Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбасы – 2024: жеңүүчүлөр кимдер болду?
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын декабрында комиссия “ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбасы –2024” конкурсунун алкагында өткөрүлгөн онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткен соң, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн атынан жеңүүчүлөрдү куттуктап, байгелерин тапшырды.
Конкурсту БАЖБА 2024-жылдын август айында жарыялап, 2024-жылдын 18-ноябрынан 29-ноябрына чейинки аралыкта өткөн добуш берүү менен аяктаган (https://myktyaimak.gov.kg). Конкурска 2023-жылдын 1-ноябрынан 2024-жылдын 31-октябрына чейинки мезгилде ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталына өздөрүнүн мыкты практикаларын (бекитилген формада) жайгаштырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты.
Ачык добуш берүүгө ЖӨБдүн мыкты тажрыйбаларынын 16 мисалы коюлду (https://myktyaimak.gov.kg). Бул тажрыйбаларды ишке ашыруу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган. Онлайн-добуш берүүгө 1027 адам катышты, алар “фейк” аккаунттардан добуштар “бурмалоо жолу менен көбөйтүлбөсүн” деп текшерүү процессинен өтүштү.
29-декабрда онлайн-добуш берүү аяктаган учурда 100дөн ашык добуш топтоп, ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасынын 5 мисалы конкурстун финалисттери болушту.
Комиссия алынган маалыматтар менен таанышып чыгып, жыйынтыгын бекитти. Ошентип, “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы – 2024” конкурсунун байге фонду төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү.
1-орунду 274 добушту алып, “Балдарды эстетикалык тарбиялоо максатында “Комуз” ийримин ачуу” практикасы үчүн Нарын облусунун Ала-Буга айыл өкмөтү ээледи. Муниципалитет сыйлык катары КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен диплом, БАЖБАда окууга 6000 сомго бир сертификат жана 85 000 сомдук товардык байге (эл алдына чыгып, комуз чертүү үчүн улуттук кийимдер) алды.
2-орунду 269 добушту алып, “Муниципалдык ишкананын атайын техникалары үчүн гараж куруу” практикасы үчүн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо айыл өкмөтү ээледи. Муниципалитет сыйлык катары КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен диплом, БАЖБАда окууга 6000 сомго бир сертификат жана 55 000 сомдук товардык байге (компьютердик техниканын топтомун) алды.
3-орунду 195 добушту алып, “Улуттук көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн Кызыл-Дөбө жана Мантыш айылдарынын жаштары жана окуучулары үчүн “Комуз” ийримин ачуу” практикасы үчүн Нарын облусунун Кара-Суу айыл өкмөтү ээледи. Муниципалитет сыйлык катары КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен диплом, БАЖБАда окууга 6000 сомго бир сертификат жана 35 000 сомдук товардык байге (Samsung үлгүсүндөгү мобилдик телефонду) алды.
Кызыктыруучу орунду 144 добушту алып, “Аялдар – коомдун күчү!” практикасы үчүн Жалал-Абад облусунун Багыш айыл өкмөтү ээледи. Муниципалитет сыйлык катары КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен ыраазычылык катын, 2025-жылга “Муниципалитет” журналына бир акысыз жазылууну жана “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнөн товардык байгени – “3х1” көп функционалдуу түзмөктү алды.
Кызыктыруучу орунду 114 добушту алып, “Наристе Ысык-Ата” балдар бакчасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” практикасы үчүн Чүй облусунун Кең-Булуң айыл өкмөтү (мурдагы Ивановка) ээледи. Муниципалитет сыйлык катары КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен ыраазычылык катын, 2025-жылга “Муниципалитет” журналына бир акысыз жазылууну жана “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнөн товардык байгени – принтерди алды.
2024-жылдын 13-декабрында Бишкекте “Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы – 2024” конкурсунун жеңүүчүлөрүн – ЖӨБ органдарын салтанаттуу сыйлоо аземи өттү.
Ага ЖӨБ органдары – конкурстун жеңүүчүлөрү жана байге ээлери, ошондой эле бардык тиешелүү тараптар – комиссиянын мүчөлөрү, 2024-жылы БАЖБАга колдоо көрсөткөн “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн өкүлдөрү катышып, эки кызыктыруучу орунга байгелерди – “3х1” көп функционалдуу түзмөктү жана принтерди тапшырышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир жеңүүчү өз тажрыйбасы менен кыскача тааныштырып берди, ал эми конкурстун катчылыгынын атынан Порталдын администратору өткөрүлгөн конкурс, анын тек-жайы, онлайн-добуш берүү учурундагы кыйынчылыктар жана жыйынтыктар жөнүндө маалымат берди.
ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасынын автору, 2024-жылы 1-орунду ээлеген Айзада ӨСКӨНБАЕВА анын тажрыйбасы мыкты деп табылаарын күтпөгөнүн айтты.
“Бул конкурска мен биринчи жолу катышып, кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болдум. Тек-шерүү процесси абдан кыйын болду, себеби ал бир нече этаптан турат. Ал эми биздин адамдардын чыдамы жок, күткөндү жактыра беришпейт эмеспи, ошондой эле маңызын түшүнгүсү келбейт. Ошондуктан, бул сыйлыкты алуу үчүн бул жолу бир кыйла күч-аракет жумшадык. Бирок азыр бизде тажрыйба бар. Конкурска мындан ары да катыша бермекчибиз”, – деди ал сыйлыкты алып жатып.
Конкурстун дагы бир жеңүүчүсү, ардактуу 2-орундун ээси – Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн өкүлү Иманбек БОРБОЛДОЕВ бул конкурсту өткөрүүдөгү туруктуулук үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Мыкты тажрыйбалардын автору катары мен бул конкурска 2022-жылдан бери үчүнчү жолу катышып жатам. Бул убакыттын ичинде мен жана командабыздын мүчөлөрү мыкты тажрыйбаларды сүрөттөп берүү жаатында тажрыйба топтой алдык. Конкурска катышуу салтка айланып калды. Ушундай конкурстардын жана жеңиштерибиздин арты менен биз оргтехникабыздын жабдылышын жакшырта алдык. Мисалы, бул жолу байге каражатына компьютер жана оргтехниканы сатып берүүнү өтүндүк”, – деди ал.
3-орунду ээлеген практиканын автору Жазгүл ЖУМАЛИЕВА бул конкурска катышууга кандай себептер түрткөнүн айтып берди: “Биздин Кызыл-Дөбө жана Мантыш айылдарында таланттуу балдар көп, бирок аларды өнүктүрүүгө жана колдоого шарт жок. Айрым ата-энелерде комуз черткенди үйрөнгүсү келген балдарына комуз сатып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Биз үчүн оор маселени ӨСИ ишке ашырган USAIDдин “Ийгилик-түү аймак 2” долбоору чечүүгө жардам берди. Бул долбоордун биздин аймакка келиши менен сапаттуу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө көптөгөн жаңы нерселерди биле алдык. Дал ушул долбоор бизге жергиликтүү калкка ушул өңдүү кызмат көрсөтүүлөрдү кантип туура уюштуруп, кызмат көрсөтүүнүн акысын туура эсептеп чыгыш керектигин көрсөтүп, ийримдин катышуучуларынын ата-энелери менен келишим түзүүгө да жардам берди. Баса, мен да конкурс аркылуу тандалып алынган элем, бул үчүн чексиз кубанычтамын! Ал эми 3-орунду алганыбызды билгенде окуучуларым кандай сүйүнгөнүн сөз менен айтып жеткире албайм. Себеби, алардын ар бири онлайн добуш берүү процессине өз салымын кошкон эле”.
Жазгүл ошондой эле мындай демилгелерди кийинкиге калтырбастан баштап гана коюш керектигин кошумчалады. Ал эми жакшы ишти жыйынтыгы көрүнүп турса, аны кайдыгер эмес адамдар дайыма колдоп кетишет. Мисалы, 2024-жылы алар Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн Чакан гранттар программасы уюштурган “Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо”1, конкурсуна да катышкан.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча “Улуттук көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү”2 демилгеси үчүн алар 130 миң сомдук гранттык колдоо алышкан. Бул акчага аларга музыкалык аппаратуралардын комплекттерин – колонкаларды, микшерлерди, аралыктан иштеген микрофондорду жана 20 комузду сатып алышты.
Практикасы колдоого жана сыйлыкка ээ болгон Чүй облусунун Кең-Булуң айылдык аймагынын өкүлү салтанаттуу аземге чакыруу ал үчүн күтүүсүз болгонун мойнуна алды.
“Мен мындай жыйынтык болот деп такыр күт-көн эмесмин! Конкурска биринчи жолу катышып жатам, дегеле ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы жөнүндө мен буга чейин уккан эмесмин. Бирок мен бүгүн сиздер менен бирге сыйлыкты жана байгени (принтер) алып жатам, эми мунун баары – чындык экенине ишенип турам”, – деди «“Наристе Ысык-Ата” бала бакчасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» практикасынын автору Салтанат КАСЫМОВА.
Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Бек ЖЕКШЕМБИЕВ да жер-жерлерде калктын турмуш шартын жакшыртууга багытталган иштеги туруктуулук жана ЖӨБ органдарына көрсөткөн колдоосу үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди: “Бул биз үчүн чоң мааниге ээ. Себеби, бүгүн бул жерде өнөктөштөрүбүз белгилегендей, биздин бардык иш-аракеттерибиз дайыма бир гана нерсеге – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган. Биздин практикабыз колдоого алынганына абдан кубанычтабыз. Мен бала бакчанын жамаатынын атынан биздин жигердүү жашоочуларыбызга, ошондой эле ишке ашырылган практиканын пайдасына өз добуштарын берген бардык тургундарга ыраазычылыгымды билдирем”.
Конкурстун катчылыгы жана комиссия мүчөлөрү конкурсту өткөрүүгө, тактап айтканда, онлайн-добуш берүүгө жигердүү катышкандарга ыраазычылыгын билдирип, келе жаткан жаңы жылга ийгиликтерди каалашты: “Сиздин эмгегиңиз, муниципалитеттердин өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз жана кайдыгер карабаганыңыз – бул баа жеткис көрүнүш. Ишке ашырылган жана сүрөттөп берген ар бир практикаңыз буга далил болуп берет. Сизден мыкты тажрыйбаңызды мындан ары да кесиптештериңиз менен бөлүшө берүүнү өтүнөбүз”.
________________
1 https://dpi.kg/ru/press-room/news/full/2035.html
2 “Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо” конкурсу Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын демилгелүү топторунун элеттик жамааттардагы турмуш шарттарын жакшыртууга, алардын демилгелерин каржылоо жолу менен жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине жигердүү катышууга шыктандыруу максатында өткөрүлдү. Конкурс тууралуу кенен маалыматты бул жерден табасыз: https://dpi.kg/ru/about/tenders/full/335.html
Окшош материалы:
-
№1 (159) / 2025-01-30 БАЖБА, ЖӨБ Союзу жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттик муниципалдык ишканалардын сатып алуулары боюнча адистери үчүн окууну уюштурууда
-
№1 (159) / 2025-01-30 ӨСИ Ысык-Көл облусунун сайтын түзүү демилгесин колдоп берди
-
№1 (159) / 2025-01-30 Ош жана Бишкек шаарларында “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасы башталды
-
№1 (159) / 2025-01-30 Аял депутаттар: билим – жаңы жеңиштер үчүн ишенимдү башталыш!
-
№1 (159) / 2025-01-30 БАЖБА өзүнүн тренердик-окутуучу курамы үчүн методикалык семинар өткөрдү
-
№1 (159) / 2025-01-30 “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана жергиликтүү өнүгүү процесстеринин мамлекеттик эмес катышуучулары менен 2025-жылга пландарды талкуулады
-
№11 (157) / 2024-12-02 БАЖБА жана санариптештирүү: Академиянын өкүлдөрү Кошумча билим берүүнүн 1-форумуна катышты
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жарандык коомдун уюмдарынан “Ачык Ош” жумушчу комитетинин мүчөлөрү катарыбызга кошулду!