Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
“Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн урматына арналган салтанат
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
Расмий иш-чара 2025-жылдын 13-августунда Бишкектеги Улуттук тарых музейинин чоң залында өттү. Иш-чараны КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик (МКЖӨБМА) Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) менен кызматташтыкта, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын колдоосу менен уюштурду. Аталган Программаны Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырууда. Бул окуя 2024-жылдын декабрында башталган “Кыргызстандын 100 лидер аялы” аттуу даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программасынын жыйынтыктоочу этабы болуп калды1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы №62 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында болду. Бул билим берүү программасын КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылды.
Лидер аялдарды сыйлоо, алардын кесипкөй жана инсандык өсүшүнө колдоо көрсөтүү, ошондой эле башкаруучулук жана лидерлик активдүүлүгүн жогорулатуу программанын максаты болгон.
Катышуучулар – салтанаттын башкы каармандары менен учурашып жатып, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Индира ШАРШЕНОВА агенттиктин директору Кудайберген БАЗАРБАЕВдин куттуктоосун айтып, төмөнкүлөрдү белгиледи: “Үч айлык окуунун алкагында силер заманбап мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу, жумшак көндүмдөр, лидерлик компетенциялар, башкаруу стратегиялары, мыйзамдар, гендердик теңчилик, коом менен байланыш жана санариптик чөйрөдө иштөө сыяктуу темалар боюнча терең билимге жана практикалык көндүмгө ээ болдуңар. Лидер аялдарды даярдоого салым кошкон өнөктөш уюмдарга, тренерлерге, эксперттерге жана уюштуруучуларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Бул программанын жыйынтыктары жакынкы келечекте сөзсүз өз жемишин берет деп ишенебиз”.
Ошондой эле МКЖӨБМАнын директорунун орун басары Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө көрсөтүп келаткан көп жылдык жардамы жана колдоосу үчүн Швейцария элчилигине ыраазычылыгын билдирип, Мамлекеттик агенттиктин жана директордун атынан ыраазычылык катын тапшырды.
Швейцариянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сирокко МЕССЕРЛИ учурашуусун кыргыз тилинде баштап, муну менен иш-чаранын катышуучуларынын мактоосуна арзыды: “Кутман таң, урматтуу катышуучулар! Базарбаев мырза башында турган мамлекеттик агенттик менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын аркасында ишке ашырылган квалификацияны жогорулатуу программасын ийгиликтүү аяктаган көрүнүктүү лидер аялдардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жетишкендиктерин даңазалаган бул шыктандыруучу салтанатта бүгүн сиздин алдыңызда сөз сүйлөө мен үчүн чоң сыймык. Бул демилге президент Садыр Жапаров демилгелеген 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат. Ал инклюзивдүү мамлекеттик башкарууга жана аялдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө жетекчилик кызматтарды ээлөөгө укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүү боюнча биздин жалпы умтулуубузду чагылдырат.
Бүгүн биз жөн гана академиялык жетишкендиктерди белгилеп жаткан жокпуз. Биз сиздин талыкпас эмгегиңизди, билимге болгон умтулууңузду жана өз мүмкүнчүлүктөргө болгон ишенимиңизди баалайбыз. Ар бириңер жеке өсүшкө жана коомго кызмат кылууга берилгениңерди көрсөтүп, муну менен өз мекемелериңизде өзгөрүүлөрдүн кубаттуу кыймылдаткычтарына айландыңар.
Швейцария инклюзивдүү мамлекеттик башкарууга, гендердик теңчиликке жана мамле-кеттик кызматта аялдардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү демилгелерди колдоп жатканы менен сыймыктанат. Биз аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – бул адилеттүүлүк гана эмес, ошону менен бирге ар бир жамааттын келечегине жумшалган стратегиялык инвестиция деп эсептейбиз. Аялдардын лидерлиги жамааттарды бекемдейт. Алардын иши институттарды бекемдейт. Алардын билим алуусу жылыштарга дем берет. Ошондой эле мен бул жолдо колдоо көрсөткөн мекемелерге жана мугалимдерге, ошондой эле бул программаны ишке ашырууга шарт түзгөн швейцар өнөктөштөргө, өзгөчө Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясына ыраазычылыгымды билдиргим келет. Биз биргелешип, өлкөлөр ортосунда, жамааттар ортосунда жана муундар ортосунда көпүрөлөрдү курабыз.
Сиз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы милдеттериңизге кайтып келгенден кийин мен сиздерди ушул учурдун духун кабыл алууга чакырам. Боорукердик менен кызмат кылгыла. Жаңы билимди өздөштүрүп, өсүп, шыктандыра бериңиз.
Швейцария Конфедерациясынын атынан ар бириңиздерди куттуктайм. Сиздердин бүгүнкү жетишкендиктериңер келечекке дагы олуттуу салымдын башаты болуп берсин. Чоң рахмат!”.
Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА да Программанын бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, аларга мындан ары өнүгө берүүнү, муну менен Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошо берүү ниетин билдирди: “Мамлекеттин көңүл буруусу, сиздерге мамлекеттик жана муниципалдык кызматта карьераңызды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү – бул бүтүндөй өлкөнүн келечеги үчүн чоң салым. Кыйын мезгилде, оор тарыхый доорлордо аялдар чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алышат; аялдар өз үй-бүлөлөрүнүн гана эмес, бүткүл башкаруу системасынын да таянычы болуп калышат. Азыркы учурда Кыргызстан бир жагынан абдан жигердүү өсүп-өнүгүүдө, себеби экономикабыз өнүгүү жолуна түштү, бирок өлкөнүн айланасында, өлкө ичинде, чөлкөмдө жана жалпысынан дүйнөдө климаттын өзгөрүүсүнөн баштап, глобалдык, экономикалык, саясий өзгөрүүлөргө чейинки чакырыктар менен көйгөйлөрдүн санын эске алганда, татаал мезгилде жашап жатабыз десек болот. КР Президенти жана башка жетекчилер кадрдык потенциал, адамдык жана башкаруучулук ресурстар – бул ийгиликтин жана өнүгүүнүн негизги фактору экенин көп жолу айтышкан. Мындай кырдаалда аялдар бир аз пассивдүү позицияны ээлешет; алдыңкы планга чыгуудан, өзүнө көбүрөөк жоопкерчиликти алуудан жана өзүнө көңүл буруудан, лидерлик позицияга чыгуудан коркуп, “көшөгөнүн артындагы” жашоосун уланта беришет. Бирок муну жасаш керек. Аялдардын башкаруусунун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар экенин түшүнөбүз. Аялдар бир эле маалда кайраттуу, ошол эле учурда сак, ойчул болуп, майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурат, аялдар артта калып жаткандарды, аярлуу топторду унутушпайт, алар кырдаалды комплекстүү, көп кырдуу көрө алышат.
100 аял бери дегенде алдыга кадам таштап, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууга жигердүү катышууну ойлоп жатканынын өзү чоң жетишкендик. Бирок мен муну жасай албай жаткан дагы миңдеген аялдар бар экенин билем. Өзүнүн тарыхында ӨСИ аялдардын лидерлигине колдоо көрсөтүп, лидер аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип келатат. Айыл өкмөттөрүндөгү муниципалдык кызматта иштеген аялдарды, жооптуу катчыларды, социалдык өнүктүрүү боюнча адистерди колдоодон баштаган элек. Андан соң жергиликтүү кеңештердеги аял депутаттарды абдан жигердүү колдодук. Бир нече шайлоо циклдеринде мектептерден баштап, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан баштап, бул аялдардын дараметин жогорулатуунун моделдерин түзүп, БАЖБАга бул ыкмаларды кеңейтүүгө жана колдонууга жардам бердик. Биздин ушундай биргелешкен ишибиз уланууда. Бүгүнкү күндө Академия өзүн лидер катары көрсөтө алган аялдарды колдоо менен алектенүүдө. Өз кезегинде биз дагы тереңирээк киребиз. Учурда биз кадрлар резервинде турган же ошол жакка киргиси келип, бирок карьерасында эч кандай кадам таштабаган, жаңы кызматтарды ээлебеген, жоопкерчиликтүү жетекчилик кызматтарга өтпөгөн аялдардын өнүгүүсүнө кантип жардам берсе болорун чечүүгө аракет кылып жатабыз. МКЖӨБМА биринчи кезекте директор БАЗАРБАЕВ мырзанын атынан бул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатат. Директор аялдарга, аларды сүрөө үчүн шарттарды түзүп берүү керектигин өзү дайыма баса белгилеп келет. Бирок ошол эле учурда кандай тоскоолдуктар бар экенин да түшүнүшүбүз керек. Албетте, эң негизги, маанилүү тоскоолдук аялдын ичинде болот, ал адатта элдин назарын буруудан, жоопкерчиликти алуудан, демилге көтөрүүдөн, лидер болуудан, көңүл чордонунда болуудан коркот. Бирок сырткы тоскоолдуктар дагы бар – бул үй-бүлө, чөйрө, бирок системада да кандайдыр бир боштуктар да болушу мүмкүн.
Кымбаттуу эже-сиңдилер, өзүңөргө көбүрөөк жоопкерчилик алгандан коркпогула! Силер улуттун интеллектуалдык баалуулугу болуп саналасыңар, силер улуттун башкаруу жаатындагы байлыгысыңар. Ар бир адам силердин мындан аркы ийгиликтериңерди жана карьераңар кандай өнүгүп жатканын укканда кубанычта болот. Бүгүн силердин араңарда келечектеги министрлер жана министрлердин орун басарлары, өлкөбүздү бактылуу, ал эми элибиздин ден соолугун чың, өмүрүн узун кыла турган келечектеги саясий, коомдук, маданий лидерлер бар!”.
Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө кошкон салымы, чыдамкайлыгы жана күч-аракети үчүн бардык окутуучуларга жана катышуучулардын өздөрүнө да ыраазычылыгын билдирди: “Бүгүн биз үчүн өзгөчө күн – биз жөн гана окуудан өтпөстөн, лидерликтин, кесипкөйлүктүн жана коомго кызмат кылуунун жаңы белестерине карай кадам таштаган аялдарды сыйлап жатабыз.
“Кыргызстандын 100 лидер аялы” аттуу квалификацияны жогорулатуу программасы ар бириңер өз дараметиңерди ача алып, лидерлик жана башкаруучулук көндүмдөрүңөрдү бекемдеп, аймагыңыздын, районуңуздун, облусуңуздун жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсүнүн жигердүү кыймылдаткыч күчүнө айлансын деп түзүлгөн. 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын июлуна чейин программанын эки агымынын алкагында 101 аял, анын ичинде ар кандай деңгээлдеги кадр резервинин өкүлдөрү окутулганы менен сыймыктанабыз. Булар өз жамааттарынын жашоосун бүгүндөн тарта эле жакшы жакка өзгөртүп жаткан аялдар.
Аялдардын лидерлигин өнүктүрүү багытын “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын алкагында Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) демилгелеп, түзүп чыккан. Бул программа башкаруу системасында аялдардын ролун бекемдөөгө маанилүү салым кошуп жатканын белгилей кетүү маанилүү. Биздин окутуу программабыз Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жигердүү катышуусу менен ишке ашырылууда. Бул программаны ишке ашыруу “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында Швейцария элчилигинин финансылык колдоосу менен мүмкүн болду.
Кымбаттуу катышуучулар, сиз алган күбөлүктөр – бул жөн гана программадан өткөнүңүздү тастыктаган документ эмес. Бул сиздин эмгегиңиздин, өжөрлүгүңүздүн, өзүңүзгө жоопкерчиликти алууга жана жарандардын кызыкчылыгында аракеттенүүгө даярдыгыңыздын символу. Алган билимиңиз жана көндүмдөрүңүз алдыга ишенимдүү кадам таштоого, чечимдерди кабыл алууга таасир этүүгө жана башка аялдарды өлкөнүн турмушуна жигердүү катышууга шыктандырууга жардам берет деп терең ишенем. Бүгүнкү күн жаңы ийгиликтерге жана Кыргызстандагы аялдардын күчтүү лидерлигине карай дагы бир башат чекит болуп калсын”.
Салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан программа боюнча окуусун ийгиликтүү аяктаган жергиликтүү да, республикалык да деңгээлдерде иштеген 120 лидер аял катышты.
Программаны ийгиликтүү аяктаган лидер аялдарга БАЖБАда квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу күбөлүктөр тапшырылды.
БАЖБАдан Программанын координатору Салия АКУЛОВА Программанын мазмуну тууралуу маалымат менен бөлүштү: “Кыргыз Республикасынын аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа өлкөнүн саясий, коомдук жана экономикалык турмушуна аялдардын жигердүү катышуусун күчөтүүгө багытталган стратегиялык маанилүү демилгени ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Аялдардын чечимдерди кабыл алууга катышуусу жана лидерлиги коомдун адилеттүү жана тең укуктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мамлекеттик программанын биринчи кезектеги чараларынын бири – бул аял-талапкерлердин дараметин жогорулатуу, алар мамлекеттик башкарууга ийгиликтүү катышуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган адистештирилген окутуу программаларын даярдоо жана ишке киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимин колдоо максатында ишке ашырылып, жогоруда аталган Жарлыкта көрсөтүлгөн баалуулуктарды жана максаттарды регионалдык жана муниципалдык кадрлар резервине киргизилген 100 аял үчүн эки адистештирилген үч айлык курс түрүндө аткарылды.
“Кыргызстандын 100 лидер аялы” Программасында эң жогорку деңгээлдеги окутуучулардын, эксперттердин жана коучтардын командасы иштегенин өзүнчө белгилей кетүү зарыл. Алардын арасында илимдин кандидаттары, профессорлор, доценттер, эл аралык деңгээлдеги эксперттер болду. Алар катышуучулардын дараметин параллелдүү түрдө ачып, насаатчылык жана колдоо аркылуу катышуучулардын жеке жана кесиптик өсүшү үчүн колдоо көрсөтүүчү чөйрөнү түзүп беришти.
Программа 3 модулду камтыды: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун негиздери; Кыргыз Республикасындагы гендердик саясат; жеке жөндөмдөрдү өнүктүрүү.
Модулдардын ортосундагы мезгил аралыгында катышуучулар стратегиялык башкаруу, аялдардын тилектештигин өнүктүрүү, жеке көндүмдөрдү жана жетекчинин санарип көндүмдөрүн онлайн форматында өнүктүрүү темаларын өздөштүрүп, үй тапшырмаларын аткарышты. Бул тапшырмаларга аналитикалык иш, стратегияларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле эл алдында сүйлөө кирди. Алган көндүмдөр жана билимдер бүтүрүүчүлөрүбүзгө оңой эмес жумушта жардам берет деп чындап ишенебиз”, – деди Салия АКУЛОВА.
Салтанат төкмө акындардын концерттик программасы, ошондой эле Программанын катышуучуларынын ыраазычылык сөздөрү менен жыйынтыкталды.
Айдана ИМАНАЛИЕВА, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары: “Бул Программанын алкагындагы ар бир сессияда биздин көзүбүз “ачылгандай” болду. Бул мен үчүн абдан пайдалуу жана керектүү тажрыйба болду. Бардыгыңыздарга ийгиликтерди каалайм, ал эми уюштуруучуларга өлкөбүзгө лидер аялдардын арасынан кадрларды даярдоодо жардам берип, мындан ары да жаратмандык иштерди уланта берүүнү каалайм!”.
Асель САНСЫЗБАЕВА, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акиминин орун басары: “Биз “Кыргызстандын 100 лидер аялы” Программасын ийгиликтүү жыйынтыктадык, бул биз үчүн жөн гана кезектеги окутуу, ал эми сертификаттар катышууну тастыктаган документ болуп калган жок. Андай эмес. Бул программа биздин күчүбүздүн, өнүгүүгө жана туруктуулукка болгон умтулуубуздун, Кыргызстанга берилгендигибиздин далили болуп калды. Бүгүн бул жерде өз ишинин чыныгы күйөрмандары отурат деп ишенимдүү айта алам. Биз акча же таанылуу үчүн иштеп жаткан жокпуз, биз колдон келишинче салым кошуп, өлкөбүздүн бакубатчылыгы үчүн эмгектенип жатабыз. Баарыңыздарга, кымбаттуу айымдар, чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайм, ал эми бизге жардам берип жаткан бардык өнөктөштөргө терең ыраазычылыгымды билдирем!”.
Назгүл ТОКТОКЕЕВА, Талас облусунун Айтматов раймамадминистрациясынын социалдык секторунун башчысы: “Бардык кесиптештеримди бул Программаны ийгиликтүү жыйынтыктаганы менен чын дилимден куттуктайм! Мен Талас облусунун өкүлү катары Программанын көмөгү менен алган жаңы билимим жана көндүмдөр квалификациямды жогорулатып, мени лидер катары күчтүү гана кылбастан, Мекенибиздин бакубатчылыгы үчүн эмгектенүүгө шыктандырып, түрткү бергенин сыймыктануу менен билдирем. Кымбаттуу лидер айымдар, бул жолугушуу чоң жолдун башталышы гана деп ишенем”.
Жылдыз ИСМАИЛОВА, Улуттук статистика комитетинин (УСК) Ош облустук башкармалыгынын жетектөөчү адиси: “Бүгүн сиздер менен бирге болгонума кубанычтамын, себеби бүгүнкү иш-чара атайын биз үчүн, “Кыргызстандын 100 лидер аялы” Программасынын бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулуп жатат, мен да силердин катарыңардамын! Кээде мээни зарыл билимге толтурганга караганда капчыкты толтуруу оңой болот, себеби билим алуу дайыма көбүрөөк убакытты жана күч-аракетти талап кылат. Биз аялдардын жашоонун ар кандай чөйрөсүнө катышуусу өтө зарыл экенин көрүп жатабыз, себеби аялдарда өзгөчө маанилүү сапат бар – ыкчам реакция жасап, тез чечим кабыл алганды билебиз. Ал эми билимдүү жана сабаттуу аял бүтүндөй бир улутка билим берип, тарбиялай алат. Башкача айтканда, мамлекеттин өнүгүүсүн билимдүү аялдар жана билимдүү эркектер курушат. Өз кезегинде алган билимимди, көндүмдөрдү өз элимдин бакубатчылыгы үчүн иштеген мамлекеттик кызматчы катары өз ишимде колдоном деп ишенимдүү айта алам”.
______
1 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын августуна чейин Кыргызстандын облустук, муниципалдык жана ведомстволук кадрдык резервдеринен сынактын негизинде тандалып алынган 101 аял адистештирилген үч айлык курстарды ийгиликтүү аяктады.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо
-
№2 (172) / 2026-03-09 Райондук СЭӨП иш-аракетте: Жети-Өгүз районунда ак илбирсти коргоо жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча фестиваль өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
















