Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
“Муниципалитет” журналынын жазылуучулары жылдык электрондук утуш оюндун жыйынтыгы боюнча байгелерди алышты
Гуляим ШАМШИДИНОВА, БАЖБАнын кызмат көрсөтүүлөрүн сатуу боюнча менеджери
Салтка ылайык, календардык жылдын аягында “Муниципалитет” журналынын редакциясы менен биргеликте Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) журналдын жана ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын жазылуучулары арасында байгелерди электрондук ойнотууну төртүнчү жолу өткөрдү. Буга чейин өткөрүлгөн үч конкурста төлөнгөн жазылуулар жана жазылуулардын санына жараша толтурулган анкеталар конкурска катышуунун милдеттүү шарттары болгон эле. Ал эми 2005-жылдагы конкурска анкета толтурбастан, толугу менен таризделген жана төлөнгөн жазылуулар гана автоматтык түрдө киргизилди.
Жалпысынан кызыктыруучу электрондук байге утушуна катышууга 288 субъекттин ичинен 243 субъекттен 2453 жазылуунун 1874ү катышууга укук алды. Конкурс тууралуу жобого ылайык, 1874 жазылуунун ар бирине электрондук утуштарды ойнотуу максатында анын катар номерине жараша жеке код номери ыйгарылды. Конкурстун жалпы байге фонду 200 000 (эки жүз миң) сомду түзүп, БАЖБАнын өздүк каражаттарынан камсыздалды. Бул каражатка кеңсе техникасы сатып алынган, ошондой эле БАЖБА байге катары утуш оюнунун катышуучуларына окуу курстарына сертификаттарды жана “Муниципалитет” журналына жана ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталына 2026-жылга акысыз жазылууларды сунуш кылган.
2025-жылдын декабрында ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында онлайн-форматта байгелердин электрондук утуш оюну өттү, ага “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары – ЖӨБ органдары, өнөктөш уюмдар, мекемелер жана муниципалдык ишканалар, жеке адамдар катышты. Конкурстун уюштуруучулары катары БАЖБАнын өкүлдөрү, “Муниципалитет” журналынын редакциясы жана конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү офлайн катышты. Иш-чарага жазылуучулардын ичинен 60ка жакын адам, негизинен ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышты. Онлайн-утуш оюну БАЖБАнын өнөктөш уюмдарынын жана долбоорлорунун өкүлдөрүнөн турган конкурстук комиссиянын катышуусунда ачык жана айкын өттү. Утуш оюндун жеңүүчүлөрү рандомайзер (кокус сандардын электрондук генератору, атайын программа жеңүүчүлөрдү түз эфирде автоматтык түрдө аныктайт) аркылуу аныкталды, мында ар кандай байгелерден турган беш лот ойнотулду. Жыйынтыгында өлкөнүн 6 облусунан 20 ЖӨБ органы байгелүү орундарга ээ болуп, жеңүүчүлөрдүн төмөнкүдөй тизмеси аныкталды.
Компьютердик техника
- Жайылма айыл өкмөтү (Чүй облусу, Ысык-Ата району) – НОУТБУК (I орун).
- Кыргызстан айыл өкмөтү (Талас облусу, Манас району) – ПРОЕКТОР (II орун).
- Садыр аке айыл өкмөтү (Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району) – ПРОЕКТОР (II орун).
- С. Чокморов айыл өкмөтү (Чүй облусу, Аламүдүн району) – ПРИНТЕР (III орун).
- Ысык-Көл айыл өкмөтү (Ысык-Көл облусу, Түп району) – ПРИНТЕР (III орун).
БАЖБАнын ар кандай курсуна сертификат (IV орун)
- Кең-Кол айыл өкмөтү (Талас облусу, Талас району).
- Жекенди айыл өкмөтү (Ош облусу, Чоң-Алай району).
- Ош шаардык мэриясынын “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгы.
- Ак-Сай айыл өкмөтү (Баткен облусу, Баткен району.
- Байтик-Баатыр айыл өкмөтү (Чүй облусу, Аламүдүн району).
“Муниципалитет” журналына жылдык акысыз жазылуу (V орун)
- А. Масалиев айыл өкмөтү (Баткен облусу, Кадамжай району).
- Жан-Булак айыл өкмөтү (Нарын облусу, Нарын району).
- Жээк айыл өкмөтү (Чүй облусу, Ысык-Ата району).
- Кара-Гуз айыл өкмөтү (Ош облусу, Кара-Кулжа району).
- Кочкорбаев айыл өкмөтү (Чүй облусу, Ысык-Ата району).
- Майдан айыл өкмөтү (Баткен облусу, Кадамжай району).
- Нарзан айыл өкмөтү (Чүй облусу, Москва району).
- С. Юсупов айыл өкмөтү (Ош облусу, Араван району).
- Сары-Коо айыл өкмөтү (Чүй облусу, Жайыл району).
- Тоголок-Молдо айыл өкмөтү (Нарын облусу, Ак-Талаа району).
Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелерди салтанаттуу тапшыруу үчүн 18-декабрда БАЖБА жана “Муниципалитет” журналынын редакциясы Бишкекте биринчи үч байгелүү орунду ээлеген жеңүүчүлөрдүн катышуусунда офлайн жана онлайн иш-чарасын өткөрүштү. Өз байгелерин алганы ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү – журналдын жазылуучулары келишти. Алар: Жайылма айыл өкмөтүнүн (Чүй, Ысык-Ата) атынан жергиликтүү кеңештин төрагасы Кыялбек ЖОНГУЧКАЕВ, С. Чокморов айыл өкмөтүнүн (Чүй, Аламүдүн) атынан айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам КАСЫМБЕКОВ, Садыр аке айыл өкмөтүнүн (Ысык-Көл, Ысык-Көл) атынан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин МОЛДАКМАТОВ, Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн (Ысык-Көл, Түп) атынан жергиликтүү кеңештин төрагасы Орозбек МУКАМБЕТОВ, ошондой эле Кыргызстан айыл өкмөтүнүн (Талас, Манас) өкүлдөрү.
Садыр аке айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин МОЛДАКМАТОВ журнал канчалык пайдалуу болгону тууралуу пикирин айтты: “Биз “Муниципалитет” журналынан эбегейсиз зор тажрыйбага ээ болуп жатабыз, ар бир сандагы дээрлик бардык макалаларды ырахаттанып окуйбуз жана ишибизде пайдалуу маалыматтарды колдонууга аракет кылабыз. Жаңы мыйзамдар бат-бат чыгып жатат, журнал аркылуу биз кандайдыр бир практикалык пайдалуу көндүмдөрдү жана эксперттер менен практиктердин тажрыйбасы аркылуу бул мыйзамдар кандай иштээрин билип жатабыз. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбалары жөнүндө абдан пайдалуу макалалар да чыгат, бул бизге тажрыйба алмашууга жана башкаруучулук жөндөмдү өнүктүрүүгө жардам берүүдө. Жалпысынан жылдык 11 даанага жазылууну алганбыз, бирок бул журналдарды айыл өкмөтүбүздө гана сактап койбостон, ар бир каалоочуга, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү жаңылыктарга кызыккан карапайым адамдарга да берүүгө аракет кылабыз. Алардын көбү журналдын беттеринен ар кандай долбоорлор тууралуу малыматтар менен таанышып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана аларга катышуу тууралуу мага ар кандай сунуштар менен келишет. Ошондуктан, менин баамымда, бул журналды ЖӨБ органдарынын арасында гана эмес, шаарлардын, айылдардын карапайым адамдары арасында да таратыш керек”.
БАЖБАнын, “Муниципалитет” журналынын редакциясынын жана өнөктөштөрдүн атынан конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз жана бардык жазылуучуларга иштерине ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайбыз! Журналга жана порталга жазылуунун алкагында көп жылдык кызматташууңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Жаңы 2026-жыл күч-кубатка мол, кайраттуулуктун, ылдамдыктын, чечкиндүүлүктүн, эркиндиктин, ыкчамдыктын жана тырышчаактыктын жылы болсун! 2026-жыл жаңы оң өзгөрүүлөрдү алып келсин, кайраттуу демилгелер ишке ашсын, тайманбас чечимдер кабыл алынып, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылсын, дымактуу максаттарга жетиңиз!
Окшош материалы:
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун ЖӨБ органдары үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган окуунун таасирине мониторинг жүргүздү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда















