Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
Руслан ДОСАЛИЕВ, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты
2025-жылдын декабрь айында Кыргызстандын облустук жана райондук борборлорунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн масштабдуу жалпы республикалык тренингдер өткөрүлдү. Тренингдер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ченем жаратуу жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү маселелерине арналды. Окуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эгидасы астында Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргызстандын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен биргеликте өткөрүлдү. Окууну өткөрүүгө эксперттик жана финансылык колдоону “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында Өнүктүрүү саясат институту көрсөттү.
2025-жылдын декабрь айында Кыргызстандын облустук жана райондук борборлорунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн масштабдуу жалпы республикалык тренингдер өткөрүлдү. Тренингдер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ченем жаратуу жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү маселелерине арналды. Окуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эгидасы астында Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргызстандын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен биргеликте өткөрүлдү. Окууну өткөрүүгө эксперттик жана финансылык колдоону “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында Өнүктүрүү саясат институту көрсөттү.
2026-жылы жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 264 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 230 айылдык жана 34 шаардык кеңеш бар. Жергиликтүү кеңештер дайыма ченемдик укуктук чечимдерди кабыл алып келишет, ал эми алар мыйзамдарга шайкеш келүүгө жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
Жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу жергиликтүү кеңештердин ченем жаратуу иши деп аталат жана аймактык жамааттарды өнүктүрүүнү укуктук жактан камсыздоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууга, калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Ошол эле учурда ченем жаратуунун натыйжалуулугу ченемдик укуктук актыларды даярдоо, талкуулоо, экспертиза жүргүзүү жана кабыл алуу боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактоодон тикелей көз каранды.
Жергиликтүү кеңештердин азыркы чакырылышы 2024-жылдын ноябрында шайланган, ал эми алардын 2025-жылдагы ишмердиги бир катар системалуу көйгөйлөр бар экендигин, анын ичинде өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын актылары бири-бирин кайталап жатканын, жергиликтүү ЧУАларды даярдоодо юридикалык техникалык каталар кетирилгенин, документтер белгиленген талаптарга шайкеш эместигин, ошондой эле ЧУАлардын мамлекеттик реестрине каттоо үчүн актыларды өткөрүп берүүдөгү кечигүүлөр болорун көрсөттү.
Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана аппараттарынын кызматкерлери актылардын формаларын ажырата албаган, мисалы, токтом менен тескеменин ортосундагы айырманы түшүнбөгөн учурлар көп кездешет. Ченемдик жана башка актыларды даярдоодо, кароодо жана бекитүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар жана жол-жоболор дайыма эле сактала бербейт, бул туура эмес же мыйзамсыз чечимдердин кабыл алынышына жол ачышы ыктымал. Мындай мүчүлүштүктөр чечимдердин жокко чыгарылышына, айыл өкмөтүнүн жана мэриялардын ишин жайлатып, ошондой эле калкка жана бизнеске көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Дал ушул көйгөйлөрдү чечүү жана бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу үчүн масштабдуу окутуу демилгеленген. Анын негизги максаттары – ченемдик актылардын сапатын жогорулатуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара байланышын жолго салуу, ЧУА реестри менен туура иштөө, юридикалык техниканын бирдиктүү стандарттарын киргизүү жана жергиликтүү башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу.
Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар ченем жаратуу ишинин негиздерин үйрөнүштү. Тренингдердин программасына ченемдик акт деген эмне, анын мазмунуна жана формасына кандай талаптар коюлат, документ иштеп чыгып, бекитүүдөн тарта, аны кабыл алуу жана ЧУАлардын мамлекеттик реестрине киргизүүгө чейин кандай этаптардан өтөт деген суроолор кирди. Кайталоолорду жана түшүнбөстүктөрдү болтурбоо максатында жергиликтүү кеңештердин жана аткаруу органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Окуу биринчи кезекте айылдык жана шаардык кеңештердин төрагаларына, жооптуу катчыларына, айыл өкмөт башчыларына жана шаар мэрлерине – башкача айтканда, күн сайын ченемдик актылар менен иштеп, аймактарды башкарууга таасир этип жаткандарга багытталган.
Окуунун жүрүшүндө катышуучулар Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдоонун Тартибинин негизинде иштелип чыккан, жергиликтүү кеңештин ченем жаратуу ишин жүзөгө ашыруу боюнча Практикалык колдонмо менен камсыз болушту. Аталган Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №01-25/357 буйругу менен бекитилген.
Окуунун жүрүшүндө ЖӨБдүн аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруучу (айыл өкмөтү/мэриялар) органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү бийликти бөлүштүрүү принциптеринин негизинде түзүлөт: кеңештер программаларды, бюджеттерди, чечимдерди бекитет, ал эми аткаруу органдары аларды ишке ашырат жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат, муниципалдык менчикти башкарат жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет, мында жергиликтүү кеңештер алардын ишин көзөмөлдөйт жана отчетторду бекитет, ал эми аткаруу органдары кеңештерге отчет берет.
Жергиликтүү кеңештин ишин пландоо өзгөчө суроону жаратат, ал окуунун жүрүшүндө кеңири каралып чыкты. Жергиликтүү кеңештин ишин пландоо “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамга жана регламенттерге негизделген, алар аймакты өнүктүрүү, жергиликтүү бюджеттерди бекитүү, аткаруу органдарына көзөмөлдүк кылуу маселелерин камтыган жылдык пландарды иштеп чыгууну камтыйт жана туруктуу комиссиялардын ишин болжолдойт, ачыктык принциптерине жана калктын кызыкчылыктарына негизделет. Жергиликтүү кеңештерге методикалык жардам катары Өнүктүрүү саясат институту Жергиликтүү кеңештин ишинин календарын даярдап, алар көбөйтүлүп басып чыгарылып, окуунун жүрүшүндө бардык жергиликтүү кеңештерге таратылып берилди.
Кыргызстандын бардык облустарында жалпысынан 22 окуу өткөрүлүп, ага 829 адам катышты, анын ичинен 279у (34%) аялдар болду.
Облустун борборлорунда өткөрүлгөн тренингдерге Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Орозбек СЫДЫКОВ жана Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түндүктөгү жана түштүктөгү региондор аралык башкармалыгынын жетекчилери тикелей катышышты. Бул жергиликтүү кеңештердин ченем жаратуу ишине тиешелүү маселе өтө актуалдуу экендигин дагы бир жолу далилдейт, себеби кеңештер жергиликтүү бюджет, салыктар, муниципалдык менчикти башкаруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты коргоо боюнча негизги чечимдерди кабыл алышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзөгүн түзүшөт жана жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылып келишет, ал эми бул болсо өзгөчө административдик-аймактык реформанын көз карашынан алып караганда, мыйзам чыгаруу базасын, регламенттерди жана алардын иш тажрыйбасын туруктуу негизде өркүндөтүүнү талап кылат.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо
-
№2 (172) / 2026-03-09 Райондук СЭӨП иш-аракетте: Жети-Өгүз районунда ак илбирсти коргоо жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча фестиваль өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары жылдык электрондук утуш оюндун жыйынтыгы боюнча байгелерди алышты
















