Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары менен Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү

2024-09-19 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ЖӨБ органдары менен Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын 5-июлунда Бишкекте БАЖБА “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн колдоосу менен “ЖӨБ органдары менен Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү” темасында ачык талкуу өткөрдү. Иш-чаранын кошо-уюштуруучусу КРнын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана укук үстөмдүгү институту болуп, анын өкүлдөрү иш-чарага катышышты. 

Ачык талкууга Кыргыз Республикасынын 6 облусунан ЖӨБ органдарынын 20 өкүлү (жергиликтүү кеңештердин төрагалары, айыл өкмөт башчыларынын орун басарлары), БАЖБАнын жергиликтүү өнүктүрүү боюнча консультанттардын Улуттук тармагынын окутуучулары жана мүчөлөрү, ошондой эле жергиликтүү өнүктүрүү боюнча улуттук эксперттер жана БАЖБАнын башка өнөктөштөрү – жалпысынан 58 адам катышты. 

Иш-чаранын биринчи блогу БАЖБАнын ЖӨБ органдары үчүн окутуучу кызмат көрсөтүүлөрүнүн артыкчылыктарын жана пайдаларын таанытып, талкуулоого арналды. Мында БАЖБАнын окутуучулары эң көп талап кылынган 8 окуу курсу боюнча кыскача маалымат берип, катышуучулардын бардык кызыктырган суроолоруна жооп кайтарышты.

Иш-чаранын экинчи блогу ЖӨБ органдарынын БАЖБАнын жергиликтүү өнүктүрүү боюнча консультанттарынын Улуттук тармагы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого арналды. Бул блоктун иши панелдик дискуссиялар форматында өткөрүлдү, анда ЖӨБ органдары БАЖБАнын Консультанттардын улуттук тармагы менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды кантип жеңүү керектиги жөнүндө өз ойлорун, идеяларын берип, ошондой эле БАЖБА жана ЖӨБ органдары үчүн алардын ортосундагы кызматташтыкты түзүүгө жана өнүктүрүүгө жардам бере турган сунуштамаларды талкуулашты.

ЖӨБ органдары менен Консультанттардын улуттук тармагынын жана жалпысынан эле БАЖБА менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө ЖӨБ органдарынын жетекчилери төмөнкүдөй негизги сунуштарды беришти:

  • ЖӨБ органдарына адистешүүсүн жана буга чейинки консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча ийгиликтүү кейстерди көрсөтүү менен консультанттардын актуалдуу дайындар базасын берүү зарыл. Эң жакшысы – электрондук түрдө.
  • Консультанттардын ЖӨБ органдары менен жолугушуулары үчүн жер-жерлерде туруктуу аянтчаларды уюштуруу зарыл.
  • ЖӨБ органдары үчүн консультанттардын катышуусу менен коммуникациялык аянтчаларды уюштуруш керек (мессенжерлер, сайттардагы форумдар ж.б.).
  • БАЖБАнын консультациялык жана окутуу курстарынын спектрин кеңейтүү жана ЖӨБ органдарына керектүү кызмат көрсөтүүлөрдү тандоодо техникалык колдоо көрсөтүш керек (сурамжылоолор, тестирлөө ж.б.).
  • БАЖБАнын окутуу жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүн жарнамалоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик уюмдардын базасында акимдердин, ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин, окутуучулардын жана консультанттардын катышуусу менен Ачык эшик күндөрүн өткөрүү зарыл.

ЖӨБ органдарынын бардык өкүлдөрү бул иш-чараны ЖӨБ органдарынын жетекчилери катары абдан пайдалуу деп табышты. Алар алынган маалыматты өз райондорундагы ЖӨБ органдарынын калган жетекчилерине жеткирүүгө аракет кылаарын айтышты. 

 

Окшош материалы: