Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү шайлоодо кыргызстандыктарды кандай жаңылыктар күтүп жатат?

2024-09-20 / Көңүл чордонунда
Жергиликтүү шайлоодо кыргызстандыктарды кандай жаңылыктар күтүп жатат?

Маалымат Аймактардын форуму-2024 жана ЖМК материалдарынын негизинде даярдалды

Бишкекте өткөн Аймактардын форумунда USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жыл сайын өтүүчү салттуу иш-чарасында (журналдын ушул санындагы кийинки макаланы окуңуз) Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА жергиликтүү кеңештерге 2024-жылы өтө турган шайлоолордо кыргызстандыктарды кандай жаңылыктар күтүп турганын айтып берди. КР БШКнын төрайымы эске салгандай, 2-августта президент «“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюп, ал 6-августта күчүнө кирди. Кабыл алынган документте шайлоону өткөрүүнүн негизги тартибин өзгөртүү каралган эмес: шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорционалдык система боюнча – партиялар талапкерлердин тизмесин көрсөтүшөт, ал эми айылдык кеңештер – көп мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.  

Кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун айрым эрежелери өзгөрүп жатат:

  • шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлдү;
  • талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө партиялар аларды кеңештеги мандаттарга тең санда көрсөтүшөт (буга чейин – 1,5 эсе көп болчу);
  • айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды (буга чейин 1 миң сом болчу);
  • майыптыгы бар адамдардын жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу механизмдери кеңейтилүүдө. Алсак, 49-берененин 7-бөлүгү шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партияларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бирден кем эмес талапкерди тизмеге кошууга милдеттендирген пункт менен толукталды; майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүнө конкреттүү талаптар белгиленди;
  • ар бир участокто шайлоочулардын максималдуу саны 2 500дөн 3 миңге чейин көбөйтүлдү;
  • административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө максатында талаптар күчөтүлдү. Алсак, 17-1-беренеде талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөктөшүүчү ишти жүзөгө ашыруу үчүн тартууга болбой турган адамдардын тизмесине аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери кошулду;
  • кызмат адамдарын шайлоого катышуу бөлүгүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге коюлган талаптар күчөтүлдү. Алсак, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниети болгон учурда кимиси ыйгарым укуктарын убактылуу, ал эми кимиси толугу менен токтото тургандыгы такталды.

Депутаттарды, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан юридикалык жактардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, шайлоого катышкан учурда мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматчылар ыйгарым укуктарын толугу менен токтотушат.

Талапкерлер жана партиялар үчүн берилген добуштар шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуунун натыйжасында жараксыз деп табылса, алар кийинки шайлоолорго катышууга укугу жок экендиги аныкталды; мындай учурларда партия киргизген шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбей тургандыгы белгиленди.

Айрым жол-жоболор санариптештирүүгө байланыштуу такталды – шайлоочуларды идентификациялоо электрондук документтерди пайдалануу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн, талапкерлер жөнүндө бардык маалыматтар Боршайкомго электрондук түрдө берилет, талапкерлердин жана саясий партиялардын соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкаттарды берүүсү боюнча талаптар алып салынды.

Ошол эле маалда талапкерлердин соттуулугу жоктугун жана башка маалыматтарды текшерүү ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын жана мамлекеттик органдар тарабынан ырастоонун атайын формаларын колдонуу менен ишке ашырылат, бул талапкерлердин мыйзамдарга шайкеш келишин текшерүүнүн жүрүшүндө маалыматтар үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга тийиш.

Аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат (буга чейин ЖӨБ органдарынын катышуусу менен болчу).

Округдарды аныктоо шайлоо күнү дайындалгандан кийин үч календардык күндөн кечиктирилбестен калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалыматтарга негизделе турганы такталды.

32-1-берене менен шайлоону өткөрүүдө аралыктан же электрондук добуш берүүнү колдонуу мүмкүнчүлүгү берилди; бирок ошол эле учурда аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоону дайындаган маалда кабыл алынат.

Буга чейин БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен 2024-жылдын ноябрына дайындалышы ыктымал экенин маалымдаган, себеби административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештер таркатылууга тийиш, буга кайра уюштурууга алып келген тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүүсү, ошондой эле айылдык аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүүсү себеп болду.

 

Окшош материалы: