Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (159) 30 Январь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана жергиликтүү өнүгүү процесстеринин мамлекеттик эмес катышуучулары менен 2025-жылга пландарды талкуулады

2025-01-30 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
“КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана жергиликтүү өнүгүү процесстеринин мамлекеттик эмес катышуучулары менен 2025-жылга пландарды талкуулады

Бегимай КУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коммуникациялар боюнча координатору

2024-жылдын 27-ноябрында “Орион” мейманканасында “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн Координациялык сессиясы өттү. Бул сессияда 2025-жылга пландар жана ЖӨБдү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери: жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата программасын андан ары ишке ашыруу; жеринде кызмат көрсөтүүнү жакшыраак уюштуруу үчүн шаарларды, ЖӨБдүн элеттик органдарын жана муниципалдык ишканаларды өнүктүрүүнү колдоо; жер мунапысы, жер фондун инвентаризациялоо, жарандардын ЖӨБгө катышуусу өңдүү маселелер талкууланды. Координациялык сессияны Өнөктөштүктүн1 атынан Өнүктүрүү саясат институту уюштурду.

Координациялык сессияны КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген БАЗАРБАЕВ ачты. Директор жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана жергиликтүү жамааттардагы жашоо шарттарын өркүндөтүү боюнча көп тараптуу аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өнөктөштүк 2024-жылы иштешкен мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү узап бараткан жылдагы кызматташтыктын жыйынтыктарына кыскача токтолуп, өнүгүү процесстеринин бардык катышуучуларынын мындан аркы координацияланган күч-аракеттерин талап кылган сунуштарын беришти.

2024-жылы Өнөктөштүк жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана аймактарды өнүктүрүү; муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын дараметин жогорулатуу; жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу; жергиликтүү өнүгүү жаатында Борбордук Азия өлкөлөрү менен тажрыйба алмашуу чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына колдоо көрсөттү.

Тактап айтканда, Өнөктөштүк 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын демилгелерин мамлекеттен субсидиялоо программасын (кабыл алынды) жана 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын (долбоордо) иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине (КР ЭКМ) колдоо көрсөттү. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоонун жаңы методикалары жөнүндө билимди жайылтуу максатында Өнөктөштүктүн мүчөлөрү биргелешкен күч-аракеттер менен ЖӨБ органдарынын 1147 өкүлүн окутушту. Ошондой эле окуулар ЖӨБ органдарынын, жергиликтүү кеңештердин кызматкерлеринин, депутаттардын жана жамааттын ичинен 2780 адам үчүн өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын жана КР ЭКМнын буйрутмасы менен Өнөктөштүк жергиликтүү кеңештерди шайлоодо калктын гендердик квотага карата мамилесин, мамлекеттик жана ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жарандардын канааттануу деңгээлин изилдеп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин буйрутмасы менен Өнөктөштүк республиканын 244 муниципалитетинде 1020 айыл башчыны окутууга колдоо көрсөттү.

Өнөктөштүктүн мүчөлөрү ЧУА долбоорлоруна экспертиза жүргүзүшөт (2024-жылы 163 корутунду берилди); ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө, анын ичинде биргелешкен аракеттерге дем  берүү аркылуу колдоо көрсөтүп келишет. Алсак, 2024-жылы 13 ЖӨБ органы жана жарандардын 37 тобу социалдык маселелерди чечүүдө жана жашоо сапатын жогорулатууда байгелерди жана жардамдарды алышты. Өнөктөштүктүн катышуусу менен беш облуста 18 райондук жергиликтүү кеңештин аял депутаттарынын клубу түзүлүп, учурда иштеп жатат. Өнөктөштүктүн мүчөлөрү 10 WhatsApp-тайпада ЖӨБ органдарына туруктуу негизде консультация берип турушат – ушуга чейин 700дөн ашык консультация жана сунуштама берилди.

Жергиликтүү өнүгүү жөнүндө билимдерди жайылтууга салым кошуу менен Өнөктөштүк Улуттук Урбан-Форумдун кошо-уюштуруучусу болду, “Муниципалитет” журналын басып чыгарып, жайылтууда, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталын иштетип келатат.

2025-ЖЫЛГА ӨНӨКТӨШТҮКТҮН ПЛАНДАРЫ

2025-жылы Өнөктөштүктүн катышуучулары үч негизги багытта ишин улантышат. “Улуттук деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн шарттарды жакшыртууда маалыматтык-агартуу иши жана мамлекетти колдоо” деп аталган биринчи багыттын алкагында ЖӨБ Союзу жана ӨСИ мамлекетке ЖӨБдү өнүктүрүү программасын аткарууга; ченемдик укуктук актыларга экспертиза жүргүзүүгө; ЖӨБ Союзунун парламенттик угууларга катышуусу жана КР Финансы министрлиги менен кызыкчылыктарды макулдашуу протоколуна кол коюу аркылуу бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүүгө жардам берет. Ошондой эле Өнөктөштүктүн мүчөлөрү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча кеңештердин, комиссиялардын, жумушчу топтордун ж.б. иштерин колдоону уланта беришмекчи.

Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын) окутуунун өнүгүп жаткан системасы Өнөктөштүктүн катышуучуларынын көңүлүн жана колдоосун талап кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана аймактарды өнүктүрүүгө кызыкдар болгондордун баары көбүрөөк маалымат алышат. Алсак, ӨСИ Дүйнөлүк банк менен биргеликте аймактарды өнүктүрүүнү пландаштыруу жана башкаруу системаларын түзүү жөнүндө улуттук конференцияны өткөрөт (EGED программасынын алкагында); ӨСИ КР ЭКМга калк үчүн аймактарды өнүктүрүү боюнча маалыматтык өнөктүктү өткөрүүгө жардам берет (журналисттер менен чай үстүндө баарлашуулар, видеороликтер, аймактарда жолугушуулар ж.б.) (EGED программасынын алкагында).

“Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү үчүн ЖӨБ органдары жана жарандар менен жергиликтүү деңгээлде иш алып баруу” деп аталган экинчи багыттын алкагында ЖӨБ Союзу жана өнөктөштөр ЖӨБ органдарына туруктуу консультациялык колдоо көрсөткөн өкүлдөр аркылуу облустардагы иштерди активдештирет; ЖӨБ Союзу өз мүчөлөрү үчүн бирикменин иши жөнүндө маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрөт; БАЖБА жергиликтүү өнүгүү боюнча консультанттар тармагын өнүктүрүүнү уланта берет.

ӨСИ ЖӨБ органдарына башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө жардам берет, бул үчүн бюджеттер аралык мамилелер боюнча интенсивдүү адвокациялык семинарды уюштурат; республикалык бюджеттен жергиликтүү демилгелерди каржылоо механизмин киргизүү процессинде ЖӨБ органдарына техникалык көмөк көрсөтөт. Коомдук бюджеттик угуулардын жана жергиликтүү демилгелердин конкурстары аркылуу жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга дем берүү; кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча ЖӨБ органдарынын күч-аракеттерин кошо каржылоону камсыз кылуу (Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосунда Helvetas жана ӨСИ уюмдары ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагындагы гранттык программа) маанилүү милдет бойдон кала берүүдө. 

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусун кеңейтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу милдети мурдагыдай эле жогорку артыкчылыкка ээ, ошондуктан ӨСИ USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун ийгиликтүү иш тажрыйбасын колдоп, жалпылап, андан ары жайылта бермекчи; “Жергиликтүү деңгээлде Ачык Өкмөт” (OGP Local) демилгелерин ишке ашырууда Бишкек жана Ош мэрияларына жардам берет; КР Финансы министрлигине коомдук бюджеттик угуулардын өнөктүгүн өткөрүүгө колдоо көрсөтөт, ал эми райондук деңгээлде Координациялык кеңештерди (СЭӨП) түптөөгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

БАЖБА муниципалдык кызматчыларды жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын туруктуу окутуп, тренингдерди, тажрыйба алмашуу боюнча сапарларды өткөрүп, Мыкты тажрыйбалар порталын колдоо жана “Муниципалитет” журналын басып чыгаруу жолу менен кесиптик жана кошумча билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу жергиликтүү башкаруу органдарынын деңгээлинде квалификацияны жогорулатуу жана дараметти бекемдөө жаатындагы ишин кеңейтет. Лидер аялдарга өзгөчө көңүл бурулат, аларга аялдардын лидерлигин өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашырууну колдоонун алкагында ӨСИ жана БАЖБА иш-чаралардын комплексин даректейт.

“Институционалдык өнүгүү жана өнөктөштүк мамилелер” деп аталган үчүнчү багыт долбоорлор, изилдөөлөр, кызматкерлердин штатын кеңейтүү жана өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да стратегиялык өнөктөштүк аркылуу жергиликтүү башкаруу практикасына жаңы темаларды (муниципалдык менчикти жана активдерди башкаруу, санариптештирүү; климат) киргизүү милдеттерин камтыйт. 2024-жылы Өнөктөштүктүн колдоосу менен өткөн Урбан форумдун жыйынтыктарын, “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу шаарлар” пландарын киргизүү маселелерин, “көлөмдүү” дайындарды колдонуу боюнча семинарды талдап чыгып, жалпылоо милдети турат.

Өнөктөштүктүн катышуучулары эл аралык байланыштарды кеңейтишет: Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясынын Кыргызстанга сапары (ӨСИ жана ЖӨБ Союзу), жергиликтүү өнүгүү боюнча билимдерди башкаруу боюнча эл аралык мектеп (БАЖБА, ӨСИ) же Борбордук Азия чөлкөмүнүн изилдөөчүлөрү жана саясатчылары үчүн Билим күндөрү, Махаллалар ассоциациясынын Окуу борборунун окутуучулары үчүн семинар (БАЖБА) пландаштырылып жатат. ЖӨБ Союзу “Бириктирилген шаарлар жана жергиликтүү бийликтер” тармагы менен кызматташууну бекемдеп жатат.

КООРДИНАЦИЯЛЫК СЕССИЯНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН СУНУШТАРЫ

Координациялык сессиянын катышуучулары Өнөктөштүктүн жыйынтыктарына жана пландарына терең кызыгуусун билдирип, өз сунуштарын берип, толуктоолорун киргизишти. Тактап айтканда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик муниципалдык ишканалар жүргүзүп жаткан сатып алуулар темасы боюнча окутуу жана консультациялар чөйрөсүндө колдоого муктаж. КР Юстиция министрлигинин базасында 800гө жакын муниципалдык ишкана катталган.

“Кыргызгипрозем” жерге жайгаштыруу боюнча Мамлекеттик долбоорлоо институту муниципалдык жерлерди башкарууда санариптик аспаптарды колдонуу практикасын жана окутууну кеңейтүүгө (инвентаризациялоо) көңүл буруу зарыл деп эсептейт.

Экономика жана коммерция министрлиги мейкиндикти башкаруу чөйрөсүндө өнүгүүнү колдоо, анын ичинде “көлөмдүү дайындарды” (Big Data) колдонуу жөнүндө билимдерди кеңейтүү, жер пайдалануунун типтүү эрежелерин киргизүү, шаарлардын башкы пландарын иштеп чыгуу, ошондой эле Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда деконцентрациялоо боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктарын изилдөө, өнүгүүнүн “таяныч” түйүндөрүн түзүү боюнча программанын долбооруна сунуштарды киргизди. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемеси келечек муундар үчүн жерлерди резервге алууга, азык-түлүк коопсуздугуна, органикалык жерлерди коргоого өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Аялдардын демократиялык тармагы шаарларды өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчанын пайдаланылышына мониторингди күчөтүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн бул ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга; жарандардын катышуусун кеңейтүү менен шаарлардагы жол коопсуздугуна көңүл бурууга үндөдү.

“Жашыл экономика жана Кыргызстанда жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоору (GIZ/SDC) муниципалдык кызматчыларды окутуу темаларына жашыл экономика маселелерин киргизүүнү сунуштады.

КР Финансы министрлиги сунуштамаларды даярдап, коомдук бюджеттик угуулардын тажрыйбасын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттин абалын изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Иш-чаранын аягында Өнөктөштүктүн жетекчилери талкуунун катышуучуларынын бардык сунуштары Өнөктөштүктүн 2025-жылга белгиленген ишин толук пландаштыруу процессинде кылдат каралып, мүмкүнчүлүктөргө, реалдуулугуна, аткарылышына жана ресурстардын болушуна жараша жумушчу планда эске алынаарын тастыкташты.

__________ 

1  Өнөктөштүккө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы кирет. Өнөктөштүк Кыргызстандын муниципалитеттеринде жергиликтүү өнүгүүгө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган реформаларды колдоо максатында инфраструктура, ресурс катары түзүлүп, өз ишин Швейцария Өкмөтүнүн жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен жүзөгө ашырып келүүдө.

 

Окшош материалы: