Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Аял депутаттар стратегиялык пландоону үйрөнүп жатышат: СЭӨП кантип чыныгы өзгөрүүлөрдүн аспабына айланууда
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын консультанты (анын ичинде www.dpi.kg сайтынын жана КР ЖӨБ Союзунун соцтармактардагы профилдериндеги маалыматтардын негизинде)
2025-жылдын июнь айында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен долбоор жигердүү иштеп жаткан алты максаттуу райондо жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары үчүн стратегиялык пландоо боюнча семинарлардын цикли башталды. Эки күндүк практикалык семинарлар буга чейин Чүй облусунун Чүй районунда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда өткөн. Алдыда Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ноокен райондорунун, ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун аял депутаттары үчүн окуулар күтүлүп жатат.
Семинарлардын бул циклин Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырууда. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат.
“СЭӨП – бул жөн эле документ эмес, ал аймактар үчүн стратегиялык компас. Биз аял депутаттарды СЭӨПнын түзүмүн гана түшүнбөстөн, ошону менен бирге андан аялдардын жана жамааттын аярлуу катмарынын жашоосун чындап өзгөртүүгө жөндөмдүү демилгелерди да тапканды үйрөтүп жатабыз”, – деп түшүндүрдү тренер Авазкан ОРМОНОВА.
Эки күндүк семинардын алкагында катышуучулар учурдагы кырдаалды талдоодон баштап, инклюзивдүү демилгелерди түзгөнгө чейин стратегиянын негизги компоненттери менен таанышат. Гендердик өңүткө басым жасаган чечимдерди колдонуудагы СЭӨПга интеграциялоого жана жеринде аялдардын суроо-талаптарына чындап жооп берген демилгелерди тандап алууга өзгөчө көңүл бурулат.
“Билим берүү логикасы стратегиялык пландоо баскычында түзүлгөн демилгелер практикалык тегиздикке өтө ала тургандай курулган. Август айында ушул эле катышуучулар үчүн “ЖӨБ органдары үчүн ченем жаратуу” темасында эки күндүк семинар уюштурулат, анын жүрүшүндө аял депутаттар токтом долбоорлорун күн тартибине чыгарып, жергиликтүү кеңештерде андан ары талкуулоого даярдаганды үйрөнүшөт. Биздин максат – аял депутаттар көйгөйлөрдү аныктап эле тим болбостон, аларды ченемдик документтердин тилине өткөргөндү да билиши керек. Бул – идеядан конкреттүү чечимдерге карай жол”, – деп баса белгилейт долбоордун менеджери Салия АКУЛОВА.
Ошентип, стратегиялык пландоо боюнча тренингдер старттык аянтча болуп калууда. Мында катышуучулар аймакты өнүктүрүү ыкмалары менен гана таанышып чыкпастан, ошону менен бирге артыкчылыктуу милдеттердин тизмесин да түзүшөт. Ал эми ченем жаратуу боюнча алдыдагы курс аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин деңгээлинде бекемделе турган чыныгы өзгөрүүлөрдү сүрөөгө жардам берет.
Долбоор аялдардын саясаттагы компетенттүүлүгүн гана чыңдабастан, ошону менен бирге өлкөнүн элеттик райондорунда дагы кыйла адилеттүү жана инклюзивдүү башкарууга көмөктөшүүдө.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын экинчи агымы башталды!
-
№6 (164) / 2025-07-14 ЖДКЖ долбоорунун максаттуу алты районундагы муниципалдык СЭӨПлар кыйла инклюзивдүү болмокчу
-
№6 (164) / 2025-07-14 КР ЖӨБ Союзу Бишкектеги муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн окуу өткөрдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 22 муниципалитеттин ЖӨБ органдары мыкты жергиликтүү демилгеге конкурстарды өткөрүшөт
-
№6 (164) / 2025-07-14 Өнүктүрүү саясат институту Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясы менен Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
-
№5 (163) / 2025-06-10 Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери ишканаларды туруктуу жана натыйжалуу кылуу үчүн квалификациясын жогорулатып, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстан–Өзбекстан: коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүктү бекемдеп жатат
-
№5 (163) / 2025-06-10 Бишкектин Экологиялык кеңеши борбор калаанын экологиялык саясатын көп тараптуу координациялоонун платформасы катары