуктук форманын пайда болушу дестинациянын өнүгүшүнүн кийинки эволюциялык этабы болууга тийиш. Бирок, туристтик дестинациялардын “жаңы жашоосу” – бул келечектин маселеси, ал эми бүгүнкү күндө райондук деңгээлдеги өнүктүрүү субъекттери биргелешкен пландарды ийгиликтүү ишке ашыра башташты, алар райондук программаларга киргизилген өзүнчө “кошумча план” түрүндө туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды аткарып жатышат.

Өнүктүрүү саясат институту Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED Программасы) алкагында райондордун туризмди өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдоп келатат. 2024-жылдын май жана июнь айларында туризмди өнүктүрүүнү башкаруу үчүн потенциалды түзүүгө багытталган, тикелей калкка, туризм операторлоруна жана туристтердин өздөрүнө даректелген маанилүү иш-чаралар – жергиликтүү туристтик фестивалдар өттү.

СЕЗОНДУ АЧУУ ҮЧҮН ТАШ-РАБАТТАН АРТЫК ЖЕР ЖОК

2004-жылдын 8-июнунда Ат-Башы районунун Таш-Рабат өрөөнүндө жайкы туристтик сезон ачылды. Иш-чара 2024-жылдын туристтик сезонунун маанилүү окуясы болуп калды, аны ишкер Сабырбек АЙЫЛЧИЕВДИН туристтик базасында “Ат-Башы дестинациясы” коомдук бирикмесинин колдоосу менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы уюштурду. Иш-чарага расмий түрдө 46 адам, анын ичинде 18 аял катышты, бирок коноктордун саны алда канча көп болду (алар расмий каттоодон өтүшкөн эмес, бирок конок катары келип, жолугушууга жылуу маанай тартуулашты).

Таш-Рабат өрөөнү тарыхый кербен сарайы ме-нен белгилүү, ал өзүнүн кайталангыс архитекту-расы жана тарыхый мааниси менен туристтерди өзүнө тартып турат. Ошондуктан, аймактын туристтик дараметин мыкты чагылдыруу үчүн мындан артык ылайыктуу жерди элестетүү кыйын.

Туристтик сезондун ачылышына арналган майрамдык иш-чарага маданий жана көңүл ачуучу программалар, кол өнөрчүлүк жарманкелери, ошондой эле спорттук иш-чаралар жана жигердүү эс алуу кирди.

Таш-Рабат өрөөнүндөгү жайкы туристтик сезондун ачылышына келген коноктордун катарында туризм тармагындагы ишкерлер, дестинациянын мүчөлөрү, анын ичинде “Ат-Башы” Бизнес-ассоциациясынын жетекчиси Стал НАРЫНДЫКОВ, сценарист жана документалист режиссер Бакыт ТУРДУБАЕВ, “Nomad Travel” компаниясынын өкүлдөрү болушту. Айылдык аймактардын өкүлдөрү сезондун ачылышынын маанилүү уюштуруучулары жана катышуучулары болушту, бул райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө кеңири колдоо жана кызыгуу бар экендигин айкын тастыктап турат.

Иш-чараны ачып жатып, Ат-Башы жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ Ат-Башы району өзүнүн кооз жайыттары, көздүн жоосун алган табияты, көлдөрү, тарыхый жерлери жана объектилери менен келечеги кеңири туристтик потенциалга ээ болгонун белгиледи. Башчы ар бир келген туристке аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, тейлөөнүн жогорку сапатын, меймандостугун, адептүүлүгүн, баалуулуктарын жана элдин бийик маданиятын көрсөтүү канчалык зарыл болгонун баса белгиледи.

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ жергиликтүү мамлекеттик администрациянын туристтик тармакты шайкеш, туруктуу өнүктүрүү багытында жасап жаткан аракеттерине токтолду: “Туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы башкаруу системасынын негизги элементи болуп саналат, алар кластер түрүндө райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизилген. План жеке секторго дем берүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча чараларды да, ошондой эле жердин экологиялык тазалыгын жана баалуулугун сактоо боюнча чечимдерди да камтыйт; бардык кызыкдар тараптардын алдына келечектүү максаттарды коёт, аларга жетүү үчүн биргелешкен иш-аракеттерди аныктайт”. Сөзүнүн соңунда администрациянын башчысы туризм тармагынын бардык катышуучуларын аймактагы туризмди таанытып, өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөгө чакырды. Мындай иш-аракеттер аймактын туруктуу өнүгүшүнө, көбүрөөк сандагы туристтерди тартууга, калктын бакубатчылык деңгээлин жогорулатууга көмөктөшмөкчү. 

Андан соң Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б. МАМЫТОВ сөз сүйлөп, айыл өкмөтү туризмдин келечектүү секторун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын белгиледи.

Сыйлык тапшыруу аземи эмоционалдуу болду. Ат-Башы районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон ишкерлерге ыраазычылык каттарын тапшырды. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Өнүктүрүү саясат институтуна (башкаруунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВАнын атына) жана Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты Айнура БАЛАКУНОВАга ыраазычылык каттары тапшырылды.

Иш-чаранын катышуучулары олуттуу жана келечектүү сунуштарды беришти. Сценарист жана документалист режиссер Бакыт ТУРДУБАЕВ 2024-жылдын 13-июлунда Босого жайлоосунда өтө турган “Кыргыз көчү” фестивалынын концепциясы менен тааныштырып, мындай фестивалдар аймакта туризмди өнүктүрүүгө жакшы түрткү болорун баса белгиледи.

Жергиликтүү тургундар жана коноктор кол күрөш1 жана аркан тартыш сыяктуу ар кандай оюндарга катышышты. Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдоо иретинде аялдар үчүн чака чапмай2 оюну уюштурулду. Оюндардын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды. Концерттик программа баарына жакты. Андан соң коноктор көргөзмөгө катышты. Иш-чара маданий жана көңүл ачуучу элементтер менен коштолуп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Бул иш-чара туризмди жайылтууга жана аймактагы социалдык байланыштарды чыңдоого салым кошту.

ТУРУКТУУ ТУРИЗМДИН ПРИНЦИПТЕРИН ЖАНА АСПАПТАРЫН ОКУТУУ БИЗНЕСТИН КИРЕШЕЛҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТАТ ЖАНА ЖАМААТТЫН РЕСУРСТАРЫН ҮНӨМДӨЙТ

Жайкы туристтик сезондун ачылышы 2024-жылдын 31-майында Ноокат районундагы “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында өттү. Иш-чараны Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы EGED Программасынын алкагында ӨСИнин колдоосу менен уюштурду. Иш-чараны өткөрүүгө ЖӨБ органдарынын жергиликтүү бюджетинен каражат бөлүнүп, жергиликтүү ишкерлер да салым кошушту. Туристтик сезондун ачылышына арналган майрам маданий жана көңүл ачуучу программаларды камтыды; жеңүүчүлөргө жагымдуу жана пайдалуу байгелер берилген улуттук спорттук мелдештер өткөрүлдү; улуттук тамактардын жарманкеси уюштурулду; жергиликтүү тургундарга да, туристтерге да кызыктуу болгон кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү өттү. Ал эми 2024-жылдын 25-июнунда Ош шаарында конок үйлөрдүн, боз үй лагерлеринин, дестинациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялар – Координациялык кеңештердин, Ноокат районундагы КЭУлардын өкүлдөрү үчүн туруктуу регионалдык туризмди өнүктүрүү боюнча тренинг өттү.

Жергиликтүү туризмди өнүктүрүүгө бут тоскон көйгөйлөрдүн тизмеси окууну өткөрүүгө себепчи болду. Ал көйгөйлөр: туристтик ресурстар жөнүндө маалыматтын тартыштыгы, туристтик объекттерди инвентаризациялоо жөнүндө маалыматтардын жоктугу, ар кандай ачык платформаларда регионалдык туризм чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбалар жана ийгиликтүү практикалар жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги.

“Кыргызстанда туризм жигердүү өнүгүүдө, тармактын көлөмү жыл сайын көбөйүп жатат. Тыштан келген да, ички туристтер да өлкөнү кыдырып, анын мыкты жерлерине барышат, улуттук каада-салттар жана жергиликтүү маданият менен таанышат, ошондой эле турак жай жана тамак берген жергиликтүү ишкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышат. Туризм улуттук экономиканын жана жалпы өлкө боюнча жеке ишкерлердин экономикалык өнүгүүсүнө жигердүү салым кошуп жаткан маалда туризм тармагынын кызыкдар тараптары анын жергиликтүү жамааттарга жана жаратылышка тийгизип жаткан терс таасирин эске алып, мүмкүн болушунча азайтууга тийиш. Бул нерсеге үйрөнүш керек да”, – деп эсептейт тренингдин катышуучусу болгон ишкер айым.

Тренинг экологиялык, финансылык туруктуулук аспаптарын берип, экономикалык, экологиялык жана социалдык-маданий максаттардын тең салмактуулугуна жетишүү аркылуу регионалдык туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча катышуучулардын дараметин жогорулатуу максатында уюштурулган.

Жергиликтүү туристтик дестинациялардын дараметин жогорулатып, туризмди өнүктүрүү боюнча пландарды жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) ишке ашыруу максатында окууларды өткөрүү максатында Өнүктүрүү саясат институту тажрыйбалуу эксперттерди, тренерлерди чакырды. Алар: жашыл экономиканын инновациялык технологиялары боюнча кыргызстандык эксперт, SCORE4Clımate International Labour Organization уюмунун консультант-тренери Индира АСЕЙИН жана туризм боюнча эл аралык эксперт Антон ХОДЕЛКА.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар туруктуу туризм темасын карап чыгып, беш негизги принципти өздөштүрүштү:

  • айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди мүмкүн болушунча азайтуу,
  • маданий мурастарды сактап калуу,
  • жергиликтүү экономиканы колдоо,
  • социалдык адилеттүүлүккө көмөктөшүү,
  • коноктордун канааттануусун камсыз кылуу.

“Катышуучулар менен бирге биз жергиликтүү жана эл аралык мисалдардын призмасы аркылуу туруктуу туризмдин негизги принциптерин карап чыктык. Ошондой эле жергиликтүү деңгээлде туруктуу өнүгүүнүн үлгүсү боло турган, конкреттүү өлкөлөрдө кабыл алынган эл аралык кейстерди жана чараларды талкууладык. Катышуучулар мындан тышкары Эл аралык эмгек уюмунун флагмандык программасы болгон SCORE4Climate, ПЭРЭТО / PERETO “Кыргызстандын туристтик тармагында энергиянын жана ресурстун натыйжалуулугун илгерилетүү”, WasteNet.kg тармагынын демилгелери жөнүндө маалымат алышты жана эко-сертификатты алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты; көмүртектин изин эсептөө боюнча онлайн аспаптар жана калькулятор жөнүндө, климаттын өзгөрүшүнө жамааттын өзүн-өзү баалоосу жана экомаркировкалоо жөнүндө билип калышты”, – деди тренер Индира АСЕЙИН.

Тренер материалды даярдап, ага туристтер келген сайын түшкөн пайда түрүндө ишкерлердин максаттары гана эмес, ошону менен бирге экологияны сактоонун принциптери, жаратылышка келтирилген зыянды азайтуунун мүмкүнчүлүктөрү да камтылган, себеби бул маселе катышуучуларды – ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын адистерин тынчсыздандырып жаткан. Адис электр энергиясын алуунун альтернативалык жолдору, биодааратканаларды орнотуу жана туристтердин айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирбестен ыңгайлуу жашоосу үчүн зарыл болгон башка шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Катышкан ишканалардын экономикалык натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу максатында тренингдин мазмунуна туризм тармагында популярдуу интернет платформаларын, анын ичинде Instagram, Google maps, Booking.com, Airbnb жана Tripadvisor платформаларын колдонуу боюнча сунуштамалар да кошулду. Бул платформалар каттамдар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатып, жергиликтүү жеткирүүчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн брондоо үчүн керек. Катышуучуларга бул платформалардын ар кандай функциялары боюнча билим берүүчү видеолор (өз алдынча үйрөнүү үчүн) көрсөтүлүп, катышуучуларга кардарлар менен иштешүү процессинде ар бир платформанын артыкчылыктарын колдонуу үчүн механизмдер сунушталды.

Топтордо практикалык иш учурунда катышуучулар WhatsApp for Business платформасында өз ишканаларынын профилин түзүп, каттоодон өтүштү жана потенциалдуу кардарлар менен баарлашуу үчүн өз ишканаларынын профилдерин толтуруп чыгышты. “Катышуучулар жергиликтүү тажрыйбаларга, атап айтканда “Экосан” дааратканаларына жана күн коллекторлоруна өзгөчө кызыгышты. Алар өнүктүрүү пландарына адистерди долбоорлордун циклин башкарууга даярдоону, фандрайзинг жана өтүнмөлөрдү даярдоо практикасын жана санариптик платформаларды колдонуу боюнча техникалык колдоо программаларын киргизүүнү ниеттенип жатышат. Ошондой эле ортомчуларсыз, өз алдынча иштөө үчүн маанилүү болгон кардарларды тартуу үчүн аспаптар өзгөчө кызыгууну жаратты. Мен тандалган платформаларда толук жана өз алдынча иштей алышы үчүн катышуучулардын техникалык көндүмдөрүн өркүндөтүш керектигин байкадым”, – деди тренер Антон ХОДЕЛКА.

Тренинг аяктагандан кийин Антон ХОДЕЛКА катышуучулар каттаган ар бир эсептик аккаунтка сунуштамаларын, кеп-кеңештерин берип чыкты. Мунун натыйжасында катышуучулар өз райондорун туруктуу өнүктүрүү пландарын жаңыртып, аларды жергиликтүү деңгээлде киргизүү боюнча сунуштамаларды даярдай алышты.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРИЗМ ЖАЛПЫНЫН КҮЧ-АРАКЕТИ МЕНЕН ӨНҮГҮҮДӨ

Тренингдердин жүрүшүндө EGED Программасынан колдоо алган максаттуу райондордун – Ноокат жана Ат-Башы райондорунун артыкчылыктарындагы айырмачылыктарды көрүүгө шарт түзүлдү. Ат-Башы району экономиканы өнүктүрүү максатында туризмди өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыттардын бири катары санаса, Ноокат бул тармакты экономиканын ар түрдүү багыттарынын катарындагы маселелердин бири катары кабыл алат. Анткен менен эки райондун тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлери кадрлардын дараметин жогорулатуу, секторду туруктуу өнүктүрүү шарттарында туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын моюнга алышат. Бул багыт дагы деле көп эмгекти талап кылганы менен, расмий статистиканын көрсөткүчтөрү оң динамикадан кабар берүүдө.

Алсак, мисалы, туризм ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин (отелдер, мейманканалар, конок үйлөрү, адистештирилген жайгаштыруу жерлери ж.б.) бир жылдын ичинде (2023-ж. биринчи кварталына салыштырмалуу 2024-ж. биринчи кварталында) кирешеси Ат-Башы районунда 15 пайызга, ал эми Ноокат районунда дээрлик 34 пайызга көбөйгөн. Ресторандардын, мобилдик жана башка тамак-аш менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн кирешеси сөз болгон мезгил ичинде тиешелүүлүгүнө жараша 43 жана 46 пайызга өскөн (1-таблицаны караңыз).

Ат-Башы районунда туристтердин саны бир аз эле көбөйгөнү байкалды, бирок маалыматтар райондор үчүн “сезон эмес” мезгилде – жылдын алгачкы үч айында өлчөнгөнүн эске алуу керек.

1-таблица. Ат-Башы жана Ноокат райондорунда мейманканалардын жана коомдук тамактануу ишканаларынын бир жыл үчүн киреше көлөмүндөгү динамика

_______________ 

1 Жигиттер күч сынашкан оюн, алар маңдай-тескей отуруп, колдун күчүн сынашат (армреслингге окшош). 

2 Оюн маалында катышуучулардын көзү байланат, алар чакага жетип, андан кийин таяк менен чапкылашы керек.

Окшош материалы: