Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо

2026-03-09 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коомдук байланыш боюнча консультанты

2026-жылдын 14-январында Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруунун алкагында туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жергиликтүү ишкерлерди таанытууга багытталган иш-чаралардын комплекси ишке ашырылды.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен, райондук Координациялык кеңештин жигердүү катышуусу жана EGED программасынын колдоосу менен туристтик инфраструктуранын абалына, мейманкана жана ресторан бизнеси чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына баа берүү максатында жумушчу жыйын өттү. Талкуунун жыйынтыгы боюнча “HoReCa Awards” конкурсуна катышуу аркылуу ишкерлерге практикалык колдоо көрсөтүү жана аларды республикалык деңгээлде таанытуу боюнча биргелешкен чечим кабыл алынды. “HoReCa Awards” конкурсу Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен жыл сайын өткөрүлүп турат.

Чечимдерди ишке ашыруу максатында Координациялык кеңеш райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте меймандостук чөйрөсүндө иш алып барган ишканаларга мониторинг жүргүздү. Баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча конкурска катышуу үчүн “Ат-Башы” рестораны, “Ат-Башы” кафеси жана “Жибек-Жолу” конок үйү тандалып алынды. Ишкерлерге өтүнмөлөрдү жана конкурстук документтерди даярдоо боюнча консультациялык колдоо көрсөтүлдү.

Республиканын бардык аймактарынан 500дөн ашык ресторандар менен мейманканаларды жана 56 конок үйүн бириктирген “HoReCa Awards” республикалык конкурсу КР Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир САРИЕВДИН жетекчилиги алдында өттү. Конкурстун жыйынтыгы боюнча “Жибек-Жолу” конок үйү “Мыкты конок үйү” номинациясында 1-орунга ээ болду.

Жеңиш ишканага билим берүү программаларына, тейлөө боюнча тренингдерге катышып, республикалык деңгээлде акысыз таанылуу сыяктуу туруктуу өнүгүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берди.

Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясынын төрагасынын айтымында, ишке ашырылган иш-чаралар СЭӨПнын алкагында райондук администрациянын, Координациялык кеңештин жана жергиликтүү бизнестин ортосундагы натыйжалуу өнөктөштүктү көрсөтүп, Ат-Башы районунун туристтик жагымдуулугун арттырууга көмөктөштү.

Окшош материалы: