Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Райондук СЭӨП иш-аракетте: Жети-Өгүз районунда ак илбирсти коргоо жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча фестиваль өттү
Айнура БАЛАКУНОВА, Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанттары
2026-жылдын 31-январында Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу өрөөнүндө “Ак илбирсти коргоо-2026” фестивалы өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №369 “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Фестивалдын максаты – ак илбирсти коргоо жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо, калктын экологиялык маданиятын калыптандыруу, ошондой эле экотуризмди жайылтуу жана табиятты туруктуу башкаруу маселелерине коомчулуктун назарын буруу. Фестивалга 600дөн ашык адам катышты, алардын арасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Жети-Өгүз районунун Координациялык кеңешинин, экологиялык жана коомдук уюмдардын, илимий коомчулуктун мүчөлөрү, туроператорлор, жергиликтүү тургундар, жаштар жана облустун коноктору болду. Тажрыйба алмашуу максатында фестивалга Кемин районунан да делегация келди, себеби алар өз районунун аймагында туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдар болушууда.
“Ысык-Көл – менин жаным” гимнинин автору Оксана ЛАЗИТСКАЯ (Беларус Республикасы) фестивалдын ардактуу коногу болуп, муну менен иш-чара эл аралык жана маданий мааниге ээ болду.
Чоң-Кызыл-Суудагы нефрит ташы жайгашкан жерге жеткирчү көпүрөнүн салтанаттуу ачылышы фестивалдын негизги окуясы болду. Көпүрө Оргочор айылдык аймагынын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында курулган, бирок ошол эле маалда көпүрө жалпы райондун рекреациялык дараметин өнүктүрүүгө таасирин тийгизген объект болуп калууда – муну менен районду өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин базасында райондун ичиндеги кооперациянын мүмкүнчүлүгү жана диалогдун натыйжалуулугу ишке ашып жатат.
Салтанаттын жүрүшүндө катышуучулар нефриттин баалуулугу, анын тарыхый, маданий жана жаратылыштык мааниси, ошондой эле бул жердин туристтик дарамети тууралуу маалымат алышты. Уюштуруучулар көпүрөнүн ачылышы “Жети-Өгүздүн жети керемети” концепциясынын алкагында жаңы туристтик каттамды өнүктүрүү үчүн шарт түзөрүн белгилешти.
Расмий бөлүктөн кийин катышуучулар фести-валь өтчү жерге бет алышты. Узундугу 800 метрге жакын өрөөнгө араба чиркелген аттар менен жетип, конокторго салттуу маданияттын атмосферасына чөмүлүп, аймактын жаратылышынын кооздугунан ырахат алууга шарт түздү.
Өзөндө фестивалдын катышуучулары кире бериш жолдордо жана питомниктин аймагында орнотулган ак илбирстердин макеттери менен таанышып, элдик кол өнөрчүлүктүн жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукциясынын көргөзмөсүнө, ошондой эле Жети-Өгүз районунун окуучулары даярдаган илбирстин сүрөттөрүнүн жана макеттеринин көргөзмөсүнө барышты. Коноктор үчүн жигердүү эс алуу зоналары уюштурулду, алар Чоң-Суу дарыясынын жээгиндеги муз аянтчасында чаналарга, үйлөмө баллондорго отуруп муз тебишти.

К. ЖАНТӨШЕВ атындагы Каракол драма театрынын табиятты коргоо темасына жана ак илбирстин символуна арналган театралдаштырылган спектакли маданий программанын көркүн чыгарды. Фестивалдын алкагында сүрөттөргө жана макеттерге жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да болду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды жана баалуу белектерди Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. БАХАВАДИНОВ тапшырып, мындай иш-чаралардын туризмди өнүктүрүү, калктын экологиялык аң-сезимин бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн маанисин баса белгиледи. Фестиваль өтө бай концерттик программа менен жыйынтыкталды.
“Ак илбирсти коргоо-2026” фестивалы туристтик багыттагы негизги иш-чаралардын бири катары EGED программасынын колдоосу менен иштелип чыккан Жети-Өгүз районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына (СЭӨП) киргизилген. Фестивалга даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө райондук Координациялык кеңештин мүчөлөрү жигердүү катышты. Ошону менен бирге Кеңештин мүчөлөрү аял ишкерлердин жана калктын социалдык аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн өнүмдөрү коюлган жарманке зонасын уюштурууга катышты.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары жылдык электрондук утуш оюндун жыйынтыгы боюнча байгелерди алышты
















