Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Муниципалдык кызматтардын тарифтерин ресурстук-индекстик калькуляциялоо: көйгөйлөрдөн системалуу чечимдерге чейин
Гулнара САЯКБАЕВА, Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун эксперти
Кыргыз Республикасында муниципалдык ишканалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын ишке ашырууда маанилүү аспап болуп саналат. Алар калкты кадыресе жашоо-тиричиликте зарыл кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылышат. Мисалы: суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, санитардык тазалоо, калдыктарды жок кылуу, аймактарды көрктөндүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдорду жана көпүрөлөрдү күтүү. Бул ишканалардын ишинин натыйжалуулугуна шаардык жана айылдык чөйрөнүн сапаты, ошондой эле жарандардын жашоо ыңгайлуулугунун деңгээли тикелей көз каранды. Ушул тапта көптөгөн муниципалдык ишканалардын пландоонун жана эсепке алуунун эскирген принциптерине негизделген. Өткөн кылымдын эмгек нормаларына ылайык курулган технологиялык карта негизги курал бойдон кала берүүдө. Мындай методика аткарылган жумуштардын иш жүзүндөгү көлөмүн чагылдырбайт жана сезондук олку-солкулуктарды, ресурстарды, отунду, техниканы жана реагенттерди пайдаланууну эсепке албайт.
Натыйжада бюджеттик каражаттар иш жүзүндө жетишилген жыйынтыктарга эмес, пландалган эмгек чыгымдарына жумшалган кырдаал түзүлүп жатат. Бул финансылык агымдардын ачык-айкындуулугун төмөндөтөт, натыйжалуулукка көзөмөлдү татаалдаштырат жана ишкананын ишмердүүлүгүн тең салмактуу талдоого бут тосот. Жалпак тил менен айтканда, аймакты тазалоо үчүн төлөм көчөлөрдү тазалоочунун шыпырган убактысына жараша болот, ал эми тазалоонун сапаты төлөмгө эч кандай таасир этпейт.
Муниципалдык ишканалардын ишмердигинин өзгөчөлүгү – жыл мезгилине жараша чыгымдардан өтө көз каранды болушу. Жайкысын сугаруу жана көчө тазалоого, күзүндө – жалбырактарды чогултууга, кышында – реагенттерге жана кар тазалоочу жабдууларга, жазында – кошумча санитардык тазалоо жумуштарына муктаждык күчөйт.
Бирок, учурда бар болгон сметалык ыкмалар иштин көлөмүндөгү жана мүнөзүндөгү айырмачылыктарды эсепке албастан бардык мезгилдерди орточо алат. Бул иштин реалдуу көрсөткүчтөрүн бурмалоого алып келет жана экономикалык жактан негизделген тарифтерди түзүүгө мүмкүндүк бербейт.
Муниципалдык ишканалар эки ача абалда турат: алар бир эле учурда коом үчүн маанилүү функцияларды аткарышат жана финансылык туруктуулукту камсыз кылууга тийиш. Мындай шарттарда баа түзүү алардын жашоого жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору болуп калат.
Экономикалык көз караштан алганда кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын аныктоого карата бирдиктүү мамиле жок. Айрым бир учурларда тарифтер өздүк нарктын жана нормативдик пайданын негизинде, ал эми башка бир учурларда – рыноктук факторлордун же административдик чечимдердин таасири астында түзүлөт. Мындай көп багыттуулук, өзгөчө коммерциялык жана социалдык тапшырмаларды айкалыштырган уюмдар үчүн ачык-айкын жана болжолдоого боло турган тарифтерди түзүү системасын иштеп чыгууну кыйындатат.
Чарба ишинин өнүгүү тарыхы нормативдердин бирдиктүү системасынын болушу туруктуу өнүгүүнүн негизи экендигин көрсөтүп турат. Анын натыйжалуулугун байыркы курулмаларды куруу-дан баштап заманбап өнөр жай комплекстерине чейин көптөгөн тармактардын тажрыйбасы тастыктайт. Бул процесстердин сапатын, салыштырмалуулугун жана башкарылышын камсыз кылган стандартташтырылган ыкмалар.
Тармактык реформанын оң мисалдарын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишмердигинен байкоого болот. Мамлекеттик курулуштун 2016-жылдын 1-августундагы №166 буйругу менен жаңыланган КНжЭни (СНиП), баалар системасын, нормативдерди, эсептөө жана индексациялоо методикаларын камтыган бирдиктүү сметалык-нормативдик база киргизилген. Бул кадам финансылык агымдардын ачык-айкындулугун камсыз кылды, эсептөөлөрдү салыштырууга боло тургандай жана жүйөлүү кылды, субъективдүү чечимдерди жокко чыгарды жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатты.
1-таблица. Бөлүмдөрдө муниципалдык ишканалардын ишинин мазмуну
| Бөлүм | Мазмуну |
|---|---|
| Турак жай чарбасы |
|
| Коммуналдык чарба |
Коммуналдык тейлөө
Көрктөндүрүү
Экологиялык коопсуздук
|
Ушундай эле ыкманы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги да ишке ашырган. 2024-жылдын 24-апрелиндеги №90 буйругу менен Автомобиль жолдорун күтүүгө чыгымдарды эсептөө методикасы бекитилген. Бул методика типтүү көрсөткүчтөргө жана ресурстук эсептөөлөргө негизделген. Бул орточо сметалардын жана субъективдүү баалоонун практикасынан пландоонун айкын системасына жана региондордун ортосундагы чыгашаларды салыштырууга өтүүгө мүмкүндүк берди. Натыйжада тармакты башкаруу жөндөмдүүлүгү жогорулап, бюджеттик каражаттар көбүрөөк максаттуу жана жүйөлүү пайдаланыла баштады.
Курулуш жана транспорт тармактарынан айырмаланып, турак жай-коммуналдык чарба сектору (ТКС) азырынча бирдиктүү нормативдик системасынын чегинен тышкары калууда. Иш жүзүндө бул жерде мурдагыдай эле эскирген сметалык ыкмалар жана технологиялык карталар колдонулат, бул региондор менен ишканалардын ортосундагы чыгымдарды салыштырууга мүмкүн кылбайт. Бирдиктүү эрежелердин жоктугу калыс талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт, коррупциялык тобокелдиктерди күчөтөт жана муниципалдык ишканалардын ишине болгон ишенимди азайтат.
Турак жай-коммуналдык чарбанын милдеттеринин масштабын жана көп түрдүүлүгүн түшүнүү үчүн анын 1-таблицада көрсөтүлгөн негизги бөлүмдөрүн карап көрөлү. 1-таблицада көрсөтүлгөндөй, турак жай-коммуналдык чарба негизги коммуналдык кызматтарды көрсөтүүдөн баштап, ыңгайлуу шаар чөйрөсүн жана экологиялык коопсуздукту түзүүгө чейин милдеттердин кеңири өңүтүн камтыйт.
Бирок, тармак канчалык маанилүү болгонуна карабастан, жөнгө салууга жана баа бычууга системалуу мамиле жок, бул анын өнүгүүсүнө бут тосуп, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун төмөндөтүүдө.
Түзүлгөн ушундай кырдаалда фрагменттүү жана эскирген эсептөө усулдарынан нормативдердин бирдиктүү, заманбап системасына өтүү зарылдыгы айкын болуп турат. Дал ушул ыкма курулуш жана транспорт тармактарында өзүнүн натыйжалуулугун далилдей алды. Ресурстук-индекстик калькуляциялоо (РИК) турак жай-коммуналдык чарба үчүн ушундай эле аспап болушу мүмкүн – бул ар бир чыгашаны реалдуу ресурстардын жана алардын учурдагы наркынын негизинде негиздеп берүүгө мүмкүндүк берген ыкма. РИКти киргизүү тарифтердин ачыктыгын, региондор ортосундагы дайындардын салыштырылышын жана муниципалдык ишканалардын ишин талдоодо тең салмактуулукту камсыздайт.
Салттуу түрдө ресурстук-индекстик калькуляциялоо усулу курулушта колдонулат. РИК – бул курулуштун сметалык наркын аныктоо усулу, ал эки башка ыкманын принциптерин бириктирет: ресурстук жана базистик-индекстик. Ал курулуш материалдары, техниканы эксплуатациялоо жана эмгекке кеткен чыгымдар сыяктуу ресурстарга учурдагы бааларды эске алуу менен объекттерди, имараттарды жана курулмаларды куруунун азыркы наркын эсептөө үчүн колдонулат.
Ресурстук-индекстик калькуляциялоого өтүү турак жай-коммуналдык чарбаны системалуу модернизациялоого карай жасалган негизги кадамы болуп калышы мүмкүн. Колдонуудагы сметалык ыкмалардан айырмаланып, РИК иш жүзүндөгү ресурстар менен алардын азыркы рыноктук наркынын ортосундагы түз байланыш-тын эсебинен чыгымдарды түзүүнүн ачыктыгын жана тарифтердин негиздүүлүгүн камсыз кылат.
Бул методиканы киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- эмгекке кеткен чыгымды төлөөдөн реалдуу жыйынтык үчүн төлөөгө өтүү;
- субъективдүү факторду чыгаруу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу;
- ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талдоо үчүн бирдиктүү маалыматтык талааны түзүү;
- региондор менен уюмдардын ортосундагы чыгымдардын салыштырмалуулугун камсыз кылуу;
- натыйжалуу пландоо жана бюджеттөө үчүн шарттарды түзүү.
Ошентип, РИК жөн гана эсептөөнүн техникалык аспабы гана эмес, ачык-айкын, болжолдоого мүмкүндүк берген жана башкарыла турган турак жай-коммуналдык чарба системасын куруу үчүн негиз болуп саналат. Бирдиктүү нормативдерди жана индекстерди колдонуу мамлекеттин, муниципалдык ишканалардын жана коомдун ортосундагы ишенимди жогорулатуу үчүн өбөлгөлөрдү түзөт, муну менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кыйла туруктуу жана экономикалык жактан жоопкерчиликтүү кылат.
Турак жай-коммуналдык чарбага ресурстук-индекстик калькуляциялоону киргизүү муниципалдык ишканаларды өнөкөт натыйжасыздык абалынан алып чыгуучу кадам болуп калышы мүмкүн. Бирдиктүү нормативдерге, объективдүү индекстерге жана ачык-айкын эсептөөлөргө таянуу системаны чыгашалуудан натыйжалуу системага айландырат, мында ар бир сомдун экономикалык жана социалдык негиздемеси болот.
Курулуш жана транспорт тармагындагы тажрыйба көрсөткөндөй: эсептешүүлөрдүн тартиби – бул бюрократия эмес, ал өнүгүүнүн аспабы. Турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсү үчүн бул механикалык аткаруудан баамдап башкарууга, бирдей эмес чыгымдардан болжолдоого боло турган жыйынтыктарга өтүү мүмкүнчүлүгү. Бирдиктүү нормативдик базаны түзүү адилет баа бычууга, ишмердүүлүккө калыс баа берүүгө жана муниципалдык ишканаларга ишенимди жогорулатууга шарттарды түзөт.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо
-
№2 (172) / 2026-03-09 Райондук СЭӨП иш-аракетте: Жети-Өгүз районунда ак илбирсти коргоо жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча фестиваль өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
















