Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БАЖБАнын окутуучулар жана тренерлер тобун толуктайбыз – Академиянын туруктуулугуна карай дагы бир кадам
ӨСИ жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА
2025-жылдын март айында БАЖБА Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен “Муниципалдык ишканалардын бухгалтердик эсеби жана 1С” курсу боюнча “Тренерлер үчүн тренингди” (окутуучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу) өткөрдү. Тренерлер үчүн тренингди бул жааттагы эксперттер Гүлнара САЯКБАЕВА жана Альбина АДЫЛБЕКОВА өткөрүштү. Натыйжада 4 квалификациялуу тренер даярдалып, алар муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери үчүн “Муниципалдык ишканалардын бухгалтердик эсеби жана 1С” курсун өткөрүп жатышат.
Ошондой эле апрель айында БАЖБА өз демилгеси менен өзүнүн тренерлери жана окутуучулары үчүн “Жергиликтүү кеңештин уюштуруу маселелери” темасында тренинг өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ тренер болду. Тренингдин жыйынтыгы боюнча БАЖБАнын 6 тренери бул темада тренинг өткөрүү укугуна жана квалификациясына ээ болушту.
“БАЖБА өз тренерлеринин жана окутуучуларынын квалификациясын туруктуу негизде жана системалуу түрдө жогорулатууга бардык күч- аракетин жумшап келатат, себеби жергиликтүү өнүгүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү мыйзамдар чөйрөсүндө дайыма жаңылануунун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун түшүнөт. Окутуучулардын жана тренерлердин командасын кеңейтүү долбоорлордун алкагында гана (өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн) тренингдерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Бул ошону менен кийинчерээк акы төлөнүүчү негизде курстарды сунуштайт, бул биздин мекеменин институционалдык өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам. Бул иш-аракеттердин баары биздин Академиянын туруктуулугун жана автономдуулугун түптөөгө, угармандарыбызды сапаттуу билим менен камсыз кылууга багытталган”, – деди БАЖБАнын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Практика менен илим күч-аракеттерин бириктирүүдө: ӨСИ жана КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө


















