Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Шайыбек ата айыл өкмөтү – “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жеңүүчүсү
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын 15-ноябрында “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жеңүүчүлөрүн тандоо боюнча комиссия конкурстун жыйынтыгын жарыялады. Бул конкурс “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын (мындан ары – Өнөктөштүк) алкагында өткөрүлгөн.
Маалыматка ылайык, курамына жети адам кирген конкурстук комиссия ЖӨБ органдарынан түшкөн 30 (отуз) өтүнмөнүн ар бирин карап чыгып, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп таанылсын:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Шайыбек ата айыл өкмөтү, 300 000 сомдон ашпаган суммага байге ыйгаруу менен – 1-орун;
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтү, 250 000 сомдон ашпаган суммага байге ыйгаруу менен – 2-орун;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү, 200 000 сомдон ашпаган суммага байге ыйгаруу менен – 3-орун.
Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 75 000 сомдон ашпаган суммага шыктандыруучу байгелер берилсин:
-
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтү;
-
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтү;
-
Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтү;
-
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл өкмөтү;
-
Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү;
-
Кемин шаарынын мэриясы;
-
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөтү;
-
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтү;
-
Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтү;
-
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтү;
-
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айыл өкмөтү;
-
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтү;
-
Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү;
-
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл өкмөтү.
Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 65 000 сомдон ашпаган суммага кызыктыруучу байгелер берилсин:
- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айыл өкмөтү;
- Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Эргеш Алиев айыл өкмөтү.
“Өнөктөштүк конкурстун жеңүүчүлөрү менен байге каражаттарын пайдалануу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Байге каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга арналган товарларды сатып алууга жумшалса болот. Мисалы, калк менен маалымат алмашууну жакшыртуу үчүн жабдууларды (үн күчөткүчтөр (колонкалар), микрофондорду; суу менен камсыздоо, таштанды чогултуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу чөйрөсүндө иш алып барган муниципалдык ишканаларды кошо алганда муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн жабдууларды; муниципалдык мекемелер (мектептер, бала бакчалар, музыкалык жана спорттук мектептер) үчүн жабдууларды; жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын катышуусун жогорулатуу үчүн жабдууларды жана шаймандарды сатып алууга болот. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Өнөктөштүктүн сатып алуулар жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт, ал эми товарлар кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча берилет”, – деди Азамат МАМЫТОВ, Өнөктөштүктүн жергиликтүү ресурстар боюнча адиси.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Практика менен илим күч-аракеттерин бириктирүүдө: ӨСИ жана КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө


















