Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: “Бирдиктүү терезе”, муниципалитеттер аралык кызматташуу жана “Оймо Биллинг” системасы
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин байланыш боюнча консультанты
2024-жылдын июнь айында Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору (ЖДКЖ долбоору)1, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясына (БАЖБА) Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймагында тажрыйба алмашуу боюнча эки сапарды өткөрүүнү колдоду. Бул тажрыйба алмашуу сапарларынын максаты ЖӨБ органдарынын горизонталдуу өз ара байланышын күчөтүү, ЖӨБ чөйрөсүндө жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча билимдерди жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, ошондой эле ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg) аркылуу ЖӨБ органдарынын иши жөнүндө маалыматты жайылтуу болгон.
Барпы жана Сузак аймактары: “Бирдиктүү терезе” кызматы; тротуар куруу, муниципалитеттер аралык кызматташуу
Жалал-Абад облусунун Барпы жана Сузак (Сузак району), Масы (Ноокен району) жана Кеңеш (Базар-Коргон району) айыл өкмөттөрүнүн базасында тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары муниципалдык ишканалардын иши менен жеринде таанышып, алардын ЖДКЖ долбоору менен кызматташуу практикасы жөнүндө алдын ала толук маалымат алышты.
Иш-чарага айыл өкмөтүнүн башчылары жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана төрагасы, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунун, Таш-Көмүр шаарынын, Ысык-Көл облусунун Кыдыр-Аке айыл өкмөтүнүн жана Ош шаарынын мэриясына караштуу шаардык муниципалдык кызматынын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.
Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларынын программасындагы биринчи локация “Бирдиктүү терезе” кызматы болду. Бул кызмат 2024-жылдын январынан тарта иштей баштаган. Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Даирбек БАКИРОВдун айтымында, бул кызмат көрсөтүү көптөгөн элеттиктердин жашоосун кыйла жеңилдетти: “Адамдар бир кабаттан экинчисине чуркап, ар кайсы эшикти каккылабасын деп, бардык кызматтарды бириктирип, имаратыбыздын биринчи кабатына жайгаштырдык. Маалымкаттар, консультациялар жана башка документтер – булардын бардыгы бир жерде берилет. “Бирдиктүү терезени” ачууга байланышкан айрым чыгымдар жергиликтүү бюджеттен каржыланды, бирок мен аны түзүү процессинде бизге гранттык жардам берген “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” швейцар долбоорунун катышуусун да белгилей кетким келет. Бул долбоор менен кызматташтыкты 2022-жылы КР ЖӨБ Союзу аркылуу баштап, биз “Бирдиктүү терезени” түзүүнү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Иш-аракеттер планына (КЖАП) киргиздик, анын натыйжасында бүгүнкү күндө жалпы күч-аракетибиз менен жашоочуларыбыз үчүн шарттарды түзүп жатабыз. Аталган кызматтын ишин уюштурууга 463 400 сом сарпталды, анын 300 миң сомун долбоор бөлүп берди. Бардык сатып алуулар КР мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылды”.
Айыл өкмөтүнө барганда “Бирдиктүү терезеде” жашоочулар жооптуу катчыга, салык боюнча адиске, социалдык кызматкерге, аскердик-каттоо столунун адисине же жерге жайгаштыруучуга кайрыла алышат. Ар бир “терезе” тунук пластик менен гана тосмолонгон, ошол себептен тургундарда көптөгөн суроолор жана шектенүүлөр болбойт. Ар бир кызмат калкка кызмат көрсөтүү боюнча натыйжалуу иш үчүн зарыл болгон оргтехника, кеңсе товарлары жана аксессуарлар менен камсыздалган жана “Санарип аймак” АМТга кошулган, ал бүгүнкү күндө “Түндүк”, “Инфодокс” ж.б. электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (ЭВАӨС) менен интеграцияланган.
Ошондой эле Сузак айылдык аймагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) иштейт, анын мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, туруктуулугуна жана өз убагында аткарылышына байкоо жүргүзүп келишет.
“«Бирдиктүү терезенин» кызмат көрсөтүүсүн биздин айылдык аймактагы айылдардын (Сузак, Достук, Арал, Садда, Камыш-Башы, Жаңы-Дыйкан, Благовещенка ж.б.) тургундары пайдаланышат, алардын саны – 51 694 адам. Алардын баары бул кызмат көрсөтүүнүн уюштурулганына ыраазы. Аталган практиканын ийгиликтүү ишке ашырылышына эки жылдын ичинде – 2021-жылдан 2023-жылга чейин ЖДКЖ долбоору үзгүлтүксүз берип келген консультациялык жана техникалык колдоо көмөктөштү. ЖДКЖ долбоорунун тренингдеринин жана консультацияларынын жардамы менен көп нерсени билдик, өткөрүлгөн тажрыйба алмашуу сапарларынын алкагында көптөгөн демилгелерди көрдүк, алардын бири – “Бирдиктүү терезе” кызматы. Мындан тышкары, биз жергиликтүү маанидеги ар кандай маселелерди талкуулоо боюнча коомдук угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелерин, жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана иштеп жаткан жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун негиздерин, электрондук эсеп-фактураны колдонуунун эрежелерин, абоненттер жана жеткирүүчүлөр менен келишим түзүүнүн эрежелерин, СЭӨПны иштеп чыгууда гендерге басым жасаган бюджетти түзгөндү үйрөндүк”, – деди айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
Айыл өкмөт башчысы район жана облус үчүн дагы бир жаңы практика менен бөлүштү. Облустагы муниципалитеттердин ичинен биринчилерден болуп Сузак айыл өкмөтү асфальтты бетон менен каптап чыкты. Биринчи тажрыйба 2023-жылы узундугу 500 метр болгон жолдун тилкесинде ишке ашырылды. Каптаманын калыңдыгы – 18 см.
“Бул практиканы биз Өзбекстанга болгон сапарыбызда өздөштүрүп, өз жерибизде да сынап көрүүнү чечтик. Биринчи жолу Өзбекстандан адистерди чакырдык, алар бизге процесстин бардык чоо-жайын көрсөтүп беришти. Биз асфальтка салыштырмалуу калыңдыгы 6 см болгон бетон каптама арзаныраак жана алда канча бышык экенине ынандык. Буга болжол менен 2 миллион сомго жакын акча кетти. Азырынча биз улантпай, байкап турууну чечтик. Себеби, бул биздин биринчи тажрыйбабыз жана биз анын кесепеттери кандай болоорун, бетон каптама канчалык көпкө кызмат кылаарын билбейбиз. Эгерде тажрыйба ийгиликтүү болсо, анда биз аны ишке ашырууну уланта беребиз”, – деди айыл өкмөт башчысы.
Муниципалитеттин башчысы ошондой эле Сузак айыл өкмөтүнүн ичүүчү суу, сугат суу менен камсыз кылуу, КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызматтарын көрсөткөн муниципалдык ишканасынын иши тууралуу маалымат менен бөлүштү. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтер жана аларды эсептөө ыкмасы катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
“Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызмат көрсөтүүсү үчүн тарифти эсептөөдө биз бардык чыгымдарды, анын ичинде атайын техниканын амортизациясын эске алдык. Натыйжада бир кожолукка 100 сом өлчөмүндө тариф макулдашылып, бекитилип, ар бир абонент менен келишим түзүлдү. Кесиптештериме атайын техникаларды сатып алууда акчаны үнөмдөбөгүлө деп кеңеш бергим келет – 2-3 чакан бирдиктин ордуна дароо чоңун эле сатып алгыла, себеби 1 чоң машинаны оңдоого жана күйүүчү-майлоочу материалдарга азыраак каражат кетет. Бул экономикалык жактан кыйла пайдалуу. Ошол эле учурда айылдардын ортосундагы аралыкты да эстен чыгарбоо маанилүү. Бул жагынан алганда, биздин айылдар бири-бирине жакын орун алган, эң алысы – 10 км аралыкта жайгашкан”, – деди ал.
Кийинки бара турган жер Барпы айыл өкмөтү болуп, анда катышуучулар “Бирдиктүү терезенин” кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеси жана Чоко-Дөбө айылынын ичинде тротуар куруу практикасы менен таанышып чыгышты2.
“Чоко-Дөбө айылы Жалал-Абад шаары менен чектешет, бул жерде автотранспорттун агымы абдан күчтүү. Бул аймактын эли кышында өзгөчө кыйналчу, себеби стандарттуу тротуар жок болчу. Жамгыр жааганда жана карда окуучулар, пенсионерлер, балдар жана майыптыгы бар адамдар кыйынчылыктарга туш болуп, жолдун жээги менен, ал тургай жолдун боюнда баскандыктан, коопсуздугу тобокелдикте эле. Биздин тургундар бул маселени бир нече жолу жыйындарда жана чогулуштарда көтөрүп келгени менен, биз аны Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына (СЭӨП) артыкчылыктуу көйгөй катары киргизгенче, чечилбей келген. Бул маселени чечүүгө 1 101 279 сом кетет деп баалаганбыз. 2022-жылы ЖДКЖ долбоорунун алкагында КР ЖӨБ Союзу бизге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын (КЖАП) даярдоого жардам берди, андан кийин биз долбоор жарыялаган конкурска катышып, 500 000 сом өлчөмүндө грант утуп алдык. Өз салымы катары жергиликтүү бюджеттен 601 279 сом бөлүндү. Бул суммага А. АЗИМКАНОВ атындагы көчөгө узундугу 553 метр болгон тротуар төшөдүк. Буга чейин ата-энелер балдарын мектепке автоунаасы менен ташууга же такси менен жөнөтүүгө мажбур болсо, эми болсо балдарын коркпостон мектепке жөө жөнөтүп калышты. Ошондой эле азыр көптөгөн тургундар үчүн Жалал-Абад шаарына таксиге акча коротпой эле, жөө жетип алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кичинекей баласы бар энелер да кубанып калышты, себеби эми балдарын коляскага отургузуп алып сейилдеп басуу жеңил болуп калды”, – деди Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Ислам МАМАТСАБИРОВ.
Масы айылдык аймагы: “Адам ишкана үчүн эмес, ишкана адам үчүн”. “Масы-Тазалык” муниципалдык ишканасынын катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча иши, “Оймо Биллинг” тиркемеси аркылуу кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө системасын электрондук түргө өткөрүү практикасы»
Ноокен районунун Д.Садырбаев айылдык аймагында3 коомдук тамактануу жайлары, социалдык объектилер, жергиликтүү жана райондук маанидеги мекемелер, базарлар, мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери иштейт, алар күн сайын ар кандай көлөмдөгү таштандыларды чыгарып турушат. 2011-жылы түзүлгөндөн бери “Масы-Тазалык” муниципалдык комбинаты (“Масы-Тазалык” муниципалдык ишкана катары 2018-жылы каттоодон өткөн) жергиликтүү калкка катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, калктуу конушту көрктөндүрүү жана санитардык жактан күтүү боюнча кызмат көрсөтүп келет.
Алгачкы жылдары комбинат сметалык принцип боюнча иштеп, толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланчу. Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысы бир калыпта болуп, ишкананын өндүрүмдүүлүгүнө көз каранды болгон эмес, ал эми күйүүчү майга жана ремонт иштерине кеткен чыгымдар нормага салынган да эмес, эсепке алынчу да эмес; жергиликтүү тургундар ишкана өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбаганына нааразы болуп, мунун натыйжасында айыл өкмөтү менен ишкананын кызматкерлеринин ортосунда чыр-чатактар чыгып турган. Эл кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөбөй калып, ишкана жай, бирок ишенимдүү ыргак менен банкротко учурап, жабылууга даярданып жаткан. 2015-жылы ошол кездеги Масы айыл өкмөтү ЖДКЖ долбоорунун пилоттук муниципалитети катары тандалып алынганда, бул ишкана үчүн өзгөрүүлөрдүн башаты болгон. Долбоор кызмат көрсөтүү, мамлекеттик сатып алууларды өндүрүү, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин иштеп чыгуу жана муниципалдык заказды аткаруу чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатуу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп турду; Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруп, оргтехниканын 1 комплектин өткөрүп берди. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине 5 кошумча кызмат көрсөтүү киргизилди, алар азыркы учурга чейин көрсөтүлүүдө. Андан ары алган билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдеп, ошондой эле ишкананын экономикалык туруктуулугун өнүктүрүү үчүн көз карандысыз консультант тартылган, ал талдоо жасап чыгып, кризиске каршы жекече планды даярдаган. Кризиске каршы планды ишке ашыруунун алкагында ишкананын туруктуу чарбалык иши үчүн зарыл болгон механизмдер иштелип чыккан:
- муниципалдык ишкананын Уставы даярдалып, ишке киргизилди,
- ЖӨБ органдары менен ишкананын, ошондой эле жергиликтүү калк менен ишкананын ортосундагы келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, колдонууга берилди,
- жергиликтүү кеңештин сессиясы катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу кызмат көрсөтүүсүнө тарифтерди иштеп чыгып,
- колдонууга берди,
- ишканада социалдык өнөктөштүк принциптери иштелип чыгып, колдонууга берилди,
- ишканада жыйынтыкка багыт алган бюджет түзүлдү.
“Бул “Масы-Тазалык” муниципалдык ишканасынын түптөлүү тарыхы болгон, аны бүгүнкү күндө ийгиликтүү өнүгүп келе жаткан ишканалардын катарына киргизсе болот. Кызмат көрсөтүү үчүн акыны кантип эсептеп чыгыш керектигин билбеген учурлар болгон. Тарифти аныктоо үчүн кызмат көрсөтүүнүн баасында эмнелерди эске алыш керектигин, ал эми эмнелерди кошпош керектигин билчү эмеспиз; калктан кызмат көрсөтүү үчүн акыны натыйжалуу жана көңүл оорутпастан чогултуу үчүн кайсы “рычагдарды” басып, кандай механизмди колдонуш керектигин билген эмеспиз. Долбоордун консультанты Гүлнара САЯКБАЕВА “көзүбүздү ачты”. Ал ар бир жерге өзү барып, баарын изилдеп, билип, талдап, кризиске каршы стратегияны жана технологиялык картаны иштеп чыккан. Бүгүнкү күндө ишкананын балансында 4 таштанды ташуучу унаа; 3 экскаватор; газ менен жүрүүчү 3 транспорт; жетүүгө кыйын болгон жерлерде бак-дарактарды сугаруу жана көчөлөрдү тазалоо үчүн 1 суу ташуучу унаа; алыскы айылдардан келген окуучуларды ташыган 1 маршруттук бус бар, ага кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттен жабылат”, – деди муниципалдык ишкананын бухгалтери.
2018-жылы КТКны ташып чыгаруу үчүн негизделген тариф иштелип чыгып, андан ары фокус-топтордо жана жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен коомдук угууларда талкууланды. Тургундар менен макулдашылгандан кийин тарифти жергиликтүү кеңештин депутаттары бир адамга 63 сом өлчөмүндө бекитип беришти, анын ичинен 58 сому – КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу үчүн, 5 сому – таштандыны жок кылуу үчүн. 63 сомдун 30 сомун тургун төлөсө, 33 сому жергиликтүү бюджеттен субсидияланат.
“Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын жардамы менен калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыктык. Айыл өкмөтү ошондой эле айылдык жыйындарды, чогулуштарды жана коомдук угууларды уюштурду, аларга биз ар бир жолу тариф эмнеден турарын, ага эмнелер кирерин, эмне үчүн мындай сумма чыгып жатканын ж.б. майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берип турдук. Муниципалдык ишкананын директору менен бирге жергиликтүү кеңештин сессияларына катышып, депутаттарга да чечмелеп бердик. Үч жыл бою – 2017-жылдан 2022-жылга чейин биз сөздүн түз маанисинде эле "кармашып", ар бир адамга түшүндүрүү менен өткөрдүк. Натыйжада бүгүнкү күндө калктын 70 пайызы КТКны ташып чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөп жатат, ал эми айыл өкмөтү дал ушул санга субсидия бөлүп берүүдө”, – деди ишкананын бухгалтери.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн туруктуулугун жогорулатуу максатында 2022-жылдын башында ЖДКЖ долбоору “Масы-Тазалык” ишканасына “Оймо Биллинг” маалыматтык системасын орнотууну сунуш кылган4. 2023-жылдын күз айына карата 4119 жеке жактан жана 190 юридикалык жактан турган абоненттердин электрондук базасы түзүлгөн, алар биллинг системасына киргизилген. 2024-жылдын 1-апрелине карата 2100 үй кожолук жана 190 юридикалык жак менен абоненттик келишим түзүлүп калды.
“«Оймо Биллинг» системасын киргизүү биздин ишибизди кыйла жөнөкөйлөштүрдү жана жеңилдетти. Бардык чыгымдар автоматтык түрдө эсептелип, абоненттерге билдирүү түрүндө барат. Мындан тышкары, квитанцияларды басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар, аларды контролерлор абоненттерге өздөрү тапшырышат. Бардык шарттар, анын ичинде төлөө мөөнөттөрү жана туумдун көлөмү келишимдерде көрсөтүлгөн. Анан, албетте, биз буларды эске салганда тургундарыбыз сөзгө келип, карыздарын төлөп кетишүүдө. Терминалдар жана мобилдик капчыктар аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү да ыңгайлуу болуп калды. Жылдан жылга онлайн форматта төлөгөндөрдүн саны көбөйүүдө. Мисалы, ушул жылдын март айында система аркылуу 356 508 сом түшсө, анын ичинде 108 238 сому, тактап айтканда 30 пайызга жакыны онлайн түштү”, – деп кошумчалады ишкананын директору.
“Масы-Тазалык” муниципалдык ишканасынын учурдагы абалы менен таанышып чыгып, тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары ушул сыяктуу чөйрөдөгү өз тажрыйбалары менен да бөлүшүштү. Ысык-Көл облусунун Кыдыр Аке айыл өкмөтүндөгү муниципалдык ишкананын жетекчиси “Оймо Биллинг” системасын киргизүүнүн натыйжалуулугу тууралуу айтып берди: “Биз да бул системаны киргизип эле жыргап калдык. Абонентке эсеп келгенде, эгерде ал ошол жерден эле төлөгүсү келсе, контролер дароо эле квитанцияны (чекти) “Оймо Биллинг” термопринтеринде басып чыгара алат. Бул абдан ыңгайлуу жана убакытты үнөмдөйт, себеби система чекти басып чыгарганда дароо акы төлөнүп, карызы жок экени көрүнөт. Бирок, ошентсе да, биздин тургундарга терминалдар жана онлайн аркылуу төлөө жолдору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл деп айтат элем. Тилекке каршы, көптөр дагы деле түшүнүшпөй, муну кантип жасаш керектигин билбей жатышат”.
БАЖБАнын тренери, ЖДКЖ долбоорунун коучер-консультанты Замирбек СЫДЫКОВ да катышуучуларга коомдук тартипти бузган жана өзүнө таандык аймактын тазалыгын сактабаган жарандарга карата Бузуулар жөнүндө кодекстин5 негизинде көрүлө турган чараларды эсине салды.
Кеңеш айылдык аймагы: КТК чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу жаатында муниципалитеттер аралык кызматташуу механизми6; кызмат көрсөтүүнү уюштуруу, аймакты курчоо жана полигонду мыйзамдаштыруу тажрыйбасы
“Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасынын полигону тажрыйба алмашуу сапарынын алкагындагы жыйынтыктоочу объект болуп калды. Бул жерде айыл өкмөт башчысынын орун басары Уларбек САИПОВ катышуучуларга муниципалитеттер аралык кызматташуунун модели жана анын артыкчылыктары жөнүндө айтып берди.
“ЖДКЖ долбоору менен кызматташуубуз 2016-жылы башталган. Ошол жылы долбоордун консультанттары биздин артыкчылыктуу көйгөйлөрүбүздү аныктоого, алардын ичинен артыкчылыктуусун тандап алып, Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын (КЖАП) иштеп чыгууга жардам беришти. Таштанды полигонунун абалы жөнүндө билгенден кийин ЖДКЖ долбоору бизди окутуу менен катар, процесстин жүрүшүндө техникалык коштоону жана консультацияларды сунуш кылды. 2018-жылы таштанды полигону боюнча бардык документтерди мыйзамдуу жол-жоболоштурууга байланышкан бардык процесстер бүтүп, биз эко-паспорт алдык; ЖДКЖ долбоору бизге полигондун айланасын тосмолоп чыгууга, аймактын ичине таштанды жыйноочу бастырмаларды курууга, айылдар үчүн контейнерлерди жана атайын техникаларды сатып алууга жардам берди. Биз жасап жаткан иш-аракетибизди көргөн соң ЖДКЖ долбоору бизге муниципалитеттер аралык кызматташуу механизмин сунуш кылды, анын алкагында бир маселени чечүү үчүн бир нече муниципалитеттер биригишет. Биздин окуяны ала турган болсок, бул тажрыйба баарыбыз үчүн абдан пайдалуу болду. Мисалы, “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишкана-сында атайын техниканын жоктугуна байланыштуу айылдык аймактын бардык айылдарына кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ал эми катуу тиричилик таштандыларын мыйзамдуу жол менен жок кылуу үчүн полигон курулганына карабастан, аны толук пайдаланууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Масы айылдык аймагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташуу боюнча иштерди “Масы-Тазалык” муниципалдык ишканасы аткарып келгени менен, таштандыны жок кылууга байланыштуу көйгөй бар эле. КТК үчүн полигондун жоктугунан улам айылдык аймак башаламан, мыйзамсыз таштанды полигонун пайдаланып, калкка, айлана-чөйрөгө жана экологияга зыян келтирип жүргөн. Бешик-Жон айылдык аймагында болсо мындай кызмат көрсөтүү такыр эле болгон эмес. Аймактын жашоочулары катуу тиричилик калдыктарын өз алдынча чыгарып, экологияга жана айлана-чөйрөгө залакасын тийгизген мыйзамсыз таштанды полигондорунун пайда болушуна себепчи эле. Ошондо долбоордун сунушу менен биз муниципалитеттер аралык кызматташтык (МАК) жөнүндө меморандум түздүк”, – деп эскерет Уларбек САИПОВ.
Андан соң ар бир айылдык аймактын жергиликтүү кеңешинин сессияларында кызматташуунун шарттары жана талаптары каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды. МАКтын алкагында таштандыны чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу маселелери боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топко үч айылдык аймактын кызматкерлери, депутаттары жана ишкананын кызматкерлери кирген. Жумушчу топ КЖАПты иштеп чыккан. КЖАПтын алкагында Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактарында “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасы, ал эми Масы айылдык аймагында “Масы-Тазалык” муниципалдык ишканасы кызмат көрсөтүүчү болуп тандалып алынган.
Ар бир айылдык аймакта КТКга тарифтер иштелип чыгып, коомдук угууларда талкууланып, сессияларда жергиликтүү кеңештердин токтомдору менен бекитилген. Бир тургунга эсептелген КТК тарифтери төмөнкүдөй болду:
-
Кеңеш айылдык аймагында − 19,40 сом,
-
Бешик-Жон айылдык аймагында – 15,90 сом,
-
Масы айылдык аймагында – 63 сом
“Кеңеш-Тазалык” МИ жана “Масы-Тазалык” МИ менен келишимдер түзүлүп, КТКны ташып чыгуунун графиктери жана стандарттары иштелип чыгып, кызмат график боюнча көрсөтүлүүдө.
Ошондой эле калктын аярлуу катмарына субсидиялар каралган: Кеңеш айыл өкмөтүндө – 700 000 сом, Бешик-Жон айыл өкмөтүндө – 200 000 сом, Масы айыл өкмөтүндө бекитилген тарифтен (63 сом) 25 сомду калк төлөйт, 38 сомду субсидия түрүндө айыл өкмөтү төлөйт.
“Таштандыга байланыштуу түзүлгөн кырдаал айлана-чөйрөнү өтө катуу булгап, элдин саламаттыгына чыныгы коркунуч жаратты. Жашоочулар таштандыларды туш келди жерге ыргыткандыктан, ар кайсы жерде үйүлгөн таштандылар пайда болгон. Бүгүнкү күндө бул көйгөй КТК полигонун түзүү жолу менен этап-этабы менен чечилүүдө. Бул маселелерди чечип, туруктуулукту камсыз кылуу менен биз жергиликтүү тургундардын ЖӨБ органдарына ишеними көбөйүп жатканын көрүп турабыз”, – деди “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси.
Улам бир объектиге барган сайын катышуучулар иш процессине өздөрү күбө болуп, суроолорун кызматкерлерге узатып, бул жааттагы тажрыйбалары же кийинки пландары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
“Акман-Тазалык” муниципалдык ишканасынын бухгалтери тажрыйба алмашуу сапарынан кайтып келери менен жетекчиликке ишканасында “Оймо Биллинг” системасын орнотууну сунуш кыларын айтты, себеби бул сапарда системанын натыйжалуулугуна жана колдонуу оңой болгонуна көзү жетти.
Ысык-Көл облусунун Кыдыр Аке айылдык кеңешинин төрагасы Айбек АЛМАНБЕТОВ төмөнкүлөрдү белгиледи: “Тажрыйба алмашуу турлары абдан натыйжалуу механизм экендигине мен дагы бир жолу ынандым. Мага өзгөчө Сузак айыл өкмөтүнүн жолго асфальт эмес, бетон төшөө тажрыйбасы абдан жакты. Экономикалык көз караштан алып караганда, бул абдан натыйжалуу да. Мен алар менен байланышуу жолдорун жазып алдым. Үйгө кайтып келгенден кийин мен бул тажрыйба менен тереңирээк таанышып чыгам, балким, андан ары байланышып, ал тургай консультацияга да чакырабыз го”.
“Ак-Суу коммуналдык чарбасы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рустам КАНАТБЕКОВ: “Биздин тажрыйба алмашуу сапарыбыз абдан пайдалуу болду. “Масы-Тазалык” муниципалдык ишканасынын презентациясынан тарифтерди эсептөө методикасы жана “Оймо Биллинг” системасынын артыкчылыктары жөнүндө кенен маалымат алдым. Келечекте бул системаны өз ишибизге киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгам”.
“Таш-Көмүр-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери Динара ЖОЛДОШБАЕВА: “Менин максатым – көбүрөөк жакшы тажрыйбаларды топтоп, үйгө кайтып келгенден кийин аларды ыңгайлаштырып, өз аймагыбызда киргизүү. Себеби азыркы учурда биздин ишкана чарбалык эсепке өтүп жатат. Көптөгөн кызматкерлер жаңы келишти, алардын айрымдарында тажрыйбасы аз. Бүгүнкү күн мен үчүн абдан жемиштүү болду. Мен “Масы-Тазалык” муниципалдык ишканасынын “Оймо Биллинг” системасында иштөө боюнча практикасын видеого тартып алдым, себеби биздин ишканабызда дебитордук карыз көп. Эгерде биз бул системаны ишке киргизсек, бул бизге да, абоненттерибизге да пайда алып келет деп ойлойм, себеби системада чыгымдар боюнча бардык операцияларды, тарифке ылайык эсептелген суммаларды, төлөө мөөнөтүн жана туумдарды ачык-айкын көрө алышат. Бул система бизге абдан жардам берээрине ишенем. Үйгө кайтып баргандан кийин командабызды чогултуп, аларга видеону көрсөтөм, андан ары чогуу чечим кабыл алабыз”.
“Таш-Көмүр-Тазалык” муниципалдык ишканасынын контролеру Тынар МУСАЕВА: “Жаңы билимдерден тышкары, бизге кандайдыр бир кошумча төлөмдөр жана он үчүнчү айлык акы төлөнүп турушу керектигин бүгүн билдим. Кайтып баргандан кийин бул маселени жетекчиликтин алдында көтөрөйүн деп турам”.
_____________
1 Долбоордун иши жөнүндө кененирээк маалымат: https://dpi.kg/ky/activity/projects/full/0/87.html
2 Тротуарды куруу тажрыйбасынын сүрөттөмөсү төмөнкү шилтемеде: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=ky&id=364
3 Д. Садырбаев айылдык аймагы административдик-аймактык реформаны жүргүзүү процессинде Шайдан, Масы жана Арал айыл аймактарын бириктирүү жолу менен түзүлгөн.
4 Бул система турак жай-коммуналдык чарбаны башкаруу чөйрөсү үчүн автоматташтыруунун платформасы болуп саналат, ал тарифтерди башкарууга, эсеп-кысаптарды катасыз чыгарууга мүмкүндүк берет, эсептөө шаймандары менен иштөөнү жөнөкөйлөтөт, абоненттерге мессенжерлер аркылуу суманы жиберет, ошондой эле жеке кабинетти колдонууга мүмкүндүк берет, бул кабинет аркылуу кызмат көрсөтүүнү керектөөчү канча чыкканын көрүп, канча карызы бар экенин билип, төлөй алат. Толук маалымат алуу үчүн: https://www.mycloud.kg/our-products/oimo-billing-zhkh
5 https://cbd.minjust.gov.kg/111565/edition/1138400/ru
6 Муниципалитеттер аралык кызматташуу тажрыйбасынын сүрөттөлүшүн бул шилтемеден таба аласыз: https://myktyaimak.gov. kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=ky&id=362
Окшош материалы:
-
№10 (156) / 2024-11-07 Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери: жаңы иш шарттары олуттуу көлөмдөгү билимди талап кылат
-
№10 (156) / 2024-11-07 Швейцария Өкмөтү Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүүсүн улантууда: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жаңы фазасы башталды
-
№10 (156) / 2024-11-07 102 000 жаран үчүн 43 кызмат көрсөтүү: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелеринде ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүүнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарды
-
№10 (156) / 2024-11-07 Окуу сапарлары кесипкөй жамааттарды түзөт: биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мисалы
-
№9 (155) / 2024-09-11 “Теңге тең” платформасы: маалымат, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жана аларды кантип башкарыш керек
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-27 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: муниципалитеттер аралык кызматташтык “АТР сынагын” ийгиликтүү тапшырууда, ал эми аярлуу топтор үчүн инклюзивдүү кызмат көрсөтүүлөр ийкемдүү боло баштады
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-27 Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга окутуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдарынын жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарына жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-26 “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жарандарга керектүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө кошкон салымы