Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Балыкчы шаары: фактылык дайындарга жана жашыл ыкмаларга таянуу менен шаарды пландоо жана өнүктүрүү
Артур САРКИСОВ, ӨСИнин байланыш боюнча координатору
24-25-июль күндөрү Балыкчыда шаардык мэриянын аппаратынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, шаардын коммуналдык кызматтары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн практикалык багыттагы тренинг өттү. Катышуучулар жашыл экономиканы, туруктуу өнүгүүнү жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) сабаттуу даярдаганды үйрөнүштү.
Тренинг маалында катышуучулар шаарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын талкуулай алышты, СЭӨПны мамлекеттик саясат жана бюджеттик процесс менен байланыштырып, өздөрүнүн пландарынын биринчи долбоорлорун иштеп чыгышты.
Иш шаардын фактылык дайындары менен чакан топтордо жүрдү. Катышуучулар негизги көйгөйлөрдү аныктап, максаттарды туюндуруп, өсүштүн ыктымалдуу багыттарын жана инфраструктуралык чечимдерди талкуулашты.
Окутуу процессинин башталышы ӨСИ, ЕККУ, БАЖБА жана GIZ ортосундагы өз ара байланыштын логикалык кадамы болуп калды. Жашыл экономиканын принциптерин, эл аралык жана регионалдык тажрыйбаны, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын катышуусуна коюлган талаптарды эске алган окуу-методикалык материалдар тренингдин алдында иштелип чыгып, окутууга ылайыкташтырылган.
“ӨСИнин консультанттары катары биз теорияны гана окутуп тим болбостон, ошол эле маалда катышуучулар менен бирге Балыкчы шаарынын жашоого ыңгайлуу жана инвестициялар үчүн жагымдуу болушуна жардам бере турган реалдуу пландарды иштеп чыгуу үчүн шаардын ресурстук базасын да баалап чыктык”, – деп бөлүштү ӨСИнин консультанты Айнура БАЛАКУНОВА.
Шаардын СЭӨПсы бюджетти пландоонун, инвестицияларды тартуунун жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын макулдашуунун маанилүү каражатына айланууда. Улуттук саясаттын деңгээлинде бул процесске чоң көңүл бурулууда.
“Бүгүнкү күндө Экономика министрлиги СЭӨПны фактылык жергиликтүү бюджеттер менен байланыштыруунун үстүнөн жигердүү иш алып барууда. Эгерде биз пландар кагаздын бетинде калбашын кааласак, жер-жерлердеги, анын ичинде мэриялардын финансы-экономикалык бөлүмдөрүндөгү адистер мындай документтер менен иштей билгени маанилүү”, – деп белгиледи КР Экономика жана коммерция министрлигинин аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искандарбек МАМАТОВ.
Иш-чара ӨСИнин, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, БАЖБАнын жана GIZдин “Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасындагы жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” программасынын биргелешкен демилгесинин бир бөлүгү болуп калды.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Практика менен илим күч-аракеттерин бириктирүүдө: ӨСИ жана КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө


















