Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
2025-жылдын аягында бардык жети облустун шаарларындагы муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү үчүн ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренингдер өткөрүлдү.
“Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн экономикалык туруктуулугу. Суу менен жабдуу жана тиричилик таштандыларын чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди эсептөө эрежелери” темасына тренингдер КР Экономика жана коммерция министрлиги менен “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн кызматташтыгынын алкагында уюштурулду. Тренингдин максаты – муниципалитеттерде ачык-айкын, туруктуу жана социалдык багыттагы тариф саясатын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандыруу, бул шаарларда коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
“Муниципалдык ишканалардын жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу башкарууга жана шаарлардын финансылык туруктуулугун чыңдоого көмөктөшөт. Экономикалык жактан жүйөлүү тарифтер муниципалдык ишканалардын туруктуу иштешин, инфраструктураны өз убагында оңдоону жана жаңылоону, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууну камсыздайт, ошондой эле жергиликтүү бюджеттер үчүн тобокелдиктерди азайтууга жардам берет”, – деп белгиледи Өнүктүрүү саясат институтунун адиси Мирлан МОЛДОБЕКОВ.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар коммуналдык ишканалардын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу принциптери; ичүүчү сууга тарифти эсептөө тартиби жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтомунун талаптары; катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифти аныктоо методологиясы; кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдардын курамы жана өздүк наркынын түзүмү жана тарифтерди дифференциациялоо жана субсидияларды берүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат алышты.
Практикалык топтук тапшырмаларга өзгөчө көңүл бурулду, анда мэриянын кызматкерлери тарифтерди өз алдынча эсептеп чыгышты, чыгымдардын түзүмүнө талдоо жасап, рентабелдүүлүктү эсептешти, чыгымдардын ар кандай сценарийлерин моделдешти, бюджет жана ишканалар үчүн финансылык кесепеттерди талдап, тарифтерди бекитүү үчүн керектүү документтердин пакетин даярдашты.
Шаарларды колдоо долбоорун (ШКД) КР Экономика жана коммерция министрлиги “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунун алдында ишке ашырууда. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2025-жылдын октябрынан 2026-жылдын декабрына чейин, ал консультацияларды, тренингдерди, тажрыйба алмашууну жана мотивациялык иш-чараларды камтыйт.
Окшош материалы:
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары жылдык электрондук утуш оюндун жыйынтыгы боюнча байгелерди алышты
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун ЖӨБ органдары үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган окуунун таасирине мониторинг жүргүздү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда















