Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БАЖБА жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
Бишкекте Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы менен КРнын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен жергиликтүү кеңештердин ортосундагы өз ара байланышты күчөтүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Тактап айтканда, бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты:
- билим берүү курстарын, конференцияларды, тегерек столдорду, тренингдерди жана семинарларды өткөрүүнү кошо уюштуруу жана катышуу;
- биргелешкен тренингдерди жана квалифика-цияны жогорулатуу курстарын өткөрүү;
- өз ара кызыкчылык туудурган темалар боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жана долбоорлорду өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;
- илимий, коомдук уюмдар жана эксперттик коомчулук менен кызматташуу;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңеш-теринин депутаттарынын квалификациясын жогорулатууга жана сапаттуу окутууга багытталган башка иш-чараларды уюштуруу.
Меморандум төрт жылга түзүлүп, бул убакыт аралыгында тараптар ошондой эле кызматташуу чөйрөсүнө тиешеси бар жана өз ара кызыкчылык туудурган маалыматтар менен алмашып турушат; алгылыктуу санариптик долбоорлорду биргелешип иштеп чыгышат жана Кыргыз Республикасында санариптик трансформацияны жана маалыматтык технологиялар долбоорлорун өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн шарттарды түзүшөт.
Окшош материалы:
-
№11 (157) / 2024-12-02 БАЖБА жана санариптештирүү: Академиянын өкүлдөрү Кошумча билим берүүнүн 1-форумуна катышты
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жарандык коомдун уюмдарынан “Ачык Ош” жумушчу комитетинин мүчөлөрү катарыбызга кошулду!
-
№11 (157) / 2024-12-02 Шайыбек ата айыл өкмөтү – “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жеңүүчүсү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Экономика жана коммерция министрлиги менен Өнүктүрүү саясат институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду
-
№11 (157) / 2024-12-02 Эксперименталдык изилдөөлөр реформалардын натыйжалуулугун текшерүүдө: Кыргызстандын эл аралык аренадагы тажрыйбасы
-
№11 (157) / 2024-12-02 “Махалла жетилигинин” күчү. Өнөктөштүктүн жетекчилери Өзбекстандагы кесиптештери менен ЖӨБдү өнүктүрүү тажрыйбалары менен бөлүшүүдө
-
№10 (156) / 2024-11-07 БШК жана Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү шайлоолордо Кыргыз Республикасынын жарандарынын гендердик квотага карата мамилеси тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№9 (155) / 2024-09-19 КЭУларды кирешелер эмес, ... чыгашалар туруктуу кылууда. “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү чек араларын кеңейтүүдө: Өзбекстандын КЭӨЭУлары үчүн тренинг