Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилгелер: балдар жана аялдар үчүн долбоорлор жеңишке жетүүдө

2024-09-19 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Жергиликтүү демилгелер: балдар жана аялдар үчүн долбоорлор жеңишке жетүүдө

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын 24-июлунда жамааттардын мыкты демилгесине жарыяланган Чакан гранттар программасынын конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды1. Конкурсту “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү  уюштурган. Өнөктөштүктүн программасы Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып келатат.

“Конкурстук комиссия Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын демил-гелүү топторунан түшкөн 44 (кырк төрт) өтүнмөнүн ар бирин өз-өзүнчө карап чыгып, белгиленген критерийлерге ылайык ар бир өтүнмө боюнча упайларды берди. Комиссиянын чечимине ылайык, 22 демилге гранттык колдоо алат. Өтүнмөлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү жамааттардын, атап айтканда, элет жергелериндеги аялдардын, балдардын жана жаштардын ден соолугун колдоого багытталгандыгын белгилей кетким келет, бул, албетте, кубандырат. Баарынан көп өтүнмө Ысык-Көл (12 өтүнмө) жана Нарын (11 өтүнмө) облустарынан түштү. Жалал-Абад облусунан 8, Ош облусунан 7, Талас жана Чүй облустарынан үчтөн өтүнмө түштү. Эң көп упайды (2420 упай) Нарын облусунун Ормон Хан айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Жумагүл КУРМАНБАЕВАнын жетекчилиги алдындагы демилге алды. Анын демилгеси жаш муундун дени сак келе-чегин камсыз кылууга багытталган”, – деп айтты Программанын менеджери Алия МЫРСАЛИЕВА.

Конкурстун Жобосуна ылайык, гранттык долбоорлорду ишке ашыруунун узактыгы 3 айдан ашпашы керек, ал эми гранттык колдоонун суммасы 130 миң сомдон ашпоого тийиш. Гранттык каражаттар товар түрүндө берилет, ошол эле маалда демилгечи топтун салымы, гранттык долбоорду каржылоо үчүн башка булактардан бөлүнгөн каражаттардын үлүшү гранттык долбоордун жалпы наркынын 10 пайызынан кем болбоого тийиш жана акчалай да, материалдык жана эмгек ресурстары түрүндө да берилсе болот.

Эске сала кетсек, Жумагүл КУРМАНБАЕВА Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен БАЖБА 2024-жылы өткөргөн аял депутаттар арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүнүн бири болгон. Конкурска ал “Зомбулукка кабылган аялдарды стресстен чыгарууга көмөктөшүү” практикасы менен катышып, натыйжада кызыктыруучу сыйлыктын ээси болгон. 10-июлда Бишкекте өткөн “Аймактардын форуму” учурунда КР БШКнын Ардак грамотасын жана БАЖБАнын окуу курсуна сертификат алган эле. 

__________ 

1 “Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо” конкурсу Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын демилгелүү топторунун элеттик жамааттардагы жашоо шарттарын жакшыртууга, алардын демилгелерин каржылоо жолу менен жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине жигердүү катышуусуна шыктандыруу максатында өткөрүлгөн. Конкурс тууралуу кененирээк маалымат: https://myktyaimak.gov.kg/lg-help/investment-projects/investment-project?lang=ky&id=24 Ушундай эле конкурс буга чейин Баткен облусунун аймагында өткөрүлгөн. Ошол конкурста 6 демилге колдоо тапкан. Толук маалымат алуу үчүн: https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=ky&id=584

Окшош материалы: