Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга окутуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдарынын жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарына жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

2024-08-27 / ЖӨБ кызматтары
Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга окутуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдарынын жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарына жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБАнын долбоорлорунун менеджери

Жаздын этеги жана жайдын башы Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 27 пилоттук айыл өкмөтү жана шаарларынын мэриялары үчүн окуу маалы болду. Айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, жергиликтүү жамааттардын активисттери интенсивдүү кластердик тренингдерден өтүштү. Бул тренингдерди “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (УУМУ) долбоорунун колдоосу менен Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) уюштурган.

Узактыгы 24 сааттык “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү уюштуруу” курсунан 219 адам, анын ичинде 118 аял өттү. Катышуучулардын катарына ЖӨБ органдарынын 141 кызматкери, жергиликтүү кеңештердин 47 депутаты, майыптыгы бар адамдарды кошо алганда, жергиликтүү жамааттардын 31 өкүлү кирди.

Окуунун актуалдуулугун жана муниципалдык башкаруу органдарынын ага болгон муктаждыгын Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Максат КЫДЫРБАЕВ мындайча белгиледи: “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн үзгүлтүксүз окуудан өтүп, билимин толуктап туруу өтө маанилүү. Мыйзамдар көп өзгөрүп, толукталып турат, бул өзгөрүүлөрдөн кабардар болушубуз керек. Анын үстүнө бүгүнкү күндө жарандар укуктук жактан сабаттуу болуп, өз укуктарын жакшы билип калышты, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарына кайрылганда алар өз арыздарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын беренелерин кошуп, компетенттүү шилтеме жасашат. Ошондуктан муниципалдык кызматчылар үчүн кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча тренингдер жана окуулар өтө маанилүү. Биз БАЖБАга жана өнүгүүдөгү өнөктөштөргө ушундай пайдалуу жана зарыл болгон окутуу тренингин уюштургандыгы үчүн ыраазыбыз”.

Окуунун жүрүшүндө максаттуу муниципалитеттердин катарына киргизилген ЖӨБ органдары “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмелеринин, алардын стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгышты, ошондой эле Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу пландарын (КЖАП) даярдоо методикасын өздөштүрүп, кайсы бир кызмат көрсөтүүлөр боюнча КЖАП долбоорлорун иштеп чыгышты.

Барскоон айылындагы клубдун башчысы Аманкан МАМБЕТОВА окуу ага кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмалары жөнүндө түшүнүктү кеңейтүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи: “Мен буга чейин “аутсорсинг” деген эмне экенин билчү эмесмин, кызмат көрсөтүүнү жеке сектордун жардамы менен уюштурууга мүмкүнчүлүгүм бар деп ойлогон эмесмин. Тренинг мага мына ушундай билимди, анын ичинде аутсорсинг кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруунун ыкмаларынын бири болгон жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүүдө көбүрөөк натыйжалуулукту камсыздай алаары тууралуу билимди берди”.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмелеринин долбоорлоруна ЖӨБ органдары жамааттарды, анын ичинде аярлуу топторду, аялдарды, балдарды, жаштарды өнүктүрүүгө багытталган кызмат көрсөтүүлөрдү кошушкан:

  • фитнес-клубдун кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу;
  • “Муниципалдык кинотеатр” кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу;
  • спорттук мелдештерге жана олимпиадаларга (республикалык жана облустук деңгээлдердеги) катышуу үчүн мектеп окуучуларын ташуу кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу;
  • айылдык аймактын жаштары үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча окутуу курстарын уюштуруу;
  • жер участокторун жеке турак жай куруу үчүн башкы планга ылайык чектөө (бөлүп берүү).

ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү түрлөрүн жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планынын долбоорлорун иштеп чыгышты: айылдык аймактын балдарынын жайкы эс алуусу; муниципалитеттин аймагында катуу тиричилик калдыктарын тазалоо жана ташып чыгаруу; айылдагы паркты көрктөндүрүү жана башкалар.  Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу пландарын иштеп чыгуу процессинде кызмат көрсөтүүнүн финансылык туруктуулугуна, анын ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун варианттарына көбүрөөк көңүл бурулду, мунун өзү айрым катышуучулар үчүн жаңылык болуп калды. Алсак, айылдык кеңештин депутаты Муслим КУДАБАЕВ ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү жана ролу жөнүндө өз оюн өзгөрттү: “Мен буга чейин айыл өкмөтү бардык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз көрсөтүшү керек деп ойлоп келгем. Тренингде муниципалдык кызматтарды акынын негизинде көрсөтсө болорун билдим жана бул жарандардын керектөөлөрүн канааттандырууда ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет экен”.

Кызмат көрсөтүүнүн параметрлерин жана уюштурулушун аныктаган, иштелип чыккан документтердин долбоорлорун толуктап даярдап, бекитүү боюнча жумуштар пилоттук ЖӨБ органдарынын жумушчу топторунун күчү менен уланууда. Бул жумушчу топтор ЖӨБ органдарынын буйруктары менен түзүлүп, бекитилген. Жумушчу топтордун курамына ЖӨБ органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, активисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана майыптыгы бар адамдар кирди. 

Акман жергиликтүү кеңешинин депутаты Меңдайым АРЗИЕВА тренинг аяктагандан кийин эмне кылыш керектигин жакшы билет жана иш азырынча бүтө электигин түшүнүп турат: “Бешикжон жана Жон айылдарында айрым көчөлөрдө ичүүчү суу жок. Тренингде биз кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча планды иштеп чыгуу боюнча билимди гана эмес, ошону менен практикалык көндүмдөрдү да алдык. Алган билимибиз бизге тренингде эле Бешикжон жана Жон айылдары үчүн суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу планынын долбоорун жазууга мүмкүндүк берди. Зарыл болгон каржылоону алуу максатында долбоорубузду райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна тапшыруу мындан аркы кадамдарыбыз болмокчу. Бирок, муну жасаардан мурда биздин план толук болгонун, аталган көчөлөрдө ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн бардык зарыл чараларды камтыганын текшерип алыш керек. Ошондуктан биз суу менен камсыздоонун абалына кошумча талдоо жүргүзүп, деталдуу иш-чараларды даярдап, каржылоо булактарын аныктап, иш-аракеттер планын түзүп, жамааттын колдоосуна ээ болууга тийишпиз. Бардык кызыкдар тараптардын катышуусу жана колдоосу менен гана биз айылдардын жашоочулары үчүн ичүүчү сууга байланышкан кырдаалды оңдой алабыз”.

Документтердин долбоорлорун талдоо ЖӨБ органдарына Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмелеринин иштелип чыккан долбоорлоруна, Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер пландарынын долбоорлоруна кошумча консультациялар жана экспертиза керек экенин көрсөттү.

Окшош материалы: