Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (159) 30 Январь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ӨСИ Ысык-Көл облусунун сайтын түзүү демилгесин колдоп берди

2025-01-30 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ӨСИ Ысык-Көл облусунун сайтын түзүү демилгесин колдоп берди

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын октябрь айынын этегинде Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү веб-сайтты башкаруу боюнча тренингге катышуу үчүн 5 райондук мамлекеттик администрациянын, Балыкчы жана Каракол шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрүн чогултту.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан ДАЛИЕВ: “Заманбап жана функционалдуу веб-ресурсту түзүү мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууда, ошондой эле жарандар жана уюмдар менен эриш-аркак ишти жолго салууда маанилүү кадам болуп саналат”.

Үч күндүн ичинде тренингдин катышуучулары WordPress платформасында контентти натыйжалуу башкаруу жана веб-сайтты колдоо ыкмаларын үйрөнүштү, аспаптар, ролдор жана кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр менен таанышып чыгышты.

“Веб-сайт мамлекеттик органдардын иши жөнүндө ачык-айкын маалыматтарды берет, жаңылыктарды жана ченемдик актыларды жарыялап турат, кайтарым байланыш үчүн интерактивдүү функцияларды сунуштайт, кооз жерлер, каттамдар жана иш-чаралар жөнүндө туристтик маалыматка жеткиликтүүлүктү, ошондой эле карталар жана соцтармактар менен интеграцияны камсыз кылат. Ресурс бир нече тилде иштейт, мобилдик түзүлүштөргө ыңгайлаштырылган, кеңири аудиторияны тартуу үчүн SEO-оптималдаштырылган жана, албетте, көрүүсү начар адамдар үчүн сайттын версиясы бар. Бул функциялардын баары сайтты жарандарыбыз үчүн да, туристтер үчүн да ыңгайлуу, заманбап жана пайдалуу кылат”, – деди тренер, сайттын иштеп чыгуучусу Бекжан МАМБЕТОВ.

Тренинг редакторлорду жана администраторлорду КР Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппаратынын веб-сайтын натыйжалуу башкарууга даярдоого багытталган. Катышуучулар WordPress платформасынын негизги жана өркүндөтүлгөн функциялары менен таанышып чыгып, контентти түзүү жана редакциялоо аспаптарын, анын ичинде коопсуздукту жогорулатуу жана SEO-оптималдаштыруу ыкмаларын колдонгонду үйрөнүштү. Программага Elementor плагини менен иш кошулгандыктан, бул катышуучуларга колдонуучулар менен байланышты жакшыртуу үчүн интерактивдүү элементтерди жана заманбап визуалдык эффекттерди колдонуу менен баракчалардын көрүнүшүн тереңирээк тууралап алууга мүмкүндүк берди.

“Узак жылдардан бери Ысык-Көл облусунун ЖӨБ органдары, райондук мамлекеттик администрациялар жана облустук өкүлчүлүк Өнүктүрүү саясат институту менен ар кандай долбоорлордун жана демилгелердин алкагында кызматташып, мамлекеттик жана коомдук институттардын ортосундагы ийгиликтүү өз ара кызматташтыктын үлгүсүн көрсөтүп, коомчулук үчүн маанилүү программаларды ишке ашырууну камсыздап келатышат. Дал ошондуктан биздин расмий веб-сайтыбызды түзүүгө жардам сурап кайрылдык. Биздин облусту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деди КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан ДАЛИЕВ.

Тренинг аяктагандан кийин окуудан өткөн администраторлор веб-сайттын үзгүлтүксүз иштеши жана андан ары туруктуулугун камсыз кылышы үчүн контентти толтуруп, сайтты толук кабыл алуу боюнча иштер улантылат.

“Бул веб-сайт менен ишти жыйынтыктоо эмес, аны баштоо дегенди билдирет деп ойлойм. Биз мындай түрдөгү кызматташтыкка, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгесине, облустун аппаратына жана райондук мамлекеттик администрацияларына ар кандай багыттар боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө дайыма кубанычтабыз. Мамлекеттик органдарда веб-сайтты техникалык жактан колдоп туруу жана аны сапаттуу толтуруу мүмкүнчүлүктөрү болуп, жарандардан – веб-сайттын колдонуучуларынан кайсы бир модулдарды жана барактарды жакшыртуу боюнча ар кандай сунуштар түшүп, кайтарым байланыш жолго салынат деп үмүттөнөбүз. Жаңы ресурстун колдонуучулардын күтүүлөрүнө жана суроо-талаптарына шайкештигин камсыз кылуу абдан маанилүү”, – деди ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА. 

Катышуучулардын айтымында, тренинг аларга буга чейин өздөштүргөн көндүмдөрүн кайрадан эстөөгө жана КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-февралындагы №59-б жаңы буйругунда баяндалган талаптар боюнча жаңы билимдерди алууга жардам берди.

Жети-Өгүз раймамадминистрациясынын уюштуруу маселелери боюнча жетектөөчү адиси Камчыбек КАДИЕВ: “Тренингдин жардамы менен материалдарды даярдоо жана сайтка жайгаштыруу, андан ары соцтармактарда жана мессенжерлерде таратуу боюнча көндүмдөрүмдү өркүндөтүп алдым”.

КР Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек КОЖОЕВ: “Бул биздин көптөн берки ойло-нуп жүргөн максатыбыз болчу – өз сайтыбызды ишке киргизгибиз келген. Сайт – бул жарандардан баштап туристтерге, конокторубузга чейин баарына пайдалуу боло турган чоң платформа. Эми ушундай платформага ээ болуу менен биз “Жарандардын маалымат алуусу жөнүндө” КР Мыйзамын аткаруу боюнча өз стратегиябызды ишке ашырып, биздин облустун дараметине кызыкдар болгон бардык адамдарды керектүү веб-ресурс менен камсыздай алабыз”.

Ак-Суу раймамадминистрациясынын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кыял ТӨЛӨГӨНОВА: “Мен сайт үчүн жаңылыктарды даярдагандан тышкары, аларды веб-сайтка жайгаштырганды да үйрөндүм. Биздин негизги багытыбыз – туризм. Ошондуктан, эми мен сайтыбызды туризм чөйрөсүндөгү пайдалуу маалыматтар жана контент менен толтуруунун үстүнөн ишти улантам”.

Веб-сайтты түзүү боюнча иштерди Швейцария Өкмөтү каржылаган “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында Өнүктүрүү саясат институту колдоп берди.  

 

Окшош материалы: