Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Экономика жана коммерция министрлиги менен Өнүктүрүү саясат институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

2024-12-02 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Экономика жана коммерция министрлиги менен Өнүктүрүү саясат институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин (ӨСИ) ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документке экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро СЕЙИТОВ жана ӨСИнин башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА кол коюшту.

Меморандумдун негизги максаты – мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү, аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелеринде өнөктөштүктү бекемдөө.

Макулдашуунун алкагында тараптар төмөнкүлөрдү пландаштырууда:

  • шаарлардын жана айылдык аймактардын экономикалык дараметин жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди иштеп чыгып, ишке ашыруу;
  • жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин туруктуу өсүшүн колдоо жана аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
  • мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы эриш-аркак ишти жолго салуу үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо.

“Биз Өнүктүрүү саясат институту менен биргелешкен иш аймактарды өнүктүрүү, жерги-ликтүү экономикалык өнүгүү жана калкка көрсө-түлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу жаатында маанилүү жыйынтыктарга жетишүүгө жардам берерине ишенебиз”, – деди министрдин биринчи орун басары Чоро СЕЙИТОВ.

Надежда ДОБРЕЦОВА кол коюлган Меморандум мамлекеттин, жарандык коомдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы диалог үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, башкаруу системасында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого жана Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи: “Биз министрлик менен көптөн бери иштешип келатабыз, өз ара түшүнүшүп, жергиликтүү жамааттардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган реформаларга колдон келген колдообузду көрсөтүүдөбүз. Экономика жана коммерция министрлиги ачыктыктын, кызматташуунун, тараптардын ар кандай ресурстарын жана салымдарын жалпы бакубатчылык үчүн натыйжалуу пайдалануу жөндөмүнүн мыкты үлгүсүн көрсөтүүдө. Бүгүн Меморандумга кол коюу – биз үчүн символикалык жана жооптуу учур, бул, бир жагынан, ӨСИни жарандык коомдун атынан министрликтин өнөктөшү катары таануу дегенди билдирет, экинчи жагынан – биздин ишибиздин жыйынтыгы үчүн мурдагыдан дагы көбүрөөк жоопкерчиликти жүктөп жатат”.

2025-жылга тараптардын планында: “Жалпыга маалымдоо каражаттарында КРнын аймактарынын келечегинин образын түзүү” маалыматтык-коммуникациялык өнөктүгүн биргелешип өткөрүү; аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун жеткире иштеп чыгуу жана сүрөө; райондордун жана ЖӨБ органдарынын деңгээлинде пландоонун жана божомолдоонун жаңы системасын киргизүүнүн алгачкы жыйынтыктары жөнүндө конференция өткөрүү (СЭӨП жаңы методикалары); жергиликтүү жамааттын демилгелерин ишке ашыруу тартибин жана башка аракеттерди жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды даярдоодо ЖӨБ органдарына көмөк көрсөтүү өңдүү иш-аракеттер каралган. 

 

 

Окшош материалы: