Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ноокат районунун Координациялык кеңеши Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү

2025-11-29 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2025-жылдын 4-ноябрында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын (РМА) имаратында Координациялык кеңештин (КК) мүчөлөрүнүн жана райондук мамлекеттик администрациянын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчисинин катышуусунда жыйын өттү. Иш-чаранын максаты – 2025-жылдын 9 айы үчүн райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруунун алкагында аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыктары менен таанышуу. Ошентип, Координациялык кеңеш райондун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү милдетин ийгиликтүү аткарып жатат.

Ноокат РМАнын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек ОРОЗМАМАТ уулу райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруунун жүрүшү, тактап айтканда, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестицияларды тартуу, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу, инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.

Берилген маалыматтарга караганда, 2025-жылдын 9 айында Ноокат районуна жалпысынан 3 миллиард 28 миллион 74,8 миң сомдук инвестиция тартылып, анын 1 миллиард 168 миллион 769,4 миң сому капиталдык курулушка бөлүнгөн. Каражаттын негизги бөлүгү – 1 миллиард 240 миллион 500 миң сому Ош – Баткен – Раззаков эл аралык автожолдун курулушуна жумшалган.

Программаны ишке ашыруунун алкагында жалпысынан 1 466 жумушчу орун түзүлдү, анын 456сы туруктуу, 161и сезондук (6 айга чейин) жана 849у убактылуу. Эң көп жумушчу орундары курулуш тармагында – 463, дүң жана чекене соодада – 467 жана өндүрүш тармагында – 172 орун түзүлдү.

Мындан тышкары, РМАнын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы белгилегендей, СЭӨПнын артыкчылыктуу багыттарынын бири туризмди өнүктүрүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу “Кара-Кой” сейил багында заманбап эс алуу шарттарын түзүү максатында эл аралык донорлор менен макулдашуу түзүү учурунда көрсөтүү үчүн презентация даярдалды.

Маалымат берилгенден кийин жолугушуунун катышуучулары суроолорду узатып, өз ой-пикирлерин айтып, сунуштарын беришти. Атап айтканда:

  • эс алуу жайларына жакын жайгашкан жана жеке ишкерлерге таандык жерлерди кайтарып алуу маселесин кароо же бул аймактардагы шарттарды жакшыртуу сунушу менен ишкерлерге кайрылуу зарыл;
  • ар бир багыт боюнча иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Координациялык кеңешке караштуу тармактык комитеттерди түзүш керек;
  • Кара-Койдо туристтер үчүн европалык коттедждерди куруунун ордуна этноэко-үйлөрдү куруш керек;
  • тарыхый баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу максатында этнографиялык музейди куруш керек;
  • жергиликтүү өнүгүүнүн, анын ичинде туризмди өнүктүрүүнүн алдыңкы тажрыйбасын изилдөө жана адаптациялоо, башка райондор жана муниципалитеттер менен тажрыйба алмашууну уюштуруу зарыл;
  • жер-жерлерде социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында кыз-келиндер үчүн атайын ишканаларды жана цехтерди ачыш керек;
  • айылдык аймактарда муниципалдык-жеке ишканаларды түзүш керек;
  • экономикалык өсүшкө дем берүү үчүн өнөр жай зонасын курууну демилгелөө зарыл;
  • мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ачыш керек (жакында Кытай Эл Республикасынын колдоосу менен Ноокат районунда гранттык долбоорлорду ишке киргизүү пландаштырылууда).

Буга кошумча, Координациялык кеңештин мүчөлөрү райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруунун жүрүшү жана жетишкендиктери тууралуу атайын китепчелерди даярдап, басып чыгарууну жана шаардыктарга маалымдоо максатында жергиликтүү калкка таратууну сунушташты.

 

Окшош материалы: