Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук бюджеттик угуулар: кош пайда

2025-09-21 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Коомдук бюджеттик угуулар: кош пайда

Артур САРКИСОВ, ӨСИнин байланыш боюнча координатору

Өнүктүрүү саясат институту 2024-жылдагы коомдук бюджеттик угуулардан кийин өткөрүлгөн “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жыйынтыгы боюнча Чүй облусунан жигердүү катышуучуларды сыйлады.

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын ЖӨБ органдарына ноутбук жана принтер түрүндөгү оргтехникалар өткөрүлүп берилди.

Маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамды аткаруу максатында бюджеттик угууларды даярдоодо жана өткөрүүдө жигердүү иш алып барганы үчүн дагы бир ноутбук Кемин шаарынын мэриясына берилди.

“Биз үчүн ӨСИде жөн гана мыйзамдын ченемин аткарып тим болбостон, тургундар менен диалогду өнүктүрүүгө салым кошкон ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин колдоо да маанилүү. Бул муниципалитеттердин адистери демилге көтөрүп, өткөн жылдын бюджеттик угууларын уюштуруу жана өткөрүү процессине жогорку катышуусун көрсөтүштү”, – деп белгиледи Сабина ГРАДВАЛЬ, ӨСИнин Башкаруусунун мүчөсү. 

Эсиңизге сала кетсек, мындай конкурстарды өткөрүү жана жергиликтүү жамааттарды тартуу менен коом үчүн маанилүү иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүчү жабдууларды сатып алууну Швейцария Өкмөтү Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк аркылуу колдоого алып келатат.

Окшош материалы: