Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жалпы чогулушу
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты; Нагима ОЗОКЕЕВА, КР ЖӨБ Союзунун коммуникациялар боюнча адиси; Бегимай КУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коммуникациялар боюнча координатору
2025-жылдын 10-февралында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун (ЖӨБ Союзу) жалпы чогулушу өттү – жыл сайын өтүп келген негизги иш-чарага 112 делегат катышты. Алардын курамына кырк райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирди (ар бир райондон экиден делегат – кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы), ошондой эле республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери жана төрагалары катышты.
Форумдун катышуучуларына саламдашуу сөзү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Замирбек МАМАСАДЫКОВ муниципалдык башкарууну өнүктүрүүдө жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын мамлекеттик деңгээлде коргоодо ЖӨБ Союзунун маанилүү ролун баса белгиледи. Ал белгилегендей, ЖӨБ Союзунун жардамы менен мыйзамдарга маанилүү өзгөртүүлөр киргизилген, ал эми бул багыттагы иштер жаңы мыйзам долбоорлору, тегерек столдор жана мамлекеттик органдар менен талкуулар аркылуу улантылууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген БАЗАРБАЕВ ЖӨБ Союзу окутуу программалары жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу аркылуу муниципалитеттердин өнүгүүсүнө жигердүү көмөк көрсөтүп жатканын, бул башкаруунун кесипкөйлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөрүн белгиледи.
Чогулуштун расмий бөлүгү ЖӨБ Союзунун калыптанышын жана өнүгүшүн баяндаган видеороликти көрүү менен башталды. Андан соң чогулуш ачык деп жарыяланып, күн тартиби бекитилди.
Жыйындын алкагында ЖӨБ Союзунун 2023-2024-жылдардагы иши жөнүндө отчет берилди. ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ уюмдун олуттуу жетишкендиктерин белгиледи. Эки жылдын ичинде масштабдуу иштер жүргүзүлдү: тренингдер уюштурулуп, пайдалуу демилгелер иштелип чыкты, мыйзамдарга маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. Союз муниципалитеттер менен мамлекеттик органдардын ортосунда ишенимдүү көпүрө болуп, актуалдуу маселелерди жеринде чечүүгө жардам берүүдө.
Эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктүн натыйжасында окутуу программалары, "тегерек" столдор өткөрүлүп, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланды. Бул демилгелер муниципалитеттерге өзүнүн натыйжалуулугун жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга жардам берди.
ЖӨБ Союзунун Текшерүү комиссиясынын төрагасы Алмазбек ДУБАНАЕВ ЖӨБ Союзунун 2023-2024-жылдардагы финансылык иши жөнүндө отчету менен тааныштырды. Союздун 2023-2024-жылдар үчүн финансылык-чарбалык иши канааттандырарлык деп табылды. Бул уюмдун ресурстарын сабаттуу жана ачык-айкын башкаруудан кабар берет. Союздун жана Текшерүү комиссиясынын отчетторун бардык делегаттар бир добуштан жактырышты.
ЖӨБ Союзунун Уставына анын ишин өркүндөтүүгө жана муниципалитеттер менен эриш-аркак иштешүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо негизги маселелердин бири болду.
Жалпы чогулушта мүчөлүк акы системасын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынды. Эми минималдуу төлөм муниципалитеттин бир тургунуна 3 сомдон кем эмес болуп, жеке макулдашуулар боюнча салымды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул өзгөртүүлөр ЖӨБ Союзуна келечекте көз карандысыз жана финансылык жактан туруктуу болууга жардам бермекчи.
Өзгөртүүлөр бекитилгенден кийин ЖӨБ Союзунун Башкаруусунун жана Текшерүү комиссиясынын жаңы курамы түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун Башкаруусунун төрагасы болуп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан ҮСӨНАЛИЕВ шайланды.
Салт боюнча, чогулуштун аягында муниципалитеттерди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн сыйлоо аземи өттү. Аларга эмгегин тааныган төш белгилер тапшырылды.
ЖӨБ Союзу өлкөдө муниципалитеттерди колдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү багытында жигердүү ишин уланта бермекчи!
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 БАЖБА Чүй жана Бакай-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн тренингдерди өткөрдү
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Беш жергиликтүү демилге EGED программасынан гранттык колдоо алышат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Административдик-аймактык реформа аракетте: Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында жашоо кантип өзгөрүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мыкты муниципалдык тажрыйбалардын форуму
-
№2 (160) / 2025-03-03 Жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин 1200гө жакын депутаты депутаттык иш тууралуу билим алышты
-
№2 (160) / 2025-03-03 Коомдук диалог: "Жаңы шайлоо циклинин башталышы: 2024-жылдагы жергиликтүү шайлоо"
-
№1 (159) / 2025-01-30 БАЖБА, ЖӨБ Союзу жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттик муниципалдык ишканалардын сатып алуулары боюнча адистери үчүн окууну уюштурууда
-
№1 (159) / 2025-01-30 ӨСИ Ысык-Көл облусунун сайтын түзүү демилгесин колдоп берди