Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ЖДКЖ долбоорунун максаттуу алты районундагы муниципалдык СЭӨПлар кыйла инклюзивдүү болмокчу
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын консультанты (анын ичинде www.dpi.kg сайтынын жана КР ЖӨБ Союзунун соцтармактардагы профилдериндеги маалыматтардын негизинде)
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (мындан ары – ЖДКЖ) максаттуу алты районунда 2025-жылдын май айында Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына (СЭӨП) социалдык жана гендердик инклюзиянын принциптерин киргизүү боюнча семинарлар өткөрүлдү.
Бул семинарлар катышуучуларга стратегиялык ой жүгүртүү жөндөмүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн берди. Булар Долбоордун алты максаттуу районунда гендердик жана социалдык адилеттүүлүк принциптерин чагылдырган инклюзивдүү өнүгүү ыкмаларын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн келечегине көз карашты түзүү, “Кыял” аспабы аркылуу жасалууда.
Катышуучулар – айыл өкмөтүнүн башчылары-нын орун басарлары жана жооптуу катчылары, социалдык жана жер маселелери, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча адистер, социалдык кызматкерлер жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, материалдык бухгалтерлер жана айыл өкмөтүнүн сатып алуулар боюнча адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдарды жана өзгөчө муктаждыгы бар балдарды, аялдарды жана эркектерди, кыздарды жана балдарды коомдук турмушка канчалык жигердүү тартаарын талкуулашты, учурдагы кырдаалды талдашты, инклюзивдүү жана коопсуз айыл өкмөтүн түзүү жолунда өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана ыктымалдуу тоскоолдуктарды аныктай алышты.
Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар гендердик жана социалдык адилеттүүлүк принциптерине негизделген айылды инклюзивдүү өнүктүрүүнү түшүнүүнүн жана максаттуу жамааттарда жашаган адамдардын бардык топторун тартуунун маанилүүлүгү жөнүндө так түшүнүктү түптөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Окуунун жыйынтыгы боюнча кызыкдар катышуучулар Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын пилоттук муниципалитеттеринин арасында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында (СЭӨП) социалдык жана гендердик инклюзиянын принциптерин жакшыраак чагылдырууга жарыяланган конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү иштеп чыгат деп күтүлүүдө.
ЖДКЖ долбоорунун комиссиясы өз кезегинде байге фондунун алкагында социалдык жана гендердик инклюзия принциптерин камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү максатында мыкты өтүнмөлөрдү тандап алып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырат.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН: ЖДКЖ Долбоорунун максаттуу райондору:
- Чүй облусунун Чүй району;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен району;
- Жалал-Абад облусунун Аксы району;
- Талас облусунун Бакай-Ата району;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району.
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда.
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун ЖӨБ органдары үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган окуунун таасирине мониторинг жүргүздү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстанда 2026-жылга карата коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу боюнча маалыматтык өнөктүк аяктады. Угуулар улантылууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ӨСИ Биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программаны коомдук талкуулоонун тең уюштуруучусу болду
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстандын делегациясы “2030-жылга чейин беш жыл: туруктуу келечек үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү” темасына арналган БУУнун Мамлекеттик кызмат форумуна катышты