Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
Асель МАМБЕТОВА, ЖДКЖ долбоорунун менеджери
2025-жылдын 9-декабрында Бишкекте Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (ЖДКЖ) долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы өттү. Иш-чарага КР Президентинин Администрациясынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле райондук администрациялардын, ЖӨБ органдарынын жана өнөктөш уюмдардын жетекчилери катышты.
Конференциянын жүрүшүндө 2025-жылдын ичинде долбоордун негизги жетишкендиктери тааныштырылды. Тактап айтканда, аймактарда катуу коммуналдык калдыктарды (ККК) иштетүүнүн комплекстүү программалары иштелип чыкканы, бул системалуу пландоого жана райондордун деңгээлде туруктуу кызмат көрсөтүүгө көмөктөшкөнү белгиленди. Долбоордук ыкманын өзгөчөлүктөрүнүн бири – таштанды полигондорун олуттуу кыскартуу жана “бир район – бир полигон” концепциясын киргизүү болду.
Катышуучулар ошондой эле КККны иштетүү жаатында Литванын тажрыйбасы менен тааныша алышты. Литвага болгон тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларынын бири, Кочкор-Ата шаарынын өкүлү да өзүнүн муниципалитетинин тажрыйбасы менен бөлүштү. Алар мекенине кайтып келгенден кийин жер астындагы таштанды контейнерлерди орнотуу практикасын киргизип, учурда шаарда мындай аянтчаларды көбөйтүү жана калк арасында таштанды чыгаруу жана сорттоо маданиятын жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Андан соң Ноокен жана Жети-Өгүз райондорунда КККны чогултуу, ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин пландары сунушталды. Бул пландар катуу коммуналдык калдыктарды иштетүү боюнча райондук программалардын негизинде иштелип чыккан. Ушундан кийин гранттык программанын алкагында сертификаттарды тапшыруу аземи болду.
2025-жылы гранттык программалардын көлөмү рекорддук болду, бул муниципалитеттерге таштандыларды иштетүүгө заманбап ыкмаларды киргизүүгө мүмкүндүк берери өзүнчө баса белгиленди. Жалпы жонунан долбоордун алкагында максаттуу райондордо алты райондук иш-аракеттер планын ишке ашырууга сексен миллион сом каралган:
- Ноокен району – 21 млн сом;
- Жети-Өгүз району – 20 млн сом;
- Аксы району – 15 млн сом;
- Бакай-Ата району жана Талас шаары – 14 млн сом;
- Ак-Суу району – 5 млн сом;
- Чүй району – 5 млн сом.
ЖДКЖ долбоорун Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ХЕЛВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институту уюмдарынын консорциуму ишке ашырууда.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо
-
№2 (172) / 2026-03-09 Райондук СЭӨП иш-аракетте: Жети-Өгүз районунда ак илбирсти коргоо жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча фестиваль өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары жылдык электрондук утуш оюндун жыйынтыгы боюнча байгелерди алышты
















