Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ат-Башы районунун туристтик жана тарыхый байлыгы: өткөндүн баалуулуктарын келечектин өнүгүүсү менен байланыштыруу

2025-10-04 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Ат-Башы районунун туристтик жана тарыхый байлыгы: өткөндүн баалуулуктарын келечектин өнүгүүсү менен  байланыштыруу

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2025-жылдын 10-октябрында Нарын облусунун Ат-Башы району “Улуу тарых, улуу тоолордун улуу баалуулуктары” темасында өткөн республикалык конференциянын катышуучуларын тосуп алышты. Иш-чараны Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен кызматташтыкта райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын1 ишке ашыруунун алкагында уюштуруп, ишке ашырды. 

Иш-чаранын максаттары: 

  • Ат-Башы районунун тарыхын, өзгөчөлүктөрүн жана салттарын таанытуу менен анын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле туризм, айыл чарбасы жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кошо алганда негизги тармактарда экономикалык секирик жасоо үчүн шарттарды түзүү;
  • улуттук өзгөчөлүктү жана маданий мурастарды жайылтууга, коомду руханий баалуулуктар, илим жана билим аркылуу шыктандырууга багытталган, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясында баяндалган багыттарды ишке ашыруу;
  • Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан тарыхый эстеликтердин: Кошой-Коргон, Чеч-Дөбө жана Таш-Рабат кербен сарайларынын маданий мурас катары да, экономикалык өнүгүү фактору катары да дараметин талкуулоо.

Конференцияга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, окумуштуулар жана илимий кызматкерлер, бизнестин өкүлдөрү жана ишканалардын жетекчилери, жарандык коом уюмдары жана жергиликтүү жамааттар, орто билим берүү мекемелеринин директорлору жана мугалимдери чакырылган. Катышуучулардын жалпы саны 260тан ашуун адамды түздү (анын ичинде 117 аял).

Чакырылган коноктордун урматына Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясы көргөзмө-жарманке уюштуруп, райондун инвестициялык жагымдуулугу жана мүмкүнчүлүктөрү темасында баяндама жасады.

Конференциянын катышуучуларынын жана конокторунун алдында Ат-Башы районунун акими Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат ТАГАЕВ, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ, коомдук ишмер жана меценат, “Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар САЛЫМБЕКОВ, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин директору, профессор Тилек ИСАБЕКОВ жана “Манас” Кыргыз улуттук театрынын директору Нурбек ТАЛАНТБЕКОВ сөз сүйлөштү.

Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сталбек НАРЫНДЫКОВ: “Бүгүнкү “Улуу тарых, улуу тоолордун улуу баалуулуктары” деген теманын өзөгүн ата-бабаларыбыздын бай мурасы жана жаңы мүмкүнчүлүктөр түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган тарыхый объектилер биздин мекенибиз байыркы цивилизациянын бир бөлүгү болгонун далилдейт. Биздин тарыхыбызда эртеңки күндүн мүмкүнчүлүктөрүн ачкан баалуулуктар сакталып калган. Бизнестин, жергиликтүү бийликтин жана жергиликтүү жамааттын биргелешкен күч-аракети менен биз Ат-Башыны регионалдык гана эмес, ошону менен бирге дүйнөлүк деңгээлдеги ишкердик жана маданий борборго айландырабыз. Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан Кошой-Коргон, Чеч-Дөбө жана Таш-Рабат кербен сарайлары өңдүү уникалдуу табигый өзгөчөлүктөрдүн жана тарыхый эстеликтердин аркасында биздин район дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерди өзүнө тартууда. Ал эми Кытай менен чектешкен биздин райондун географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу, өзүнүн аймагында логистикалык борбору бар жана Улуу Жибек Жолунун (Жибек Жолу) боюнда жайгашуусу бизге ар тараптуу өнүгүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат. <…> Биздин максатыбыз – тарыхыбызды сактап калуу, ошол эле учурда заманбап туризмди өнүктүрүү аркылуу элге жеткирүү. Ал эми бул өз кезегинде жаңы жумуш орундарын түзүү, жаштарды жумуш менен камсыз кылуу жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы булактарын түзүү дегенди билдирет. Учурдан пайдаланып, бардыгын бул багытта күч-аракетти бириктирүүгө чакырам. Себеби тарыхты сактап калуу менен гана келечекти кура алабыз”. 

Конференциянын жүрүшүндө катышуучуларга Ат-Башы району тууралуу тасма көрсөтүлүп, төмөнкү темаларда баяндамалар жасалды:

  • “Ат-Башы районунун экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары”, баяндамачы – Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ;
  • “Зарыл шарттарды түзүү жана туристтик объекттерди кеңейтүү аркылуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн келечеги”, баяндамачы – Сталбек НАРЫНДЫКОВ, Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясынын төрагасы;
  • «“Манас” эпосунда Кошойдун кыргыз элинин тагдырындагы орду», баяндамачы –Советбек БАЙГАЗИЕВ, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор;
  • “Ат-Башы тарыхый-архив булактарында”, баяндамачы – Гүлзада АБДАЛИЕВА, тарых илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы КУУнун профессору.

Конференциянын иши андан ары тематикалык секцияларда улантылды, алардын бири тарыхый жана адабий мурастарды изилдөө аркылуу маданий туризмди өнүктүрүүнүн өңүттөрүн карады; ал эми экинчисинин катышуучулары Ат-Башы аймагынын тарыхый-маданий ресурстарын аймактын экономикалык өнүгүүсү үчүн инвестицияларды тартуунун өзөгүнө кантип айландыруу керек деген суроого жооп издешти. Сессиялар 16 тема боюнча баяндамаларды камтыды, анын соңунда катышуучулар райондогу жаңы тарыхый фактыларды кантип туристтик промо-продукцияга айландырса болорун талкуулашты; тарыхый жана архитектуралык эстеликтерди сактоо жана жайылтуу боюнча кандай аракеттерди көрүүгө болот; университеттер жана жергиликтүү орто билим берүү мекемелери (мектептер) кантип кызматташа алышат; чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды кантип жакшыртууга болот; жеке инвесторлорду кантип тартса болот жана мүмкүн болушунча туризм чөйрөсүндө жергиликтүү бийлик менен бизнестин ортосундагы кызматташтыкты жана өнөктөштүктү кантип өнүктүрсө болот деп сүйлөштү.

Координациялык кеңештин ролу

Конференцияны даярдоодо жана ийгиликтүү өткөрүүдө райондун Координациялык кеңеши негизги жана стратегиялык маанилүү ролду ойноду. Анын системалуу ишинин аркасында иш-чара комплекстүү жана конструктивдүү мүнөзгө ээ болду. Кеңеш конференциянын программасын даярдоо менен гана чектелбестен, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы милдеттерине шайкеш келген артыкчылыктуу темаларды да кылдаттык менен аныктады. Мамлекеттик башкаруу, бизнес, билим берүү, маданият жана жарандык коом сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдөн келген баяндамачыларды жана эксперттерди тандоого өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Координациялык кеңеш бийлик органдарынын, бизнес-коомчулуктун, коомдук уюмдардын жана илимий чөйрөлөрдүн ортосунда кеңири өз ара аракеттенүүнү камсыз кылды, бул талкууну мазмундуу жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берди. Кеңештин өкүлдөрү пленардык жана секциялык жыйындарга жигердүү модератордук кылып, катышуучулардан түшкөн негизги сунуштарды жана идеяларды жазып алып, андан соң аларды системалаштыруу жана конференциянын жыйынтык резолюциясына кир-гизүүнү камсыз кылышты. Кеңештин ойлонулган жана макулдашылган ишинин натыйжасында конференция жогорку уюштуруучулук деңгээлде өттү, ал эми анын чечимдери Ат-Башы районунун өнүгүү программалары жана стратегиялык пландары менен шайкеш келтирилди. Бул жыйынтык чыгарууга гана эмес, региондун мындан аркы социалдык-экономикалык жана маданий өсүшү үчүн жаңы багыттарды аныктоого мүмкүндүк берди.

Ат-Башы районунун акими Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ Ат-Башы туризмди, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жана маданий алмашуу максатында зор дараметке ээ экенин баса белгиледи. “Бул жерде тарых бар, баалуулуктар бар, мүмкүнчүлүктөр бар. Эң башкысы – биздин районду заманбап, динамикалуу эл аралык деңгээлдеги борборго айландыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү”, – деп белгиледи ал. Бүгүнкү күндө Ат-Башы районунда инвестицияларды тартуу жана өзгөчө туризм тармагында бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Район кайталангыс жаратылышка, бай тарыхый мураска жана улуттук колоритке ээ, бул аны ички жана чет элдик туристтер үчүн жагымдуу кылат. Туризмди жана ишкердикти өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • инфраструктураны жакшыртуу – автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо, негизги туристтик каттамдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • туристтик аймактарга инженердик коммуникацияларды – электр энергиясын, таза сууну, сапаттуу интернетти жана мобилдик байланышты жеткирүү;
  • мейманканаларды, этно-комплекстерди, кафелерди, кемпингдерди жана оюн-зоок объекттерин куруу үчүн жер участокторун берүү;
  • инвесторлорду колдоо үчүн укуктук жана экономикалык шарттарды түзүү, туристтик аймактардын статусун жөнгө салуу;
  • пайдаланылбаган жер участокторун трансформациялоо жана аларды келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн экономикалык жүгүртүүгө тартуу.

Мындан тышкары, райондук администрация Кыргызстандын туристтик бренди катары Ат-Башынын аброюн түзүүнүн үстүнөн жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана гастрономияны жайылтууга багытталган фестивалдарды, этно-маданий иш-чараларды, көргөзмөлөрдү жана спорттук мелдештерди өткөрүү пландалууда.

Ошентип, Ат-Башыда туризмди өнүктүрүү киреше булагы катары гана эмес, жергиликтүү жамааттарды бекемдөөнүн, маданий мурастарды сактоонун жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн каражаты катары каралууда.

Негизги демилгелер жана багыттар

Райондун акиминин жана бизнес өкүлдөрүнүн баяндамаларында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга, туризмди, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө багытталган, районду өнүктүрүү боюнча стратегиялык кадамдары белгиленди. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар Ат-Башы районун өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгын белгилешти. Бизнес өкүлдөрү региондун жаратылыш-ресурстук дараметин жигердүү пайдаланууну, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнү, агрардык секторго санариптик чечимдерди киргизүүнү, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн индустриалдык зонаны түзүүнү сунушташты.

Коомдук уюмдар бизнестин социалдык – жоопкерчилигинин, жаштардын демилгелерин колдоонун, билим берүү программаларын даярдоонун жана маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Инфраструктураны жакшыртуу, экологиялык туруктуулук, бийлик, бизнес жана жарандык коомдун ортосундагы кооперацияны өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар системалуу өнөктөштүк жана бардык тараптардын биргелешкен иши Ат-Башыны ишкердиктин, туризмдин жана инновациялардын динамикалуу өнүгүп жаткан борборуна айлантууга мүмкүндүк берет деген бир пикирге келишти.

Инвестициялык чаралар жана бизнести өнүктүрүү

Таш-Рабат кербен сарайын реконструкциялоо заманбап туристтик кластерди жана эл аралык маанидеги маданий борборду түзүүнүн негизги элементи катары каралат. Долбоорго эстеликтин тарыхый көрүнүшүн сактоого багытталган реставрациялык иштер гана эмес, ошондой эле заманбап туристтик сервисти – маалыматтык борборду, экспозициялык залдарды, эс алуу зоналарын жана маданий-билим берүү аянтчаларын түзүү да киргизилген. Бул Таш-Рабатка Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусунун символу жана атамекендик жана чет элдик туристтерди өзүнө тарткан маданий борбору болууга мүмкүндүк берет.

Кошой-Коргон маданий кластерин өнүктүрүү дегенде ага ачык асман алдында этномузейди, кол өнөрчүлүк устаканаларын, арт-мейкиндиктерин жана этнофестивалдарды, көргөзмөлөрдү жана театрлаштырылган оюн-зоокторду өткөрүү үчүн аянтчаларды түзүү кирет. Бул жерде салттуу тиричиликти, элдик кол өнөрчүлүктү жана аймактын гастрономиялык мурасын көрсөтүү пландалууда, бул болсо объектти кыргыз маданиятын сактоонун жана жайылтуунун жандуу борборуна айландырат.

Кытай менен чек ара кызматташтыгынын алкагында логистикалык жана соода инфраструктурасы өнүктүрүлүп жатат, бул заманбап соода-туристтик комплекстерди, мейманканаларды жана сервистик зоналарды куруу үчүн инвесторлорду тартууга көмөктөшөт. Туристтердин жана ишкерлердин ары-бери ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылган транспорттук каттамдар жана сервистик пункттар тармагы өнүгүүдө.

Квалификациялуу гиддерди даярдоого, жигердүү туризмдин инфраструктурасын – кемпингдерди, треккинг үчүн каттамдарды, спорттук жана туристтик шаймандарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул жыл бою созулган туризм жана жаштарды, спорттук жана үй-бүлөлүк топторду тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу жергиликтүү бизнести жана жарандык коомдук уюмдарды (ЖКУ) тартуу маанилүү багыт болуп калды. Мындай модель туристтик объекттерди биргелешип башкарууну, фестивалдарды уюштурууну, кол өнөрчүлүк борборлорун жана жергиликтүү бренддерди өнүктүрүүнү камсыздайт. Ишкерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин жигердүү катышуусунун аркасында этнофестивалдардын форматтары кеңейип, тарыхты, табиятты жана заманбап чыгармачылыкты бириктирген кол өнөрчүлүк лабораториялары, интерактивдүү билим берүү каттамдары жана маданий-агартуучу турлар түзүлүүдө.

Ошентип, Ат-Башы району бара-бара динамикалуу өнүгүп жаткан тарыхый-маданий жана этнотуризм борборуна айланып, анда салттар сакталып, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, аймактын туруктуу маданий-экономикалык дарамети калыптанууда.

Илимий өлчөө жана инвестициялар менен интеграциялоо

Конференция 16 тематикалык баяндаманы жана панелдик талкууларды камтыды. Анда аймактын байыркы тарыхынан баштап анын өнүгүүсүнүн заманбап келечегине чейин темалардын кеңири өңүтүн байкоого болот. Таш-Рабат, Кошой-Коргон жана Чеч-Дөбө тарыхый эстеликтери тууралуу окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана жергиликтүү тарыхчылар көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен тааныштырып, алардын археологиялык объект катары гана эмес, ошону менен бирге кыргыз элинин маданий жана руханий мурастарынын жандуу далили катары да маанисин баса белгилешти. Улуу Жибек жолунун өнүгүүсүндө Ат-Башынын ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Баяндамалардын биринде бүтүндөй конференция үчүн символикалуу болгон ой айтылды: “Ат-Башы – бул географиялык чекит гана эмес, ошону менен бирге кыргыздын өзгөчөлүгүнүн руханий борбору, өткөн менен келечек бирдиктүү маданий мейкиндикте кездешкен жер”. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар илимий ачылыштарды туристтик каттамдарга жана маданий долбоорлорго айландыруу боюнча практикалык кадамдарды талкуулашты. Тарыхый-этнографиялык турларды түзүү, жыл сайын этнофестивалдарды уюштуруу, байыркы соода жайларын реконструкциялоо жана мультимедиялык көргөзмөлөр жана санариптик гиддер аркылуу жергиликтүү уламыштарды жайылтуу демилгелери сунушталды. Ат-Башынын тарыхы жөнүндө материалдарды мектеп программаларына киргизүү, билим берүү модулдарын иштеп чыгуу жана чыныгы археологиялык жана этнографиялык маалыматтарга негизделген окуу китептерин түзүү талкуунун өзүнчө багыты болуп калды. Катышуучулар мындай интеграция жаш муунга өз тамырын тереңирээк түшүнүүгө, улуттук сыймыктануу сезимин бекемдөөгө жана аймактын маданий мурастарынын жигердүү сакчылары болууга мүмкүндүк берерин белгилешти.

*** 

Конференциянын жыйынтыгын чыгарып жатып, Ат-Башы районунун акими Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ катышып жаткандарга ыраазычылыгын билдирди: “Конференция ийгиликтүү өттү, абдан келечектүү сунуштарды, багыттарды камтыган резолюция кабыл алынды. Мындай иш-чаралар, тандалып алынган жолду улантуу, биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз келечекте сөзсүз өз жемишин жана жыйынтыгын берет деп ишенем. “Бүгүнкү аракет – эртеңки келечек” дегендей, улуу тарыхыбызды уланткан чыныгы жолубуз бейпил жана келечектүү болсун!”.

Ат-Башы районунун Ишкерлер ассо-циациясынын төрагасы Сталбек НАРЫНДЫКОВ өз кайрылуусунда тарыхый-маданий мурас объекттерин сактап калуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи: “Биздин райондо Кошой-Коргон, Таш-Рабат кербен сарайы сыяктуу маанилүү тарыхый объекттер бар. Бул эстеликтер биздин улуттук сыймыгыбыз жана өзгөчөлүгүбүздүн объектилери! Алардын дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтерди тартууга жана Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө олуттуу дарамети бар!”.

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ буларды баса белгиледи: “Бүгүнкү конференция бир нерсени көрсөттү: Ат-Башы – бийик тоолордун жери гана эмес, бул улуу тарыхтын жана улуу адамдардын жери. Бизде болгон бардык нерсе – каада-салтыбыз, маданиятыбыз, руханий дөөлөттөрүбүз – келечектеги өнүгүүнүн негизи болушу керек! Тарыхты сактап, аны заманбап туризм, бизнес жана билим берүү менен айкалыштырсак, Ат-Башы бүтүндөй өлкөнүн өнүгүү борборуна айланат. Бийликтин, илимдин жана элдин биримдиги районго жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачсын! Себеби, өткөндү сактап калуу менен биз келечекти курабыз!”. 

_________ 

1 Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бекиткен жаңы методикага ылайык, Улуу Британиянын Өкмөтү Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыкта каржыланган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED) колдоосу менен иштелип чыккан. Анын өзөгүн бизнес жана калк менен диалог түзөт. Программаны ишке ашыруу башталгандан бери район “Органикалык аймак” статусун алып, кластердик принцип боюнча өнүгө баштады. Туризм тармагында “Көл-Суудагы кыш”, “Кыргыз даамы”, “Кыргыз көчү”, “Кыргыз шырдагы” фестивалдары уюштурулуп, бул райондун туристтик дараметин жандандырды. Кененирээк: http://municipalitet. kg/ru/archive/full/271.html 
 

Окшош материалы: