Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Аял депутаттар: билим – жаңы жеңиштер үчүн ишенимдү башталыш!
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
Жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган аял депутаттары үчүн семинарлардын сериясы башталды. Окууну Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы КР Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын катышуусу жана Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүүдө.
Семинарлар аял депутаттарга жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясына даярданууга, кеңештин ишинин регламенти менен таанышууга; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын жана ыйгарым укуктарын түшүнүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги документтери менен таанышууга мүмкүндүк берет. Мындай документтердин негизгилери – бул Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) жана жергиликтүү бюджет. Мындан тышкары, семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар аялдардын лидерлиги жөнүндө маселени талкуулашат: аял депутаттар кантип өздөрүн өзөктүк кызматтарга көрсөтүп, бири-бирин колдой алышат?
“Бул эмне үчүн маанилүү? Семинарлар катышуучуларды билим менен гана эмес, ошону менен бирге мыйзамдардын чегинде өз милдеттерин аткаруу үчүн практикалык көндүмдөр менен да камсыз кылат, жергиликтүү кеңештерде өз кесиптештерин колдоо жана гендердик тең салмактуулукту сүрөө мүмкүнчүлүктөрүн берет. Аялдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун келечегин өзгөртө алышат жана биз аларга керектүү ресурстарды жана колдоону берүү үчүн бул жердебиз – бул биздин катышуучулардын калган аял кесиптештеринин дарегине жолдогон билдирүүсү”, – деди БАЖБАнын жергиликтүү кеңештин аял депутаттарынын клубунун ментору Салия АКУЛОВА.
Семинарлар Helvetas уюму ӨСИ менен консорциумда ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен өткөрүлдү.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Практика менен илим күч-аракеттерин бириктирүүдө: ӨСИ жана КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө

















