Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жарандарга керектүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө кошкон салымы
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору
ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЧЕТТЕТҮҮ
ЖДКЖ долбоору (өз алдынча жана башка өнүктүрүүчү долбоорлор менен өнөктөштүктө) жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн мыйзамдардагы тоскоолдуктарды четтетүүгө көмөктөштү:
- Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби бекитилди (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги№201 токтому);
- Бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке бюджеттик ссудаларды берүүнүн жана тартуунун тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилди (КР Финансы министрлигинин 2022-жылдын 3-июлундагы №111-Б буйругу);
-
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин стандарттары бекитилди (КР Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 20-мартындагы №02 буйругу);
-
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен мыйзамдарга шайкеш келбеген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр алып салынды (Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №632 токтому);
-
“Муниципалдык ишкананын сатып алууларды уюштуруу эрежелери” бекитилди (МКЖӨБМАнын 2024-жылдын 8-февралындагы №01-25/39 буйругу);
-
“Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө Жобо” бекитилди (МКЖӨБМАнын 2023-жылдын 25-декабрындагы №358 буйругу);
-
2024-2028-жылдарга Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы кабыл алынды (Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы №80 токтому);
-
Муниципалитеттердин жана райондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу методикасы бекитилди (КР Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 9-апрелиндеги №01-25/114 буйругу).
ЖӨБ ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЧҮЛӨРДҮН, АНЫН ИЧИНДЕ МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАЛАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ САЛЫМ
ЖДКЖ долбоорунун колдоосу менен жалпысынан 895 иш-чара өткөрүлүп, ага 29 098 адам, анын ичинде 11 503 аял (40%) катышты. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча тренингдердин 97 түрү өткөрүлдү, алардын жүрүшүндө 1617 адам (688 аял), анын ичинде жергиликтүү кеңештин 707 депутаты окутулду. Муниципалитеттерде буга чейин колдонулбаган төмөнкүдөй башкаруу механизмдери киргизилди:
-
муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрлери;
-
көрктөндүрүү эрежелери;
-
муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу эрежелери;
-
калктын социалдык жактан аярлуу катмары үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифти төлөөдө субсидиялар.
Муниципалдык ишканаларда буга чейин колдонулбаган төмөнкүдөй башкаруу механизмдери киргизилди:
- жыйынтыкка багыт алган бюджет;
- өндүрүштүк программа;
- амортизациялык чегерүүлөр жана амортизациялык фонддор;
- муниципалдык ишканалардын мүлкүнүн реестрлери;
- муниципалдык ишкананын сатып алууларды жүргүзүү эрежелери;
- муниципалдык ишканага чарба жүргүзүүгө өткөрүлүп берилген мүлккө салык төлөө.
ЖӨБ ОРГАНДАРЫНЫН АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУГУН ЖАНА ОТЧЕТТУУЛУГУН ЧЫҢДООГО САЛЫМ
ЖДКЖ долбоорунун жардамы менен 240 коомдук угуу өткөрүлүп, ага 18 285 адам, анын ичинде 7 948 аял (43%) катышты. Калктын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен чечимдери үчүн платформа түзгөн иш-чаралар уюштурулду. Алар жергиликтүү бюджетти (170), тарифтерди (33) талкуулоого, өнүктүрүү артыкчылыктарын, анын ичинде жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын (СЭӨП) алкагында артыкчылыктарды (37) талкуулоого арналды. Биргелешкен (ЖӨБ органдары жана калк) мониторинг жана баалоо боюнча 122 топ түзүлдү, аларга жалпысынан 746 адам (328 аял) кирди. БМжБ топтору кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча айыл өкмөттөрү жана кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн 150 сунуштама даярдап чыгышты.
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУГА САЛЫМ
ЖДКЖ долбоорунун эксперттик колдоосу менен таза сууга экономикалык жактан негизделген 17 тариф жана КТКны чогултуп, ташып чыгарууга жана жок кылууга 34 тариф иштелип чыкты. Жергиликтүү кеңештер муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн 26 кошумча тизмесин бекитишти, бул тизмелер 260 кызмат көрсөтүүнү камтыйт.
Муниципалитеттерге гранттык жардам катары 96 400 000 сомдон ашык акча берилди.
ЖЫЙЫНТЫКТАР
134 муниципалитетте 498 500 бенефициар үчүн, алардын ичинен 265 100 аял (53%) үчүн 120 ар кандай кызмат көрсөтүү жакшыртылып, жеткирилүүдө (2024-жылдын февралынакарата маалымат). 23 муниципалитетте муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында 12 кызмат көрсөтүлүп жатат. 14 кызмат көрсөтүүчү экономикалык жактан натыйжалуу болуп таанылды (административдик-аймактык реформадан кийин – 10).
Муниципалитеттер аралык кызматташуунун 4 модели сыноодон өттү: КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча муниципалитеттер аралык кызматташтык модели; КТКны жок кылуу боюнча (таштанды полигонун биргелешип пайдалануу) муниципалитеттер аралык кызматташтыктын модели; ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз жабдуу боюнча муниципалитеттер аралык камсыздоо модели; муниципалдык жолдорду күтүү жана тейлөө боюнча муниципалитеттер аралык модель.
Калктын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу деңгээли өлкө боюнча 2019-жылдагы 48 пайыздан 2023-жылдын октябрында 56 пайызга чейин өстү. Ал эми долбоордук муниципалитеттерде аялдардын кызмат көрсөтүүлөргө канааттануусу 2019-жылы 52 пайыз болсо, 2023-жылы (октябрь) 63 пайызга чейин өскөн. Эркектерде: 2019-жылы 55 пайыздан 2023-жылдын октябрында 67 пайызга чейин көбөйгөн.
ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ
ЖДКЖ долбоору ЖӨБ органдарынын аярлуу топторунун өнүгүүсү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча алардын күч-аракеттерин колдоого чоң маани берди:
- 47 муниципалитет социалдык жана гендердик өңүттөрдү эске алган Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгышты,
- 8 муниципалитет 1 000 000 сом суммасында дем берүүчү гранттарды алышты,
- 2 муниципалитет калктын аярлуу катмары үчүн 500 000 сом суммасында мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган инклюзивдүү чараларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышты.
Түздөн-түз ЖДКЖ долбоору аялдардын өз муниципалитеттерин өнүктүрүүгө мындан да жигердүү катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү колдоп берди. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер 65 аял үчүн Лидерлик мектеби өткөрүлдү, алардын ичинен 34 аял (61%) жергиликтүү кеңештердин депутаты болушту.
“Эч ким обочодо калбайт” принцибин жайылтуу үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкарууну инклюзивдүү өнүктүрүү максатында ЖӨБдүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынан инклюзивдүү чаралардын жыйнагы түзүлдү. Сунушталган чаралар СЭӨПтүн инклюзивдүүлүгүн жана гендердик сезимталдыгын жогорулатууга көмөктөшөт.
СЭӨПтү иштеп чыгууга тартылган 69 ЖӨБ органынын 382 кызматкери (181 аял) үчүн 10 тренинг өткөрүлдү. Бул тренингдерде алар инклюзивдүү өнүгүүнүн негизги принциптерин жана аларды СЭӨПтү иштеп чыгууда колдонгонду үйрөнүштү, практикалык көнүгүүлөр аркылуу инклюзивдүү өнүгүүнүн жалпы өнүгүүгө тийгизген таасири менен таанышып чыгышты. Аялдардын акы төлөнбөгөн эмгегин кыскартуу тууралуу 5 видео (анын ичинде кыска метраждуу тасмалар) даярдалып чыгарылган соң, алар социалдык тармактарда жана Youtube’да бир жарым миллионго жакын көрүлдү.
Үй эмгегин кайра бөлүштүрүү боюнча кыска видеороликтерди жаратуу үчүн “Сонун үй-бүлө” хештеги менен конкурс өткөрүлдү. Натыйжада жеңүүчү роликтер тандалып алынып, алар кийин Facebook жана Instagram’да 4500гө жакын көрүлдү.
Инклюзивдүү өнүгүү жөнүндө плакат түрүндө “Инклюзивдүү объектив” аспабы иштелип чыкты, ал бир катар суроолорду камтыйт, ал суроолорго жооп берүү менен ЖӨБ органы аярлуу топтордун өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп-түзбөгөнүнө баа бере алат.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕ КЫЗМАТ КӨРСӨ-ТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ ЖАНА ЖАКШЫРТУУ ЖӨНҮНДӨ БИЛИМДИ ЖАЙЫЛТУУ
БАЖБАнын жана ЖӨБ Союзунун күчү, ЖДКЖ долбоорунун колдоосу менен ЖӨБОну окутуу боюнча 160тан ашык иш-чара (тажрыйба алмашуу сапарларын кошкондо) өткөрүлүп, ага 4000ден ашык адам катышты. ЖӨБО жана кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери”, “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу”, “Муниципалдык ишканаларда сатып алууларды уюштуруунун эрежелери” деген 4 Окуу-методикалык жыйнагы даярдалды.
ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталына төмөнкүлөр жарыяланды:
- муниципалитеттердин 120дан ашуун мыкты тажрыйбасы (18 муниципалитет мыкты тажрыйбалар конкурсунун жүрүшүндө байге катары 1 380 000 сом суммасында чакан гранттарды алышты);
- жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу чөйрөсүндө 9 видеосабак даярдалды;
- 6 методикалык материал: Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын (КЖАП) даярдоо боюнча методикалык колдонмо; КТК чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча практикалык колдонмо; Ичүүчү суу менен камсыздоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча практикалык колдонмо; Муниципалдык заказ аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча практикалык колдонмо; Муниципалитеттер аралык кызматташуу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча методика; Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүгө жеке секторду тартуу боюнча методика.
ИНСТИТУТТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
ЖӨБ Союзу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында өзүнүн беделин бекемдей алды:
-
ЖӨБОнун ЖӨБ Союзунун колдоосуна жана кызмат көрсөтүүлөрүнө канааттануу деңгээли 2019-жылы 49% болсо, 2023-жылдын октябрында 75 пайызга чейин көбөйдү;
-
Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү үчүн алкактык шарттар жакшырды деп эсептеген ЖӨБ органдарынын саны 2019-жылы 46% болсо, 2023-жылдын октябрында 67 пайызга чейин көбөйдү.
ЖДКЖ ДОЛБООРУ ӨЗ ИШ АРАКЕТТЕРИН 2024-2028-ЖЖ. АРАЛЫГЫНДА III ФАЗАДА УЛАНТМАКЧЫ.
Окшош материалы:
-
№9 (155) / 2024-09-19 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: “Бирдиктүү терезе”, муниципалитеттер аралык кызматташуу жана “Оймо Биллинг” системасы
-
№9 (155) / 2024-09-11 “Теңге тең” платформасы: маалымат, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жана аларды кантип башкарыш керек
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-27 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: муниципалитеттер аралык кызматташтык “АТР сынагын” ийгиликтүү тапшырууда, ал эми аярлуу топтор үчүн инклюзивдүү кызмат көрсөтүүлөр ийкемдүү боло баштады
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-27 Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга окутуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдарынын жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарына жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-15 “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору II фазанын жыйынтыктарын чыгарууда
-
№6 (152) / 2024-07-05 Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө карата жаңыча мамиле. “Теңден теңге” аянтчасынын жаңы форматы
-
№6 (152) / 2024-07-05 Административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жарандарга да керек, бийликке да пайдалуу
-
№12 (146) / 2023-12-10 Маданий жана музыкалык мурастарды сактап калуу максатында Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү балдар үчүн музыка сабактарын уюштурууда