Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарынын ЖӨБ органдары үчүн коомдук бюджеттик угуулар боюнча маалыматтык семинарлар
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты
Семинарлар “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн күчү менен уюштурулду, анын программасы Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен аткарылууда.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен графикке ылайык, 2024-жылдын июль айында онлайн жана оффлайн форматтарда 2 маалыматтык семинар өттү: 15-июлда Талас жана Баткен облустарынын ЖӨБ органдарынын 80 өкүлү үчүн; 17-июлда Ысык-Көл облусунун ЖӨБ органдарынын 41 өкүлү үчүн.
2025-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү темасы күн тартибинде болду.
Иш-чарага дем берүүчү гранттарды координациялаган адистер жана КР Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери, ЖӨБдүн аткаруу органдарынын – шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.
Семинарлар маалында катышуучулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтому менен таанышып чыгышты.
“Катышуучулар республикалык бюджеттен бир долбоорго бөлүнгөн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин көбөйтүлгөнү, ал эми айрым тиркемелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын жана кайрылууларын эске алуу менен күчүн жоготкондугу тууралуу кабарды кубатташты”, – деди Өнөктөштүктүн жергиликтүү ресурстары боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ.
Семинардын жүрүшүндө www.gb.minfin.kg аянтчасында жергиликтүү жамааттын жарандык бюджетин түзүү боюнча веб-багытындагы тиркеменин жеткире иштелип чыккан версиясы тартууланды.
Катышуучулар тиркеменин модификациясын колдошуп, эки жаңы функцияны – тиешелүү жарандык бюджетке шилтемени мессенжерлер аркылуу жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жана функционалдык классификация боюнча ар бир инфографикадан кийин толук маалыматты көрсөтүүнү өзгөчө белгилешти.
Семинарга катышкан ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүн муниципалитеттеринде коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн графигин түзүп чыгышты.
Ошондой эле “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсу жарыяланды, ал катышуучуларга коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүгө көбүрөөк түрткү жана дем берди.
Семинардын аягында ЖӨБ Союзунун иши жөнүндө жана жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү үчүн мүчөлүк акы жөнүндө жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА) муниципалдык кызматчылар үчүн ведомстволук багытта квалификацияны жогорулатуу курстары жөнүндө маалымат берилди.
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун ЖӨБ органдары үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган окуунун таасирине мониторинг жүргүздү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстанда 2026-жылга карата коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу боюнча маалыматтык өнөктүк аяктады. Угуулар улантылууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ӨСИ Биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программаны коомдук талкуулоонун тең уюштуруучусу болду
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстандын делегациясы “2030-жылга чейин беш жыл: туруктуу келечек үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү” темасына арналган БУУнун Мамлекеттик кызмат форумуна катышты