Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдардын лидерлиги аракетте: лидер аялдар үчүн эки күндүк семинар

2025-09-21 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Аялдардын лидерлиги аракетте: лидер аялдар үчүн эки күндүк семинар

Каныкей КЕНЕНСАРИЕВА, БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты

2025-жылдын 11-12-август күндөрү Бишкектин чет жакасында жетекчи аялдар үчүн эки күндүк семинар өттү. Бул семинарды Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте уюштурду. Иш-чара КР Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы №62 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Мамлекеттик программанын алкагында өттү.  Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 55 жигердүү лидер аял – райондук мамлекеттик администрациялардын акимдеринин орун басарлары, шаарлардын вице-мэрлери, жергиликтүү кеңештердин төрайымдары жана айыл өкмөт башчылары, Президенттик Администрациянын, МКЖӨБМАнын өкүлдөрү, өнөктөштөр жана уюштуруучулар катышты.

Биринчи күн 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын ачылышына, ишке киргизилишине жана бет ачарына, административдик-аймактык реформанын жыйынтыктарына, мыйзамдардагы жаңы өзгөрүүлөргө жана башкаруудагы санариптик трансформацияга арналды.

Семинардын жүрүшүндө аталган агенттиктин директору Кудайберген БАЗАРБАЕВ аялдардын мамлекеттик башкаруудагы ролу жана учурдагы көрсөткүчтөр тууралуу айтып берди: “Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн 30% квота киргизилген. Ушул тапта жергиликтүү кеңештерде 6328 мандаттын 2528ин аялдар алды. Бул мандаттардын жалпы санынын 39,75% түзөт. Бул көрсөткүч жергиликтүү кеңештерде аялдардын активдүүлүгү жогорулаганынан кабар берет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жалпы саны 22 425 адамды түзөт. Алардын ичинен 8604ү (38%) – аялдар.
Министрликтердин жана ведомстволордун борбордук аппараттарына аялдардын катышуусуна токтоло турган болсок, бул көрсөткүч орто эсеп менен 56 пайызды түзөт:

  • Юстиция министрлигинде – 90%,
  • Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде – 84%,
  • Билим берүү министрлигинде – 79%,
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде – 70%,
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинде – 65%,
  • Жогорку сотто – 65%,
  • Башкы прокуратурада – 45%”.

Катышуучулардын айтымында, “Кыргызстандын жандуу картасы” көнүгүүсү өзгөчө таасир калтырды, мында ар бир катышуучу бүгүнкү күндө ишинде аны эмне кубандырганы менен бөлүшө алды. Топтордо башкаруунун реалдуу чакырыктары талкууланды, катышуучулар практикалык көндүмдөрү менен бөлүшүштү жана өз аймактарын өнүктүрүү үчүн чечимдерди издешти. Күн жакшы маанайда ой жүгүртүү жана кечки нетворкинг менен аяктады.

Экинчи күнү катышуучулар “Ведомстволордун ортосундагы өз ара аракеттенүү картасын” түзүп чыгышты, анда бийликтин деңгээлдеринин ортосундагы реалдуу жана каалаган кызматташууну көрсөтүп, натыйжалуу өз ара байланыш түзүүгө эмнелер тоскоол болуп жатканын жана эмнелер жардам бере аларын түшүнүүгө аракеттеништи.

“Аталар күнү” көнүгүүсү программанын адаттан тыш бөлүгү болуп калды – мында жергиликтүү бийлик эркектерди үй-бүлөлүк жашоого көбүрөөк тартууга кандай колдоо көрсөтө алары кызуу талкууга алынды.

“Жергиликтүү деңгээлде союздарды жана альянстарды кантип куруу керек” аттуу мастер-класста биргелешкен иш-аракеттер жана аялдар коалицияларынын тажрыйбасы тууралуу сөз болду. 

Семинар “Менин чакан өзгөрүүм” деп аталган жеке көнүгүү жана лидер катары өзүнө убада берүү менен жыйынтыкталды. 

“Бул эки күн тажрыйба алмашуу, жаңы чечимдерди табуу жана бири-бирин колдоо үчүн чыныгы аянтча болуп калды. Биздин катышуучулар лидерлик – бул кызмат гана эмес, ошону менен бирге өзгөрүүлөр үчүн аракет кылууга даяр болуу экенин да далилдей алышты. Кымбаттуу лидер аялдар, алган билимиңер сиздердин ресурсуңарга, ал эми бул жердеги байланыштар жаңы бийиктиктерге карай жолдогу таянычка айлансын!” – деди БАЖБАнын программалык координатору Салия АКУЛОВА.

 

 

Окшош материалы: