Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
Өнүктүрүү саясат институту райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрү үчүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу боюнча үч күндүк тренингдердин сериясын өткөрдү.
Окуунун максаты – муниципалитетте дараметин бекемдөө, практикалык пландоо көндүмдөрүн өнүктүрүү, өнүгүүнүн артыкчылыктарын аныктоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин мамлекеттик программалар жана жергиликтүү демилгелер менен макулдашуу.
Тренинг Шаарларды колдоо долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоорду Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда.
Тренингдерге экономика маселелери боюнча вице-мэрлер, мэриялардын аппарат жетекчилери, экономикалык өнүгүү жана финансы бөлүмдөрүнүн башчылары, шаар куруу жана муниципалдык менчик боюнча адистер, шаардык кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү чакырылган.
Тренингдер 5 жерде өтүп, өлкө боюнча райондук маанидеги шаарларды камтыды. Тренингге мэриялардын жана шаардык кеңештердин 88 өкүлү (анын ичинде 36 аял), анын ичинде вице-мэрлер, профилдик бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү катышты.
Окуу программасы “практика аркылуу үйрөнүү” принцибин карманды: катышуучулар өз шаарларынын реалдуу дайындары менен иштешти, кырдаалды жана артыкчылыктарды талдоодон иш-чаралар планына, бюджетке, мониторинг жана баалоого чейин баскыч-баскычы менен СЭӨПнын негизги бөлүмдөрүн иштеп чыгышты.
“Теория ошол замат практика менен бекемделди: СЭӨПнын 50-60 пайыздан ашыгын биз тренинг учурунда эле даярдап койдук”, – деп тастыкташты окуунун катышуучулары.
Инклюзивдүү өнүктүрүү, гендердик сезимталдык, “Эч кимди артта калтырбоо” принцибине, ошондой эле санариптик аспаптарды колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулардын билимине жасалган баалоо алардын компетенциялары олуттуу жогорулаганын көрсөттү, бул тренингдин практикалык маанисин жана анын натыйжалуулугун тастыктайт.
“Бардык шаардык кызматтардын чогуу иштешкени жакшы болду, бул өнүгүүгө бирдиктүү көз карашты калыптандырууга жардам берди”, – деп окуунун натыйжалуулугуна Базар-Коргон шаарынын вице-мэри баа берди.
Тренингдердин жыйынтыгы боюнча көпчүлүк шаарлар өздөрүнүн СЭӨП долбоорлорун даярдашты, аларды үй тапшырмасы катары жеткире иштеп чыгышат, андан кийин СЭӨП коомдук талкууга коюлуп, жергиликтүү кеңештердин бекитүүсүнө киргизилет.
Тренинг стратегиялык пландоонун жаңы методологиясын киргизүүгө жана Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыймылдаткычтары катары шаарлардын ролун бекемдөөгө карай маанилүү кадам болду.
Окшош материалы:
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары жылдык электрондук утуш оюндун жыйынтыгы боюнча байгелерди алышты
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун ЖӨБ органдары үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган окуунун таасирине мониторинг жүргүздү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда















