Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Үй-бүлөлүк зомбулук: жамааттар каршы, бирок бул көрүнүш менен кантип натыйжалуу күрөшсө болот?

2024-11-07 / Көңүл чордонунда
Үй-бүлөлүк зомбулук: жамааттар каршы, бирок бул көрүнүш менен кантип натыйжалуу күрөшсө болот?

Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору

Кыргызстанда “үй-бүлөлүк зомбулук – бул кадыресе көрүнүш” деп ачык айткан бир да адам жок. Бул жамандык менен күрөшүш керек дегенге баары макул. Бирок мамлекет, башкаруу органдары мындай фактыларды болтурбоо чөйрөсүндө иш алып барганга караганда, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары болгон учурда гана ага кыйла натыйжалуу реакция жасашууда. Бул каалоого жана мүмкүнчүлүктөргө гана байланыштуу болуп жаткан жок, бул ошондой эле үй-бүлөнүн ичинен жаралган зомбулук фактыларынын келип чыгышы менен да – ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелерге байланыштуу болуп, жынысына, жашына, социалдык статусуна жана башка көптөгөн факторлорго көз каранды. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу милдети мындай көрүнүш мүмкүн болбой калган кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн жаңы муунун тарбиялоого байланыштуу болот. Бирок, тарбия, белгилүү болгондой, жалгыз гана башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыгы боло албайт, тарбиялоого жалпы коом катышууга тийиш. Жергиликтүү жамааттар “эл эмне дейт” деген сөзгө сиңген коомдук пикирдин кубаттуу күчүн карманып, мындай жүрүм-турумга карата коомдун көз жума албаган сабырсыз мамилесин түптөп, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы турууга олуттуу салым кошо алышат.

Ноябрда дүйнө жүзү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк эл аралык өнөктүккө катышуу менен үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө назардын баарын бурууга аракет кылууда. Өнөктүккө Кыргызстан да катышып жатат. Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү маселелери менен алектенип, четте карап тура албайт жана “Муниципалитет” журналын басып чыгаруучусу катары бул санга үй-бүлөлүк зомбулук темасын, тагыраагы, адам тагдырын, үй-бүлөнү талкалаган жана бүтүндөй улуттун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген бул жамандыкка каршы кантип күрөшүү керек деген суроого жооп табууга аракет жасайт.

Бул тема үй-бүлөлүк зомбулукка каршы багытталган агартуучу иш-чаралар кандай иштээри тууралуу маалыматтарды талдоо ракурсунан каралат. Өнүктүрүү саясат институту “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн атынан 2024-жылдын жайында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын буйрутмасы менен Кыргыз Республикасында социологиялык сурамжылоо өткөрүүнү колдоп берген. Алдыдагы жергиликтүү шайлоолорго аялдардын катышуусунун маанисинен алып караганда алардын саясий укуктарын кеңейтүү маселелерине коомчулуктун мамилесин баалоо изилдөөнүн1 максаттарынын бири болгон. Сурамжылоонун алкагында аялдардын укуктарын кеңейтүүгө, инсандык өнүгүүгө, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы турууга арналган иш-чараларга жарандардын мамилеси да талданды. Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгондордун басымдуу бөлүгү аялдар экендиги жашыруун эмес (бирок бул көрсөткүч эркек курмандыктар азыраак азап чегип, көңүл сыртында кала бериши керек дегенди билдирбейт). Ошондуктан, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанисинен алып караганда, Кыргызстандын жарандарынын жоопторуна жасалган талдоо үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери менен алектенген бардык адамдарга, анын ичинде ЖӨБ органдарына жана жамааттарга ой жүгүртүүгө жем таштайт.

____________ 

1 Бул бөлүк аялдардын лидерлигине жана аялдардын башкарууга саясий катышуусун кеңейтүүгө арналган. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйрутмасы боюнча жүргүзүлгөн, жарандардын ЖӨБ органдарынын ишин жана жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуусуна арналган изилдөөнүн экинчи бөлүгү бар. Жарандардын гендердик квотага карата мамилесине арналган аналитикалык материалды журналдын буга чейинки санынан окуй аласыз.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК – БУЛ ҮЙ-БҮЛӨ “ООРУП ЖАТКАНЫНЫН” БЕЛГИСИ. КИМ “ДАРЫЛАЙТ”?

Адатта адамдар үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери катары үй-бүлөнүн ар кандай мүчөлөрүндө оор жана туруктуу стресстин пайда болуусуна көмөктөшкөн тышкы факторлорду аташат. Мындай дайыма эле боло бербесе да, чындыгында, начар жашоо шарттары, жакырчылык жана жашоодо өз ордун таба албастык зомбулуктун жайылышына көмөктөшүүдө. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстандын жарандары баалуулуктар иерархиясы карманышат, ага ылайык, пирамиданын үстүндө салттуу үй-бүлө бекем турат, мындан улам үй-бүлөнүн бакубатчылыгына багытталган бардык иш-аракеттер жамааттардын колдоосуна ээ болот. Ошондуктан, эркектер менен аялдардын салымы бирдей маанилүү жана чоң экенин баса белгилеп, үй-бүлөнүн экономикалык бакубатчылыгына ким жана кандай салым кошоорун түшүнүү маанилүү, бирок бул салым ар кандай бааланып келет. ЖӨБ органдары, активисттер, КЭУлар ар бир адамдын экономикалык салымы бар экендигин жана ал маанилүү болгонун үй-бүлөлөргө түшүндүрүүгө салым кошо алышат жана муну жасоого тийиш. Ошол эле учурда эркектер гана “табышкер” жана үй-бүлө-нүн материалдык бакубатчылыгы эркектерден гана көз каранды деген стереотиптерге каршы күрөшүү керек. Сурамжылоо көрсөткөндөй, жооп бергендердин 54% эркекти негизги “табышкер” деп эсептесе дагы, 44% үй-бүлөдө эркек да, аял да экономикалык абал үчүн бирдей жооптуу деген ишенимде. Башкача айтканда, калктын дээрлик жарымы аял экономикалык бакубатчылыкка жетүү үчүн бирдей салым кошо алат жана муну жасоого милдеттүү деп эсептейт. Бул байкоо аялдардын экономикалык укуктарын кеңейтүүнү колдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. 

Курактык топтор боюнча алып караганда, 21 жаштан 30 жашка чейинкилер кирген топ эң консервативдүү болуп чыкты, алардын арасында эркектердин экономикалык лидерлигин 64% колдойт. Улуу муундагы – 56 жаштагы жана андан улуу жарандардын арасында жөнөкөй көпчүлүк (52%) жыныстардын экономикалык теңдигин колдошот. Жарандардын азганактай гана үлүшү – 2 пайыздан азы аялдардын экономикалык лидерлигин таанууга даяр.

1-сүрөт. Үй-бүлөнүн экономикалык абалы үчүн негизги жоопкерчиликти ким алаары тууралуу Кыргызстандын жарандарынын пикирлери 

2-сүрөт. Кыргызстан жарандарынын аялдардын үй-бүлөнүн экономикалык бакубатчылыгына кошкон салымы жөнүндө пикирлери  

Эгерде кырдаалды жөнөкөйлөтө турган болсок, жыныс боюнча алып караганда, экономикалык лидерлик жөнүндө пикирлер теңме-тең болду. Бирок экономикалык лидерлик башка жыныс эч кандай салым кошпойт дегенди билдирбейт. Тескерисинче, Кыргызстандын жарандарынын басымдуу бөлүгү – дээрлик 88% жакын чөйрө-сүндөгү аялдар үй-бүлөнүн бакубатчылыгына экономикалык салым кошуп жатат деген пикирде (1-таблица). Аялдардын экономикалык салымын сурамжылоого катышкандардын 8,2% гана четке каккан. Бирок жооптордо жаш курактык топтордун көз карашында байкаларлык айырмачылыктар бар. Алсак, аялдардын экономикалык салымын четке каккандардын арасында улуу муунга караганда жаштар эки эсе көп (жаштар 14,3%, улуулар 6,6%, 1-таблица). 

1-таблица. Жакынкы чөйрөгө кирген аялдар үй-бүлөсүнүн бакубатчылыгына экономикалык салым кошот деген ырастоого  макул болгондордун саны

Кыргызстандын эли үй-бүлөнүн бакубатчылыгына аялдардын да, эркектердин да экономикалык салымын баалайт жана колдойт деген тыянак чыгарууга болот. Бул калк менен иш алып баруу үчүн жакшы негиз болуп берет.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ: ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТКАН ИШ-ЧАРАЛАР КАНЧАЛЫК ҮЗҮРЛҮҮ БОЛУП ЖАТАТ?

1920-жылдары Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу, аялдар менен эркектердин өнүгүүсү үчүн бирдей шарттарды түзүүгө көмөктөшкөн айрым бир салттар калыптанып калган. Ар бир айылда жана шаарда ушул маселелерге арналган кандайдыр бир иш-чара – чогулуш, тренинг, концерт, угуулар жок дегенде бир жолу өткөрүлгөн. Бирок сунушталган иштин түрлөрү жарандардын өзүн канааттандырабы, алар популярдуубу жана калк менен иштөөнүн бул формаларына көбүрөөк аралашууга эмнелер бут тосуп жатат? Негизинен эле адамдар мындай иш-чараларга катышууну каалашабы? 

Сурамжылоо көрсөткөндөй, калктын жарымына жакыны үй-бүлөлүк жана гендердик бакубатчылыкка байланышкан иш-чараларга катышууга кызыкдар (тагыраагы, аялдардын 55% жана эркектердин 44%). Бул калктын үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрүн жокко чыгара турган үй-бүлөлүк моделди түптөөнүн ыкмаларына жана көндүмдөрүнө кызыгуусу чоң болгонун билдирет. Бирок бир суроо туулат – бул кызыгууга жооп барбы? Башкаруу органдары жана жарандык коом зомбулук көрүнүшү болбогон үй-бүлө боюнча билимин кеңейтүүнү каалаган жарандарга, үй-бүлөлөргө жетиштүү мүмкүнчүлүктөрдү берип жатабы? Рынок экономикасынын тили менен айтканда, учурдагы суроо-талап канааттандырылдыбы? Жообу – канааттандырылган жок. Себеби, чындыгында, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы багытталган коомдук иш-чараларга катышкандыгын тастыктаган респонденттердин саны кыйла аз – аялдардын 12% жана эркектердин 8% гана. Башкача айтканда, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш-чараларга катышууну каалаган Кыргызстандын төрт жаранынын бирөө гана аларга катышат.

Бирок, деңгээлдин мындай төмөн болушунда кимдир бирөөнүн айыбы барбы же бийлик органдары жана жарандык коом көп жакшы иш алып барбай жатабы? Бул суроого жооп алуу үчүн жа-рандардын мындай иш-чараларга катышпагандыгынын себептери жөнүндөгү суроого жоопторду караш керек (эске салсак, бул аялдардын 88% жана эркектердин 92%). Калктын жарымынан азы (45%) бул суроолорду маанилүү эмес деп эсептешет, бул үчүн убакыт коротууну каалашпайт. Жарымынан көбү башка себептерди атаган. Кызыгуу бар болгонун моюнга алып, респонденттердин дээрлик төрттөн бири (23%) убакыттын жоктугун жүйө келтирген, башкача айтканда, жеке себептери бар (бардык жаш курактык топтордо жооптордун болжол менен бирдей саны).

Ал эми калктын бештен бир бөлүгү тышкы себептерди атаган. Алсак, 14% мындай иш-чараларга катышуудан уяларын айтышат, туугандары жана кошуналары айыптап же шылдыңдайт деп кооптонушат. Ошол эле учурда 30 жашка чыга электер кирген эң жаш топтун арасында мындай жооптор 30 пайыздан көп болгон.

Ал эми 9% (сурамжылоого катышкан ар бир онунчу адам) аны мындай иш-чараларга эч ким чакырбаганын белгилеген (2-таблицаны караңыз), болгондо да мындай жооптордун эң көбүн 56 жаштан жогору курактагы топ берген.

2-таблица. Эгерде сиз ушул сыяктуу иш-чараларга чакыруу алып, бирок барбай калсаңыз жана кийинки жолу да барбасаңыз,  анда буга эмне себеп? Эки негизги себебин тандай аласыз

БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ЭРКЕКТЕР ЖАНА АЯЛДАР ҮЧҮН БИРДЕЙ ЖАГЫМДУУ ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Үй-бүлөдөгү мамилелердин сапатына таасирин тийгизген маанилүү факторлордун бири болуп анын бардык мүчөлөрүнүн коомго аралашуу деңгээли, эркектер, аялдар, чоңдор жана балдар үчүн кеңири баарлашуу мүмкүнчүлүгү саналат, бул элет жергесинде физикалык параметрлерге ээ: ар кандай жыныстагы жана курактагы адамдар үчүн коомдук пайдалануудагы жайлардын, анын ичинде бош убакытты өткөрүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү жайларынын бар болушу же жоктугу. Сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, футбол талаасы, спорт аянтчасы, китепкана жана спорт зал бош убакытты өткөрүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү жайлары (жеткиликтүүлүк жалпысынан 60 пайыздан ашат) болуп саналат (4-сүрөт). 

4-сүрөт. Бош убакытты өткөрүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү жайлары тууралуу Кыргызстандын жарандарынын пикири

5-сүрөт. Респонденттердин жынысы боюнча бош убакытты өткөрүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча  кеңири жайылган жерлер жөнүндө Кыргызстандын жарандарынын пикири

Убакытты өткөрүү үчүн сунушталган жерлер аз, ал эми мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгону, ар кандай жыныстагы жана курактагы адамдар үчүн бирдей эместиги көрүнүп турат. 5-сүрөт бош убакытты өткөрүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн кеңири таанылган жерлер боюнча жоопторду көрсөтүүдө. Жалпысынан эркектерге багытталган спорттук объекттер эң жеткиликтүү экендигин байкабай коюуга болбойт.

Ал эми маданий жана социалдык өнүктүрүү объектилери (тил курстары, кызыкчылыктар боюнча ийримдер, жеке өнүгүү үчүн тренингдер, ал тургай базарлар жана соода борборлору) азыраак кездешет – болжол менен 40 жана андан аз пайызы тандаган. Жалпысынан алганда, адамдардын коомго аралашуусу жана саясий карьерасын өнүктүрүүсү үчүн инфраструктура жетиштүү өнүккөн эмес, ал эми шаарлардагы кырдаал айылдардан анчалык кескин деле айырмаланбайт.

Ошентип, сурамжылоонун жыйынтыктары адамдардын өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн жерлер жетишсиз экенин айгинелеп турат, бул көйгөй аялдар үчүн өзгөчө курч, себеби эң белгилүү коомдук жайлардын арасында да төрттөн үч бөлүгү эркектерге багытталган. Ошондой эле эң жаш жана эң улгайган жарандар аярлуу абалда, тактап айтканда, дал ушулар көбүрөөк үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болушат. Бул көйгөйдүн маңызынан алып караганда, бош убакытты өткөрүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн жайлар өзгөчө мааниге ээ, себеби үй-бүлөлүк зомбулукка сабырсыз мамиле жасоого коомду тарбиялоо биринчи кезекте социалдык баарлашуу процессинде болот, бул жерлер болмоюнча бул ишке ашпайт, ал эми электрондук аянтчалар алардын ордун алмаштыра албайт. Мындай эс алуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү жерлерин – коомдук мейкиндиктерди түзүү – ЖӨБ органдары жана жарандык коом үчүн ишке ашырууга боло турган жана аткарылчу милдет. 

6-сүрөт. Бош убакытты өткөрүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү жайларынын жеткиликсиз деңгээли

 

Окшош материалы: