Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
22 муниципалитеттин ЖӨБ органдары мыкты жергиликтүү демилгеге конкурстарды өткөрүшөт
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын консультанты (анын ичинде www.dpi.kg сайтынын негизинде)
2025-жылдын 29-майынан 20-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын 22 кызыкдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн жергиликтүү жамааттын демилгелерин ишке ашыруу боюнча онлайн тренингдер өттү. Тренингдерди жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн арасында жергиликтүү демилгелерди тандап алууга жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу түзүлгөн конкурстук комиссиялардын мүчөлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында уюштурду.
“Окуу процессинин жүрүшүндө катышуучулар комиссиялардын иштөө тартиби, зарыл конкурстук документтер, өтүнмөлөрдү берүү эрежелери, долбоордук сунуштарды баалоо, жыйынтыктарды чыгаруу жана ал жөнүндө коомчулукка маалымдоо жөнүндө билим алышат. Андан ары алар өздөрүнүн муниципалитетте-ринде мыкты демилгелерди тандап алуу боюнча конкурстарды уюштуруп, өткөрүшү керек”, – дейт Өнөктөштүк Программасынын жергиликтүү деңгээлдеги иш боюнча координатору Мирлан МОЛДОБЕКОВ.
Катышуучулар эң көп узаткан суроолор, жооптору кызуу талкууларды жаратып келет:
- конкурстун темасын, жергиликтүү маанидеги маселелердин (ЖММ) чөйрөсүн ким аныктайт? Жооп: конкурстун темасын же маселелердин чөйрөсүн ЖӨБ органы өзү аныктайт, бирок муну жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктаган мыйзамдардын чегинде жасайт;
- жергиликтүү демилге боюнча долбоор үчүн максималдуу сумма кандай боло алат? Жооп: максималдуу сумманы жерги-ликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ЖӨБ органы өзү аныктайт. Иш жүзүндө ЖӨБ органдары бир демилгеге 30 миң сомдон кем эмес каражат бөлөт;
- жергиликтүү демилгелердин долбоорлорун баалоо жана тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын чечими акыркыбы же ЖӨБ органы кайра карап чыга алабы? Жооп: чечимди конкурстук комиссия гана кабыл алат, ЖӨБ органы аны өзгөртө албайт;
- канча долбоорго колдоо көрсөтүүгө болот? Жооп: долбоорлордун саны жергиликтүү бюджеттен жергиликтүү демилгеге бөлүнгөн каражаттардын көлөмүнө жараша болот. Дем берүү максатында Өнүктүрүү саясат институту долбоордун мазмунуна жана маанисине жараша бир өтүнмөгө 100 000 сомго чейинки көлөмдө кошумча каржылоону бере алат.
Тренингдин жыйынтыктары боюнча конкурстук комиссиялар жарыяларды даярдап, өз демилгелерин ишке ашырууга жергиликтүү жамааттардан өтүнмөлөрдү кабыл алуу үчүн жарыяларды социалдык тармактарга жайгаштырышат. Андан соң алар жергиликтүү бюджеттерден каржылоо үчүн мыкты долбоорлорду тандап алышат, ал эми өтүнмө ээлеринин айрымдары жергиликтүү жамааттын демилгелерине кошо-каржылоого ээ болушат. Конкурс ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы буйругу менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык өткөрүлүп жатат.
Бул тренингдер Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө. Программанын суроо-талабына жооп катары Кыргыз Республикасынын 22 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу механизми менен иштөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын экинчи агымы башталды!
-
№6 (164) / 2025-07-14 Аял депутаттар стратегиялык пландоону үйрөнүп жатышат: СЭӨП кантип чыныгы өзгөрүүлөрдүн аспабына айланууда
-
№6 (164) / 2025-07-14 ЖДКЖ долбоорунун максаттуу алты районундагы муниципалдык СЭӨПлар кыйла инклюзивдүү болмокчу
-
№6 (164) / 2025-07-14 КР ЖӨБ Союзу Бишкектеги муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн окуу өткөрдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Өнүктүрүү саясат институту Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясы менен Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
-
№5 (163) / 2025-06-10 Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери ишканаларды туруктуу жана натыйжалуу кылуу үчүн квалификациясын жогорулатып, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстан–Өзбекстан: коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүктү бекемдеп жатат
-
№5 (163) / 2025-06-10 Бишкектин Экологиялык кеңеши борбор калаанын экологиялык саясатын көп тараптуу координациялоонун платформасы катары