Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Окуу сапарлары кесипкөй жамааттарды түзөт: биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мисалы
Султан МАЙРАМБЕКОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультанты, ӨСИ; Джамиля АРБАНАЛИЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун 2-компонентинин координатору, ӨСИ
“Мен жарандардын катарынан кошулган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү – бул жалпы жамааттын бакубатчылыгы үчүн акысыз иштеген башкаруу органдарынын командасынын мүчөлөрү экенин түшүндүм”, – деди Кара-Суу жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Нурлан КОЧКОРБАЕВ.
Өз ишинин (жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагында) натыйжалуулугуна кандайдыр бир баалоо жүргүзүүгө дээрлик дайыма убактысы тартыш болгон ЖӨБ органдарынын колу такыр бошобой жатканын эске алуу менен, активисттерден, кеңешчилерден турган “колдоо тобу” канчалык маанилүү экендиги талашсыз. Кыргызстанда мындай топторду – биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун (мындан ары – БМжБ топтору) түзүү жана иштөө тажрыйбасы эбак эле жолго салынган. БМжБ топторунун иши адатта ыктыярчылык мүнөзгө ээ (ыктыярдуу түрдө акы төлөнбөгөн иш) жана бул топтун мүчөлөрү үчүн алардын иши ак ниеттүүлүктүн белгиси болуп саналат жана алар бардык ишти акысыз жасашат.
БМжБ топторунун бардык мүчөлөрү сыяктуу эле ЖӨБ органдары да калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатына туруктуу мониторинг жүргүзмөйүнчө, алардын иши жетиштүү натыйжалуу болбой калышы мүмкүн экендигин түшүнүп турушат. Айыл тургундары аймактарда эмне болуп жатканын, кызматтар канчалык сапаттуу көрсөтүлөрүн билиши керек экенин баары түшүнөт. Анын үстүнө ЖӨБ органдарынын иши жөнүндө маалымат так, жеткиликтүү, өз убагында берилиши керек. Бардык алынган сунуштамалар, сунуштар, кайтарым байланыш ЖӨБ органдарына жетүүгө тийиш.
Эгерде ЖӨБ органдары менен тургундардын ортосунда маалымат алмашуу болбосо, конструктивдүү баарлашуу жана кызматташуу жолго коюлбаса, бул түшүнбөстүктөргө, чыңалууга, ал тургай чыр-чатактарга да алып келиши мүмкүн. Ал эми мындай учурда “ортомчулардын” ролун БМжБ тобу аткарат. Ошондуктан, БМжБ топторунун функциялары жана ишинин түрлөрү ченемдик базада сүрөттөлгөнү менен, иш жүзүндө кененирээк, көп түрдүү болуп, ишти уюштуруунун усулдары жана чоо-жайы менен айырмаланышы ыктымал. Жамааттардын жана алардын БМжБ топторунун көп түрдүүлүгүн эске алганда, ар кандай муниципалитеттердин БМжБ топторунун ортосунда тажрыйба алмашуу пайдалуу болчудай.
БМжБ ТОПТОРУНУН ОРТОСУНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ САПАРЛАРЫ ЭМНЕ ҮЧҮН ЗАРЫЛ?
Мындай сапарлар күчтүү адистердин санын көбөйтүүгө, алардын көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн ар тараптан өнүктүрүүгө, кесиптештердин ортосунда ишенимди бекемдөөгө, ЖӨБ органдарынын ортосунда кызматташтыкты жөнгө салууга, ошондой эле активисттерди ЖӨБ органдарынын ишине тартууга мүмкүндүк берет.
Адатта, БМжБ топторунун мүчөлөрүнүн арасында көптөгөн жакшы адистер, тигил же бул иш боюнча эксперттер бар, алар башкаларга көп нерселерди үйрөтө алышмак, өз ой-пикири, көндүмдөрү менен бөлүшө алышат.
Тажрыйба алмашуу сапарларынын жардамы менен көп чыгымды талап кылган иш-чаралардын жана семинарлардын санын кыскартууга, финансылык ресурстарды үнөмдөөгө болот. Тажрыйба алмашуу ошондой эле социалдык байланыштарды чыңдоого жардам берет, эгерде пайдалуу болсо БМжБ башка топтордон идеяларды жана тажрыйбаларды өздөштүрүп, консультациялык жардам көрсөтүү үчүн башка муниципалитеттин өкүлдөрүн менторлор катары чакырышат. Туруктуу негизде тажрыйба алмашуу БМжБ топторуна жана ЖӨБ органдарына коммуникация көндүмдөрүн жакшыртууга жана эксперттик компетенттүүлүктү жогорулатууга, коомдук колдоого ээ болууга, ал тургай инвестицияларды тартууга жардам берет.
2024-жылдын сентябрында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын пилоттук муниципалитеттеринин БМжБ топтору үчүн тажрыйба алмашуу максатында Ысык-Көл облусуна сапар уюштурду. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (МКЖӨБМА), Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү катышты.
Иш сапардын практикалык бөлүгү Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн БМжБ тобунун иши жөнүндө маалымат берүүдөн башталды. Жалпысынан, 2024-жылдын башынан бери Ысык-Көл айылдык аймагынын БМжБ тобу 10 мониторинг иш-чарасын жүргүзүп, 10 акт түзүп, мониторингдин жүрүшүндө аныкталган кемчиликтер боюнча 5 сунуш берген. Ушул тапта сунуштарда көрсөтүлгөн бардык кемчиликтер четтетилди.
Сапардын катышуучулары дем берүүчү гранттын эсебинен 4 миллион сомго толук ремонт жасалып жаткан Маданият үйүндө болушту. МжБ тобу менен сапардын катышуучулары коридордун полунун боёгу жана Маданият үйүнүн бөлмөлөрүнүн боёктору бири-биринен айырмаланарын аныкташты. Бөлмөлөрдүн биринде пол начар боёлуп, эски боёк өчүрүлгөн эмес экен. БМжБ тобу дубалдарды актоо жана сырдоо сунуштарын берген. Натыйжада, Ысык-Көл айылдык аймагынын БМжБ тобу тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары менен бирге акт түзүштү, бул актта көргөндөрүн сүрөттөп, төмөнкүдөй сунуштарды беришти: 1) Маданият үйүндөгү бөлмөлөрүнүн бириндеги эски боёктун катмарын кырып тазалап, полду кайра боёп чыгыш керек; 2) дубалдарды дагы бир жолу боёш керек. Ошондой эле катышуучулар “Таза Мурас” муниципалдык ишканасынын иши тууралуу маалымат алышты. МИнин директору ЛИХОБАБИНА И. М. ишкана кантип түзүлгөндүгү, жумуш кандай жүрүп жаткандыгы, тарифтер кандай эсептелгендиги, кандай кызмат көрсөтүүлөр бар экени (КТКны чогултууну жана ташып чыгууну уюштуруу, калкты ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды башкаруу) жөнүндө айтып берди.
Кыздар үчүн волейбол аянтчасынын курулушу тажрыйба алмашуу сапарынын кийинки объектиси болуп калды. Бул курулуштун демилгечилери жана демөөрчүлөрү – Михайловка айылынын мигранттары. Объектке барган маалда полго бетон төшөө иштери жыйынтыкталып, темир тирөөчтөр жана тосмо торлор орнотулуп калган экен. Топтун сунуштары: 1) волейбол талаасынын тегерегине таманташ төшөө; 2) көрүүчүлөр жана күйөрмандар үчүн отургучтарды орнотуу.
Ушул өңдүү экинчи сапар БМжБ топторунун, МКЖӨБМАнын, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү үчүн уюштурулду – алар Ош облусунун Өзгөн районунда болушту.
Мындай сапарлардын маанилүү бөлүгү бар: анын жүрүшүндө жыйынтык чыгарылат жана иш-чаранын катышуучулары өз таасирлери, көргөндөрү жана уккандары жөнүндө пикирлери менен бөлүшүшөт, ал эми ар бир катышуучу ага эмне жакканын, эмнеси жакпай калганын, эмнелер ал үчүн жаңы болгонун, эмнелерди өздөштүрүп, өз муниципалитетинде киргизүүгө боло тургандыгын белгилейт. Мындай талкуулар учурунда кийинки тажрыйба алмашуу иш-чараларынын идеялары жаралат, кесиптештер бири-бирин конокко чакырышат.
Программага ЖӨБ органдарынын ишин жакшыртуучу тажрыйбалардын чыныгы мисалдары менен таанышуу киргизилгенде, окуу сапарлары катышуучулардын дүйнө таанымын өзгөчө кеңейтет. Ийгиликтүү тажрыйбалар ЖӨБ органдарына инвестицияларды тартууга, ЖӨБ системасындагы өзгөрүүлөргө көз салууга, тажрыйбаны өздөштүрүүгө жана аны өз ишинде колдонууга, ошондой эле “трендде болууга” жана өз жетишкендиктери жөнүндө башка платформалардан мүмкүн болушунча көбүрөөк билдирүүгө, аймактык кызматташтыкты жолго коюуга жардам берет.
Мындай окуу сапарлары катышуучу-конокторго гана эмес, катышуучу-уюштуруучуларга да пайда алып келет, себеби мындай сапарлар аларга башкаларга таанылып, өз иши жөнүндө маалымдоого, өз муниципалитетинин аброюн, калктын ишенимин жогорулатуу жаатында жакшы жыйынтыктарга жетишүүгө жардам берет. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Каркыра жана Садыр Аке айылдык аймактарынын БМжБ топторунун мүчөлөрү “Ынтымак жумалыгы – тынчтыкты куруу маселелери” платформасына чыгып, өздөрүнүн тажрыйбаларын тараптардын кеңири чөйрөсүнө тартуулап, ийгиликтүү тажрыйбалары, алынган сабактар, кандайдыр бир кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун мисалдары менен бөлүшүштү.
Тажрыйба алмашуу сапарлары ошондой эле кесипкөй чөйрөнү түзөт, себеби таанышкандан кийин кесиптештер кызыкчылыктар боюнча онлайн тайпаларга (WhatsApp, Telegram) кошулуп, ишке байланыштуу мамилелерди улантышат. Мындай иш-чаралардын сапаттуу программасы БМжБ топторунун мүчөлөрүн шыктандырып, кесиптик чеберчиликти өнүктүрүүгө дем берип, жумушка, атүгүл жашоого болгон мамилесин кайрадан карап чыгууга түрткү болуп, ошондой эле ыктыярчылык иш-аракеттерден эмоционалдык канааттануу тартуулайт!
ТҮЗ СӨЗ
Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн БМжБ тобунун мүчөсү Бакай КАЛМАТОВ: “ЖӨБ органдарынын калкка кызмат көрсөтүүлөрү элдин каражатына жасалат, ошондуктан жарандар алардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жөнүндө көз карандысыз маалымат алууга укуктуу. Мында мониторинг иш-чаралары жардамга келет”.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн БМжБ тобунун мүчөсү Нургүл СУЛАЙМАНОВА: “Мониторингдик топтор азыркы учурда канча сапаттуу кызматтар көрсөтүлүп жатканын, инфраструктуралык долбоорлор кандайча ишке ашырылып жатканын билиш керек. Иш жүзүндө БМжБ топтору өтө керек болгонуна жана маанилүү экенине көзүбүз жетти”.
Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн БМжБ тобунун жетекчиси Ислам КАНЫБЕК уулу: “Таза Мурас” муниципалдык ишканасынын иши өзгөчө таасир калтырды! “Таза Мурастын” бухгалтерин бизге ментор, консультант катары чакырууну ойлонуп жатам, ал бизге муниципалдык ишканабыздын ишин жакшыртууга жеринде жардам бере алмак”.
Окшош материалы:
-
№10 (156) / 2024-11-07 Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери: жаңы иш шарттары олуттуу көлөмдөгү билимди талап кылат
-
№10 (156) / 2024-11-07 Швейцария Өкмөтү Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүүсүн улантууда: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жаңы фазасы башталды
-
№10 (156) / 2024-11-07 102 000 жаран үчүн 43 кызмат көрсөтүү: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелеринде ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүүнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарды
-
№9 (155) / 2024-09-19 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: “Бирдиктүү терезе”, муниципалитеттер аралык кызматташуу жана “Оймо Биллинг” системасы
-
№9 (155) / 2024-09-11 “Теңге тең” платформасы: маалымат, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жана аларды кантип башкарыш керек
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-27 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: муниципалитеттер аралык кызматташтык “АТР сынагын” ийгиликтүү тапшырууда, ал эми аярлуу топтор үчүн инклюзивдүү кызмат көрсөтүүлөр ийкемдүү боло баштады
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-27 Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга окутуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдарынын жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарына жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-26 “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жарандарга керектүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө кошкон салымы