Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
“Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары иш үстүндө-2024” конкурсунун жыйынтыгы
КР БШКнын Ардак грамоталарын, ошондой эле жабдуулар, окууга сертификаттар, “Муниципалитет” журналына жазылуу түрүндө байгелерди ала турган жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын жетишкендиктеринин мисалдары үч миңге жакын онлайн-добуш топтоду.
Конкурсту Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы уюштуруп, ӨСИ ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун техникалык колдоосунун алкагында, ошондой эле “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Өнөктөштүк конкурска акчаны Швейцария Өкмөтүнөн өз программасын ишке ашырууну колдоо үчүн алган каражаттардын эсебинен бөлүп берген. Конкурстун максаты – жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жана жергиликтүү жамааттардын турмуш шарттарын жакшыртуу боюнча жергиликтүү кеңештердеги аял депутаттардын кесипкөй ишмердигинин кыйла натыйжалуу тажрыйбасын аныктоо болгон.
Добуш берүүгө бардыгы болуп 2810 адам катышты, ал эми 9 тажрыйба 50дөн ашык добуш топтой алды. Төмөндө бул практикалардын тизмеси берилди (Жобого ылайык, эң көп добуш алган, бирок 50дөн кем эмес добуш алган практикалар (минималдуу босого) конкурстун жеңүүчүсү деп табылды.
2024-жылдын 30-майында онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы комиссияга берилген. Жыйынтыгы боюнча 5-июнда Авазкан ОРМОНОВА (биринчи орун), Гүлмайрам ЖАНБОЛОТОВА (экинчи орун) жана Роза СУЛТАНБАЕВА (үчүнчү орун) “Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары иш үстүндө” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп табылышты. Кызыктыруучу байгелерди жана атайын номинациялар боюнча байгелерди дагы 6 аял депутат алды (1-таблицаны караңыз).


Комиссия ошондой эле конкурстун атайын номинацияларында жеңүүчүлөрдү аныктады. Алар:
- “Аялдар жана жаштар арасында дене тарбияны өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жигердүү кеңейтүүгө кошкон салымы үчүн”;
- “Энелер арасында сергек жашоо образын жүргүзүү жана балдардын бош убактысын уюштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мыкты демилге”;
- “Миграциянын алдын алуу жана мектепке чейинки курактагы балдар үчүн шарттарды түзүү аркылуу чек арага жакын аймакты чыңдоого көмөктөшкөнү үчүн” (2-таблицаны караңыз).

Конкурстун шарттарына ылайык, жеңүүчүлөрдү жана “ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын атайын номинацияларынын ээлери 2024-жылдын 10-июлунда USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында өткөн “Аймактардын форумунда” сыйланышты.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Практика менен илим күч-аракеттерин бириктирүүдө: ӨСИ жана КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө


















