Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери ишканаларды туруктуу жана натыйжалуу кылуу үчүн квалификациясын жогорулатып, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту
ӨСИ жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА
Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында “Муниципалдык ишканалардын бухгалтердик эсеби жана 1С” курсу боюнча тренингдерди өткөрдү.
Бул тренингдер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 31 пилоттук органынын муниципалдык ишканаларынын бухгалтерлери үчүн уюштурулган. 2025-жылдын 14-мартынан 25-мартына чейин график боюнча 5 кластердик тренинг өткөрүлүп, 58 адам катышты, алардын ичинен 36сы аялдар (75 пайызга жакыны).
Тренингдерге ЖӨБдүн 31 пилоттук органынын муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери чакырылган. Тренингдин жүрүшүндө муниципалдык ишканалардын көптөгөн бухгалтерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө иш тажрыйбасы жок экендиги аныкталды. Көптөгөн бухгалтерлер өткөн жылы өз ишканаларын түзүү мезгилинен баштады, ал эми буга чейин жеке сектордо, мамлекеттик мекемелерде иштешкен. Айрымдарынын алтургай кесиптик бухгалтердик тажрыйбасы жок.
“Тренингдер бухгалтердик эсеп жана “1С Бухгалтерия” программасында (8.3-версия) иштөө жаатында муниципалдык ишканалардын бухгалтерлеринин теориялык билимдерин өркүндөтүү жана жаңы практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү максатында уюштурулган. Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү тартиби менен таанышып чыгышты, ошондой эле уюмдун эсепке алуу саясатын жана анын практикада колдонулушун карап чыгышты. Практикалык сабактардын маалында катышуучулар муниципалдык ишкананын финансылык отчетун учурдагы талаптарга ылайык түзүштү”, – деп белгиледи БАЖБАнын долбоорлор боюнча менеджери Айнура ЧАНДЫБАЕВА.
Өткөрүлгөн тренингдердин жыйынтыктары боюнча катышуучулар муниципалдык ишканалар үчүн эсеп жүргүзүү саясатын иштеп чыгуу маселелери боюнча долбоордон көмөк көрсөтүүнү жана консультациялык-эксперттик жардам берүүнү; “1С Бухгалтерия” Программасы (8.3-версия) орнотулгандан кийин баштапкы этапта коштоону жана программалык камсыздоону жүргүзүүгө жардам берүүнү; жалпысынан муниципалдык ишкананын иши боюнча бухгалтерлер үчүн окууну, айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен байланыш түзгөндү жана муниципалдык ишкананын сатып алуулары боюнча окууларды өткөрүп турууну өтүнүштү.
Билимдин өсүш деңгээли (катышуучулардын тренинг материалдарын өздөштүрүүсү) тренингдин алдында жана андан кийин толтурулган тесттер менен бааланды. Билимдин өсүшү 35,7 пайызды түздү, тренингдин алдында 28,67% болсо, андан соң 64,36% болду.
Өткөрүлгөн тренингдердин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга БАЖБАнын лицензияланган сертификаттары тапшырылган соң, алар өз пикирлери менен бөлүшүштү.
Гүлжакан АТАГОЗУЕВА, “Чүй сууканал” МИнин башкы бухгалтери, Чүй АӨ: “Биз буга чейин “1С Бухгалтерия” программасы жок иштечүбүз. Эми болсо ЖДККЖ Долбоорунун колдоосу менен биз программаны орнотуп алсак, бухгалтериянын ишинин сапатын жогорулатуунун эсебинен ишкананын финансылык абалы оңолот”.
Шарапат ЖАКЫПОВА, “Ак-Тилек-Максат” МИнин башкы бухгалтери, Бакай-Ата АӨ: «“1С Бухгалтерия” программалык продуктусун ишке киргизүүдө муниципалдык ишканалардын бухгалтерлерине адистердин техникалык коштоосу түрүндөгү жардам баштапкы этаптапайдалуу болмок. Ошондой эле тренерлердин консультациялары, муниципалдык ишкананын ишине жана сатып алууларына окутуу зарыл. Эсепке алуу саясатын жазууда жана бекитүүдө юридикалык консультация же ушул чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген тиешелүү эксперттердин сунуштары талап кылынат".
Шайырбек КОЗУГУЛОВ, “Сары-Челек” МИнин бухгалтери, Сары-Челек АӨ: “Биз алыскы аймакта жашагандыктан, жаңылыктарга дайыма эле көз салып тура албайбыз. Эгерде бүгүнкүдөй семинарлар көп болсо, бул биз үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болмок. Биз муниципалдык ишкананын бухгалтердик эсеби жаатында буга чейин билбеген нерселерди өздөштүрдүк. “1С Бухгалтерия” программасы бизге абдан жакты жана аны тереңирээк изилдеп чыгыш керек деп ойлойбуз".
Окшош материалы:
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстан–Өзбекстан: коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүктү бекемдеп жатат
-
№5 (163) / 2025-06-10 Бишкектин Экологиялык кеңеши борбор калаанын экологиялык саясатын көп тараптуу координациялоонун платформасы катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 БАЖБАнын окутуучулар жана тренерлер тобун толуктайбыз – Академиянын туруктуулугуна карай дагы бир кадам
-
№5 (163) / 2025-06-10 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасын ишке ашыруунун биринчи этабы жыйынтыкталды: өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган 50 лидер аял жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болду
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 БАЖБА Чүй жана Бакай-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн тренингдерди өткөрдү
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Беш жергиликтүү демилге EGED программасынан гранттык колдоо алышат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Административдик-аймактык реформа аракетте: Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында жашоо кантип өзгөрүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мыкты муниципалдык тажрыйбалардын форуму