Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык укук боюнча юристтер кеңеш беришет

2013-01-31 / Юридикалык кеңеш

Суроолорду муниципалитеттердин тургундары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлери узатышат

 

Айыл өкмөт башчысынын отчету тууралуу
 
Суроону айыл тургуну узатууда
 
- Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү элдик курултайларда өз ишинин натыйжалары тууралуу отчет береби?
 
- Буга чейинки “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КР Мыйзамында (2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 КР Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон) републикалык, облустук маанидеги мэрлердин, райондук маанидеги шаар башчыларынын, поселоктун башчыларынын, айылдык округдун башчыларынын, ошондой эле райондун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы – акимдин ыйгарым укуктарына эки жылда бери дегенде бир жолу тиешелүү курултайда калк алдында өз ишмердүүлүгүнүн натыйжалары тууралуу отчет берүү милдети кирген.
 
Жогоруда көрсөтүлгөн норма жаңы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын (2011-жылдын 15-июлу, №101) иштеп чыгуу жана кабыл алуу учурунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы – акимдин ыйгарым укуктарынан алынып салынган.
 
Мындан ары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттардын курултайлары коомдук пикирдин кеңири спектрин эсепке алуу жана анын ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча эң маанилүү маселелерди чечүүгө калкты катыштыруу максатында өткөрүлөт. Курултайга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү бюджетти түзүү, муниципалдык менчикти пайдалануу жана өнүктүрүү маселелерин алып чыкса болот.
 
Аны менен катар, бул норма (жергиликтүү жамааттын курултайы, 59-бер.) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын тиешелүү курултайда өз ишмердүүлүгүнүн натыйжалары тууралуу калкты маалымдоону чектебейт. Бул өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ишмердүүлүгүн
калк алдында ачыктоого жол берет.
 
Ошону менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы курултайда калкты төмөнкүлөр тууралуу маалымдоого укуктуу: тиешелүү аймактагы (шаардагы, айылдык аймактагы) иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын колдонулушу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларынын аткарылышы ж.б. Бул өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ишмердүүлүгүндө айкындуулукту жана ачыктыкты камсыздайт.
 
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 3 жана 4-беренелерине ылайык, ар кимге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү укугу кепилденээрин, ал эми 20-берене жетекчилерден расмий маалыматтын кеңири тизмесин, анын ичинде иш тууралуу отчетту ачыктоону түздөн-түз талап кылаарын унутпаш керек.
 
Ошондон улам курултай – бул жамаатты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иши тууралуу маалымдоонун жакшы жолу жана мыйзамда отчеттук курултайды өткөрүү тууралуу талап түздөн-түз камтылбаганы менен мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек.
 
Айыл башчысы тууралуу
 
Суроону АА башчысы узатууда
 
- Айылдык кеңеш айыл макамына ээ болбогон, өзүнчө жайгашкан калк конуштарда айыл башчысынын штаттык бирдигин киргизүүгө укугу барбы, же айыл башчысы кызматы айыл деген расмий макамга ээ болгон айылдарда гана киргизиле алабы?
 
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 52-беренесинде каралгандай, айыл кеңешинин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын кызмат оруну киргизилсе болот.
 
Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет. Ал калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрү, калыптанган каада-салттар менен, айыл өкмөтүнүн чечими менен ага өткөрүлүп берилген иш-милдеттерди аткарат.
 
“КР административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” КР Мыйзамынын 4 жана 5-беренелерине ылайык, жарандардын туруктуу жашоочу орду болуп эсептелген, жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоо үчүн зарыл керектүү турак жайы жана курулуштары, өзүнүн аталышы жана тийиштүү тартипте аныкталган аймактык чектери бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынган жана катталган Кыргыз Республикасынын аймагынын калк тыгыз отурукташкан бөлүгү калктуу конуш болуп саналат.
 
Калктуу конуштар шаардык жана айылдык болуп бөлүнөт. Шаардык калктуу конуштарга шаарлар (республикалык, облустук жана райондук маанидеги, шаар тибиндеги поселоктор), айылдыкка алардын администрациялык баш ийүүсүнө карабастан, айылдар кирет. Мындай кырдаалда ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем болбогон, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн. Айылдын курамында кыштактар жана конуштар уюштурулушу мүмкүн.
 
Убактылуу маанидеги жана калкынын курамы туруктуу болбогон же кызматтык багыттагы объекттер болуп саналган, анча чоң эмес конуштар (токойчулардын үйлөрү, талаа стандары, метеостанциялар, жол оңдоочулардын үйлөрү, алыскы жайыттардагы чабан үйлөрү ж.у.с.), ошондой эле жалгыз үйлөр өз алдынча калктуу конуш болуп эсептелбейт жана чарбалык, администрациялык жана аймактык жактан байланышкан калктуу конуштардын эсебине киргизилет.
 
Ошентип, мыйзамдардагы жогоруда көрсөтүлгөн нормаларынын курамынан улам айыл башчысы өзүнө жайгашкан калктуу пункттарда – расмий макамга ээ болгон айылдарда, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү жол берген шартта, айыл кеңешинин чечими боюнча киргизилсе болот.
 
Ошону менен катар айыл башчысы тиги же бул калктуу конуштар менен чарбалык, административдик жана территориалдык мамилелер менен байланышкан өзүнчө жайгашкан кыштактарда, конуштарда, же поселоктордо киргизиле албайт. АӨ башчынын кызматына талапкерлер тууралуу
 
Суроону жергиликтүү кеңештин депутаты узатууда
 
- Соттуулугу тындырылган, же алынып салынган адамдын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкер болуу укугу барбы?
 
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 48-беренеси айыл өкмөт башчысына талапты так караштырган. Бул норманын акыркы өзгөртүлүшүнө (2012-жылдын 10-августунан, №164) ылайык, соттуулугу тындырылганына же алып салынганына карабастан кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
 
Бул норма ошондой эле шаар мэрлерине жана райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына – акимге да тарайт.
 
Иштеп жаткан бул нормага ылайык, соттуулугу бар адамдар мэр, айыл өкмөт, же райондун акими боло албайт. Б.а., соттуулук тындырылганына же алынып салынганына карабастан субъект бул кызматка шайлануу укугуна ээ эмес. Бул чара жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына карата талапты жогорулатууга багытталган. Бул кызматты ээлей турган адамдын кадыры кынтыксыз болуш керек.
 
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу
 
Суроону жергиликтүү кеңештин депутаты узатууда
 
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга ким укуктуу?
 
- “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” КР Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
 
Мамлекеттик бийлик органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын бул укугу анын активдүү шайлоо укугу болуп эсептелет.
 
Мындан тышкары жогоруда белгиленгендей, КР жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн алар шайлоо өткөрүлүп жаткан жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуш керек, б.а., Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, тагыраак айтканда, тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында жашаганы анын өздүгүн тастыктаган документте каттоо-эсепке алуу органдарынын каттоо белгиси менен тастыкталыш керек.
 
Мында жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон КР жарандары тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) шайлоочуларынын тизмесине киргизилиш керек. Болбосо КР жараны жергиликтүү жамааттын мүчөсү болсо да, активдүү шайлоо укугуна ээ болсо да, шайлоо күнү добуш берүүгө катыша албайт.
 
Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган КР жарандары шайлоого укугу жок. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.
 
Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта (СИЗО, кармоо жайларында) кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.
 
- Жергиликтүү кеңештин депутаттарына талапкерлер кандай талаптарга жооп бериш керек?
 
- “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” КР Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болгон Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
 
Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган, андан тышкары соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган КР жарандары жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укугу жок.
 
Мындан тышкары чет өлкөнүн жарандары жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укугу жок.
 
- Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого кош жарандыгы бар (мисалы, Орусия Федерациясынын) Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берүүгө, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылыгына өз талапкерлигин көрсөтүүгө укугу барбы?
 
- КР Конституциясынын 50-беренесинин 2-бөлүгүн көңүлгө алуу менен төмөнкүнү белгилеп коюу керек: Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген адамдардын мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү да таанылат.
 
Андан ары эгерде бул маселени деталдуу карай турган болсок, анда “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калуу менен төмөнкү учурларда башка чет мамлекеттин жарандыгын ала алат:
 
1) эгерде башка мамлекеттин жарандыгын алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана чет мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбесе;
 
2) эгерде мамлекеттер ортосунда мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселеси боюнча мамлекеттер аралык макулдашуулар бар болсо.
 
Анткен менен бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чет мамлекеттин кош жарандыгы маселеси жөнгө салынган эмес. Анткени Кыргыз Республикасы менен башка чет өлкөлүк мамлекеттер ортосунда кош жарандык маселеси боюнча эл аралык келишимдер жок.
 
Андыктан Кыргыз Республикасынын жараны башка мамлекеттин жарандыгын алса (чет өлкөнүн жарандыгын алуу жол-жобосу КР жарандыгынан баш тартуу менен коштолот), ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алууга укуктуу чет өлкөнүн жараны деп эсептелет.
 
Мындай учурда чет өлкөнүн жарандыгын алган жак активдүү жана пассивдүү шайлоо укугунан ажырайт, б.а., Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын шайлоого жана ага шайлануу укугунан ажырайт.
 
Ченемдик укуктук акттар тууралуу
 
- Айылдык кеңештин ченемдик укуктук акттарынын (токтомунун) күчүнө кирүү жана аны ачыктоонун тартиби кандай?
 
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары тууралуу” КР Мыйзамынын 29-30-беренелерине ылайык, айылдык, шаардык кеңештердин ченемдик укуктук акттарын (токтомдорун) расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат.
 
Мында башка ченемдик укуктук актылар, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, б.а., эгерде ченемдик укуктук актта ал жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет деп көрсөтүлбөсө. Бирок ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган учурдан тартып кеминде он беш күндөн кийин сөзсүз түрдө күчүнө кирет.
 
Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басма сөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт.
 
Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы деп ушул акт жарыяланган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет.
 
Ошентип КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарын расмий жарыялоонун булактары тууралуу” №117 токтомуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук акттары үчүн төм. расмий жарыялоо деп эсептелет:
 
1) тиешелүү басма сөз басылмаларда жарыялоо. Аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында өзгөчө көп таратылган басма сөз басылмаларынын ичинен өздөрү аныктайт;
 
2) органдары тиешелүү административдик-аймактык бирдиктеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайттарында жарыялоо.
 
Жарыялоонун экинчи түрү – ЖӨБ өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайттарында – токтомго өзгөртүү түрүндө 2011-жылдын 5-сентябрында киргизилген. Ошентип жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында өзүнүн ченемдик укуктук акттарын (токтомдорун) кыргыз жана орус тилдеринде электрондук түрдө өздөрүнүн расмий веб-сайттарында да жарыялоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо жыйынтыктарынын анализи менен «Муниципалитет» журналынын кийинки санынан тааныша аласыздар.

 

Окшош материалы: