Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коомдук байланыш боюнча консультанты
2026-жылдын январь-февраль айларында “Кыргызстандын айыл жерлеринде калктын аярлуу катмарынын финансылык сабаттуулугу жана инвестициялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү” деген темада окуу семинарлары өттү. Иш-чаралар райондук мамлекеттик администрациялардын колдоосу алдында Координациялык кеңештердин демилгеси менен өткөрүлдү. Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын алкагында колдоо көрсөттү. Иш-чаралар жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири болгон калктын финансылык сабаттуулугунун төмөн деңгээлин жоюуга багытталган. Бул маселеде аялдар, жаштар жана социалдык жактан аярлуу топтор өзгөчө аяр абалда кала беришүүдө, себеби адатта аларда билимге, каржылоого жана инвестициялык каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү.
ӨСИнин консультанты Айнура БАЛАКУНОВА семинарлардын инклюзивдүү ыкмасы алардын негизги баалуулугу экендигин белгиледи: “Окууга аялдар, жаштар, аярлуу топтор жана өз ишин жаңыдан баштап жаткан ишкерлер максаттуу түрдө катышууда. Бул алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө тартууга жардам берет”.
Теориянын ордуна практика
Финансылык сабаттуулукту жогорулатып гана тим болбостон, ошону менен бирге инвестициялык ой жүгүртүүнү жана каржылоону тартуу үчүн бизнес-долбоорлорду даярдоодо практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү семинарлардын максаты болду.
Катышуучулар жеке жана бизнес-финансыны башкаруу, бюджетти пландоо, рентабелдүүлүктү талдоо жана чыгаша болбой калган чекитти эсептөө менен таанышып чыгышты. Айрым блоктор бизнес-пландарды жана инвестициялык презентацияларды даярдоого, гранттардын, зайымдардын жана инвестициялардын ортосундагы айырмачылыктарга, ошондой эле инвесторлордун талаптарына жана долбоорлорду кыскача тааныштыруунун көндүмдөрүнө арналды.
Ишкер Назгүл САЛИМБАЕВА окуунун практикалык пайдасын белгиледи: “Карыз тузагы тууралуу жана ал бизнести өнүктүрүүгө кандай таасир этээрин түшүндүм. Тренингден кийин карыздарды жабуу үчүн эмес, өсүш максатында каражаттарды тартуу үчүн “финансылык диетаны” карманууну чечтим”.
Ишкер Чынара ТЫНЫСОВАнын айтымында, катышуучулардын тажрыйба алмашуусу маанилүү учур болду: “Көптөгөн жаштардын катышканы баалуу болду. Алар практикалык тренерден билим алышты, ал эми биз тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алдык. Райондук фонддор жана колдоого алынган долбоорлор тууралуу маалымат пайдалуу болду”.
Медицина тармагында иштеген Роза ОРЗУБЕКОВА семинар анын жеке максаттарын аныктоого жардам бергени менен бөлүштү: “Менин көптөгөн финансылык максаттарым бар, бүгүн мен аларды так туюндура алдым. Мен аялдар үчүн фитнес-зал ачкым келет, эми эмнеден баштай турганымды түшүндүм”.
Окууну улантууга суроо-талап
Катышуучулар мындай демилгелерди колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Алардын айтымында, финансылык сабаттуулук кожолуктар үчүн гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү үчүн да маанилүү.
Калк арасында насыя жүгү оор болгону тууралуу маселе өзүнчө көтөрүлдү. Катышуучулар карызга карата аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу зарылдыгын баса белгилеп, үй-бүлөлөр, жубайлар, ошондой эле балдар жана жаштар үчүн окутууну кеңейтүүнү сунушташты. Жаштардын көбүндө өз кирешеси бар, бирок алар акчаны пландоо жана чогултуу көндүмдөрүнө ээ эмес.
Семинарлар EGED программасынын алкагында Эл аралык өнүктүрүү үчүн Улуу Британиянын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо
-
№2 (172) / 2026-03-09 Райондук СЭӨП иш-аракетте: Жети-Өгүз районунда ак илбирсти коргоо жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча фестиваль өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары жылдык электрондук утуш оюндун жыйынтыгы боюнча байгелерди алышты
















