Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештердин болочок депутаттарын окутуу: ЖДКЖ долбоорунун колдоосунун жыйынтыктары жана келечеги

2024-12-02 / Көңүл чордонунда
Жергиликтүү кеңештердин болочок депутаттарын окутуу: ЖДКЖ долбоорунун колдоосунун жыйынтыктары жана келечеги

Салия АКУЛОВА, БАЖБАнын долбоорлор боюнча менеджери

2024-жылдын октябрында Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен (долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарып келатат) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 110 аял талапкер үчүн тренингдердин сериясын уюштурду. Бул иш-чаралар Кыргызстанда 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында өткөрүлдү. 

Аялдар Кыргызстандын калкынын жарымын түзөт, бирок алардын өзгөчө жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусу чабал бойдон калып жатат. ЖӨБдө аялдардын позициясын бекемдөө – бул адилеттикке гана тиешелүү маселе эмес, бул ошондой эле натыйжалуу башкаруу маселеси да болуп саналат. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, аялдарды жергиликтүү өнүгүүгө тартуу башкаруунун сапатын жакшыртат, аны ачык-айкын кылат жана калктын ар кандай топторунун кызыкчылыктарын эске алат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер аялдарды окутуу – инклюзивдүү коомду түзүүгө карай ташталган маанилүү кадам, мындай коомдо ар бир добуш мааниге ээ болот, ал эми жергиликтүү бийлик органдары бардык жашоочулардын кызыкчылыктарын чагылдырып турушат.

Программа Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында үч жолу эки күндүк жана эки жолу бир күндүк тренингдерди камтыды. Катышуучулар жеке шайлоо пландарын иштеп чыгуунун үстүндө иштешти, шайлоочулар менен байланыш түзгөндү жана өз программаларын натыйжалуу сунуштаганды үйрөнүштү. Окуу форматтары ар кандай болду: интерактивдүү лекциялардан баштап, ролдук оюндарга жана топтук талкууларга чейин болду.

Бул окуулар талапкер аялдардын квалификациясын жогорулатуу жана инклюзивдүү саясий мейкиндикти түзүү боюнча коомдун суроо-талаптарына өз убагында жооп болуп калды. Бул иш-чаралардын негизги максаты – аялдарды шайлоого ийгиликтүү катышууга даярдоо, ошондой эле аларды жергиликтүү кеңештерде андан ары жигердүү иштөө үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөр менен камсыз кылуу.

Окуу программасы темалардын кеңири тизмесин камтыды. “Депутаттардын укуктары жана милдеттери” деген теманын алкагында катышуучулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдык негиздерин, анын ичинде шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр менен тааныша алышты. Үгүт өнөктүгүнө даярдануу темасын түшүндүрүп жатып, тренерлер үгүт стратегиясын кантип түзүш керектигин, максаттуу аудиторияны кантип аныктап, натыйжалуу үгүт иштерин кантип уюштурса болоорун түшүндүрүштү. Шайлоо процессинде катышуучуларга лидерлик жана коммуникация көндүмдөрү өзгөчө керек болот, ошондуктан катышуучулар команданы башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле шайлоочулар менен натыйжалуу байланыш түзүүгө, анын ичинде социалдык тармактар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурушту. Катышуучулар Facebook, Instagram жана WhatsApp сыяктуу социалдык тармактар жана мессенджерлер үчүн сапаттуу контентти даярдаганды жана шайлоочулар менен иштешүү үчүн ушул платформаларды колдонгонду үйрөнүштү. Практикалык сабактарга өзгөчө басым жасалды. Катышуучулар шайлоо алдындагы программалардын долбоорлорун даярдап, эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүн өздөштүрүштү, ал эми ролдук оюндардын форматы теорияны практикада колдонууга көмөктөштү.

Катышуучулардын кайтарым пикирлерине жасалган талдоо көрсөткөндөй, семинарлардын мазмуну да, уюштуруучулук өңүтү да жогору бааланган:

  • маалыматтын пайдалуулугу жана актуалдуулугу: катышуучулардын 100% берилген маалыматтын пайдалуулугун, семинар алардын үмүтүн актап, керектөөлөрүн канааттандыра алгандыгын белгилешти;
  • билим кошулду: тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулардын билиминин орточо деңгээли 40 пайызга көбөйгөн,
    бул болсо окутуу методикасы ийгиликтүү болгонун тастыктайт;
  • практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү: катышуучулар шайлоо алдындагы өнөктүктөрдүн жеке пландарын иштеп чыгып, өз программаларын ишенимдүү тааныштырып, шайлоочулар менен диалог жүргүзгөндү үйрөнүштү. Бул көндүмдөр аларга шайлоого натыйжалуу катышууга мүмкүнчүлүк берди.

Катышуучулар тренерлердин ишин жана темалардын актуалдуулугун жогору баалашты. Семинардан кийин алынган көптөгөн оң пикирлер аялдардын саясий турмушка катышуусун күчөтүү, тилектештикти жана өз ара колдоону өнүктүрүү үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Мисалы, көпчүлүк катышуучулар тренинг жаңы билимди гана бербестен, ошону менен бирге өз күчүнө болгон ишенимди бекемдегенин да белгилешти. Катышуучулардын пикирлери мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса көрсөтүүдө.

  • “Тренинг мага алдыга умтулууга түрткү берди. Мен шайлоо алдындагы программаны түзгөндү жана аудиториянын алдында ишенимдүү сүйлөгөндү үйрөндүм”. Айзада ТӨЛӨГӨНОВА, Жалал-Абад облусу, Ноокен району. 
  • “Абдан пайдалуу тренинг болду. Мен азыр шайлоо процессин жакшыраак түшүнүп калдым жана шайлоого катышууга даярмын”. КАДЫРБАЕВА Мария, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району. 
  • “Бул тренингден мен шайлоочулардын муктаждыктарына багыт алган үгүт иштерин даярдоо канчалык маанилүү болгонун түшүнүп калдым”. ИСМАИЛОВА Айнура, Талас облусу, Бакай-Ата району. 

Семинарлардан кийин катышуучулар өзүнүн шайлоо өнөктүгүнө даярданып, өткөрүүнүн жүрүшүндө ментордук колдоо алышты.

Жеринде барып өткөрүлгөн семинарлардан тышкары 300дөн ашык аял-талапкерге түрдүү темадагы 15 онлайн-консультация өткөрүлдү: шайлоочулардын муктаждыгын аныктоо, шайлоо алдындагы платформаны, санарип коопсуздугун иштеп чыгуу, шайлоочулар менен сүйлөшүү ж.б.    

Тренингдер көрсөткөндөй, депутаттыкка талапкер аялдарды окутуу – бул алардын укуктук сабаттуулугун жана лидерлик жөндөмдөрүн жогорулатуунун ыкмасы болгондон тышкары, ошондой эле аялдардын өлкөнүн саясий турмушуна жигердүү катышуусунун өзөгүн түзүүнүн натыйжалуу жолу. Тренингдер катышуучуларга өз аймактарында өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болуу үчүн билим бергенден тышкары, аларды абдан шыктандырды.

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен аялдардын жергиликтүү жамааттарды башкарууга жана өнүктүрүүгө катышууга умтулуусун колдой бермекчи, себеби ар бир мындай демилге – бул Кыргызстандын инклюзивдүү келечегине салым.

Шайлоодон кийин долбоордун алкагында буга чейин шайланган жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарын колдоого өзгөчө көңүл буруу пландаштырылып, төмөнкү иш-чаралар каралды:

  • Билим берүүчү тренингдер жана семинарлар. 2025-жылы 120 аял депутат үчүн жергиликтүү кеңештин уюштуруучулук-укуктук жана финансылык негиздери, ченем жаратуу жана стратегиялык пландаштыруу боюнча курстар өткөрүлөт.
  • Жергиликтүү деңгээлде тармактарды түзүү. Ар бир райондо аял депутаттардын жамааттар менен байланышын күчөтүү үчүн активист аялдардан жана жергиликтүү лидерлерден турган колдоо топтору түзүлөт.
  • Тажрыйба алмашуу. Башкаруунун ийгиликтүү тажрыйбаларын изилдөө жана аялдарды жергиликтүү процесстерге тартуу үчүн райондор аралык тажрыйба алмашуу сапарлары уюштурулат.
  • Ченем жаратуу. Депутат аялдар жамааттардын турмушун жакшыртууга багытталган демилгелерди даярдап, аларды жергиликтүү кеңештердин жыйындарынын күн тартибине киргизгенди үйрөнүшөт.
  • Туруктуу байланыш жана консультация. Тажрыйба алмашуу жана учурдагы милдеттерди талкуулоо үчүн депутаттардын туруктуу жолугушуулары чечим кабыл алуу процесстерине катышууга натыйжалуу ыкманы иштеп чыгууга жардам берет. 

 

Окшош материалы: